ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 608«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560»Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция25.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 25-сентябры № 608

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежесинде:

- 3-пунктунун тогузунчу абзацы "калктан" деген сөздөн кийин ", уюмдардан, мекемелерден жана ишкердик субъекттерден" деген сөздөр менен толукталсын;

- 52-пунктундагы "соттордун чечимин жана өкүмүн" деген сөздөр "сот актыларын жана башка аткаруу документтерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 66-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"66. Соттук аткаруучу, укук коргоо же финансы органдары тарабынан сатып өткөрүү үчүн берилген мүлктөрдү баалоо, кайра баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков