Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июну № 300
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программаны жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакети ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Тиркеме
"Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын СОЦИАЛДЫК ПАКЕТИ
№ | Социалдык пакеттин телеканалдарынын тематикалык багыты | Телеканалдардын аталышы | Социалдык пакеттин телеканалдарын ээлеген телерадиоуюмдар |
1 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Коомдук биринчи канал" | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы "КТРК" |
2 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "5-канал" | "5-канал" жабык акционердик коому |
3 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "МИР" | Мамлекеттер аралык "МИР" телерадио компаниясынын улуттук филиалы |
4 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "ЭлТР" | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик "ЭлТР" телерадиоберүү компаниясы |
5 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Пирамида" | "Медиа-холдинг Пирамида" жоопкерчилиги чектелген коому |
6 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Ынтымак" | "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы(*) |
7 | Коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Ала-Тоо-24" | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы "КТРК" |
8 | Илимий билим берүү телеканалы (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Илим жана Билим" | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик "ЭлТР" телерадиоберүү компаниясы |
9 | Балдар-өспүрүмдөр телеканалы (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Баластан" | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы "КТРК" |
10 | Маданий агартуу телеканалы (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "Маданият-Тарых-Тил" | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы "КТРК" |
11 | Музыкалуу-оюн зоок телеканалы (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "КТРК Музыка" | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы "КТРК" |
12 | Спорттук телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | "КТРК Спорт" | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы "КТРК" |
13 | Региондук коомдук-маалыматтык телеканал (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) |
| Кыргыз Республикасынын Баткен облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы |
| Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы | ||
| Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы | ||
| Кыргыз Республикасынын Нарын облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы | ||
| Талас облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы | ||
| Чүй облустук "СТВ" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы | ||
| "ОшТВ" телерадиокомпаниясы жоопкерчилиги чектелген коому |
Эскертүү: (*) Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы берүүлөрдү камтуу менен.".