Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 16-октябры № 711

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоонун ченемдик принцибин андан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 7-пунктундагы "билим берүү жана маданият" деген сөздөр "билим берүү, маданият жана спорт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамага 4-тиркемеде:

үчүнчү абзацындагы "эсебинен." деген сөз "эсебинен;" деген сөз менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып - окуучулардын санына жана бюджеттик каржылоонун стандартына жараша аны жабуунун ченемин эске алуу менен эсептелген эмгек акы фондунун чегинде түзүлсүн.".

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев