КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 166 «Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 166
Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-октябрындагы № 732 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-октябрындагы № 732 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинде:
- 1-пункту "Акционердик коомдор жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 30-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- ипотекалык катышуунун сертификаттарын алгачкы жайгаштырууда;".
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |