Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
Ч Е Ч И М И
2020-жылдын 16-сентябры №05-р
Сергей Анатольевич Швайберовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы төрагалык кылуучу – К.А. Дуйшеевдин, М.Р. Бобукееванын, Л.П. Жумабаевдин, М.Ш. Касымалиевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин, Э.Ж. Осконбаевдин, Ж.И. Саалаевдин, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы Ж.А. Лобанованын,
- кайрылуучу тарап - Сергей Анатольевич Швайберовдун,
- жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Нурзада Назаркуловна Ишекееванын, Орозобек уулу Максаттын,
- башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү Айсулуу Жаныбаевна Букамбаеванын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Эркин Бакбурович Искаковдун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Элдар Майрамбекович Токторовдун, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын катышуусу менен;
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
С.А. Швайберовдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Бул ишти кароого негиз болуп Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат.
Ишти соттук отурумга кароону даярдаган судья-баяндамачы Ж.И. Саалаевдин маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына С.А. Швайберовдун Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө, 6-беренесинин 1-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү 2019-жылдын 5-августунда келип түшкөн.
Өтүнүчтөн келип чыккандай, арыздануучу «GIT for ЕР» жоопкерчилиги чектелген коомунун (андан ары –«GIT for ЕР» ЖЧКсы) катышуучусу катары «GIT for ЕР» ЖЧКсынын катышуучулардын курамынан Марина Аркадьевна Лазареваны чыгаруу жөнүндө доо арыз менен Бишкек шаарынын Райондор аралык сотуна кайрылган. Арыздануучу өзүнүн доо арызында М.А. Лазарева коомдун түзүлгөн учурунан тартып, анын ишмердигинде катышкан жок деп көрсөткөн. 2009-жылы М.А. Лазарева коом түзүлгөндөн кийин бир айдын соңунда коомдон чыгуу милдеттенмесин жана бардыгын тиешелүү деңгээлде тариздөөнү өзүнө алып, негиздөөчү төлөмдү төлөөдөн баш тарткан. Бул үчүн Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн түпнускасын алган, бирок өзүнүн милдеттенмелерин аткарган эмес, ал эми 2016-жылдан тартып коомду жоюу үчүн күч жумшап, ишмердикке тоскоолдук жаратып, коом тууралуу терс мүнөздөгү маалыматты таратып, коомдун жана жеке арыздануучунун өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине зыян келтирип жатат. Кайрылуу субъектиси ушул доо арызга арыз берүүчү адамдын мамлекеттик алымдын төлөнүшүн жылдыруу жөнүндө өтүнүч берүү укугун регламенттеген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 1-бөлүгүнө шилтеме жасап, мамлекеттик алымдын төлөнүшүн жылдыруу жөнүндө өтүнүчүн тиркеген.
2019-жылдын 14-январында Бишкек шаарынын Райондор аралык соту Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин ишкерчилик менен алектенген юридикалык жактарга жана жарандарга мамлекеттик алымды узартып төлөө жана бөлүп төлөө мүмкүндүгүн алып салган 106-беренесинин 4-бөлүгүнө шилтеме жасап, доо арызды кайтаруу жөнүндө аныктама чыгарган.
С.А. Швайберов жогоруда көрсөтүлгөн аныктама менен макул болбостон, 2019-жылдын 24-январында соттун көрсөтүлгөн аныктамасына жеке даттануу киргизген.
Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия 2019-жылдын 13-февралында Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун жогоруда көрсөтүлгөн аныктамасын жокко чыгарган жана ишти жаңы кароого Бишкек шаарынын Райондор аралык сотуна жөнөткөн.
М.А. Лазарева соттун жогоруда көрсөтүлгөн аныктамасы менен макул болбостон, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык даттануу киргизген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы 2019-жылдын 16-апрелинде өзүнүн токтому менен Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын 2019-жылдын 13-февралындагы аныктамасын жокко чыгарган жана Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун 2019-жылдын 14-январындагы аныктамасын күчүндө калтырган.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясы чечимди кабыл алуу үчүн башка негиздерди пайдаланып, М.А. Лазареванын даттануусунун жүйөлөрүнүн чегинен чыгып, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде чыгарылган Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун 2019-жылдын 14-январындагы аныктамасынын мыйзамдуулугун ырастаган деп белгилейт.
