Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 369
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин пенсия маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин инвентаризациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Прокурорлорго жана прокуратуранын тергөөчүлөрүнө пенсияны тариздөөнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
Убактылуу жобо аны бекиткен жылдан кийинки жылдын 1-январына чейин колдонулары белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана 1-пунктунда:
"Аскер кызматкерлерине," деген сөздөрдөн кийин "прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө," деген сөздөр менен толукталсын;
"Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- преамбуласындагы "1993-жылдын 7-майындагы" деген цифралар жана сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр "Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ички иштер, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу системасынын маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Коргоо, ички иштер, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча, финансы полициясынын, улуттук коопсуздуктун, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын байланыш кызматынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өздөрүнүн актыларын "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык келтиришсин.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
аталышында:
"Аскер кызматкерлерине," деген сөздөрдөн кийин "прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө," деген сөздөр менен толукталсын;
"Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жобонун бүткүл тексти боюнча "мамлекеттик өрткө каршы кызматы", "мамлекеттик өрткө каршы кызматынын органдары" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын", "өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пунктунун он биринчи абзацындагы "ички иштер министрлиги" деген сөздөр "ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарына төмөнкүлөр эсепке алынары белгиленсин:
- прокурор жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү катары, анын ичинде аскердик прокуратурада кызмат өтөгөн мезгили, ошондой эле мамлекеттик административдик кызмат орундарды ээлеген прокуратура органдарынын башка кызматкерлеринин, анын ичинде аскердик прокуратурада иштеген мезгили;
- Кыргыз Республикасынын судьясы катары иштеген мезгили;
- жогорку юридикалык билими болуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, ички иштер, финансы полициясы, жазык-аткаруу системасы, баңги заттарды контролдоо боюнча маселелерди тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда кызмат өтөгөн жылдары;
- жогорку юридикалык билими болуп, мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын аппараттарында иштеген жылдары.
Прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө пенсия дайындоодо прокурорлордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнүн кызмат ордунда иштеген жылдарына ошондой эле төмөнкүлөр кошулуп эсептелет:
- мурдагы ССР Союзунун партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдарында иштеген мезгили;
- мурдагы ССР Союзунун жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү кызмат өтөгөн мезгили;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызматында болгон мөөнөтү;
- аскердик кафедрасы бар мамлекеттик жогорку окуу жайларында юридикалык адистик боюнча күндүзгү окуу мезгили;
- прокурордук көзөмөлгө, мамлекеттик айыптоого, тергөө жана мамлекеттик башкарууга адистештирүү боюнча кайрадан даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөн мезгили.";
төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө иштеген жылдарынын мөөнөтүн аныктоодо, ушул Жобонун 1-1-пунктунда көрсөтүлгөн беш күндүк иш жума менен алардын кызмат өтөгөн бир күнү, ушул пункттун экинчи абзацында каралган учурду кошпогондо, прокурор жана прокуратура органдарынын тергөөчүсү катары кызмат өтөөнүн бир күнү катары эсептелет.
