Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-марты № 131
2016-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2016-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы 1-тиркемеге ылайык;
- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыктары боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер Министр | Т.А. Сариев |
2-тиркеме
2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Индикаторлор | Каржылоо булактары |
1-артыкчылык. Ата мекендик авиаташуучулардын учууларынын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу | ||||||
1.1-милдет. Жарандык авиация тармагындагы ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Аба кодексине шайкеш келтирүү | ||||||
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Авиациялык эрежелерин жана жарандык авиация тармагындагы башка ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Аба кодексине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | ТКМ, ЖАА | 2016-жыл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин жана жарандык авиация тармагындагы башка ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Аба кодексине ылайык келтирүү | Жарандык авиация тармагындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу | ЖАА |
1.2-милдет. Европа бирлигинин "кара тизмесинен" чыгуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү | ||||||
2 | ИКАОнун учуу коопсуздугунун стандарттарына байланыштуу бардык жол-жоболорду, учуу коопсуздугун камсыз кылуунун негизделген практикасын жана бардык нускама материалдарды аткаруу | ТКМ, ЖАА | 2016-2017-жылдар | ИКАО стандарттарын аткаруу жана камсыз кылуу үчүн тийиштүү шарттар түзүү | Учуулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу | ЖАА |
3 | Учуу коопсуздугун камсыздоону Кыргыз Республикасынын аба транспортун эксплуатанттардын учуу коопсуздугуна байланыштуу бардык талаптарды аткаруусуна баа берүү жолу менен үзгүлтүксүз контроль жүргүзүү | ТКМ, ЖАА | 2016-2020-жылдар | Авиакомпанияларда, аэродромдордо, жеткирүүчүлөрдү аэронавигациялык тейлөө жана авиациялык-техникалык борборлордо учуулардын коопсуздугун башкаруунун заманбап системасын киргизүү | Авиациялык ташуулар рыногунда ата мекендик авиаташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу | ЖАА |
4 | ИКАО эксперттеринин акыркы отчетунда аталган кемчиликтерди чечүү максатында кемчиликтерди жоюу же жазаларды жеңилдетүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу | ТКМ, ЖАА | Дайыма | Европа бирлигинин "кара тизмесинен" кыргыз авиаташуучуларын чыгаруу үчүн шарттарды түзүү | Акыркы отчетто чагылдырылган ИКАО эксперттеринин ишке ашырылган сунуштамалары | ЖАА |
5 | Учуу коопсуздугун камсыз кылуунун эл аралык аудитинен өтүү боюнча жарандык авиация уюмдарына консультациялык жана билим берүү боюнча колдоолорду уюштуруу | ТКМ, ЖАА | Дайыма, жылына бир жолудан кем эмес | Европа бирлигинин "кара тизмесинен" кыргыз авиаташуучуларын чыгаруу үчүн шарттарды түзүү | Жарандык авиация тармагындагы окутулган адистердин саны | ЖАА |
6 | Учуу коопсуздугуна жана ИКАО документтеринде белгиленген сын-пикир элементтерин жана ЖАА тараптан учуу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн контролдоо системасын ишке ашыруу | ТКМ, ЖАА | 2016-2020-жылдар | Европа бирлигинин "кара тизмесинен" кыргыз авиаташуучуларын чыгаруу үчүн шарттарды түзүү | Жарандык авиациянын ишин регламенттөөчү тиешелүү ЧУА кабыл алынат | ЖАА |
7 | ИКАО аудитинин натыйжаларынын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын системасын Стандартка жана ИКАО сунуштаган практикасына ылайыктуулугу боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн Европа комиссиясынын эксперттерин чакыруу | ТКМ, ЖАА | 2016-2017-жылдар | Европа бирлигинин "Кара тизмесинен" кыргыз авиаташуучуларын чыгаруу максатында Стандартка жана ИКАО сунуштаган практикага ылайыктуулук предметине Кыргыз Республикасынын жарандык авиация системасына текшерүү жүргүзүү | Европа бирлигинин "кара тизмесинен" кыргыз авиаташуучуларын чыгаруу өбөлгө түзүлөт | ЖАА |