Кайрылуу субъектиси мамлекет жана анын органдары Конституциянын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат деп эсептейт. Ошону менен бирге, талашылып жаткан ченем менен мамлекеттик алымдын төлөнүшүн жылдыруу же созуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу жана сот тарабынан буларды берүү мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө ишкерлер коомдун катарынан чыгарылууда.
Андан тышкары, С.А. Швайберов талашылып жаткан ченем өз алдынча иштейт жана Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат деп белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршылыкта туратдеп көрсөтөт.
Мында арыздануучу бул ченем мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин аныктоочу, кайсы бир белгилер боюнча кодулоого жол берилбестигин жана мыйзам менен сот алдында бардыгы бирдей экендигин белгилөөчү Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи, экинчи абзацынын, 3-бөлүгүнүн талаптарын бузат деп эсептейт.
С.А. Швайберов талашылып жаткан ченем сот адилеттигине жетишүүнү, соттук коргонууну гана эмес, ишкерчиликтин субъекттери үчүн ишти жогору турган сотто кайра каратуу укугун дагы чектейт, бул анын пикири боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдардын кабыл алынуусуна жол берилбестигин, көрсөтүлгөн укуктарды Конституцияда караштырылган максаттарда гана чектөө мүмкүндүгүн, соттук коргонууга укукту жана ишти жогору турган сотто кайра каратуу укугун чектөөгө жол берилбестигин караган Конституциянын 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнүн, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарынын талаптарын бузат деп белгилейт.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 28-октябрындагы токтому менен өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
С.А. Швайберов сот отурумунда өзүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранган.
Жоопкер-тараптын өкүлү Орозобек уулу Максат арыздануучунун жүйөлөрү кийинкидей негиздер боюнча жараксыз деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 105, 106-беренелери сот адилеттигине толук кандуу камсыз кылууга багытталган эки институтту караштырат: мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу институтун, мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу же созуу институтун.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясы 103-беренесинде сот адилеттиги мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген ар кандай гана учурда акысыз жүргүзүлөт деп жар салат.
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясында мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу институтуна караганда төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу же созуу институтуна карата кандайдыр бир орнотмолор жок. Ушуга байланыштуу, ал мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу же созууну берүү тартибин аныктоо мыйзам чыгаруучунун дискрециясы болуп саналат деп эсептейт.
Жоопкер-тараптын өкүлүнүн пикири боюнча мамлекеттик алымдын маңызы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ишмердигинин нугуна карай юридикалык жана жеке жактарга бир катар кызмат көрсөтүүнү салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте акы алуу милдетинде турат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 98-беренесине ылайык мамлекет соттордун иштеп турушу жана судьялардын иши үчүн каржылоону жана тиешелүү шарттарды камсыз кылат. Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 47-беренесине ылайык республикалык бюджетке, анын ичинде мамлекеттик алым дагы түшөт.
Жоопкер-тараптын өкүлү Конституциялык палатанын 2018-жылдын 24-январындагы чечиминде баяндалган укуктук көз карашта сотко кайрылуудагы мамлекеттик алымды өндүрүп алуу сот тутумунун каржылануусуна бөлүнгөн мамлекеттик каражаттардын бир бөлүгүнүн ордун тургузуусун камсыз кылууга байланыштуу компенсациялык максатты көздөйт деп белгилеген.
Мыйзам чыгаруучу кайрылуунун белгилүү бир субъекттери үчүн гана мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн бир жылга чейин жылдырып же созуп төлөө мүмкүндүгүн сот тарабынан жеңилдиктин берилүүсүн карап, бирок мындай жеңилдик ишкерчилик менен алек болгон юридикалык жактарга жана жарандарга жайылтылбайт деп белгилеген.
