Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ЧЕЧИМИ
Бишкек шаары, 2020-жылдын 2-декабры
"Реформа" саясий партиясынын төрайымы Клара Сыргакбековна Сооронкулованын, ошондой эле жарандар Нурбек Айтыевич Касымбековдун жана Таалайбек Бекболотович Усубалиевдин кайрылууларына байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - К.А.Дуйшеевдин,
судьялар - М.Р.Бобукееванын, Л.П.Жумабаевдин, М.Ш.Касымалиевдин, К.Дж.Кыдырбаевдин, Э.Ж.Осконбаевдин, Ж.И.Саалаевдин, Ж.А.Шаршеналиевдин курамында,
катчы - К.А.Аблакимовдун,
кайрылуучу тарап - "Реформа" саясий партиясынын төрайымы Клара Сыргакбековна Сооронкулованын,
жарандар - Нурбек Айтыевич Касымбековдун жана Таалайбек Бекболотович Усубалиевдин,
жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Бейшенбек кызы Камиланын, Орозобек уулу Максаттын,
башка жактар - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү Таштемир Абазович Чилдебаевдин; Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Шаршеналы уулу Адилеттин, Кубат Кубанычбекович Уметалиевдин катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
"Реформа" саясий партиясынын төрайымы К.С.Сооронкулованын, ошондой эле жарандар Н.А.Касымбековдун жана Т.Б.Усубалиевдин өтүнүчтөрү бул ишти кароого себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат.
Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Э.Ж.Осконбаевдин маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2020-жылдын 28-октябрында "Реформа" саясий партиясынын төрайымы К.С.Сооронкулованын "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1, 2-беренелеринин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 1-пунктуна, 5-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 16-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарына, 70-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 80-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Кайрылуу субъектисинин айтканы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан айрым саясий топтордун жана жактардын кызыкчылыгына жасакерленип "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (андан ары - Жогорку Кеңештин Регламенти)" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган мыйзамдарды кабыл алуу тартибин одоно бузуулар менен кабыл алынган.
Ошентип, Жогорку Кеңештин Регламентинин 55-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин Регламентинин 55-беренесинин 10-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбоору боюнча ар бир окуунун ортосундагы убакыттын аралыгы 10 жумушчу күндөн кем болушу жана 30 жумушчу күндөн ашык болушу мүмкүн эмес. Ошондой болсо да талашылып жаткан конституциялык Мыйзам 2020-жылдын 20-октябрында бир сааттын ичинде кабыл алынган. Мында даттанылып жаткан конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинде негиздеме катарында ал коомдук-саясий, эпидемиологиялык жана ага байланыштуу өлкөдөгү экономикалык кырдаалды турукташтыруу максатында кабыл алынган деп көрсөтүлөт. Ал эми Жогорку Кеңештин Регламентинин 55-беренесинин 10-бөлүгүнүн 8-пунктунун колдонулушунун алдына түшүүчү социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу, демек Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда жана/же үч окууда дароо кабыл алууга мүмкүндүк берген алып салуу, өзгөчө абалды, өзгөчө кырдаалды киргизүү же ал жеткис күчтүн жагдайлары менен шартталышы керек болуучу. Мыйзамды кабыл алуу күнүндө мамлекет бул абалдын биринде да болгон эмес. Конституциялык Мыйзамды кабыл алуунун негиздемесинде келтирилген, тактап айтканда: коомдун кыйла кеңири катмарларынын пикирлерин эске алуу зарылдыгына байланыштуу калктын шайлоо процессине болгон ишениминин деңгээлин жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясына өзгөртүүлөрдүн киргизилишин караган конституциялык реформаны өткөрүү деген башка максаттар мыйзам чыгаруу процессинин бардык зарыл болгон стадияларына токтолбой, конституциялык мыйзамды кабыл алуу үчүн негиз болуп кызмат кыла албайт.
Ошентип, кайрылуу субъектиси түзүлгөн саясий кырдаалда бийликтин легитимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын өтө маанилүү ченемдеринин колдонулушун жана ар кимдин шайлоо жана шайлануу укугун Жогорку Кеңеш сүйлөшүп келишкендик жана мыйзамдарды кабыл алуунун тартибин одоно бузуу аркылуу токтотуп койгон деген тыянакка келет.
Андан ары кайрылуу субъектиси мамлекеттик бийликти жүзөгө ашыруунун маанилүү принциби - мамлекеттик органдардын эл алдындагы ачыктык жана жоопкерчилик жана өзүнүн ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруу принцибинин бузулушу жөнүндө белгилейт (Конституциянын 3-беренесинин 3-пункту).
Конституциянын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жарандар республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды жана чечимдерди талкууда жана кабыл алууда катышууга укуктуу. Ушул конституциялык жобону өнүктүрүүдө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 22-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтында жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууга жатат деп белгилейт. Мыйзам долбоорун коомдук талкуу кийинкидей жол менен жүзөгө ашырылат: долбоордун текстине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу; коомдук талкуунун катышуучуларынан түшкөн сунуштарды кабыл алуу, кароо жана жалпылоо; келип түшкөн сунуштар тууралуу аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен анын жыйынтыктары боюнча жыйынтык маалыматты даярдоо. Жыйынтык маалымат мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемеде чагылдырылуу керек.
Бирок мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтында 2020-жылдын 22-октябрында 13 саат 52 мүнөттө жайгаштырылган дагы, ошол эле күнү саат 18.00дө кабыл алынган. Ал эми "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Мыйзамдын 23-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү, ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кошпогондо, бир айдан кем эмес болот. Жогорку Кеңештин Регламентинин 51-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык фракциялар, комитеттер, депутаттар, Өкмөт, жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңешти расмий сайтында жайгаштырылган күндөн тартып 2 жуманын ичинде жооптуу комитетке мыйзам долбоору боюнча жазуу жүзүндөгү эскертүүлөрү менен сунуштарын берүүгө укуктуу. Бирок көрсөтүлгөн субъектилер мындай мүмкүнчүлүктөн ажыратылды.
Андан тышкары, Жогорку Кеңештин Регламентинин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын укуктук статусун камсыз кылуу жөнүндө, бюджет, салыктар жана башка милдеттүү жыйымдар жөнүндө, ишкерчиликти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн жөнүндө, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузууларга каршы күрөшү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору боюнча парламенттик угуулардын өткөрүү милдеттүү болуп саналары белгиленген. Арыздануучу белгилегендей парламенттик угуулар өткөрүлгөн эмес.
Аны менен, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган шайлоолор жөнүндө конституциялык Мыйзам "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 7-беренеси менен орнотулган талаптарга жооп бербейт, ага ылайык ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугу аларды белгиленген тартипте кабыл алынуу менен камсыз кылынат.
К.С.Сооронкулова талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алууда конституциялык мыйзамдар Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышын белгилеген Конституциянын 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн, ошондой эле мыйзам долбоору үчүн добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салууну камтыган Жогорку Кеңештин Регламентинин 85-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарын бузууга жол берилген деп ырастайт. Алардын ырастоосу боюнча мыйзам долбооруна нагыз 78 депутат добуш берген, ал эми төрагалык кылуучу добуштарды эсептөөдө 83 добушту, анын ичинен 4 ишеним кат боюнча берилген добушту биротоло аныктаган.
Жалпысынан арыздануучу мыйзам долбоору адамдардын тобу менен тымызын демилгеленген, коомдук талкуусуз, комитетте каралбастан, депутаттардын тиешелүү таанышуусуз жана анын үстүндө ой-жүгүртүүсүз, Конституция жана мыйзамдар менен белгиленген мыйзамдарды кабыл алуунун тартибин жана процедураларын бузууда акылга сыйбаган кыска мөөнөт ичинде кабыл алынган, демек, мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча органдары жана алардын кызмат адамдары Конституция жана мыйзамдар менен белгиленген ыйгарым укуктардын алкагынан чыга албайт деп белгилөөчү Конституциянын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт.
Кайрылуунун субъектиси Конституция өзүнө мамлекеттик бийлик органдарынын уюштурулушунун жана ишмердигинин, адамдын жана мамлекеттин өз ара мамилелеринин бардык тараптарын камтый албагандыктан, алардын ченемдерин конкреттештирүү тийиштүү мыйзамдарда жүргүзүлөт деп белгилейт. Конституциялык мыйзамдар Конституция менен органикалык байланышта, маңызы боюнча анын жоболорун улантат жана өнүктүрөт. Ушундан улам, арыздануучу мыйзам чыгаруучу конституциялык мыйзамдын ченемдеринин колдонулушун токтото туруу менен Конституциянын өзүнүн колдонулушун токтотуп койгонун белгилейт. Тактап айтканда, Жогорку Кеңешке кайра шайлоолорду өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдердин колдонулушун токтото туруу менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолорун өткөрүүнүн конституциялык негиздерин камтыган Конституциянын 70-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн колдонулушун солгундаткан.
Арыздануучу Конституция башка мыйзамдардын ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө конституциялык мыйзамды кабыл алууну болжогон ченемдерди камтыбайт деп эсептейт. Конституцияда конституциялык мыйзамдардын жөнгө салуу предмети императивдик эрежелерди орнотуу жолу менен толук түрдө аныкталган жана кеңейтилиши жана толукталышы мүмкүн эмес. Ага карабастан, 2020-жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеш Конституцияда каралбаган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын каалоосу боюнча кабыл алган.
