ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 125 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому

Редакция14.03.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 14-марты № 125

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-февралындагы № 297-VI "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 22-майындагы № 396-IV токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-июнундагы № 246 "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майындагы № 232 "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүү концепциясынын долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-июнундагы № 246 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.

 

Премьер-министри

Т.Сариев