Орозобек уулу Максаттын айтканы боюнча мыйзам чыгаруучу өзүнүн дискрециялык ыйгарым укуктарынын алкагында ишкерчилик менен алек болгон жактар үчүн жалпы эрежелерден алып салууларды орнотуу менен, ишкерчиликтин субъекттери болгон жактар сотко кайрылуу мезгилинде мамлекеттик алымды төлөө мүмкүндүгү бар жана төлөөнүн мөөнөтүн бир жылга чейин жылдырып же созуп төлөөгө муктаж эмес деген пикирден келип чыккан. Мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн бир жылга чейин жылдырып же созуп төлөөнү орнотууда ишкерчилик менен алек болгон юридикалык жана жана жеке жактарды мүлктүк же башка абалы боюнча, же башка жактарга салыштырмалуу кодулоо же Конституцияда каралган алардын укуктары менен эркиндиктерин кандайдыр бир жол менен чектөө максаты коюлган эмес. Тескерисинче, материалдык жана мүлктүк абалы начар жактарга колдоо көрсөтүү милдети коюлган. Мыйзам чыгаруучу мамлекеттин социалдык милдеттерин жүзөгө ашыруу зарылдыгын жетекчиликке алган (Конституциянын 1-беренеси).
Андан тышкары, талашылып жаткан ченем материалдык жана мүлктүк абалы төмөн жана алсыз жактарга жогорулатылган кепилдиктерди берүү менен, алардын сот адилеттигин камсыз кылуу маселелеринде айрыкча социалдык калыстыкка жетишүүгө багытталган.
Ошондой эле, анын пикири боюнча Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мыйзам менен белгиленген жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кандай социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүндүктөрдү камсыз кылууга багытталган атайын чаралар кодулоо болуп саналбайт. Ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн мыйзам чыгаруучулук чаралар мүлктүк абалы боюнча ишкерчилик менен алек болгон юридикалык жана жеке жактарга карата кодулоо катары баалынышы мүмкүн эмес.
Жоопкер тараптын экинчи өкүлү Н.Н. Ишекеева Орозобек уулу Максаттын жүйөлөрүн колдоду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү А.Ж. Букамбаева Конституциянын 103-беренесине ылайык мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген ар кандай гана учурда сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт экендигин белгилейт.
«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 141-беренесинде берилип жаткан доо арыздардын мүнөзүнө жараша мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде киреше алуу максатын көздөбөгөн коммерциялык эмес жана коомдук уюмдардын тизмеси келтирилген.
А.Ж. Букамбаева белгилегендей, сот мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн жылдырып же созуп төлөө жөнүндө арызды кароодо арыздануучунун мүлктүк абалын эске алат. Адамдын мүлктүк абалы деп кызыкдар тараптын доо арыз же даттануу берүүдө белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алымды төлөө мүмкүндүгүнүн жоктугун түшүнүү керек. Мыйзам чыгаруучу талашылып жаткан ченемди кабыл алып жатып, ишкерчилик менен алек болбогон жарандардын көбүнүн укуктары менен эркиндиктерин коргоо максаттарынан келип чыккан. Мында ишкерчилик субъекттери киреше алуу максатында чарбачылыкты уюштуруу боюнча атайын укуктарга ээ. Сотто талаш-тартыштарды чечүүдө жөнөкөй жарандардын абалы менен бул бөлүктөгү алардын абалын салыштырып болбойт. Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгү менен улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында адамдын жана жарандын укуктары чектелишине мүмкүндүк берилет дегенди билдирет. Ал эми киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болуш керек.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү укук субъекттери бирдей шарттарда тең абалда болуусу керек, эгер шарттары бирдей болбосо, мыйзам чыгаруучу алар үчүн ар кандай укуктук статус белгилөөгө укуктуу деп эсептейт. Формалдык жактан бирдей субъекттерге бирдей мамилени болжогон конституциялык принцип ар категорияларга таандык адамдарга бирдей кепилдиктердин берилүү зарылдыгын шарттабайт, ал эми мыйзам алдындагы бирдейлик мыйзам чыгаруучу тарабынан нагыз айырмачылыктарды жана аларды эсепке алуу зарылдыгын жокко чыгарбайт.
Ал арыздануучунун жалпы юрисдикция сотторундагы сот өндүрүшүнүн бардык үч стадиясындагы сот процесстеринде катышкандыгынын, негиздөөчүнүн да, юридикалык жактын өзү да укуктуу сотко жана соттук коргонууга жетишүү укугун кошкондо Конституция жана мыйзамдар тарабынан берилген бардык укуктардан пайдаланылгандыгынын көрсөткүчү деп эсептейт.