2-артыкчылык. Жарандык авиация органдарын мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү | ||||||
2.1-милдет. Жарандык авиация органдарынын түзүмүн, штаттык санын өзгөртүү | ||||||
8 | Кошумча адам жана финансы ресурстарын берүү жолу менен жарандык авиация органынын ишине колдоо көрсөтүүнү күчөтүү | ТКМ, ЖАА | 2016-ж. II-III кварталдары | ИКАО стандартына жана сунуштаган практикасына ылайык учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу тармагында көзөмөл функцияларын аткаруунун зарыл болгон деңгээлин колдоо | Түзүмдү каржылоону аныктоочу кабыл алынган ЧУАларды кабыл алуу | ЖАА |
9 | Жарандык авиация органдарынын инспектордук курамын жана персоналдарын материалдык-техникалык камсыз кылууну жана техникалык жана нускама материалдар менен камсыз кылууну жакшыртуу | ТКМ, ЖАА | 2016-жылдын IV кварталдары | Учуулардын коопсуздугун камсыз кылууда инспектордук курамдын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу | Материалдык-техникалык камсыз кылуу ИКАО көрсөткөн талаптарга ылайык келтирилет | ЖАА |
10 | Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 12-беренесинин жоболорун ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу | ТКМ, ЖАА, ФМ | 2016-жыл | Кыргыз Республикасынын авиаишканаларынан атайын каражаттарды алуу механизмдерин аныктоо | ЧУАлар кабыл алынат | Талап кылынбайт |
11 | ИКАО сунуштаган практикага ылайык жарандык авиация органдарынын штаттык санын көбөйтүү, башкаруунун жаңы уюштуруучулук структурасын иштеп чыгуу жана персоналдардын эмгек акысын жогорулатуу | ТКМ, ЖАА, ФМ | 2016-жылдын II-IV кварталы | Тармактарды башкаруунун оптималдаштырылган системасы жана кабыл алынуучу чечимдердин натыйжалуулугу | ЧУАлар кабыл алынат | ЖАА |
2.2-милдет. Кыргыз Республикасынын авиациялык тармактарынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу | ||||||
12 | Паритеттик негизде жаңы багыттар боюнча авиациялык ташууларды либералдаштыруу "Ош" аэропортун пилоттук долбоор катары пайдалануу | ТКМ, ЖАА | 2016-2020-жылдар | Либералдуу саясат | "Ош" эл аралык аэропорту боюнча пилоттук долбоорду иштетүү жана учуулардын географиясы кеңейтилет | ЖАА "МЭА" ААКы |
13 | Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө Кейптаун конвенциясын Кыргыз Республикасынын ратификациялоосу жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу | ТКМ, ЖАА | 2017-2020-жылдар | Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө Кейптаун конвенциясын Кыргыз Республикасынын ратификациялоосу жөнүндө мыйзамдын долбоору | Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө Кейптаун конвенциясын Кыргыз Республикасынын ратификациялоосу жөнүндө мыйзамы кабыл алынган | Талап кылынбайт |
3-артыкчылык. Техникалык тейлөөнүн заманбап борборун түзүү | ||||||
3.1-милдет. Аба кемелерин тейлөөнүн заманбап техникалык борборун түзүү | ||||||
14 | Батыш өндүрүүчүлөрүнүн аба кемелерин тейлөө боюнча техникалык борборду өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартуу | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | Кызмат көрсөтүүлөрдү көбөйтүү | Батыш өндүрүүчүлөрүн аба кемелерин тейлөө боюнча техникалык борборлору түзүлөт | Талап кылынбайт |
15 | Батыш өндүрүүчүлөрүнүн аба кемелерин тейлөө боюнча техникалык борборду эл аралык сертификациялоого көмөк көрсөтүү | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | Батыш үлгүсүндөгү аба кемелерин тейлөө боюнча шарттарды түзүү | Батыш өндүрүүчүлөрүнүн аба кемелерин тейлөө боюнча сертификацияланган техникалык борбордун болушу | "МЭА" ААКы жана тартылган инвестициялар |
16 | "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттордо чет өлкөлүк типтеги аба кемелерин тейлөө үчүн линиялуу техникалык тейлөө станцияларын түзүү | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | Ар түрдүү типтердеги аба кемелерин тейлөө, ошондой эле жаңы жумушчу орундарын түзүү | Батыш үлгүсүндөгү линиялуу техникалык тейлөө станциялары түзүлөт | "МЭА" ААКы жана тартылуучу инвестициялар |