Аскердик кафедрасы бар жогорку мамлекеттик окуу жайларында, анын ичинде "Юриспруденция" адистиги боюнча күндүзгү окуган мезгили, бир жыл окуу прокуратура органдарында 6 ай кызмат өтөгөнгө (иштегенге) эсептелет.";
3-пунктунун "г" пунктчасында:
он биринчи абзацындагы:
"Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо боюнча агенттигинин директору" деген сөздөр "баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын төрагасы" деген сөздөр "финансы полициясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он жетинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "өзгөчө кырдаалдар маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, финансы полициясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пунктунун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр "улуттук коопсуздуктун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пунктунда:
биринчи абзацындагы "1-пункту менен" деген цифра жана сөздөр "1 жана 1-1-пункттары менен" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
"б" пунктчасынын экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын төрагасын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрин" деген сөздөр "финансы полициясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисин, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"д" пунктчасынын экинчи абзацындагы "ушул сыяктуу кызмат орду боюнча" деген сөздөр "ушул сыяктуу кызматтык маянасы менен штаттык кызмат орунга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы "е") пунктчасы менен толукталсын:
"е) пенсияны тариздөөгө укуктуу прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө пенсияны тариздеген учурда ээлеген кызмат оруну боюнча маянасы, пенсияны тариздеген күнгө ээ болгон атайын класстык чини (аскердик наамы) үчүн үстөк, кызматтык маянасынан эсептелген иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк.";
Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:
"13-1. Мыйзамдарда каралган учурларда жашоо наркын (минималдык керектөө корзинасын) же кызматтык маянаны, атайын класстык чинге үстөк акыны жана кызмат өтөп жаткан прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыны, "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды жогорулатуу кайра каралууга тийиш деп белгиленсин.";
16-пункттун бүткүл тексти боюнча "аскер кызматкерлери," деген сөздөрдөн кийин "прокурорлор жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү," деген сөздөр менен толукталсын;
17-пункттагы "улук офицерлер," деген сөздөрдөн кийин "прокурорлор жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү," деген сөздөр менен толукталсын;
18-пункттагы "аскер кызматкерлери," деген сөздөн кийин "прокурорлор жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү," деген сөздөр менен толукталсын;
19-пунктта:
биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын байланыш кызматы, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органы, Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлери, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын башкы башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр "финансы полициясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын байланыш кызматы, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органы, баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, улуттук коопсуздуктун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча агенттиги же Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр "баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же улуттук коопсуздуктун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20-пунктта:
биринчи абзацында:
"мөөнөтүнөн тышкары кызматтагы аскер кызматкерлерин," деген сөздөрдөн кийин "прокурорлорду жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүн," деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр "Улуттук коопсуздуктун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы" деген сөздөр "Улуттук коопсуздуктун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Финансы полициясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин чек ара аскерлери" деген сөздөр "Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн жана өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аппаратынын аскер кызматчыларына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата;";
онунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча агенттиги" деген сөздөр "баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата;";
22-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө пенсияны кошуп эсептөө жана төлөө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына арыз менен кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып ишке ашырылат;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун линиясы боюнча мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык пенсия алган пенсиядагы - прокурорлорго жана тергөөчүлөргө "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялык камсыздоого өткөн учурда, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун линиясы боюнча пенсияны кошуп эсептөө жана төлөө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан пенсияларды кошуп эсептөө жана төлөө башталган айдын биринчи күнүнөн тартып токтотулат.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталсын, бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен биргеликте ушул токтомду төмөнкүдөй маселелер боюнча ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин иштеп чыксын: азыркы учурда пенсия алып жаткан пенсионер - прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсиялык камсыздоосунан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын пенсиялык камсыздоосуна которуу; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун линиясы боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын линиясы боюнча пенсияны эки жактуу тариздөөнү жокко чыгаруу максатында "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияны тариздөөгө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына арыз берген прокурорлор жана тергөөчүлөр жөнүндө маалыматтарды алмашуу;
- ушул токтомдон улам келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы үчүн 2016-жылга республикалык бюджеттен каралган каражаттар "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсионер - прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө пенсия төлөөгө жумшалары белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө пенсияны тариздөөнүн тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1-глава. Иштеп жаткан прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө пенсияны тариздөөнүн тартиби
1. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияны тариздөө укугу жаралган иштеп жаткан прокурорлор жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына ээлеген кызмат ордунан бошотуу (прокуратура органдарынан бошотуу) тууралуу арызды бир эле мезгилде пенсия дайындоо тууралуу арыз берүү менен кайрылууга укуктуу.
2. Арыз прокурордун жана тергөөчүнүн өздүк иши турган прокуратура органынын кадрлар кызматына жиберилет. Өздүк иши, арыз менен кайрылган адамдын аты-жөнү, туулган датасы жана жылы, жынысы, прокуратура органдарында акыркы ээлеген кызмат орду, атайын класстык чини (аскердик наамы), камсыздандырылган жалпы стажы, кадр маселелери боюнча кызмат адамы жана анын жетекчиси тарабынан кол коюлган кызмат оруну боюнча иштеген жылдары көрсөтүлгөн маалымдамасы менен бирге прокуратуранын аймактык бөлүмүнүн кадрлар кызматына берилген арыз үч күндөн кечиктирилбей Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кадрлар кызматына жиберилет. Ушул абзацтын экинчи сүйлөмүндөгү маалымдамага Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кадрлар кызматынын жетекчиси кол коёт жана аталган кызматтын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Өздүк иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында турган прокурорлорго жана тергөөчүлөргө материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кадрлар кызматы тарабынан даярдалат.