Баяндалганды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү негизделген чечим кабыл алууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Э.Б. Искаков да талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугу жөнүндө пикирин билдирген.
Ал мамлекетик алымды жылдырып же созуп төлөө укугу ишкерчилик менен алек болгон юридикалык жактардын жана жарандардын укуктары, алардын ишкерчилигин эске алуу менен жеке жактардын укуктары менен бирдей шарттарга коюлушу мүмкүн эмес деп эсептейт.
Андан тышкары, жарандык иштер боюнча сотко кайрылууда мамлекеттик алымдын мөөнөтүн жылдырып же созуп төлөө ишкерчилик менен алек болгон юридикалык жактарга жана жарандарга жайылтпоо жөнүндө маселе мыйзам чыгаруучунун эрки, ал конституциялык ченемдерден келип чыгат жана сот адилеттигине жетишүүгө укуктун бузулушу болуп саналбайт, натыйжада, жактын соттук коргонууга укугун жана ишти жогору турган сотто кайра каратуу укугун чектебейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Э.М. Токторов сотко доо арыз берүүдө мамлекеттик алымдын төлөнүшүн караштырган өзгөртүүлөр негизсиз доолордун жана даттануулардын берилишин азайтууга, ошондой эле мамлекеттик алымды өндүрүп алуу боюнча аткаруучулук өндүрүштүн жумушун артыкбаш жүктөлүшүн жокко чыгаруу максатында киргизилген деп белгилейт.
Ал Конституциянын 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн бузулушу жөнүндө кайрылуучу тараптын айткандары коомдун аныктамасын жана түшүнүгүн туура эмес кабыл алуунун натыйжасы деп эсептейт.
Андан тышкары, Конституциянын жоболорунда ишкерчилик менен алек болгон юридикалык жактардын жана жарандардын ишмердигин регламенттеген ченемдер жок, ушуга байланыштуу, талашылып жаткан ченем Конституциянын 5-беренесинин 1-бөлүгүн бузушу мүмкүн эмес.
Э.М. Токторовдун пикири боюнча өтүнүчтө талашылып жаткан ченемдин кодулоочу мүнөзү, ошондой эле чектөөчү чаралардын орнотулушу туурасында келтирилген жүйөлөр жараксыз. Кодулоо өзү жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этникалык таандыгы, дин тутуу эркиндиги, жаш курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча адамга же адамдарга карата мурунтан жаңылыш жана теңсиздик мамилени билдирет. Бул учурда конституциялык укуктар менен эркиндиктердин чектелиши байкалбайт.
Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгү менен каралган соттук коргоого болгон укук арыздануучунун өтүнүчүндө баяндалган жагдайлар менен бузулбайт, анткени юридикалык жак жарандык укуктук мамилелерди жүзөгө ашыруу үчүн финансылык жактан камсыз болушу керек, анын ичинде мамлекеттик алымды төлөөгө даяр болууга тийиш. С.А. Швайберовдун кайрылуусу жалпысынан укук колдонуучулук мүнөздөгү көп маселелерди камтыйт.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу, Э.М. Токторов талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбаева колдонуудагы укуктук жөнгө салууга ылайык мамлекеттик алымдын ставкалары коюлган доонун баасына жана талаптардын мүнөзүнө жараша бөлүштүрүлгөн деп белгилейт. Соттор тарабынан каралып жаткан иштер боюнча мамлекеттик алымдын ставкалары юридикалык маанилүү амалдардын түрү боюнча гана эмес, коюлган доо талаптарынын мүнөзү боюнча да айырмаланат, ошондой эле тиешелүү градацияга ээ. Градациянын жана төлөөдөн бошотуунун, төлөөнү жылдыруунун, созуп төлөөнүн болушу өзү мамлекеттик алым мындай доо арыздарды берген адамдардын зарыл өзгөчөлүктөрүн жана мүмкүндүктөрүн эске алат, демек, сот адилеттигине жетишүүнү камсыз кылуучу жетишерлик чаралардын болушун болжойт дегенди билдирет.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу, А.М. Курманбаева арыз берүүчү тарабынан талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, кийинкидей тыянактарга келди:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин кийинкидей мазмундагы 106-беренесинин 4-бөлүгү саналат:
«106-берене. Мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу жана созуу
4. Бул берененин жоболору юридикалык жактарга жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жарандарга жайылтылбайт.».
