Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 14-апрелиндеги № 217
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 534
Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффициенттерди эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө
(В редакции постановления Правительства КР от 25 февраля 2019 года № 93)
"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффициенттерди эсептөөнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрдин, милдетин аткаруучу Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| М.Абулгазиев |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 534 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффициенттерди эсептөөнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффициенттерди эсептөөнүн тартиби (мындан ары - Эсептөөнүн тартиби) ипотекалык турак жайды насыялоо жагында ыйгарым укуктуу орган тарабынан коэффициенттерди түзүүнүн жана эсептөөнүн жалпы усулдук принциптерин жөнгө салат.
2-бөлүм. Негизги түшүнүктөр
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
- инвестициялык портфель - белгилүү датага карата ипотекалык турак жайды насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын каражаттарынан банктар тарабынан берилген ипотекалык кредиттер боюнча карыздардын калдыгынын жыйындысы;
- эсептешүү мезгили - эсептешүү операциялары жүргүзүлгөн мөөнөткө барабар болгон убакыт аралыгы (12 айдан ашпаган);
- тартылган каражаттардын баасы - ипотекалык кредиттерди берүү жана каржылоо үчүн турак жайды ипотекалык кредиттөө тармагындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган деп аталат) тарабынан тартылган финансылык ресурстардын баасы. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 5 млрд. сом бюджеттик ссуданы 3% жылдык пайыз менен берет, мында белгиленген убакыттын ичинде ыйгарым укуктуу орган белгиленген сумманы жана ага кошумчаланган пайызды кайтарып берет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
3-бөлүм. Пайыздык ставканы эсептөө
3. Мамлекеттик ипотекалык кредит боюнча пайыздык ставка төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Кредит боюнча пайыздык ставка = Б * К,
мында:
Б - "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталуучу базалык пайыздык ставка (жылдык %);
К - жогорулатуучу же төмөндөтүүчү коэффициент.
3-1. Инвесторлордун финансылык каражаттарынан берилүүчү мамлекеттик ипотекалык кредит боюнча акыркы пайыздык ставкасынын өлчөмү рыноктук конъюнктураны, жооптуу каржылоонун принциптерин жана турак жайды каржылоодогу алдынкы тажрыйбаны эске алуу менен кол коюлган келишимдин шарттарына ылайык белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
4-бөлүм. Коэффициентти эсептөө
4. Коэффициент төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
К = К1 + К2.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Коэффициент К1 төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
К1 = (С + М + Р + Д - П) / Б,
мында:
С - ыйгарым укуктуу органдын тартылган ресурстарынын баасы, ал өнөктөр, эл аралык донор уюмдар менен түзүлгөн макулдашуулардын алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак-жай 2015-2020" программасын (мындан ары - Программа) аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимдери менен аныкталат (жылдык % менен);
М - ыйгарым укуктуу органдын өнөктөш банкынын маржасы, аны ыйгарым укуктуу орган келишимдик мамилелердин алкагында аныктайт жана жылдык 5% ашпайт (жылдык % менен);
Р - эмиссияга жана ипотекалык баалуу кагаздарды жайгаштырууга чыгымдарды (жылдык %) эске алуу менен эсептешүү мезгилиндеги ыйгарым укуктуу органдын операциялык чыгымдарынын деңгээли, аны ыйгарым укуктуу орган төмөнкү формулага жараша белгилейт:
Р = эсептик жылдагы пландуу сарптоолор / эсептешүү мезгилиндеги ыйгарым укуктуу органдын орточо инвестициялык портфели;
Д - инфляциянын болжолдуу деңгээлин эске алуу менен ыйгарым укуктуу органдын эсептешүү мезгилиндеги инвестициялык портфелинин кирешелүүлүгүнүн орточо пландуу деңгээли, ал ыйгарым укуктуу орган тарабынан каржылоо булактары боюнча белгиленет (жылдык % менен);
П - пайыздык ставканы субсидиялоо түрүндө мамлекеттик финансылык колдоо (жылдык % менен).
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик ипотекалык кредит боюнча "Жеңилдетилген ипотека" багытындагы даяр турак жайды сатып алуу үчүн алгачкы төгүмдүн өлчөмүнө жараша жиктелген ыкманы эске алуу менен К2 кошумча коэффициентинин төмөнкүдөй маанилери колдонулат:
0,0 - мамлекеттик ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүм 30% ашык төлөнгөн учурда;
0,1 - мамлекеттик ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүм 20%дан 30%га чейин төлөнгөн учурда;
0,2 - мамлекеттик ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүм 10%дан 20%га чейин төлөнгөн учурда.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
7. "Жеңилдетилген ипотека" багытындагы жеке турак үй куруу үчүн берилүүчү мамлекеттик ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 20%дан жогору төлөгөн учурда К2 коэффициентинин төмөнкүдөй маанилери пайдаланылат:
0,4 - жеке турак үйдү куруу мезгилинде, жеке турак үй курууга байланышкан тобокелдердин алдын алуу жана деңгээлин азайтуу, курулуш бүтпөй калган учурда мүмкүн болуучу чыгымдарды жабуу максатында белгиленет;
0,0 - жеке турак үйдү куруу аяктагандан кийинки мезгилде, курулушту стимулдоо жана Кыргыз Республикасынын турак жай фондун көбөйтүү максатында белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
7-1. "Жеткиликтүү ипотека" багытында берилүүчү мамлекеттик ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 20%дан жогору төлөгөн учурда К2 коэффициентинин төмөнкүдөй маанилери пайдаланылат:
0,4 - жеке турак үйдү куруу мезгилинде;
0,1 - жеке турак үйдүн курулушу аяктагандан кийинки мезгилде жана даяр турак жайды сатып алуу үчүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
8. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5-бөлүм. Пайыздык ставканы эсептөөнүн мисалы
9. Ипотекалык кредиттер боюнча К1 коэффициентин эсептөөдө төмөнкүдөй көрсөткүчтөр эске алынат:
- тартылган ресурстардын наркы - жылдык 2%;
- өнөктөш банктын маржасы - жылдык 3%;
- ыйгарым укуктуу органдын операциялык чыгымдарынын деңгээли - жылдык 0,4%;
- ыйгарым укуктуу органдын инвестициялык портфелинин кирешелүүлүгүнүн пландуу деңгээли - жылдык 0,6%;
- субсидиялоо - 0 %.
К1 = (2% + 3% + 0,4% + 0,6% - 0%) / 10% = 0,6";
- 10-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"К * Б = (К1 + К2) * 10% = (0,6 + 0,1) * 10% = жылдык 7%.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
6-бөлүм. Коэффициенттерди бекитүү жана кайра кароо
11. Ыйгарым укуктуу орган ушул Тартипке ылайык мамлекеттик ипотекалык кредит боюнча пайыздык чендерди кайрадан карап чыгат.