Арыздануучунун пикири боюнча, эгер шайлоолор жараксыз жана болбой калды деп табылган учурда, шайлоолор жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 38-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бир айдын ичинде кайра шайлоолор дайындалат. Кайра шайлоолор шайлоочулардын тизмелерин, шайлоо участкаларын жана шайлоо комиссияларын түзүү сыяктуу этаптарды караштырбайт. Андан тышкары, белгилүү негиздер болгон учурда кайра шайлоолор шайлоого катышкан саясий партиялар ортосунда гана өткөрүлөт. Ошентип, арыздануучунун пикири боюнча, кайра шайлоолор жана негизги шайлоолор бирдиктүү процесстин ажыратылгыс циклдери болуп саналат жана кайра шайлоолор негизги шайлоолордун органикалык уландысы.
Шайлоочунун өз эркин билдирүү эркиндигине олуттуу таасирин тийгизип, жалпы бирдей шайлоо укугунун принциби бурмалангандыктан шайлоолор жөнүндө мыйзамдар жапырт бузулгандыгына байланыштуу шайлоолор жараксыз болуп таанылгандыктан, кайра шайлоолор Конституция менен кепилденген шайлоого жана шайланууга болгон бузулган укукту калыбына келтирүүнүн маанилүү укуктук каражаты болуп саналат.
Кайрылуу субъектисинин пикири боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону же жаңы шайлоолорду 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен өткөрүүнү жарыялаган даттанылып жаткан конституциялык Мыйзамдын 2-беренеси Конституцияда жана мыйзамдарда караштырылган тартипте мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ар бир жарандын шайлоо жана шайлануу укугуна кол салуу болуп саналат (Конституциянын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту).
Шайлоолор жөнүндө ченемдеринин колдонулушун токтото туруу менен мамлекет бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнө алынган милдеттенмелерин токтотот (Конституциянын 3-беренесинин 1-пункту). Жарандардын пайдубал саясий укуктарына жана эркиндиктерине тийиштүү мыйзамдын токтотула туруусу ушул укуктарды каалоосу боюнча белгиленген мөөнөттөрдүн чектеринде чектөө болуп саналат. Ал эми адамдын укуктары менен эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына таандык. Алар түздөн-түз иштейт, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин маанисин жана мазмунун аныктайт (Конституциянын 16-беренесинин 1-бөлүгү); Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек (Конституциянын 20-беренесинин 1-бөлүгү).
Арыздануучунун "коомдун калың катмарынын пикирин эске алуу зарылдыгы, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган конституциялык реформаны өткөрүү" деген сыяктуу шайлоо укуктарын чектөөнүн мындай негиздери тынчсыздануусун туудурат. Ушул максаттар Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгү менен белгиленген адам укуктарын чектөөнүн жалпыга маанилүү конституциялык максаттарына өлчөмдөш эмес. Ушул эле берененин 3-бөлүгү Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашык даражада укуктар менен эркиндиктерди чектөөнү орнотууга тыюу салат.
Арыздануучу өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органына кезектеги шайлоолордун өтүшүн токтото туруу бийликти легитимдештирүүгө тоскоолдук жаратат жана Конституциянын 5-беренесинин 2-бөлүгү менен тыюу салынган бийликти узурпациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп ырастайт.
К.С.Сооронкулова мамлекеттин жана коомдун турмушунун негиздерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт катары жана жалпы элдин кызыкчылыгын чагылдырган Конституциянын социалдык-саясий баалуулугун, жана ушул мааниде конституциялык реформанын процесси максималдуу ачык-айкындуулук жагдайда, массалык талкуунун атайын уюштурулуусунда өтүшү керек деп баса белгилейт.
Арыздануучу Баш Мыйзамдын мазмунуна болгон ар бир кийлигишүү өзгөчө дыкат текшерилген мүнөзгө ээ болуусу керек, ал үчүн сунушталып жаткан түзөтүүлөрдү кеңири элдик талкууга салуу, ошондой эле мыйзам чыгаруу процессин ашыкпастан, кылдат жана пландуу илгерилетүү зарыл деп белгилейт. Ошон үчүн кайрылуу субъектиси эркин жана мыйзамдуу шайлоолор жолу менен калыптанган легитимдүү жогорку мыйзам чыгаруу органынын конституциялык реформада катышуусу чоң мааниге ээ деген тыянакка келет.
Кайрылуу субъектисинде сунушталып жаткан конституциялык өзгөртүүлөрдүн легитимдүүлүгүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2020-жылдын 28-октябрында аяктаган Жогорку Кеңештин конституциялык реформада катышуусунан улам шек саноолорду туудурат.
Арыздануучу өзүнүн жүйөлөрүн жыйынтыктап келип, конституциялык орнотмолор мезгилдик факторлордун таасири алдында жана айрым саясий топтордун жана мамлекеттик ишмерлердин кызыкчылыгына жагынып, өзгөрбөшү керек деп белгилеген. Кайрылуу субъектиси Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү конституциялык түзүлүштүн негиздерине, парламентаризмдин өнүгүүсүнө жана анын легитимдүүлүгүнө олуттуу тобокелдиктерди жаратат, бул өз кезегинде конституциялык түзүлүштү өз билгенин кылуу, каалоосу боюнча өзгөртүү аракети катары бааланат деп белгилейт.
Баяндалгандын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2020-жылдын 2-ноябрындагы аныктамасы менен бул өтүнүч талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 1-пунктуна, 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарына, 80-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынган.
Арыздануучунун кимдир-бирөөнүн мамлекеттеги бийликти өзүнө ыйгарып алуусуна тыюу салууну орноткон жана мамлекеттик бийликти узурпациялоону өзгөчө оор кылмыш катары аныктаган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жасаган шилтемеси судьялар коллегиясы тарабынан талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алуу менен байланышкан окуяларга анын баа берүү ой-жүгүртүүсү катары баалайт, демек, түздөн-түз ченем контролдоонун жүзөгө ашырылуусун талап кылбайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2020-жылдын 28-октябрында жарандар Н.А.Касымбековдун жана Т.Б.Усубалиевдин "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө, 3-беренесинин 1, 3-пункттарына, 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, 5-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарына, 70-беренесинин 2-бөлүгүнө, 71-беренесинин 4-бөлүгүнө, 78-беренесинин 3-бөлүгүнө, 80-беренесинин 5-бөлүгүнө, 84-беренесинин 6-бөлүгүнө, 114-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучулардын талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алуу тартибинин, ошондой эле аны коомдук талкуу процедурасынын бузулушуна тийиштүү жүйөлөрү "Реформа" саясий партиясынын көз карашы менен жалпы жонунан бирдей.
Андан тышкары, арыздануучулар өлкөдөгү коомдук-саясий, эпидемиологиялык жана алар менен байланышкан экономикалык кырдаалды турукташтыруу, калктын шайлоо процессине ишенимин арттыруу максатында, коомдун кыйла калың катмарларынын пикирлерин эске алуу зарылчылыгына жана конституциялык реформаны өткөрүүгө байланыштуу талашылып жатканы актынын 1-беренесине ылайык Шайлоолор жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушу токтотула турат деп белгилешет. Арыздануучулардын пикири боюнча жарандардын укуктарын чектөөнүн көрсөтүлгөн максаттары Конституциянын 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет, аларга ылайык жарандардын укуктары Конституция жана мыйзамдар менен улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден-соолугун жана адеп-ахлагын, башка жактардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында чектелиши мүмкүн; мыйзам менен Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашык даражада укуктарды чектөө орнотулушу мүмкүн эмес.
Арыздануучулар ырастагандай, талашылып жаткан актынын 2-беренеси Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо же жаңыдан шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жарыяланат деп белгилейт. Аны менен талашылып жаткан актынын 1-беренеси 2-беренесине карама-каршы келүүсү байкалат.
Талашылып жаткан актынын 3-беренеси конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат деп белгилейт да, аны менен эскертилген конституциялык Мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтотула туруусун белгисиз мөөнөткө жылдырат.
Эгер конституциялык реформа мыйзам чыгаруу органынын өзү тарабынан жүзөгө ашырылса, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамды ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн 6 айдан кечиктирилбестен кабыл алышы керек (Конституциянын 114-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы). Конституциялык реформага учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин катышуусу болжолдонуп жаткан конституциялык өзгөртүүлөрдүн легитимдүүлүгүнөн алдын ала шек саноолорду туудурат, анткени Жогорку Кеңештин депутаттары беш жылдык мөөнөткө шайланат (Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгү), ал эми алардын ыйгарым укуктары алар ант берген күндөн тартып башталат (Конституциянын 71-беренесинин 4-бөлүгү). Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылыштын депутаттары 2015-жылдын 4-октябрында шайланган, демек, алардын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтү 2020-жылдын 3-октябрында аяктаган.
Ушуга байланыштуу, Н.А.Касымбеков жана Т.Б.Усубалиев Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышы тарабынан Конституциянын 71-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизиндеги 5 жылдык мөөнөттү андан ашуун мөөнөткө өзүнүн легитимдүүлүгүн узартуусу мыйзамсыз деп эсептешет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2020-жылдын 2-ноябрындагы аныктамасы менен Н.А.Касымбековдун жана Т.Б.Усубалиевдин өтүнүчүн талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө, 3-беренесинин 1, 3-пункттарына, 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарына, 70-беренесинин 2-бөлүгүнө, 71-беренесинин 4-бөлүгүнө, 80-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынган.