3. Пенсия дайындоо тууралуу арыз Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан аныкталган форма боюнча берилет. Арыз пенсияны тариздөө жөнүндө арыздарды каттоо китебине ал берилген күнү, ал эми прокуратура органдарынын аймактык органдарынан жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан жиберилген арыздар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына келип түшкөн күнү катталууга тийиш. Арызга анын катталгандыгы жөнүндө белги коюлат.
4. Арыздарды каттоо китебине төмөнкү маалыматтар киргизилет: арыз кимден келип түштү, арыздын кыскача мазмуну, арызды каттоонун датасы жана номери, арызды каттаган адамдын аты-жөнү жана кызмат орду, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Пенсиялар боюнча комиссиясы (мындан ары - Пенсиялар боюнча комиссия) тарабынан арызды кароонун жыйынтыгы, ушул Жобонун 2-пунктунда аталган түзүлгөн маалымдама жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Прокурордун жана тергөөчүнүн кызмат орду боюнча иштеген жылдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
5. Пенсия дайындоо жөнүндө арыз, пенсия дайындоо жөнүндө арызды бергендигине байланыштуу ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө арыз, маалымдама, прокурордун (тергөөчүнүн) өздүк иши прокуратура органынын кадрлар кызматынын коштоочу каты менен бирге катталган күндөн беш күндөн кечиктирилбей Пенсиялар боюнча комиссиясына берилет. Пенсиялар боюнча комиссиянын иш тартибин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аныктайт. Комиссиянын ишин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кадрлар кызматы камсыз кылат.
6. Арызды жана ага тиркелген материалдарды кароонун жыйынтыгы менен Пенсиялар боюнча комиссия пенсияны дайындоо же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Пенсияны дайындоодон баш тартуу иш стажысы, иштеген жылдары, прокурордун (тергөөчүнүн) курагы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияны дайындоонун талаптары үчүн башка негиздер жөнүндө берилген маалыматтар туура келбеген учурда болушу мүмкүн.
7. Пенсияны дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда прокурордун жана тергөөчүнүн ээлеген кызмат ордунан бошотуу (прокуратура органдарынан бошотуу) тууралуу арызы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кадрлар кызматына берилет, ал эми бардык материалдар Пенсия боюнча комиссиянын чечими менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Иш башкармалыгына пенсияны эсептөө жана төлөө үчүн берилет. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Иш башкармалыгы эсептөөлөрдү түзөт, анын негизинде пенсияны кошуп эсептөө жана төлөө ишке ашырылат.
Ээлеген кызматынан бошотуу (прокуратура органдарынан бошотуу) жөнүндө буйрук чыкканга чейин пенсия дайындалбайт.
Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, биринчи пенсия арыз берилген айдан кийинки айдан тартып эсептелет. Пенсия пенсионердин банк эсебине пенсия эсептеле турган айдан кийинки айдын 5-күнүнөн кечиктирбей которулат.
2-глава. Учурдагы пенсионер-прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын линиясы боюнча пенсиялык камсыздоого өтүү тартиби
8. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун линиясы боюнча пенсия алган иштеп жаткан пенсионер-прокурорлор жана тергөөчүлөр ушул Жобо күчүнө кирген күнгө "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан пенсия алууга укуктуу.
Жалпы камсыздандырылган стажысы 25 жылдан кем болбогон 12,5 жылдан кем эмес прокуратура органдарында иштеген эркектер; жалпы камсыздандырылган стажысы 20 жылдан кем болбогон 10 жылдан кем эмес иштеген жылдары бар аялдар учурдагы пенсионер-прокурор жана тергөөчү адамдар деп түшүндүрүлөт.
9. Учурдагы пенсионер-прокурорлор жана тергөөчүлөр аларга пенсия кошуп эсептеле турган Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына аларды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун линиясы боюнча пенсиялык камсыз кылуудан чыгаруу жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын линиясы боюнча пенсиялык камсыз кылууга өтүү жөнүндө арыз менен кайрылышат.