17 | Чет өлкөлүк типтеги аба кемелерин тейлөө үчүн авиатехникалык базаларды түзүүдө инвесторлорго шарттарды түзүү (ангарларды куруу, заманбап жабдуулар менен жабдуу, персоналдарды даярдоо) | ТКМ, ЭМ, "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | Инвесторлорду тартуу, жаңы жумушчу орундарын түзүү. Аба кемелерин тейлөө үчүн ангарларды куруу | Чет өлкөлүк типтеги аба кемелерин техникалык тейлөө үчүн ангарлар курулат жана эксплуатацияга берилет | Талап кылынбайт |
4-артыкчылык. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын кадрдык камсыздоо системасын өркүндөтүү | ||||||
4.1-милдет. И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжин өнүктүрүү | ||||||
18 | Авиациялык колледждин базасында авиациялык заманбап окуу жайын түзүү жана жогорку билимдүү авиациялык адистерди, ошондой эле өзүнчө техникалык адистиктер боюнча кесиптик орто билимдүү (техник) адистерди даярдоого өтүү | ТКМ, БИМ, ЖАА, Авиаколледж | 2018-2020-жылдар | Эл аралык коомчулукта таанылган жогорку квалификациялуу адистерди чыгаруучу жарандык авиациянын заманбап окуу жайын түзүү | Жарандык авиация үчүн заманбап адистерди даярдоо системасы түзүлөт | Авиаколледж |
19 | Тармакты өнүктүрүү үчүн зарыл болгон авиациялык жана башка багыттагы адистиктерди өздөштүрүүгө өтүүдө учкучтар экипажын баскычтуу даярдоону ишке ашыруу үчүн окутуу-инструктордук курам түзүү | Авиаколледж | 2018-2020-жылдар | Эл аралык стандарттарга ылайык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо жана квалификациялуу кадрларга тармактын муктаждыгын канааттандыруу системасын түзүү | Окутуучулук жана инструктордук курам түзүлөт | Авиаколледж |
20 | Эл аралык окуу жайлары менен авиациялык адистерди даярдоодо кызматташтык чөйрөсүн кеңейтүү | Авиаколледж | 2016-2018-жылдар, туруктуу негизде | Кадрларды даярдоо системасын жакшыртуу. Эл аралык талаптарга ылайык окуу программаларын интеграциялоо | Кадрларды даярдоо чөйрөсүндө чет өлкөлүк профилдүү окуу жайлары менен байланыш түзүү (Макулдашуулар, келишимдер, кызматташтык жөнүндө меморандумдар) | Авиаколледж |
21 | Жарандык авиация чөйрөсүндө окуу борборлорунун эл аралык сертификациялоо жол-жоболорунан өтүшү | Авиаколледж | 2018-2020-жылдар | Сертификацияланган окуу жайлар | Сертификациядан өткөн окуу жайлар | Авиаколледж |
22 | Авиациялык колледждин материалдык-техникалык базасын жаңылоо | Авиаколледж | 2016-2020-жылдар | Окугандар жана кызматкерлер үчүн толук шарттарды түзүү | Материалдык-техникалык база жаңыланат жана заманбап талаптарга жооп берет | Авиаколледж |
23 | Эл аралык стандарттарга ылайык жарандык авиация тармагында атайын сабактар боюнча окууну англис тилине өткөрүү | Авиаколледж | 2016-2020-жылдар | Жарандык авиация чөйрөсүндө ал аралык стандарттарга ылайыктуу кадрдык потенциал түзүлөт | Англис тилиндеги Атайын сабактар боюнча окутуучу курам түзүлөт. Окутуу программалары иштелип чыгат | Авиаколледж |
24 | И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжинин бүтүрүүчүлөрүн өтө жеңил жана жеңил аба кемелерине даярдоо үчүн өтө жеңил жана жеңил авиацияны эксплуатациялоочу "Ультролайт" республикалык ассоциациясы менен бирге учуу даярдыгын уюштурууга боло турган окутуу программаларын интеграциялоо | ТКМ, ЖАА, Авиаколледж | 2016-2020-жылдар | Жеңил авиациянын батыш үлгүсүндөгү самолетторун башкарууга жөндөмдүү учуу курамы даярдалат | Жеңил авиациянын батыш үлгүсүндөгү самолетторун башкарууну өздөштүргөн жана окуудан өткөн учкучтардын саны | Авиаколледж, РАЭСЛА |
4.2-милдет. Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү | ||||||
25 | Жарандык авиация адистеринин мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү | ТКМ, ЖАА, "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча), Авиаколледж | 2016-2020-жылдар | Тармактын адистерин мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча методикалык базасы жаңыланат | Жаңыланган окуу-методикасы түзүлөт жана ИКАОнун заманбап талатарына жооп берет | ТКМ, ЖАА, "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча), Авиаколледж |