Арыздануучулардын кимдир-бирөөнүн мамлекеттеги бийликти өзүнө ыйгарып алуусуна тыюу салууну орноткон жана мамлекеттик бийликти узурпациялоону өзгөчө оор кылмыш катары аныктаган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жасаган шилтемеси судьялар коллегиясы тарабынан талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алуу менен байланышкан окуяларга анын баа берүү ой-жүгүртүүсү катары баалайт, ал эми 4-берененин 3-бөлүгү, 78-берененин 3-бөлүгү, 84-берененин 6-бөлүгү, 114-берененин 3-бөлүгү өтүнүчтө жүйөлөрдүн бекемдөө формасы катары келтирилген, демек, түздөн-түз ченем контролдоонун жүзөгө ашырылуусун талап кылбайт.
"Реформа" саясий партиясынын жана жарандар Н.А.Касымбековдун, Т.Б.Усубалиевдин талаптары бирдей болгондуктан, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык 2020-жылдын 2-ноябрындагы судья-баяндамачынын аныктамасы менен көрсөтүлгөн иштер бир өндүрүшкө бириктирилген.
2020-жылдын 1-декабрында Н.А.Касымбеков жана Т.Б.Усубалиев кошумча өтүнүч менен кайрылышкан, анда өз талаптарынын көлөмүм азайтышып, ошондой эле өзүнүн көз карашын ырастоодо кошумча жүйөлөр келтиришкен.
Арыздануучулардын пикири боюнча Жогорку Кеңеш Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагынан чыгып кеткен жана Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын ишине кийлигишкен, аны менен мамлекеттик бийликтин уюштурулушунун жана укуктук мамлекеттин иштешинин маанилүү принциптеринин бири - мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин бузган. Арыздануучулар өзүнүн жүйөлөрүн негиздөөдө ушул принцип туурасындагы Конституциялык палатанын айрым укуктук көз караштарын келтиришет.
Н.А.Касымбеков жана Т.Б.Усубалиев "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамдын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык шайлоо комиссиялардын ишине мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде саясий партиялар, башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт деп көрсөтүшөт. Жогорку Кеңештин шайлоо процессине кийлигишкенинен Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссия Жогорку Кеңештин шайлоолорун мөөнөтүндө өткөрө албай жатат, бул, өз кезегинде, жарандарды өзүнүн бийлигин түздөн-түз Жогорку Кеңештин шайлоолорунда жүзөгө ашыруудан ажыратат (Конституциянын 2-беренесинин 2-бөлүгү).
Арыздануучулар соттук отурумда өздөрүнүн талаптарын колдошту жана аларды канааттандырууну суранышат.
Жоопкер-тараптын өкүлү К.Бейшенбек кызы арыздануучулардын жүйөлөрүн негизсиз жана канааттандыруусуз калтырылууга жатат деп эсептейт.
Талашылып жаткан конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Конституциянын 74-беренесине ылайык кабыл алынган.
2020-жылдын 4-октябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолорунун алдын ала жыйынтыктарын жарыялагандан кийин бир катар саясий партиялар Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга анын жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылышкан.
Ата Мекен, Бир Бол, Мекенчил, Чоң Казат, Республика, Замандаш, Реформа, Бүтүн Кыргызстан, Ыйман Нуру, Мекен Ынтымагы жана башка саясий партиялардын арызында шайлоолор одоно бузуулар, шайлоочулардын добуштарын массалык түрдө сатып алуу, шайлоочуларды коркутуу жана басым көрсөтүү, ошондой эле добуштарды эсептөөдө бузуулар менен болуп өткөнү көрсөтүлгөн.
Массалык тартип бузуулар менен коштолгон шайлоолордун жыйынтыктарына коомдун болгон нааразычылыгы республикада саясий туруксуздукка алып келди, ушуга байланыштуу Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоолорунун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялардан кийин түзүлгөн оор саясий жана экономикалык кырдаал мезгилинде талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алуу бардык республика боюнча жана Бишкек шаарында укук тартиби менен жарандардын коопсуздугун, социалдык-экономикалык кырдаалды дагы турукташтырууга алып келди деп эсептейт. Митингдерде катышкан көптөгөн сандагы адамдардын пандемия мезгилинде топтошуусу, баш аламандыктын жазылбай туруусу калктын саламаттыгына өлчөнгүс зыянга, олуттуу материалдык жоготууларга жана жалпы борбор шаары менен өлкөнүн турумуш тиричилигинин шарттарынын бузулушуна алып келмек.
Жоопкер-тараптын пикири боюнча кабыл алынган конституциялык Мыйзам элдик бийлик үстөмдүгүнүн принцибин өзгөртүүгө алып келбейт, мамлекеттик бийликти узурпациялоо, жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруу же кемсинтүү максатын көздөбөйт, анткени элдик бийликти өкүлчүлүктүү жана мыйзам чыгаруучу иш-милдеттер алкагында жалпы эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан чагылдырылат жана камсыз кылынат.
Жоопкер-тараптын ырастамасы боюнча Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын алкагында талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык кабыл алган, ага ылайык ченемдик укуктук актынын же анын өзүнчө түзүмдүк элементинин колдонулушу белгисиз мөөнөткө токтотула турушу мүмкүн. Ченемдик укуктук актынын же анын өзүнчө түзүмдүк элементинин колдонулушун токтото туруу өзүнчө ченемдик укуктук акт менен жүзөгө ашырылат.
Жоопкер-тарап арыздануучулардын даттанылып жаткан конституциялык Мыйзамды коомдук талкуу өткөрбөстөн кабыл алгандыгы жөнүндө жүйөлөрү туурасында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 23-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү, ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кошпогондо, бир айдан кем эмес болот деп белгиледи.
Ушуга байланыштуу, Жогорку Кеңештин Регламентинин 55-беренесинин 10-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык бардык фракциялардын жооптуу жана тармактык комитеттеринин оң корутундуларысыз, Жогорку Кеңеш өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизилишине жана/же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу, укук тартиби жана коопсуздук маселелери боюнча мыйзам долбоорун кароодо ал мыйзам долбоорун бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда жана/же үч окууда кабыл алууга укуктуу. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун пандемия дүйнөлүк масштабдагы өзгөчө кырдаал болуп саналат деген расмий билдирүүсүн эске алганда, , калктын массалык дартка чалдыгуу фактысы ал жеткис күчтүн жагдайларына таандык.
Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылыштын өзүнүн легитимдүүлүк мөөнөтүн 5 жылдан ашуун мөөнөткө мыйзамсыз узартуу маселеси туурасында, жоопкер-тарап, Конституциянын 71-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын ыйгарым укуктары токтотулат деп билдирет.
Ушундан улам, Жогорку Кеңештин кийинки чакырылыштагы депутаттарын шайлаганга чейин VI чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулушу мүмкүн эмес, демек, алар өзүнүн милдеттерин аткарууга укуктуу.
Жогорку Кеңештин өкүлү мыйзам чыгаруу органы тарабынан Конституциянын ченемдерин бузуулар болгон эместигин белгилейт, анткени жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык ченем Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланбай калган учурларда укуктук боштукту болтурбоо механизмин камтыйт.
Жогорку Кеңештин экинчи өкүлү М.Орозобек уулу К.Бейшенбек кызынын жүйөлөрүн колдоду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү Т.А.Чилдебаев конституциялык мыйзамдар өзгөрүлбөс бойдон кала албайт, алар дагы белгилүү түзөтүүлөргө дуушар болушу мүмкүн. Талашылып жаткан конституциялык Мыйзам Конституциянын 74-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен белгиленген Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары алкагында жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамдардын ченемдерине ылайык кабыл алынган, аларда ченем жаратуу ишмердигинин, мыйзамдарды даярдоо, кабыл алуу жана жарыялоо, ошондой эле алардын колдонулуу, түшүндүрмө берүү, коллизияларды чечүү, ченемдик укуктук актынын жана алардын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу тартиби каралат.
Т.А.Чилдебаев Кыргызстандын эли өз бийлигин Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде, анын ичинде мамлекеттик органдар аркылуу жүзөгө ашырат деген Конституциянын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө шилтеме жасап, талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алууда коомдук талкууну өткөрүү жарандардын да, алардын өкүлдөрү болгон Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусу менен жүргүзүлүшү мүмкүн болмок деп эсептейт. Көрсөтүлгөндөр мамлекеттик органдардын ачыктык жана жоопкерчилик конституциялык принциби (Конституциянын 3-беренесинин 3-пункту), ошондой эле жарандардын мыйзамдарды талкууда жана кабыл алууда катышуу укугу (Конституциянын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту) бузулган эмес дегенди билдирет.
Т.А.Чилдебаевдин ырастоосу боюнча 2020-жылдын 5-6-октябрында нааразылык билдирип чыккан жарандардын негизги талабы шайлоо тутумун түп тамырынан кайра карап чыгууга барып такалган, натыйжада мыйзам чыгаруучуну "Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото турганга шарттаган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышынын ыйгарым укуктары маселеси боюнча Конституциянын ченемдеринен келип чыкканда, Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаттарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамын шайлап, алардын биринчи отуруму болгон күндөн тарта гана мүмкүн деп эсептейт (Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгү, 71-беренесинин 3, 4-бөлүгү, 73-беренесинин 2-бөлүгү).
