Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 токтому менен бекитилген |
2016-жылдын 27-январы № 38
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода алкагында ишкердикти ишке ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы жөнүндө алдын ала кабарландыруунун ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип салык органына салык төлөөчү тарабынан автомобиль, темир жол, аба транспорту менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен ишкердик максаттарда товарларды алып өтүү ниети тууралуу алдын ала кабарлама берүүнүн жол-жобосун аныктайт.
2. Ыйгарым укуктуу салык органы, мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана товарларды ташуу жана/же ээсине (жүк алуучуга) тапшыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар) ортосундагы маалымат алмашуу жана өз ара аракеттенүү тартиби жогоруда аталган мамлекеттик органдардын биргелешкен чечими менен бекитилген ушул Тартиптин жана Регламенттин негизинде ишке ашырылат.
3. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу ташылып өтүүчү товарлар салык органдары, мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан эсепке алынууга тийиш.
4. Ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) темир жол транспорту менен ташууда - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы;
2) аба транспорту менен ташууда - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому, же менчик ээсине (жүк алуучуга) жүктү өткөрүп берүү жана/же эсепке алуу милдети жүктөлгөн агент.
5. Ишкердик ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товар ташып өтүүгө ниеттенген салык төлөөчү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара соода жүргүзүүдө товарлардын өткөрүлө тургандыгы жөнүндө салык органына алдын ала кабарлоонун жол-жобосун жүзөгө ашырууга тийиш.
Алдын ала кабарлоонун жол-жобосу товарды алып өтө турган датага чейин 30 күндүн ичинде ишке ашырылат.
6. Кабарлама салык төлөөчү тарабынан ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча үч нускада толтурулат жана салыктык катталган орду боюнча салык органына тапшырылат.
7. Кабарламада баардык тийиштүү жерлери толтурулушу керек, оңдоолорго, өчүрүүлөргө жол берилбейт. Туура эмес толтурулган кабарламалар салык төлөөчүгө оңдоо үчүн кайтарылат.
Салык төлөөчү кабарламада жана башка сунушталган документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын анык эместигине жоопкерчиликте болот.
8. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде колдонулган Бирдиктүү бажы тарифине салыштырганда бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн өлчөмдөрү каралган Казакстан Республикасынан товарларды ташып келүүдө салык органына берилген кабарламага товарларды жеткирүүчү менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү жана эсеп-фактуралардын (инвойс) көчүрмөлөрү тиркелет.
Андыктан, эсеп-фактурасында көрсөтүлгөн маалыматтар Бирдиктүү бажы тарифине салыштырмалуу бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн өлчөмдөрүн колдонууну караган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тийиштүү органдарынан алынган маалыматтар менен дал келиши керек.
9. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына (аймагынан) автотранспорт каражаттарын өткөрүүдө кабарламага автоунааларды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда автоунааны каттоо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтар киргизилет:
- VIN (кузовдун номери);
- автотранспорт каражатынын тиби;
- кыймылдаткычынын көлөмү;
- чыгарылган жылы.
10. Салык органы кабарламаны карап чыгат жана салык төлөөчүнүн салыктык каттоосу бар экендигин, иштин буга чейинки мезгили үчүн салыктык отчётту берүү фактысын, үч нускадагы маалыматтардын бирдейлигин текшерет жана бир иш күндөн кечиктирбей жазуулардын катар номерин жана датасын көрсөтүү менен жооптуу кызмат адамынын кол тамгасын жана штамп коюу түрүндө белги коёт.
Кабарламанын бир нускасы салык органында калат.
Салык төлөөчүнүн салыктык каттоосу жок болгон учурда салык органынын жооптуу кызматкери аны каттоо жол-жобосунан өтүп келүү үчүн жиберет.
Өткөн отчёттук мезгилдер үчүн салык отчёттору тапшырылбай калган фактылар болсо салык органынын жооптуу кызматкери белгилөөдөн жана штамп коюудан баш тартат.
11. Салык органына берилген кабарламада көрсөтүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүдө ушул Тартиптин талаптарына ылайык ташуучу (алуучу, товардын менчик ээси) мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкерине жана ыйгарым укуктуу уюмдардын жооптуу адамдарына кабарламанын экинчи жана үчүнчү нускасын көрсөтөт.
12. Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызмат адамы жана ыйгарым укуктуу уюмдардын жооптуу адамдары транспорт каражатын, товарларды (таңгактарды ачпастан жана аларды транспорт каражаттарынан түшүрбөстөн) кабарламада көрсөтүлгөн товарлардын дал келүүсүн тактоо максатында кароолорду жүргүзүшөт жана мамлекеттик чек ара аркылуу товардын өтүшү жөнүндө датаны жана өткөрүү пунктунун аталышын же ыйгарым укуктуу уюмду көрсөтүү менен кабарламанын экинчи жана үчүнчү нускаларына штамп коюшат. Мында кабарламанын экинчи нускасы мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызмат адамында жана ыйгарым укуктуу уюмдардын жооптуу адамдарында калат, үчүнчү нускасы салык төлөөчүгө тапшырылат.
13. Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкери ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формада кабарламаларды эсепке алуу журналына жазат.
14. Ыйгарым укуктуу уюмдун жооптуу адамы же агент ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык формада кабарламаларды эсепке алуу журналына жазат.
15. Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкери жана ыйгарым укуктуу уюмдардын жооптуу адамдары бир айда бир жолудан кем эмес жана өткөн айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен андан ары салык органынын кызмат адамына өткөрүп берүү үчүн алынган кабарламаларды пакеттерде түзүшөт.
16. Кабарламаларды жана журналдарды толтуруу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды кабарламаларды эсепке алуунун журналдары менен камсыздоо ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ишке ашырылат.