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси 2017-жылдын 25-январындагы № 14 номур менен мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, «Эркин-Тоо» гезитинде 2017-жылдын 2-февралында № 12-13 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы өлкөдө коомдук жана укуктук турмуш бардыгы мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принципке негизделет деп жар салат. Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес (16-берененин 2, 3-бөлүктөрү).
Ушуга байланыштуу мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын өзөктүү милдети болуп коомдо социалдык калыстыкты орнотуу саналат, аны аткаруунун өзү адамдын турмуш тиричилигинин бардык чөйрөлөрүндө жалпы теңдикти жүзөгө ашырууну талап кылат. Ар бир инсандын бирдей баалуу экендигин таануу, инсанга көлөмү жана мазмуну боюнча бирдей укуктарды жана милдеттерди алуу мүмкүндүгүн, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун жана коргоонун ыкмаларын берүү дегенди билдирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 7-октябрындагы, 2017-жылдын 22-февралындагы, 2017-жылдын 19-апрелиндеги чечимдериндеги укуктук көз карашка ылайык мыйзам менен сот алдында баары бирдей деген конституциялык принцип, баарынан мурда, адамдын жана жарандын коомдук жана жеке турмушунун түрдүү чөйрөлөрүндө укуктук мүмкүндүктөрүнүн теңдигинин бузулушуна алып келүүчү жагдайларга негизделген кандайдыр бир айырмачылыктардын, алып салуулардын же артыкчылыктардын мыйзамдан орун алышын болтурбоону болжогон кодуланууга каршы талап катары кабыл алынуу керек.
Укуктар менен эркиндиктерди ишке ашыруу учурунда кодулоонун бардык формаларынан коргоого кепилдик берген теңчиликтин конституциялык принцибин кармоо, башкалардан тышкары, бир эле категорияга кирген адамдардын укуктарына айырмачылыктарды киргизүү дегенди түшүндүрөт, аларда объективдүү жана акылга сыя актануу жок (Конституциялык палатанын 2016-жылдын 11-майындагы, 2017-жылдын 17-февралындагы чечимдери).
3. Мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген конституциялык принцип соттук коргонууга болгон укукту конституциялык кепилдиктин жүзөгө ашырылуусуна түздөн-түз тиешеси бар (Конституциянын 40-беренеси), ал тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн чечимдеринде бир нече жолу белгилеген. Алсак, 2019-жылдын 16-январындагы чечимде мыйзам жана сот алдында бардыгынын бирдейлиги процесстик укуктук мамилелердин бардык субъекттерине бирдей колдонулган укуктун бирдиктүүлүгүнөн көрүнөт, жалпы маанисинде сотко бирдей жетишүү жана атаандаштык мүмкүнчүлүктөрдүн бирдей укугун кепилдейт жана мындай териштирүүлөрдө тараптар менен болгон мамиле кандайдыр бир басмырлоолоодон эркин болушун камсыз кылат. Бул кепилдик сотко карата жетишүүдө мыйзамга негизделбеген, объективдүү жана акылга сыяр негиздер боюнча акталышы мүмкүн эмес ар кандай айырмачылыктарга да тыюу салат.
Соттук коргонуу укуктук жана демократиялык мамлекеттин пайдубалы, анткени ал, зарыл болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген адамдын жана жарандын бардык башка укуктары менен эркиндиктерин калыбына келтирүүнү камсыз кылууга жол ачат. Ушуга байланыштуу, укуктарды калыбына келтирүүнүн иштиктүү механизми катары мамлекеттин институттарынын функцияларынын ичинде натыйжалуу жана калыс сот адилеттигин камсыз кылуу борбордук орунду ээлөөсү керек. Мында соттук коргонуу анын жеткиликсиз шарттарында мүмкүн эмес, ошондуктан сот адилеттигине жетишүү маселелери соттук коргонууга болгон укуктан ажыратып каралышы мүмкүн эмес.