Т.А.Чилдебаев коомдук-саясий кырдаалды турукташтырууну камсыз кылуу коомдук тартипти сактоонун орчундуу түшүнүктөрүнүн бири, ошон үчүн талашылып жаткан долбоорду кабыл алуу анын кабыл алуу максаттарына өлчөмдөш болуп саналат деп белгилеген. Ал талашылып жаткан конституциялык Мыйзам менен референдум маселелери каралбайт, ал эми Жогорку Кеңештин шайлоолору 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен өткөрүлөт, жогорудагы маселелер Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону белгиленген тартипте дайындоого укуктуу мамлекеттин жаңы башчысын шайлоо процедурасы менен өз ара байланышта экендигин корутундулап баса белгилеген. Ошентип, шайлоону жараксыз деп таануу жана алардын мөөнөттөрүн кийинкиге жылдыруу 2020-жылдын 4-октябрынан кийин өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалга өлчөмдөш. Демек, талашылып жаткан конституциялык Мыйзам Конституцияга карама-каршы келбейт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алуу тартиби жана процедурасы туурасында көз карашы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрүнүн көз караштары менен окшош.
Талашылып жаткан конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жокко чыгарылбаган өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу өлкөдөгү коомдук-саясий, эпидемиологиялык жана ага байланыштуу экономикалык кырдаалды турукташтыруу максатында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамдын 55-беренесинин 10-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү арыздануучулардын мыйзам чыгаруу органынын кезектүү шайлоолордун ыраатынын токтотулуусу бийликтин легитимдештирүүсүнө тоскоолдук кылат деген жүйөлөрүнө жооп берип жатып, мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү конституциялык принцибинен келип чыкканда, мамлекеттик башкаруу тутумунда мамлекеттик бийликтин жогорку органдары өзүнүн ишмердигин туруктуу негизде үзгүлтүксүз жүргүзүшүн болжолдойт деп эсептейт. Ошон үчүн Конституциянын 71-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылыштагы ыйгарым укуктары кийинки чакырылыштын биринчи отуруму болгон күндөн тартып токтотулат.
Андан тышкары, түзүлгөн кырдаалда Жогорку Кеңеш чектелүү ыйгарым укуктарына ээ болуу керектигин белгилеген жоболор Конституцияда жок. Талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны туурасында элдин көп сандаган нааразычылык көрүнүштөрүнө, шайлоо тутумун өзгөртүү жана шайлоону жараксыз деп таанууга алып келген коррупциянын түп тамырынан жоюу жөнүндө талаптары менен байланышкан.
Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын өкүлдөрү (андан ары - БШК) Шаршеналы уулу Адилет жана К.К.Уметалиев каралып жаткан маселенин чечилишин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыктыярына калтырышкан, мында Шаршеналы уулу Адилет кийинкини кошумча белгилеген.
БШКтын 2020-жылдын 6-октябрындагы № 249 токтому менен 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз болуп таанылган. Ушуга байланыштуу, кайталап шайлоолорду өткөрүү маселелерин регламенттөөчү "Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38-беренесинин жана 63-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдеринин негизинде БШК 2020-жылдын 21-октябрындагы № 258 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылыштагы депутаттарын кайра шайлоону 2020-жылдын 20-декабрындагы жекшемби күнүнө дайындаган.
Ошону менен бирге, 2020-жылдын 22-октябрында "Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото турган "Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын Жогорку Кеңеш кабыл алынган.
"Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" коомдук бирикмесинин жана "Актив" саясий партиясынын доосу боюнча Бишкек шаарынын Административдик соту көрсөтүлгөн Мыйзамдын негизинде 2020-жылдын 24-октябрындагы чечими менен "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо жөнүндө" БШКтын 2020-жылдын 21-октябрындагы № 258 токтомун жокко чыгарган.
БШК Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечими менен макул болбостон, Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2020-жылдын 24-октябрындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө кассациялык доо арызды Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берген. Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотун 2020-жылдын 29-октябрындагы аныктамасы менен кассациялык доо арызды маңызы боюнча карабастан кайтарып берген.
Соттун чечими күчүнө киргендигине байланыштуу, БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча анда аркы аракеттерин токтото турган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы конституциялуулугу күмөндүүлүктү туудурган ченемдик укуктук актынын кайрылууда козголгон бөлүгүндөгү предмет боюнча гана акт чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп кийинкидей мазмундагы "Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы саналат:
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө"
Өлкөдөгү коомдук-саясий, эпидемиологиялык жана алар менен байланышкан экономикалык кырдаалды турукташтыруу, элдин шайлоо процессине болгон ишениминин деңгээлин жогорулатуу максатында жана коомдун кыйла кеңири катмарларынын пикирлерин эске алуунун зарылчылыгына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган конституциялык реформа өткөрүү менен байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 конституциялык Мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушу токтотула турсун.
2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жараксыз деп таанылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо же болбосо жаңы шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен жарыяланат.
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.".
Бул Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы 2020-жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеште кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинде 2020-жылдын 27-октябрында № 89 номур менен жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иштерди карап, ченемдик укуктук актынын же анын элементинин мазмундук бөлүгүн (материалдык контролдоо) текшерүү менен бирге, ченем жаратуучу органдын ыйгарым укуктуулугун, талашылып жаткан ченемдик укуктук актыны кабыл алуу, жарыялоо жана колдонууга киргизүү тартибине карата конституциялык жана мыйзамдардагы талаптардын сакталышын текшерүүнү өзүнө камтыган формалдуу контролдоону жүзөгө ашырат. Мында формалдуу конституциялык контролдоо конституциялык контролдоону жүзөгө ашырууда биринчи кезектеги этап болуп саналат, анткени конституциялык жана мыйзамдардагы белгиленген процедураларды сактоо ар кандай ченемдик укуктук актынын мыйзамдуулугунун сөзсүз шарты болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасы укуктук, демократиялык мамлекет болуп саналат (1-берененин 1-бөлүгү), бул коомдук, саясий жана мамлекеттик турмуштун бардык чөйрөлөрүндө укук үстөмдүгүн, укук мамилелердин бардык субъектилерин (адамдын жана жарандын, коомдук бирикмелердин, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын) Конституцияга жана мыйзамдарга баш ийүүсүн билдирет.
Укуктук мамлекетте коомдук мамилелердин жалгыз мүмкүн болгон жөнгө салуучу катары мыйзамдын аныктоочу сапаты болуп анын процедуралык легалдуулугу (мыйзамдуулугу) саналат, башка айтканда анын ченем жаратуу эрежелери менен аны кабыл алуу жана жарыялоо процедуралары жөнүндө конституциялык жана мыйзамдардагы көрсөтмөлөргө ылайык келүүсү керек.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан конституциялык мыйзамдарды жана мыйзамдарды кабыл алуу, кол коюу, жарыялоо жана колдонууга киргизүү тартибине негиз салуучу талаптарды камтыйт (80-82-беренелер), ошондой эле жарандардын республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды жана чечимдерди кабыл алууга жана талкууга катышууга болгон укугун кепилдейт (52-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту).
Баш Мыйзам жарандардын мыйзамдарды кабыл алууга жана талкууга катышуусуна мамлекетке бул укукту жүзөгө ашырууну камсыздоо милдетин буйрук иретинде бекитүү менен өзгөчө маанини кокусунан эмес берет. Бул көрсөтүлгөн конституциялык жобонун элдик бийлик принциби менен ажырагыс байланышта болгону менен шартталат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 1-пункту).
Конституция Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат, Кыргызстандын эли өз бийлигин Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат деп жар салат (2-берененин 1, 2-бөлүктөрү). Бул принцип мамлекеттин жана коомдун бүтүндөй турмуш-тиричилигинин уюштурулушунун негиз салуучу башаты болот. Ушул мааниде укуктук тутум аркылуу калыптануучу мамлекеттин укуктук чыгаруучулук ишин дагы алып салуу болушу мүмкүн эмес. Укуктук тутум конкреттүү мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда иштелип жаткан укуктук каражаттардын өз ара байланыштуу, макулдашылуу жана өз ара иштөөчү жыйындысы катары коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдүн жана өлкөнүн укуктук өнүгүүсүнүн деңгээлинин мыйзам ченемдүүлүгүн орнотот. Ушуга байланыштуу, мамлекеттин укук чыгаруучулук ишинде бийликтин башаты болгон коомдун ролун этибар албоого жол берилбейт.
Жарандардын мыйзамдын долбоорун талкуулоого түздөн-түз катышуусу элдин эркин эске алууну, коомдук турмуштун абдан маанилүү жактарын ченемдик жөнгө салууда коомдук муктаждыктарды канааттандырууну эң мыкты түрдө мүмкүндүк берген коомдук пикирди аныктайт жана кыйла натыйжалуу, социалдык-ылайыкталган чечимдерди кабыл алуу үчүн тажрыйбалык мааниге ээ.
Андан тышкары, жарандарды ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого тартуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусун жана эл алдындагы ачыктыгынын жана жоопкерчилигинин конституциялык принцибин камсыз кылуу боюнча механизмдердин бири катары чыгат (Конституциянын 3-беренесинин 3-пункту).
