Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 438 токтому менен бекитилген |
Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 46 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобого ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул жобонун таасири бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки көп батирлүү турак жай имараттарына жайылтылат, аларды долбоорлоо жана куруу тамак-аш даярдоо жана өзүнчө турган, улап курулган жана чатырдагы отказандарын пайдалануу менен жылытуу муктаждыктары үчүн жаратылыш газын пайдаланып, газ менен камсыздоо боюнча инженердик камсыздоонун жаңы тутумдарынын негизинде эксперименттик жол менен жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Жобого ылайык бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын газ менен камсыз кылуу тутумдарын эксперименттик куруу дүйнөлүк практикада колдонулуучу илим менен техниканын акыркы жетишкендиктерин ишке киргизүүгө негизделиши керек.
2. Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу объекттеринин тизмегин түзүү
4. Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу объекттеринин тизмегин (мындан ары - Тизмек) түзүү үчүн тапшырыкчы-инвестор/мамлекеттик тапшырыкчы (мындан ары - тапшырыкчы) архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - мамлекеттик орган) төмөнкү документтерди берүүсү керек:
- бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоого арызды;
- газ менен камсыздоо тутумун долбоорлоого техникалык тапшырманы;
- архитектуралык-курулуш бөлүгүн, сметалык документтерин, инженердик-техникалык бөлүгүн (электр менен камсыздоо, жылуулук, желдетүү; өрттөн коргоо сигнализациясы; өрткө каршы суу менен жабдуу; суу менен жабдуу, суу бөлүштүрүү, таштанды чыгаруу, суу агызуу ж.б.) камтыган эксперименттик объекттин долбоорлоо-сметалык документтерин;
- жаратылыш газын берүүчүлөр тарабынан иштелип чыгуучу бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоого атайын техникалык шарттарды;
- курулуш-конструктордук бөлүгүнө атайын техникалык шарттарды.
5. Эксперименттик объектти Тизмекке киргизүү боюнча сунуш жаратылыш газын берүүчү жана эксперимент өткөрүүдө илимий-техникалык жардам берүүчү уюм менен макулдашылышы керек.
3. Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу
6. Объект Тизмекке киргизилгенден кийин тапшырыкчы жаратылыш газын берүүчүлөр тарабынан иштелип чыгуучу тамак-аш даярдоо жана ар бир батирди жылытуу үчүн бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын газ менен камсыздоого атайын техникалык шарттарды жаратылыш газын берүүчүдөн алышы керек.
7. Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоодо жана курууда (мындан ары - эксперименттик долбоорлоо жана куруу) төмөнкүлөр зарыл:
- атайын техникалык шарттарга ылайык эксперименттик объекттердин коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн, узакка жарамдуулугун жогорулатууну, эксплуатациялоо сапаттарын жакшыртууну камсыз кылган чечимдерди кароо;
- дүйнөлүк практикада колдонулуучу илим менен техниканын акыркы жетишкендиктерин ишке киргизүү;
- эксперименттик объекттерди газ менен камсыздоо тутумдарын куруунун жүрүшүндө жана эксплуатациялоодо мониторинг жүргүзүүнүн тартибин аныктоо;
- атайын техникалык шарттарды эске алуу менен долбоор боюнча газ менен камсыздоо тутумдарын курууда куруучу жана монтаждоочу уюмдарга техникалык жана методикалык жардам көрсөтүү.
8. Эксперименттик долбоорлоодо жана курууда төмөнкүлөр милдеттүү түрдө катышат:
- тапшырыкчы;
- долбоорлоо уюму;
- мамлекеттик орган;
- экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- өрткө каршы коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- жаратылыш газын берүүчү;
- адистештирилген монтаждык уюм.
9. Эксперименттик долбоорлоо жана курууда төмөнкү тартипте ишке ашырылат:
- долбоорлоого техникалык тапшырманы иштеп чыгуу;
- газ менен камсыздоого атайын техникалык шарттарды иштеп чыгуу;
- долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу;
- долбоорлоо-сметалык документтерге мамлекеттик экспертизанын жана өрткө каршы коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусун алуу;
- курулуш-монтаждоо иштерин баштоого уруксат алуу;
- газ менен камсыздоого атайын техникалык шарттардын талаптарын сактоо менен курулуш-монтаждоо иштерине мамлекеттик, техникалык, автордук жана экологиялык-техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү келишимдерин түзүү;
- адистештирилген подряддык уюмдар тарабынан курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү;
- газ менен камсыздоо тутумдарына аралыктык жана контролдук сыноолорду жүргүзүү жана газ менен камсыз кылуу тутумдарын эксплуатацияга киргизүү;
- газ менен камсыздоо тутумдарын эксплуатациялоо боюнча персоналды окутуу жана инструктаж берүү;
- газ менен камсыздоо тутумдарына мониторинг жүргүзүү.
10. Эксперименттик объекттерди газдаштыруу боюнча курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүнө техникалык көзөмөлдөө квалификациялык сертификаттарга ээ болгон тапшырыкчынын жана жаратылыш газын берүүчүнүн адистери тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.
11. Эксперименттик объекттерди газдаштыруу боюнча мамлекеттик көзөмөлдөө белгиленген тартипте экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
12. Долбоорлоо уюму тарабынын белгиленген тартипте эксперименттик объекттерди газдаштыруу боюнча иштердин жүрүшүнө автордук көзөмөлдөө жүзөгө ашырылат.
13. Бардык курулуш-монтаждоо иштери аяктагандан кийин турак жай имаратын газ менен камсыздоо тутумунун жылчыксыздыгына, бекемдигине жана коопсуздугуна сыноо жүргүзүлөт. Сыноолордун оң жыйынтыктарынан кийин иштетүү-жөнгө салуу иштери жүргүзүлөт, алар аяктагандан кийин газ менен камсыздоо тутуму эксплуатациялоого кабыл алынат.
14. Эксперименттик объекттердин курулушун каржылоо тапшырыкчынын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт жана мамлекеттик бюджеттен чыгымдарды болжолдобойт.
4. Мониторинг жүргүзүү жана жыйынтык отчётторду түзүү боюнча жалпы талаптар
15. Эксперименттик объекттин жабдууларына мониторинг жүргүзүү жана сервистик тейлөө үчүн тапшырыкчы жаратылыш газын берүүчүгө биринчи кабаттан аянты 20 квадрат метрден кем эмес, санитардык түйүнү бар турак эмес жайды оператордук газ үчүн акысыз негизде берет. Оператордук жайлардын саны курулуштун көлөмүнө жараша болот жана газ менен камсыз кылууга долбоордо ар бир конкреттүү учурда объекттер боюнча жекече аныкталат.
16. Эксперименттик долбоорлоого жана курулушка мониторинг жүргүзүү жана жыйынтыктарын жалпылоо, жыйынтык отчётторду түзүү жана аларды мамлекеттик органга берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 46 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
17. Жаратылыш газын берүүчү өзүнүн жеке отчётун түзөт жана аны мамлекеттик органга талдоо жүргүзүү жана жалпылоо үчүн берет.