17. Ыйгарым укуктуу салык органы ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн, ишкердик иштин алкагында товарларды ташып келүүнү жана ташып чыгууну жүзөгө ашыруучу субъекттерди эсепке алууну жана салыктык башкарууну уюштурат.
18. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына/аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү датасы болуп Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан кабарламада коюлган штампта көрсөтүлгөн дата, ал эми темир жол аркылуу ташуу боюнча багытталган/жөнөтүлгөн станцияга келген/кеткен дата; авиа ташуулар боюнча - ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан товар таризделген дата эсептелет.
19. Кабарлама жоголгон (бузулган) учурда салык төлөөчү кабарламанын дубликатын алуу үчүн салык органына кайрылууга укуктуу. Кабарламанын дубликатын берүү эки иш күндүн ичинде салык органы тарабынын ишке ашырылат.
20. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу товарларды транзиттөөдө кабарлама толтурулбайт. Мындай учурда салык төлөөчү транзиттик декларациянын көчүрмөсүн мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына жана ыйгарым укуктуу уюмдардын жооптуу адамдарына көрсөтүүгө милдеттүү.
Мында ыйгарым укуктуу уюмдардын жооптуу адамдары транзиттик декларациянын көчүрмөсүнө штамп (датасы жана өткөрүү пунктунун аталышы менен) коюшат жана аларды өзүнчө эсепке алышат.
Транзиттик декларациянын өзүнчө эсеби мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дагы жүргүзүлөт.
21. Салык төлөөчүдө кабарлама жок болсо же алып өтүүчү товарлардын кабарламасындагы көрсөтүлгөн маалыматтар кабарламада көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келбесе (так болбосо) мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аймактык мобилдик топко маалымат берет жана транспортко, товарга болгон документтерди убактылуу алып коёт.
Дем алыш күндөрү же алып өтүүчү товары менен транспорттук каражатты өткөрбөө тууралуу маалыматты аймактык мобилдик топко берүү мүмкүн болбогон шарттарда маалымдоо аймактык мобилдик топтун ишине кошо тартылган мамлекеттик органдардын ыкчам-кезметтик кызматтарынын линиялары боюнча ишке ашырылат.
Эсепке алынбаган товарларды ташып келүү/ташып кетүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды алып өтүү боюнча талаптарды бузуу фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча контролдук-ыкчам жана рейддик иш-чараларды уюштуруу максатында аймактык мобилдик топтор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринен түзүлөт.
Аймактык мобилдик топ маалымат алынгандан кийин 30 мүнөттүн ичинде өткөрүү пунктуна келүүгө милдеттүү.
Алып өтүүчү товары бар транспорт каражаты аймактык мобилдик топ келмейинче өткөрүлбөйт.
Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы аймактык мобилдик топтун мүчөсүнө ташуучудан алынган транспорттун жана товардын документтерин өткөрүп берет жана жагдайды аныктоого жана тийиштүү кабарламаны тариздөөгө жана экинчи көчүрмөсүн мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бергенге чейин айыптык токтотмо жерге жайгаштыруу үчүн мобилдик топтун коштоосунда автомобилдик транспортту жөнөтөт.
22. Салык төлөөчүдө кабарлама жок болгон учурда же ал темир жол жана аба транспорттору аркылуу алып өтүүчү товарлардын кабарламасында көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келбесе, ыйгарым укуктуу уюмдун жооптуу адамы же анын агенти аймактык мобилдик топко маалымдайт жана алып өтүүчү товар жөнүндө тийиштүү кабарламаны тариздөө камсыздалганга жана ыйгарым укуктуу уюмдун жооптуу адамына же анын агентине экинчи нуска көрсөтүлгөнгө чейин товарды алуу/жөнөтүү документтерин тариздөөнү токтотот.
23. Товарды алып өтүүдө жана чек арадан өтүүдө кабарламада көрсөтүлгөн маалыматтардын так эместиги же анык эместиги аныкталган учурда, алгач толтурулган кабарлама андан ары такталган кабарламага алмаштыруу үчүн салык органына кайтарылууга тийиш.
|
| Тартиптин 1-тиркемеси |
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында ишкердикти жүзөгө ашыруу максатында алып өтүлө турган товарлар жөнүндө алдын ала кабарлоо тартибине 2-тиркеме |
№ | Жазуу жүргүзүлгөн дата | Алдын-ала кабарлоонун № жана датасы | Салык төлөөчү жөнүндө маалымат | МЧКнын аймактык бөлүмүнүн жооптуу адамынын аты-жөнү, кызматы | Колу | |
Салык төлөөчүнүн аталышы | Салык төлөөчүнүн ИНН | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында ишкердикти жүзөгө ашыруу максатында алып өтүлө турган товарлар жөнүндө алдын ала кабарлоо тартибине 3-тиркеме |
№ | Жазуу жүргүзүлгөн дата | Алдын ала кабарлоонун № жана дата | Станция, аэропорт, кампа | Жүктү алуучу жөнүндө маалымат | Жүк жөнүндө маалымат | Жүктү жөнөтүүчү жөнүндө маалымат | ||||||||||
Жүктү алуучунун аталышы | Жүктү алуучунун ИНН | Жүктү алуучунун коду | МСКнын коду | ТЭИ ТН боюнча товардык топтун коду | Жүктүн аталышы | Көлөмү (салмагы) | Келишим боюнча наркы | Жүктүн максаттык багыты | Жөнөтүүчү өлкө импорт 0/ экспорт 1 | Жөнөтүүчүнүн аталышы (экспортер/ импортер) | Жөнөтүүчүнүн ИНН | |||||
Чет өлкөлүк валютада | Сом менен | |||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|