Көрсөтүлгөн конституциялык көрсөтмөлөрдү жүзөгө ашырууда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы 22-беренесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан тышкары, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат деп караган. Коомдук талкууга катышуучулардан түшкөн сунуштарды кабыл алуу, карап чыгуу жана жалпылоо, ошондой эле келип түшкөн сунуштар тууралуу аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен, коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жыйынтык маалыматты даярдоо иштерин өзүнө камтыйт. Мында, коомдук талкуулоонун мөөнөтү, ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кошпогондо, бир айдан кем эмес болот.
Ошентип, мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо үчүн мөөнөттү белгилөө мыйзам чыгаруу процессинин жеткиликтүүлүгү жана жарандык коомдун пикирин билүү үчүн анык шарттарды түзүү зарылчылыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасы мүчө болгон Европа кеңешинин Венециялык комиссиянын 2020-жылдын 17-ноябрындагы CDL-PL(2020) 015 корутундусуна (андан ары - Европа кеңешинин Венециялык комиссиянын корутундусу) ылайык укук үстөмдүгү мыйзам чыгаруу процедураларга карата жарандардын коомдук иштерге катышууга укугун болжойт жана коомчулуктун мыйзамдардын долбоорлоруна жетишүүсүнө жана өз салымын кошконго мүмкүнчүлүккө ээ болуусун талап кылат.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлчүлүктүү жана контролдоочу иш-милдеттери менен бирге, мыйзам чыгаруу иш-милдети өзүнүн мазмуну боюнча абдан маанилүү жана көлөмдүү, анткени анын алкагында коомдун турмуш-тиричилигинин бүтүндөй укуктук негизи калыптанат. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишмердигин мааниси мыйзамдарды даярдоодо жана кабыл алууда турат, аларды чыгаруу коомдун саясий, экономикалык жана социалдык жашоонун чөйрөлөрүнө муктаждыктарынан келип чыгат.
Мыйзам чыгаруу органынын ченем жаратуучу ишмердигинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституция менен белгиленген жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамдарда дыкат регламенттелген, аларды кыйшаюусуз аткаруу кабыл алынып жаткан мыйзам чыгаруу актыларынын легитимдүүлүгүнүн башкы кепилдиктеринин бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу иш-милдети Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде конституциялык мыйзамдарды, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алууда турат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тутумунда конституциялык мыйзам башка ченемдик укуктук актыларга салыштырмалуу кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык конституциялык мыйзам - бул Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте жана анда белгиленген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык конституциялык мыйзамдардын жөнгө салуу чөйрөсүнө: референдумду өткөрүүнүн тартиби жана референдумга чыгарылуучу маселелердин тизмеги (2-берененин 3-бөлүгү); Кыргыз Республикасында өзгөчө абал менен согуш абалын киргизүүнүн тартиби (15-берене); жарандыктан ажыратуунун жана өзгөртүүнүн тартиби (50-берененин 2-бөлүгү); Президентти шайлоо тартиби (62-берененин 2-бөлүгү); жергиликтүү соттордун судьяларын кызматынан бошотуу тартиби (64-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пункту); Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби (70-берененин 2-бөлүгү); Жогорку Кеңеш тарабынан өзгөчө абалды киргизүү тартиби (74-берененин 5-бөлүгүнүн 1-пункту); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердигин уюштуруу жана анын тартиби (88-берененин 2-бөлүгү); судьяларды сунуштоо жана дайындоо, жана аларды жоопкерчиликке тартуу тартиби (94-берененин 8-бөлүгү, 95-берененин 1-бөлүгү); судьяларды кызматынан убактылуу четтетүү, жоопкерчиликке тартуу; жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоо ошондой эле аларды которуу (ротациялоо) тартиби (95-берененин 4-6-бөлүктөрү); Жогорку соттун Конституциялык палатасын түзүү тартиби жана курамы, Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо жана бошотуу, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби (97-берененин 11-бөлүгү); прокуратура органдарынын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө (104-берененин 1-пункту) кирет.
Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык ченемдердин жөнгө салуу предметинен байкалгандай, конституциялык мыйзамдар менен мамлекеттик бийликти уюштуруунун башкы негиздери аныкталат. Конституциялык мыйзамдардын мүнөздүү белгилери болуп: алардын ченемдеринин өзгөчө маанилүүлүгү; кабыл алынып жаткан маселелердин конституциялык чектелүүсү; аларды кабыл алуунун мөөнөтү боюнча узак жана бир топ татаалыраак; жөнөкөй мыйзамдарга караганда аларга көбүрөөк юридикалык күчтү берүү. Башкача айтканда, конституциялык мыйзамдарды жөнгө салуунун предмети Конституция менен катуу чектелген, ал Баш Мыйзамда көрсөтүлбөгөн башка маселелер боюнча аларды кабыл алынышына жол берилбейт дегенди билдирет. Ошон үчүн конституциялык мыйзамдарды кабыл алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өзү менен аныкталганы да кокусунан эмес, ага ылайык конституциялык мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен үчтөн кем эмес окууда кабыл алынат, ал эми жөнөкөй мыйзамдар катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат (Конституциянын 80-беренесинин 4, 5-бөлүктөрү).
Ошентип, конституциялык мыйзамдар - бул конституциялык түзүлүштүн бекемдүүлүгүн жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушунун туруктуулугун, бийликтин легитимдүүлүгүн жана укуктук тутумдун бышыктыгын камсыз кылууга чакырган узак мөөнөттүү колдонулуудагы актылар. Баш Мыйзамдын конституциялык мыйзамдардын багышталгандыгына, кабыл алуу жана колдонуу тартибине өзгөчө мамилеси ушуну менен түшүндүрүлөт.
5. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамдын 55-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык конституциялык мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окууда кабыл алат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн чечими менен төртүнчү окуу дагы дайындалышы мүмкүн. Мында, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 55-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык ушул Регламент менен каралган учурларды кошпогондо, ар бир окуунун ортосундагы убакыттын аралыгы 10 жумушчу күндөн кем болушу жана 30 жумушчу күндөн ашык болушу мүмкүн эмес.
Мыйзам чыгаруу процесси бир катар ырааттуу, логикалык жактан аяктаган жана өз ара байланышкан этаптардан турат, алардын арналышы кайсыл бир мыйзам долбоорун кабыл алуунун максатка ылайыктуулугун аныктоодо жана ага зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизүүдө турат. Өз кезегинде, анын ченемдерин жетиштүү мезгил ичинде иликтөөгө жана ой-жүгүртүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк болгондо гана жогоруда белгиленгендерге жетишсе болот. Көрсөтүлгөндөр Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясынын көз карашы менен макулдашылат, ага ылайык окуулар ортосунда атайын мөөнөттү белгилөө максаты сунушталып жаткан мыйзам долбоорун жай жана салмактуу баалоо үчүн көпчүлүккө убакыт берүүдө, ошондой эле чечимдерди кабыл алуунун өтө кылдат процессин жана бир топ кеңири коомдук талкууларды камсыз кылууда турат.
Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамдын 55-беренесинин 10-бөлүгү менен мыйзам долбоорлор ар бир окуунун ортосунда берилген мезгил аралыгын сактабастан бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда жана/же үч окууда кабыл алынышы мүмкүн болгон өзгөчө учурлар каралган. Бул учурлар, бир жагынан, сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунун анык жана талашсыз болуусу менен, экинчи жагынан, мыйзам чыгаруу бийлигин жүргүзүүдө ыкчамдуулукту көрсөтүү зарылдыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мамлекеттин турмуш-тиричилигинде токтоосуз мыйзам чыгаруу чараларын талап кылуучу жагдайлар пайда болушу мүмкүн деген ырастамалар менен макул болуп, мыйзам чыгаруу процесси тездетилген режимде жүргүзүлүшү мүмкүн болгон өзгөчө учурларды белгилөөнү мыйзам чыгаруучунун дискрециясына киргизүүнү мүмкүн деп эсептейт. Мында ар кандай өзгөчөлүктөр негизги эрежеден айырмаланган башка жөндөгүчтөрдү камтыган күндө да, ал анын ажырагыс бөлүгү бойдон калаарын жана анын нагыз мазмунун бузбаарын, белгилүү жана объективдүү себептер менен жалпы тартипте маселенин чечилиши мүмкүн эместигинен улам жөн гана тактаарын эске алуу керек. Ошону менен катар, бул себептер сөзсүз олуттуу болуусу керек жана өзгөчө зарылчылык принцибине жооп берүүсү керек.
Ошентип, өзгөчө учурларда мыйзам долбоорлорун тездетилген тартипте кабыл алуу мүмкүн болгондуктан, мыйзам чыгаруу процессинин курамдык бөлүгү болгон коомдук талкуу дагы мыйзам чыгаруу бийлигинин ыкчам көрүнүшүнө тоскоол кылышы мүмкүн эмес. Мындай учурларда ченем жаратуучу ишмердиктин мындай формасынын мыйзамдуулугунда шайлоочулардын макулдугу мыйзам чыгаруу бийлиги өзү мезгилдүү, эркин жана демократиялык шайлоолордо түздөн-түз шайлануучу өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлгөндүгү менен чагылдырылат. Башка сөз менен айтканда, ар бир аракет шайлоочулар тарабынан жактырылышын талап кыла бербейт, анткени демократиялык өлкөлөрдө алардын макулдугу көбүнчө анын өкүлчүлүгү аркылуу чагылдырылат.