5-артыкчылык. Аба кыймылын тейлөө системасын өркүндөтүү | ||||||
5.1-милдет. Аба кыймылын тейлөө системасын модернизациялоо | ||||||
26 | Аба кыймылын башкаруунун заманбап автоматташтырылган системасын, аэронавигациялык жабдууларды модернизациялоо жана эл аралык стандарттарга ылайык учууларды жабдууну жана метеорологиялык системаны камсыз кылуу | "КАН" МИ | 2017-2019-жылдар | Аба кыймылын тейлөөнүн интеграцияланган бирдиктүү заманбап байланыш навигация жана байкоо системаларын модернизациялоо | Аба кыймылын башкаруунун заманбап автоматташтырылган системасы киргизилет | "КАН" МИ жана тартылуучу инвестициялар |
27 | Ар тараптуу аба трассасы боюнча өзүнчө жылдыргыч радиостанцияларды бир убакта кыскартуу менен азимуттук - алыстыктан өлчөгөн радиомаяктарды, аэронавигациялык жабдуулардын комплекстүү радионавигациялык системасын өнүктүрүү | "КАИ" МИ | 2016-2017-жылдар | Аба кыймылын тейлөөнүн бирдиктүү борборунан жогорку аба мейкиндигинде аба кыймылынын жөнгө салынган системасын уюштуруу жана тейлөө | Өтө кыска жолдор боюнча учуулар системасын жөнгө салуу жана аба мейкиндигинин бүтүндүгү | "КАН" МИ жана тартылуучу инвестициялар |
28 | Жердеги кыймылды башкаруу каражаттарын жана учуу-конуу тилкесин санкцияланбаган кирүүдөн коргоону киргизүү | "КАН" МИ | 2020-жыл | Жердеги кыймылды контролдоону камсыздоо | Учуу тилкесинин байкоо жүргүзүү системасы киргизилет | "КАН" МИ жана тартылуучу инвестициялар |
29 | Байкоо системасын автоматтык байкоо-кабарлоо режимине чейин модернизациялоо жана аба кыймылын автоматташтырылган башкаруу тутумун интеграциялоо | "КАН" МИ | 2017-2020-жылдар | Өз ара аба жагдайы жөнүндө аба кыймылын жана аба кемелерин тейлөөчү органдын кабардарлыгын камсыздоо | Автоматташтырылган көз каранды кеңири кабарлоо режими орнотулат | "КАН" МИ жана тартылуучу инвестициялар |
30 | Аба кыймылын зоналык навигацияны пайдаланып уюштурууга акырындык менен өтүү | "КАН" МИ | 2017-2020-жылдар | Аба трассаларынын өтүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү | Зоналык навигация зарылдыгына жараша колдонулат | "КАН" МИ жана тартылуучу инвестициялар |
31 | Аба кемелеринин кыймылын уюштурууну жана тейлөөнү жогорку аба мейкиндигиндеги бирдиктүү тейлөө борборунан жүргүзүүнү камсыз кылуу | "КАН" МИ | 2017-2020-жылдар | Адам факторуна байланышкан АКТ өткөрүү чегинде (аба кыймылын тейлөө) каталардын саны кыскартуу (учкуч, диспетчер) | Аба кыймылын башкаруунун оптималдаштырылган системасы | "КАН" МИ жана тартылуучу инвестициялар |
32 | Келечектүү жер жана спутник каражаттарына, байланыш, навигация жана байкоо системаларына, өтүү | "КАН" МИ | 2019-2020-жылдар | Аба кемелерин тийиштүү жабдуулар менен жабдуу боюнча аба мейкиндигин пайдалануу концепциясын өзгөртүү (колдонуудагы жол-жоболордон жана конуунун азыркы схемаларынан баш тартуу | Зоналык (спутник) навигация жол-жоболору иштелип чыгат, спутниктик навигация сегментин пайдаланууга мүмкүндүк берилген ЧУА кабыл алынат | "КАН" МИ жана тартылуучу инвестициялар |
33 | Бул категорияга коюлуучу тиешелүү стандарттарга чейин эл аралык статус алган навигациялык жабдуулар менен аэропортторду жабдуу | "КАН" МИ | 2016-2018-жылдар | Учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аба кыймылынын агымдарын көбөйтүү | Азимуттук - алыстыктан өлчөгөн жабдуунун болушу, конуунун прибордук схемасы иштелип чыгат | "КАН" МИ жана тартылуучу инвестициялар |
34 | Чектеш мамлекеттер менен аба кыймылын тейлөө каттамдарын оптималдаштыруу | "КАН" МИ | 2020-жыл | Чектеш мамлекеттер менен аба кыймылынын бүтүндүгү (белгиленген аба коридорлорунда аба кемелеринин мамлекеттик чек арадан өтүү практикасынан баш тартуу) | Аба мейкиндигин пайдалануу боюнча чектеш мамлекеттер менен эл аралык келишимдер | Талап кылынбайт |
5.2-милдет. Эл аралык аэронавигациялык системаны интеграциялоо | ||||||