10. Арызга учурдагы пенсионер-прокурорлор жана тергөөчүлөр ушул Жобонун 2-пунктунда каралган маалыматтарды көрсөтүшөт.
11. Берилген арыз Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдары тарабынан алар келип түшкөн күнү катталууга тийиш. Арыздарга алардын катталгандыгы жөнүндө белги коюлат.
12. Пенсиялык камсыздоо боюнча арыз жана материалдар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жети күндөн кечиктирилбей, ал эми Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына үч күндөн кечиктирилбей берилет. Учурдагы пенсионер-прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн арызы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына түштү деп Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына материалдар келип түшкөн күн эсептелет.
13. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына коштоочу кат менен бирге келип түшкөн пенсиялык документтер алар түшкөн күнү катталууга тийиш.
14. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына пенсия дайындоо маселеси боюнча келип түшкөн материалдар ушул Жобонун 1-главасында каралган тартипте каралат.
15. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун линиясы боюнча пенсия алуучу пенсионер-прокурорлор жана тергөөчүлөр Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында пенсияны кошуп эсептөө башталган айдан тартып чыгарылат.
16. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын линиясы боюнча пенсия дайындоодон баш тарткан учурда материалдар Пенсиялар боюнча комиссиянын чечими менен бирге Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кайтарылып берилет.
17. Учурдагы пенсионер-прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өз ара аракеттенүүсү боюнча башка маселелер Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортосунда түзүлгөн макулдашуу менен жөнгө салынат.
3-глава. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мурдагы прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө пенсияларды тариздөөнүн тартиби
18. Мурда прокуратура органдарында иштеген жана прокурордун жана прокуратура органдарында тергөөчүнүн кызмат ордун ээлеген, 20 жана андан ашык иштеген жылдары бар адамдар, ошондой эле камсыздандырылган жалпы стажы 25 жылдан кем эмес, анын ичинен прокурордук кызмат орундарда 12 жыл 6 айдан кем болбогон, жашы 50дөн кем эмес эркектер; 20 жылдан кем эмес камсыздандырылган жалпы стажы, анын ичинен прокурордук кызмат орундарда 10 жылдан кем болбогон, жашы 45тен кем эмес аялдар жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 13-беренесинде каралган негиздер боюнча бошотулгандар пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кайрылууга укуктуу.
19. Арыз түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына (кадрлар башкармалыгына) жана өздүк иши турган прокуратуранын аймактык бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан аныкталган форма боюнча берилет.
20. Арызга прокурор жана тергөөчү катары иштеген жылдарын кошо алганда, эмгек ишмердиги жөнүндө маалыматты камтыган эмгек китепчеси же анын нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет.
21. Арыз катталууга тийиш. Арызды каттоо, маалымдаманы түзүү жана аларды мурдагы прокурордун жана тергөөчүнүн өздүк иши менен бирге Пенсиялар боюнча Комиссияга берүү, ошондой эле аларды кароо ушул Жобонун 1-главасында каралган тартипте ишке ашырылат.
4-глава. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын линиясы боюнча пенсиялык камсыздоого, жөлөкпул, үстөк акы жана кошумча акы алууга укугу пайда болгон башка адамдардын кайрылуу тартиби
22. Пенсионерлер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле башка адамдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына пенсия дайындоо же түрүн өзгөртүү, жөлөкпул төлөө, иштеп жаткан пенсияга кошумча акыны жана үстөк акыны "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каралгандардын алкагында ишке ашыруу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
23. Арыз түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына (кадрлар башкармалыгына), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан аныкталган форма боюнча берилет. Өтүнүчтү канааттандыруу үчүн арызга кырдаал жана укуктук негиздер кеңири жазылышы керек.
24. Арыз катталууга тийиш. Арызды каттоо, маалымдаманы түзүү жана Пенсиялар боюнча комиссияга берүү (мурдагы прокурордун жана тергөөчүнүн өздүк иши болгон учурда аны кошо), ошондой эле аларды кароо ушул Жобонун 1-главасында каралган тартипте ишке ашырылат.