Ошентип, мыйзам чыгаруучу соттук коргоо ыкмаларын жана процедураларын жөнгө салууда ыктыярдын жетиштүү эркиндигине ээ болуп, бирок, сотко кайрылууда да, коргонуунун процесстик каражаттарын колдонууда да сот өндүрүшүнүн катышуучуларына бирдей мүмкүндүктөрдү камсыздоого милдеттүү.
Сот адилеттигине тоскоолдуксуз жетишүү жөнүндө конституциялык принцип ар кимдин пайдубал укугу катары эл аралык коомчулук тарабынан таанылгандыгын өзгөчө белгилей кетүү керек.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге укуктарды жана эркиндиктерди соттук коргонуусун кепилдик кылып жатып, ошол эле учурда сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, ошондой эле аларды ишке ашыруу тартиби мыйзам тарабынан аныкталарын карайт (99-берененин 5-бөлүгү). Аны менен, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун спецификасын эске алып, кызыкдар адамдар бузулган укукту же мыйзам менен кайтарууга алынган кызыкчылыкты коргоо үчүн сотко так белгиленген тартипте кайрылууга укуктуулугун болжойт. Мында сотко кайрылууда мыйзам чыгаруучу тарабынан кабыл алынган талаптар бирдей даражада, бардык учурларда бардык кайрылуучулар үчүн милдеттүү болуу керек, сот адилеттигине жетишүүдө негизсиз тоскоолдуктарды жаратпаш керек.
Бир жагынан ар кимге соттук коргонууга кайрылууга мүмкүндүк берүүнүн, экинчи жагынан соттордун ишмердигинин натыйжалуулугун камсыз кылуунун ортосунда баланска жетишүү максатында, мыйзам чыгаруучу тарабынан мамлекеттик алымды төлөөнү караштырган укуктук механизм колдонулган. Мындай төлөмдү киргизүүнүн дагы бир максаты болуп сотко алдын ала негизсиз кайрылууну болтурбө зарылдыгы саналат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 24-январындагы Чечиминде берилген укуктук көз карашка ылайык мамлекеттик алым алуу компенсациялык жана алдын алуучулук максаттарды көздөйт. Эгер компенсациялык максат соттун тиричилигине бөлүнүп жаткан мамлекеттик каражаттардын бир бөлүгүнүн ордун тургузуусун камсыздаса, алдын алуучулук максат болсо, өз кезегинде, сотко негизсиз кайрылуулардын алдын алат жана адамдарды ыйгарым укуктуу адамдар алдында өзүнүн милдеттерин ыктыярдуу аткарууга үндөйт. Ошол эле учурда, жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында малекеттик алым сот адилеттүүлүгүнүн жеткиликтүүлүк принцибин бузбаш үчүн ченемсиз жана акылга сыйбас болушу мүмкүн эмес.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 103-беренесине ылайык мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген ар кандай гана учурда сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясы кызыкдар адамдын төлөөгө кудуретсиздиги анын соттук коргоого болгон укугун ишке ашырылуусуна эч кандай тоскоолдук кылбаш керек деп талап кылат. Баш Мыйзам сот адилеттигинин биринчи даражадагы экендигин ушинтип белгилеп, кызыкдар адамдын мүлктүк абалын баалоо категориясына таандык кылат, демек, ал сот тарабынан императивдик укуктук жөнгө салуу аркылуу эмес, ар бир конкреттүү учурда бааланууга жатат.
Сот адилеттигинин тиричилигине сарпталган мамлекеттик каражаттардын ордун тургузуу катары мамлекеттик алымды алуу максаты артыкчылыктуу боло албагандыгы келип чыгат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 98-беренесинин 1-бөлүгүндөгү мамлекет соттордун иштеп турушу жана судьялардын иши үчүн каржылоону жана тиешелүү шарттарды камсыз кылат деген орнотмолору анын ырастамасы далил катары саналат. Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 105-беренеси, 106-беренесинин 1-бөлүгү сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү жөнүндө конституциялык жоболорду жүзөгө ашырууда кызыкдар адамдардын сот алдында мамлекеттик алымды төлөөдөн толугу менен бошотуу же жарым-жартылай төлөө жөнүндө өтүнүүгө, ошондой эле аны төлөөнү жылдыруу же созуп төлөө жөнүндө суранууга укугун караштырат.