Өзгөчө учурларда мыйзам чыгаруучулук чечимдердин кийинкиге калтырылбастыгы ыкчам мыйзам чыгаруучулук жооп кайтаруунун маанисин тегиздеп салууга жөндөмдүү мезгил аралыгын ээлеген башка процедуралык маселелер дагы тоскоолдук кылбашы керек.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу, арыздануучулардын талашылып жаткан конституциялык Мыйзам мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы ачыктык жана жоопкерчиликтик принцибин жана өзүнүн ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында ишке ашырылышын бузуу менен (Конституциянын 3-беренесинин 3-бөлүгү), ошондой эле аны кабыл алуунун белгиленген, анын ичинде коомдук талкуунун процедураларын сактабастан, аны менен мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституция жана мыйзамдар менен аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт деген тыюу жөнүндө конституциялык орнотмолорду бузуп, кабыл алынган деген жүйөлөрү жаңылыш болуп саналат (Конституциянын 5-беренесинин 3-бөлүгү).
6. Талашылып жаткан конституциялык Мыйзам "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамдын 55-беренесинин 10-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык кабыл алынган, ага ылайык Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизилишине жана/же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу, укук тартиби жана коопсуздук маселелери боюнча мыйзам долбоорун кароодо бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда жана/же үч окууда кабыл алууга укуктуу.
Кайрылуучу тарап ырастагандай, жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 55-беренесинин 10-бөлүгүнүн 8-пункту социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизилишине жана/же ал жеткис күчтүн жагдайлары менен шартталышын орнотот, бирок талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алуу күнү өлкө аталган абалдын биринде да болгон эмес. Андан тышкары, талашылып жаткан актынын 1-беренесинде келтирилген бардык башка максаттар мыйзам чыгаруу процессинин белгиленген стадияларын аттап өтүп, тездетилген тартипте аны кабыл алуу үчүн негиз болуп кызмат кыла албайт.
Талашылып жаткан конституциялык Мыйзамдын 1-беренесине ылайык ал өлкөдөгү коомдук-саясий, эпидемиологиялык жана алар менен байланышкан экономикалык кырдаалды турукташтыруу, элдин шайлоо процессине болгон ишениминин деңгээлин жогорулатуу максатында жана коомдун кыйла кеңири катмарларынын пикирлерин эске алуунун зарылчылыгына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган конституциялык реформаны өткөрүү максатында кабыл алынган.
Баарыдан мурда, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламенти жөнүндө" Мыйзамдын 55-беренесинин 10-бөлүгүнүн 8-пункту өзгөчө учурлардын жабык тизмесин камтып эмес, ал мыйзам чыгаруу органы мыйзам долбоорлорун кабыл алуунун өзгөчө тартибинин жардамына таяна ала турган кризистик кырдаалдардын параметрлерин бекитип бергенин белгилөө керек.
Жалпыга белгилүү болгондой, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-I9 жаңы таажы вирус илдетин пандемия деп жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын аймагында оорунун массалык учурларынын аныкталгандыгына байланыштуу "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93 буйругу менен өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген, ал ушул убакытка чейин күчүндө турат.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарына коомдун нааразычылыгы менен шартталган, массалык баш ийбөөчүлүк жана баш аламандык менен коштолгон Бишкек шаарындагы 2020-жылдын 4-5-октябрь күндөрү болгон окуялар социалдык туруксуздуктун бардык белгилерине ээ болгон.
Дестабилизация (туруксуздук) коомдо түзүлгөн коомдук турмушту саясий жана укуктук жөнгө салынуунун ыкмаларынын уюштурулуусунун бузулуу процесси деп аныкталат. Саясий кризис саясий-укуктук тутумдун жашоосунун жана иштешинин негиздеринин бошоңдошуна жана саясий кагылыштарды чечүү ыкмаларынын алмашуусуна алып келет. Саясий кризистин шарттарында өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугуна сөзсүз коркунуч күчөй баштайт. Ошон үчүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамдын 55-беренесинин 10-бөлүгүнүн 8-пунктунун арналгандыгынын маңызынан келип чыккандай, белгиленген окуялар көрсөтүлгөн мыйзам жобонун мазмуну менен камтылат.
Ошентип, жогоруда аталган Мыйзамдын 55-беренесинин 10-бөлүгүнүн 8-пунктуна кайрылуу үчүн формалдуу негиздин болгондугунан улам мыйзам чыгаруучунун талашылып жаткан Мыйзамды кабыл алуунун башка максаттарын көрсөтүүсү ушул ченемдин жөнгө салуу предметинин алкагынан чыгуу катары каралышы мүмкүн эмес. Мыйзам чыгаруучунун ыктыярына социалдык, экономикалык кырдаалды турукташтыруу зарылчылыгы менен, өзгөчө абалды, өзгөчө кырдаалды киргизүү же ал жеткис жагдайлар менен шартталган укук тартиби жана коопсуздук маселелери менен байланышкан шартта коштоочу социалдык көрүнүштөрдү аныктоо кирет.
7. Арыздануучулардын пикири боюнча талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алууда конституциялык мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алууну белгилеген Конституциянын 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн, ошондой эле мыйзам долбоору үчүн добуш берүүдө депутатка добуш берүү укугун өткөрүп берүүгө тыюу салууну камтыган "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамдын 85-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарынын бузулушуна жол берилген. Алардын ырастоосу боюнча мыйзам долбоору үчүн иш жүзүндө 78 депутат добуш берген, ал эми төрагалык кылуучу эсептеп жатып 83 добушту белгилеген, алардын ичинен 4 добуш ишеним кат боюнча берилген добуштар катары эсептелинген.
Судья-баяндамачынын суроо-талабы боюнча берилген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумунун 2020-жылдын 22-ноябрындагы № 9 добуш берүү протоколунан келип чыккандай 84 депутат өз бетинче добуш берген, алардын ичинен 83 - макул, 1 - каршы.
Ушуга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Конституциялык палата укук маселесин гана белгилейт жана чечет деп белгилей кетүү керек. Тапшырылып жаткан документтердин, ошондой эле талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алууда добуш берүүнүн жүрүшүнө байланышкан башка нагыз жагдайлардын аныктыгын белгилөө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын карамагына кирбейт жана конституциялык сот өндүрүшү алкагында чечилиши мүмкүн эмес. Демек, кайрылуучу тараптын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде талашылып жаткан конституциялык Мыйзам үчүн добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча документтердин мүмкүн болгон оңдоп коюусу жөнүндө жеке аныктаманы чыгаруу жөнүндө өтүнүчү канааттандырылышы мүмкүн эмес.
8. Арыздануучулардын пикири боюнча конституциялык мыйзамдарды жөнгө салуу предмети Конституцияда толук түрдө аныкталган жана өзүм билемдик менен кеңейтилиши жана толукталышы мүмкүн эмес, демек, башка мыйзамдын ченемдерин колдонулушун токтотуу жөнүндө конституциялык мыйзамды кабыл алууга жол берилбейт.
Чынында эле, конституциялык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу маселелердин толук тизмеси Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен аныкталган.
Ошону менен катар, ченемдик укуктук актынын же анын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу, ага тете укук ченемин колдонууга киргизүү, өзгөртүү, толуктоо, колдонулушун токтотуу, күчүн жоготту деп табуу, жокко чыгаруу сыяктуулар укуктук жөнгө салуу предмети болуп саналбайт, алар мыйзам чыгаруу органынын ченем жаратуучу ишмердигинин жалпыга таанылган каражаттарына таандык.
Көрсөтүлгөн механизм "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамда каралган, укук ченемдеринин колдонулушун белгилүү мезгилге "тоңдуруп турууга" багытталган жана колдонулушу токтото турууга тийиш ченемдик укуктук актынын таризинде кабыл алынат.
Талашылып жаткан Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо маселелерин жөнгө салуучу конституциялык Мыйзамдын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото турганын эске алып, ал конституциялык Мыйзам таризинде негиздүү кабыл алынган, анын жөнгө салуу чөйрөсү конституциялык көрсөтмөлөрдүн алкагынан чыкпайт.
Ошентип, формалдуу конституциялык контролдоонун көз карашынан алып караганда, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине карама-каршы келет деп таануу үчүн негиздер жок.
9. Шайлоолор элдик бийликти жана анын репродукциясын туюндуруучу жалгыз, реалдуу иштеген механизми болуп саналат. Шайлоолор демократиялык мамлекетте жарандардын саясий эркин чагылдыруунун формасы, анын натыйжасында саясий бийликтин тутумдашкан жаңыруусу жүрүп турат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 2-бөлүгү менен жарандардын мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укукту берүү жолу менен түздөн-түз жана өкүлчүлүктүү демократиясы бекитилет. Бирок, эгер мамлекет шайлоолордун мезгилдүүлүгүн, милдеттүүлүгүн, калыстыгын жана аныктыгын, шайлоочулардын эркин билдирүү эркиндигин, шайлоолордун ачык жана айкын мүнөзүн камсыз кыла албаса ушул конституциялык орнотмолор мааниге ээ болбойт.
