Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-январы № 50
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмүн натыйжалуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рейддик салыктык контроль жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункттагы ", Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр алынып салынсын;
- 2-пунктта:
төртүнчү абзацтагы "жана лицензиясыз" деген сөздөр алынып салынсын;
онунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пунктта:
он экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 19-1, 19-2, 19-3-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20-пунктта:
экинчи абзацтагы "354" деген цифралар алынып салынсын;
- аталган Жобонун 2-тиркемесинде:
14-1 пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- аталган Жобонун 6-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 9-тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-январындагы № 26 "Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
"6-тиркеме
Акциз тобундагы товарларды убактылуу алуу АКТЫСЫ
201__ж. "__" __________ |
| ___________________ |
Мен (биз) тарабынан _____________________________________________________________________,
(текшерүүчүнүн аты-жөнү, кызмат орду)
_______________________________________________________________________________________,
чарба жүргүзүүчү субъекттин жооптуу адамынын катышуусунда:
_______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
(объекттин аталышы)
райондун аймагы ________________________________________________________________________
(шаар, облус)
дареги: ________________________________________________________________________________
кимге караштуу _________________________________________________________________________
(чарба жүргүзүүчү субъекттин аталышы,
_______________________________________________________________________________________
ишкердин аты-жөнү, жашаган ордунун дареги)
_________________________________________________ р-ну боюнча МСКБда катталган
_______________________________________________________________________________________,
(шаары, облусу)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 300, 301-беренелерин сактоо маселеси боюнча рейддик салыктык контроль жүргүзүлдү.
Рейддик салыктык контролдун натыйжасында төмөнкү себептер боюнча төмөндөгү акциз товарлары алынды (керектүүсү асты чийилет):
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, маркасынын жоктугу жана (же) жасалма акциз маркалары менен маркаланган.
№ | Товардын аталышы | Ченөө бирдиги | Саны | Бирөөсүнүн баасы, сом | Суммасы | Эскертүү |
1 |
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
|
|
7 |
|
|
|
|
|
|
8 | Баардыгы |
|
|
|
|
|
__________________________________________________________________ району боюнча МСКБга
___________________________ келсин, дареги: ________________________ көч. № ___________
201__-жылдын "__" _____________, № ____ кабинет, саат ____________.
Салык органынын кызмат адамы:
______________________________________________________________________________________,
(колу, аты-жөнү)
Чарба жүргүзүүчү субъекттин жооптуу адамы
______________________________________________________________________________________
(колу, аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________
Актынын көчүрмөсүн алдым:
______________________________________________________________________________________
(колу, аты-жөнү)".