Редакцияот 14.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 14-марты № 125

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-февралындагы № 297-VI "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 22-майындагы № 396-IV токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-июнундагы № 246 "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майындагы № 232 "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-июнундагы № 246 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.

 

Премьер-министри

Т.Сариев