Шайлоолордун мезгилдүүлүгү бул демократиялык мамлекеттин пайдубал белгилеринин бири болуп саналат. Ушул принцип Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 21-беренесинде бекитилген, ага ылайык элдин эрки өкмөттүн бийлигинин негизи болууга тийиш керек; бул эрк мезгилдүү жана бурмаланбаган шайлоолордо билдирилүүгө тийиш, алар жалпы жана тең шайлоо укугу аркылуу, жашыруун добуш берүү жолу менен же добуш берүүнүн эркиндигин камсыз кылуучу башка ар кандай бирдей маанидеги формалар менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Шайлоолордун мезгилдүүлүгү жарандар шайлап жаткан бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын катуу мезгилдүү алкактар менен чектөө зарылчылыгы менен шартталган. Социумдардын өнүгүү тарыхы жана алардын орток жашоосун уюштуруу ыкмалары бийлик ыйгарым укуктарына негизсиз көп убакка ээ болуу коомдук мамилелердин негизги адаттарынан олуттуу чегинүүгө жана коом үчүн ушундан келип чыгуучу бардык кыйратуучу кесепеттери менен бийликти узурпациялоого алып келээрин көрсөтөт.
Шайлоолордун мезгилдүүлүк жана милдеттүүлүк принциптери - бул мамлекеттин адилеттүү демократиялуу түзүлүшүнүн кепилдиги, ал бийликтин келип чыгуусу шайлоолордо билдирилген элдин эрки боюнча гана мүмкүн экендигин билдирет. Ушул принциптер коомдогу эркиндиктин жана адилеттүүлүктүн ченин билдирет жана адилеттүү бийликтин негизи болуп саналат. Өз кезегинде, шайлоолор ортосунда катуу аралыктар, бир жагынан, шайланма органдардын жана кызмат адамдарынын ишинин туруктуулугун камсыз кылса, экинчи жагынан, алардын алмашуусун кепилдейт.
Дал ушул себептүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы бийлик органдарынын жана кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын чектөөнүн ар кандай мөөнөттөрүн камтыйт. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президенти - 6 жылдык, Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары - 5 жылдык мөөнөткө шайланат (Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгү, 70-беренесинин 2-бөлүгү).
Талашылып жаткан конституциялык Мыйзам менен "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын шайлоолор жараксыз жана болбой калды деп таанылган учурда кайра шайлоолорду өткөрүү тартибин регламенттөөчү 38 жана 63-беренелеринин колдонулушу токтотула турган.
Арыздануучулардын пикири боюнча жогоруда көрсөтүлгөн ченемдердин колдонулушун токтото туруу бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийлик үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди мамлекет токтотот дегенди билдирет, бул өзү каалагандай белгиленүүчү мезгилдүү чектерде пайдубал саясий укуктарды чектөө болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын жана жарандын укуктар менен эркиндиктеринин жогорулатылган деңгээлин караштыруу менен, аларды өзүндө белгиленген максаттарда жана мыйзам менен белгиленген тартипте гана зарыл болгон бөлүгүндө чектөөгө мүмкүндүк берет (20-берененин 2-бөлүгү).
Жалпы укуктук мааниде укуктар менен эркиндиктерди чектөө Конституция, эл аралык укуктун жана башка ченемдик укуктук актылар менен субъектке мурда берилген укуктар жана эркиндиктерин жол берилген жүрүм-турумдун ар кандай чектерин, же болбосо ага толугу менен тыюу салуу жолу аркылуу тарытууну же сандык азайтууну билдирет.
Ошону менен катар, талашылып жаткан конституциялык Мыйзам шайлоо мыйзамдары тутумунан кайра шайлоолорду өткөрүү процедурасын такыр жойбойт, тактап айтканда, жарандардын Конституциядан жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынан келип чыгуучу жарандардын шайлоо укуктарын жокко чыгарбайт, тарытпайт жана алардын көлөмүн азайтпайт, болгону шайлоо процессинин айрым механизмдерин колдонулушун убактылуу токтото турат.
Европа Биримдигинин Венециялык комиссиясынын пикири боюнча шайлоо процессин токтото туруу шайлоочулардын жарандык жана саясий укуктарына таасирин тийгизет жана демократияга зыян келтириши мүмкүн, ошон үчүн шайлоону ар кандай максаттарда кийинкиге которуу өлчөмдөштүк жана зарылчылык принциптери менен чектелүүсү керек. Шайлоочулардын укуктарын "мыйзамдуулук максаттарына" жана "өлчөмдөштүгүнө" карай чектөөгө баа берүү өлкөдөгү нагыз абалды эске алуу менен контексттик тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн. Бийлик кыйла өзгөчө учурларда чыңалууну басаңдатуу жана шайлоочуларга коопсуз жана жакшы уюштурулган контекстте өз эркин билдирүү мүмкүндүгүн берүү максатында шайлоону кийинкиге калтыра алат. Кетип жаткан парламенттин мандатынын конституциялык узактыгы менен аныкталуучу парламенттик шайлоолордун кийинки мөөнөткө жылдырылышы, демек, анын ыйгарым укуктарын узартуу атайын негиздемелер жана өзгөчө жагдайлар менен бекемделиши керек.
Андан тышкары, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердеги демократиялык шайлоонун, шайлоо укуктарынын жана эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө Конвенциянын 6-беренесинин 5-пунктуна ылайык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштү коргоо үчүн өзгөчө же согуштук абал шарттарында Конституция жана мыйзамдар менен укуктарды жана эркиндиктерди аларды колдонуу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен чектөөлөрдү орнотуу, ошондой эле шайлоолорду кийинкиге жылдыруу мүмкүн.
Ошентип, эгер шайлоолорду кийинкиге жылдыруу, анын ичинде эл аралык укуктун ченемдеринин көз карашынан алып караганда, бүтүндөй коомдун кызыкчылыктарына зыян келтирүү коркунучуна ээ ааламдык кризистерден келип чыккан өзгөчө зарылчылык менен шартталса, андай жылдырууга жол берилет.
2020-жылдын 4-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарына жарандардын олуттуу топторунун нааразычылыгы мамлекеттик бийликке ачык каршы чыгуу менен аяктады, бул саясий тутумдун чаржайыттыгына, коомдун алдында мамлекеттик бийликтин беделинин түшүүсүнө жана коомдук органдардын өзүнүн иш-милдеттерин тиешелүү түрдө аткарууга жөндөмсүздүгүнө алып келди. Андан тышкары, өлкө 2020-жылдын 22-мартынан тарта COVID-19 таажывирус илдетинин пандемиясына жана калктын массалык ооруганына байланыштуу өзгөчө кырдаал абалынан чыкпай жатат.
Ушундай шарттарда Кыргыз Республикасы масштабдуу социалдык-саясий кризис абалында турганы көз көрүнө факт экендигин төгүндөө мүмкүн эмес. Демек, мыйзам чыгаруучуда чечимдер кабыл алынып жаткан учурларды өзгөчө жагдайлар катары таануу үчүн олуттуу себептер болгон эмес деп эсептөөгө негиз жок.
Бирок, шайлоо процессинин айкындуулугу, акыйкаттуулугу жана ачыктыгы белгиленген процедураларды жана мөөнөттөрдү сактоодон көз каранды, демек, шайлоолор кийинки мөөнөткө жылдырылган учурда, мындай чечим объективдүү жагдайлар менен бекемделип, мындай жылдыруунун максаттарына өлчөмдөш болуу керек.
Европа Биримдигинин Венециялык комиссиясынын пикири боюнча, шайлоо процессинин натыйжалуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылуу үчүн ушул процессти токтото туруу зарыл болсо, ошондой эле ал аракеттер буга өлчөмдөш болсо, анда жаңы шайлоолор токтоосуз өткөрүлүшү керек. Жаңы парламент жөнү жок кечиктирүүсүз шайланышы керек. Бирок шайлоолорду 2021-жылдын июнь айына которулушу парламентке өзүнүн ыйгарым укуктарын 8 айга чейин узартууга мүмкүндүк берет, ал шайлоо процессин өткөрүү үчүн зарыл болгон демейдеги бир нече жумадан бир топ ашкан узак мезгил болуп саналат.
Талашылып жаткан конституциялык Мыйзамдын 2-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын 2020-жылдын 4-октябрындагы өткөрүлгөн шайлоолорун жараксыз деп таанууга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоолору же жаңы шайлоолор 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жарыяланат.
Аны менен шайлоолорду өткөрүү 8 айга чейин узартылууда, бул Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын пикири боюнча чектен тыш жана негизсиз объективдүү себептерден болуп саналат. Бирок бул шайлоолорду өткөрүү убактысын эмес, аларды жылдыруунун акыркы мөөнөтүн гана орнотконун белгилей кетүү керек.
Кайра шайлоолорду өткөрүүнүн негизсиз узак мөөнөтүн белгилөө шайлоочулар тарабынан мамлекеттик органдарга ишенимин жоготуу тобокелине алып келет жана демократиялык принциптерге олуттуу зыян келтирет, бирок алар талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды Конституцияга карама-каршы келет деп таануу үчүн жетиштүү деп эсептөөгө болбойт, анткени шайлоолорду кийинкиге жылдыруу маңызы боюнча шайлоолордун мезгилдүүлүгүн жана милдеттүүлүгүн жокко чыгарбайт, жарандардын шайлоо укуктарын тарытпайт жана кандайдыр бир түрдө чектебейт. Европа Биримдигинин Венециялык комиссиясынын баасы боюнча талашылып жаткан акт ачыктан ачык эч кандай конституциялык жоболорду бузбаганы менен чыныгы демократиялык принциптерди да чагылдырбайт.