Мамлекеттик алымды төлөөдөн толугу менен бошотуу же жарым-жартылай төлөө же аны төлөөнү жылдыруу же созуп төлөө жалпы конституциялык укуктук табияты бар укуктук каражаттарга кирет да, соттук коргонууга болгон конституциялык укукту жана анын ажырагыс курамдык бөлүгү - сот адилеттигине жетишүүнү жүзөгө ашыруу маселесине толугу менен таандык экендигин белгилей кетүү керек.
Талашылып жаткан ченем императивдик ченем болуп, ишкерчилик менен алек болгон Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жарандары үчүн мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн жылдыруу же созуп төлөө мүмкүндүгүн берүүнү жокко чыгарат. Аны менен, мыйзам чыгаруучу бул категориядагы жактар үчүн мыйзамда каралган укуктун чектелишин киргизген.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине ылайык адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн экендиги белгиленүүгө тийиш. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес. Конституция менен орнотулган соттук коргонууга болгон укукэч кандай чектелүүгө тийиш эмес.
Бирок бул ишти кароонун жүрүшүндө ишкерчилик менен алек болгон Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жарандары үчүн мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн жылдыруу же созуп төлөө жөнүндө сот алдына киргизилген өтүнүү укугун чектелишин таануу үчүн конституциялык-маанилүү максаттарга өлчөмдөш негиздер табылган жок. Жоопкер-тараптын жана башка жактардын мындай укуктук жөнгө салуу калктын мүлксүз катмарынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган укуктук жөнгө салуу, ошого байланыштуу атайын чараларга тийиштүү деген жүйөлөрү эске алынууга мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин түшүндүрмөсүнөн келип чыксак, ишкерчиликке байланыштуу болбогон, бирок каралып жаткан укукка эгедер жеке жана юридикалык жактардын катарына алсыз социалдык топтор гана эмес, мүлктүк абалы мыкты жарандыгы жок чет өлкөлүк жактар жана Кыргыз Республикасынын жарандары да кириши мүмкүн, ал эми ишкерчиликтин өзү сөзсүз төлөө жөндөмүнүн күчтүүлүгүнүн кепилдиги боло албайт.
Ага кошумча болуп, укуктун ажырагыс бөлүгү катары соттук коргонууга жана сот адилеттигинин жетиштүүлүгүнө болгон укуктун камсыздалышы жөнүндө кеп болгондо, эч кандай бакубат максаттар менен ниеттер киргизилип жаткан чектөөлөрдүн негизинде туруусу мүмкүн эмес, себеби мындайга Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен түздөн-түз тыюу салынган (20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту).
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бөлүгү ишкерчилик менен алек болгон жарандарды Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарын жана жарандарын сот алдында мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн жылдыруу же созуп төлөөнү өтүнүүгө ыйгарым укуктуу субъекттердин катарынан алып салып, кызыкдар субъекттердин сотко кайрылууда мүлктүк абалы боюнча жол берилгис чектөөлөрдү жана айырмачылыктарды киргизет да, аны менен Кыргыз Республикасынын Конституциясында соттук коргонууга укуктун, анын ичинде ишти жогору турган сотто кайра каратуу укуктун чектелүүсүнүн жол берилбестигине, мыйзам жана сот алдында бардыгын бирдей экендигине, мүлктүк абалы боюнча кодуланууга тыюу салууга орнотулган кепилдиктерди бузат (16-беренесинин 2, 3-бөлүгүнүн биринчи, экинчи абзацтары, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттары).
Ал эми кайрылуу субъектисинин талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө, 6-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келүүсү туурасында айткандарына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы бул жоболор ченемдер-принциптер болуп саналат жана арыздануучу тарабынан өзү шилтеме кылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын атайын ченемдери боюнча укуктук көз карашын күчөтүү жагында колдонулганын белгилейт. Демек, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдер-принциптерине ылайык келүүсү көз карашынан бааланышы мүмкүн эмес.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1-пунктун, 97-беренесинин 8, 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи, экинчи абзацына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