10. Арыздануучулар конституциялык реформада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин учурдагы чакырылышынын катышуусу болжонгон конституциялык өзгөртүүлөрдүн мыйзамдуулугун алдын ала эле күмөндүүлүгүн жаратат, себеби Жогорку Кеңештин депутаттары беш жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышынын депутаттары 2015-жылдын 4-октябрында шайланган, 2015-жылдын 28-октябрында ант беришкен, демек, алардын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтү, арыздануучулардын пикирлери боюнча 3-октябрда, ал эми башкаларынын пикирлери 2020-жылдын 28-октябрында аяктаган. Ошондуктан арыздануучулар Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышынын өзүнүн легитимдүүлүгүн 5 жылдан ашык мөөнөткө узартуусу мыйзамсыз деп эсептейт.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгү менен аныкталган, ага ылайык Жогорку Кеңеш 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө ылайык Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат, депутаттардын ыйгарым укуктары алар ант берген күндөн тартып башталат.
Ошентип Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктуулугунун конкреттүү мөөнөтүн гана белгилебестен, ал ыйгарым укуктардын аяктоосунун милдеттүү шарттарын да белгилейт. Ушул конституциялык орнотмолордун өздөрүнүн тутумдук бирдигинде арналышы, бир жагынан, бийлик органдарынын алмашуусунун демократиялык принцибин кепилдөөдө, экинчи жагынан, мамлекеттик бийликтин органдары тутумунда мыйзам чыгаруу бутагынын иштөө жөндөмдүүлүгүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоодо турат. Мында Конституция мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын узартуу максатын көздөбөйт, ал бийликти бөлүштүрүү принцибинин негизинде мамлекеттик бийликтин курулушунун конституциялык конструкцияны сактоону талап кылат.
Башкача айтканда, Баш Мыйзам жалпы мамлекеттик механизмди жаратууда түздөн-түз же кыйыр көз каранды болгон мыйзам чыгаруу органын белгиленген мөөнөттө түзүү, болуп кетүү кесепетинен мүмкүн эмес болгон саясий кризистерди жокко чыгарбайт.
Мамлекеттик механизм түзүмүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ролу мыйзам чыгаруу бийлигин жүргүзүү гана эмес. Аны менен бирге парламент өкүлчүлүк жана контролдоочу функцияларды ишке ашырат, ошондой эле турмуштук маанилүү мамлекеттик маселелерди чечет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши коомдук кызыкчылыктарды көрсөтүүгө, улуттук макулдашуу аянтчасы жана элдин бириккен пикирин билдирүүчүсү болууга чакырылган. Мыйзам чыгаруу органынын ушул каражаттары дал ушундай жыйындысында бийлик бутактары ортосунда тең салмактуулукту , токтотуп туруу жана каршы салмак тутумунун тиешелүү ишин камсыз кылууга жол берет.
Европа Биримдигинин Венециялык комиссиясынын корутундусуна ылайык Парламенттин мандаты депутаттар ант берген учурдан тартып башталат жана 5 жылдан кийин аяктайт. Ушул мезгилде Кыргыз Республикасы зарыл болгон учурда өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга жөндөмдүү парламентисиз эч качан калбашы үчүн мурдагы мыйзам чыгаруу органы ишин уланта берет. Конституциянын 71-беренесинин 3-бөлүгүнүн максаты институционалдык боштуктун кандай гана болбосун формасын болтурбоодо турат. Мамлекеттин функциялары ар кандай мезгилде токтоосуз жана үзгүлтүксүз камсыз кылынуусу керек.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы укук жөндөмдүүлүгүндөгү тийиштүү тыныгууларга кандай гана себептер болбосун жол берилбейт, демек, Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышынын биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алтынчы чакырылыштагы депутаттарынын ыйгарым укуктары, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин 3-бөлүгү менен белгиленген тартипте токтотулушу мүмкүн.
Башка маселе, мыйзам чыгаруу органынын мандаты канчалык толук баалуу болушу мүмкүн. Албетте, конституциялык ыйгарым укуктар мөөнөтү аяктаган мыйзам чыгаруу органынын иштеп турганы бийликтин мезгилдүү алмашуусун туруктуу түшүнүүсүнөн жаралган коомдун үмүтүн актабай, жарандардын мамлекеттик институттарга ишенимин кетирип, натыйжалуу мамлекеттик башкарууга зыян келтирет.
Европа Биримдигинин Венециялык комиссиясынын корутундусуна ылайык мыйзам чыгаруу органынын ишинде үзгүлтүктөрдү болтурбоо үчүн учурдагы парламент чектелүү жөндөмдүүлүккө ээ болушу керек. Мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктары мөөнөтү аяктагандан кийин орун алган узартуу учурунда парламентке айрым гана кадыресе функцияларды аткарууга уруксат берилет, ал эми ага өзгөчө чараларды, аны ичинде конституциялык реформаларды бекитүүгө уруксат берилбейт. Узартылган мезгилинде мыйзам чыгаруучулук чечимдердин мыйзамдуулугунун деңгээли төмөн болот.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши узартылган мезгилде өзүндө мыйзам чыгаруу органынын мандатын сактап калуу менен коом алдында жогорку саясий жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин көрсөтүүгө жана өзүнүн ишинде акылга сыяр токтоолук принцибин карманууга милдеттүү. Башка сөз менен айтканда, Жогорку Кеңеш өзгөчө зарылдыктан келип чыккан жана мүнөзү боюнча кечиктирилгис, тактап айтканда өлкөдөгү социалдык-саясий абалды турукташтырууга, ар кандай кризистерден жана социалдык чыңалуулардан чыгууга, укук тартибин, мамлекеттин жана коомдун коопсуздугун, Өкмөттүн ишин камсыз кылууга, ошондой эле бийликти бөлүштүрүү принцибин натыйжалуу иштешин колдоого багытталган чечимдерди кабыл алат.
Андан тышкары, талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алууга байланыштуу Жогорку Кеңештин аракеттерин бийликти бөлүштүрүү принцибин бузуу менен Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын ишине кийлигишүү катары баалоого болбойт. Мыйзамсыз кийлигишүү деген башка органдын ишине буйрук иретиндеги көрсөтмөлөрдү, чектөөлөрдү киргизүү же ал органдын ишин негизсиз контролдоо, кысым көрсөтүү, басмырлоо, коркутуу жолу менен укукка каршы жана өзүм билемдик менен кийлигишүүнү билдирет, ал эми талашылып жаткан конституциялык Мыйзамдын мазмунунан жана анын жөнгө салуучулук таасиринен андай келип чыкпайт.
11. Талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алууда колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдүн киргизилишин караштырган конституциялык реформаны өткөрүү зарылдыгы сыяктуу негиз арыздануучуларда тынчсыздандырууну жаратат.
Кайрылуучу тарап мамлекеттин жана коомдун турмушунун негиздерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук акт катары Конституциянын социалдык-саясий баалуулугун баса белгилеп, Баш Мыйзамдын мазмунуна болгон ар бир кийлигишүү сунушталып жаткан түзөтүүлөрдү кеңири талкууну камтып, дыкат текшерилген мүнөздө болуусу керек деп белгилейт. Арыздануучулар эркин жана мыйзамдуу шайлоолор жолу менен түзүлгөн мыйзамдуу жогорку мыйзам чыгаруу органынын конституциялык реформада катышуусу чоң мааниге ээ деп эсептешет. Ошон үчүн, алардын пикири боюнча болжолдонуп жаткан реформага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин учурдагы чакырылыштын катышуусу Конституцияга киргизилүүчү түзөтүүлөрдүн мыйзамдуулугу алдын ала күмөндүүлүктү туудурат.
Ушул Чечимде белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-беренесинин 10-бөлүгүнүн 8-пунктунда каралган өзгөчө тартип менен талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алуу үчүн жетиштүү негиздер болгон. Бирок жогоруда көрсөтүлгөн ченемдин колдонулушуна туура келген негиздерден тышкары, талашылып жаткан конституциялык Мыйзамды кабыл алуунун максаты болуп конституциялык реформаны өткөрүү зарылдыгы көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кебелбестик принцибин сактоонун өзгөчө маанилүү экендигин белгилеп, ошол эле учурда талашылып жаткан конституциялык Мыйзам өзүнүн жөнгө салуу предмети боюнча конституциялык реформанын акты болуп саналбайт деп белгилейт. Башка сөз менен айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин талашылып жаткан конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинде баяндалган ниети конституциялык реформаны өткөрүү жөнүндө буйрукту же өкүмчүл көрсөтмөнү камтыган укуктун өз алдынча ченеми катары бааланышы мүмкүн эмес. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы каралып жаткан иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин али жасала элек аракеттерине укуктуулук баасын бере албайт, анткени талашылып жаткан конституциялык Мыйзам конституциялык реформаны өткөрүүнүн юридикалык негизи эмес.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө, 3-беренесинин 1, 3-пункттарына, 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарына, 70-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 71-беренесинин 4-бөлүгүнө, 80-беренесинин 5-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.
Төрагалык кылуучу |
| К.Дуйшеев |
Судьялар: |
| М.Бобукеева |
|
| Л.Жумабаев |
|
| М.Касымалиев |
|
| К.Кыдырбаев |
|
| Э.Осконбаев |
|
| Ж.Саалаев |
|
| Ж.Шаршеналиев |