35 | Аэронавигациялык системаларды чектеш мамлекеттердин ошондой системаларына ылайык келүүсү | "КАН" МИ | 2019-2020-жылдар | Чектеш мамлекеттер менен байкоо жана байланыш каражаттарын бирге, өз ара пайдалануу. Аба кыймылын уюштуруу борборлорунун ортосунда традициялык үн байланышынан цифралык (үнсүз байланышка) байланышка өтүү | Чектеш мамлекеттердин башка системаларына ылайык келген аэронавигациялык система | "КАН" МИ |
36 | Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык маалыматтарын эл аралык аэронавигациялык системага интеграциялоо жана менеджменттин жана сапаттын эл аралык тутуму боюнча аэронавигациялык маалымат кызматын сертификациядан өткөрүү | "КАН" МИ | 2016-2018-жылдар | Аба кемелеринин экипаждарына эл аралык стандарттарга ылайык келген жана сапаты, тактыгы жана бүтүндүгү боюнча жооп берген аэронавигациялык маалымат берүү | Аэронавигациялык маалыматтар европалык базага миграцияланат | "КАН" МИ |
6-артыкчылык. Кыргыз Республикасынын аэропортторунун инфраструктураларын өнүктүрүү | ||||||
6.1-милдет. "МЭА" ААКы аэропортторунүн инфраструктурасын өнүктүрүү | ||||||
37 | АВК-2 административдик имаратын "Манас" аэровокзалынын имаратына эл аралык учуулар залы менен аэровокзал катары улай салынган курулушун кайра профилдештирүү | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу | Эл аралык стандарттарга ылайык аэровокзалдын инфраструктурасын модернизациялоо | "МЭА" ААКы же башка булактар (кайтарымдуу каражаттар) |
38 | "Манас" эл аралык аэропортунда кошумча эки телескопиялык трап сатып алуу жана орнотуу | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | Жүргүнчүлөрдү, анын ичинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, кары-картаңдарды, кош бойлуу аялдарды жана балдары бар жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу | "Манас" эл аралык аэропортуна төрт телескопиялык трап орнотулат | "МЭА" ААКы же башка булактар (кайтарымдуу каражаттар) |
39 | "Ош" эл аралык аэропортунун ЖУКТун 400 метрге узартуу 400 м узартылган ЖУКТ үчүн жарык сигнал жабдууларын алып салуу жана монтаждоо | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | "Ош" аэродромуна иригабариттүү аба кемелерин чыгаруу боюнча чектөөнү алып салуу жана учуулардын коопсуздугун жогорулатуу | ЖУКТун жалпы узундугу 3214 метр жана ЖУКТун бардык узундугу боюнча жарык сигналдык жабдуу орнотулат | "МЭА" ААКы же башка булактар (кайтарымдуу каражаттар) |
40 | "МЭА" ААКы" аэропортторунда: багаждарды текшерип чыгуу системасын, жүргүнчүлөрдүн каттоого туруу, паспорттук контролдоо кабиналарын, эскалаторлорду, лифттерди сатып алуу жана жабдууларды модернизациялоо | ОАО "МАМ" (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | Авиажүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу | Каттоого туруунун кошумча мамычалары, паспорттук контролдоо кабиналары, багаждары, эскалаторлору, лифттер орнотулат | "МЭА" ААКы |
41 | "МЭА" ААКы аэропортторунда УКТди, башкаруу жолдорун жана перрондорду реконструкциялоо жана узартуу | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | Эксплуатациялык чектөөнү алып салуу жана учуулардын коопсуздугунун талаптарына ылайык заманбап аба кемелерин кабыл алуу жана чыгаруу үчүн аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу | УКТнун, башкаруу жолдорунун жана перрондордун эски жабуулары жаңыланат | "МЭА" ААКы же башка булактар (кайтарымдуу каражаттар) |
42 | Аба кемелерин тейлөө үчүн жана авариялык-куткаруу иштери үчүн перрондук, аэродромдук механизация каражаттарын сатып алуу жана модернизациялоо, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген авиажүргүнчүлөр үчүн амбулатордук автолифттерди сатып алуу | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | Аба кемелерин жана авиажүргүнчүлөрдү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу | Заманбап авариялык-куткаруу жабдууларын, аэродромдук жана өрткө каршы техникалары, амбулатордук автолифттер алынат | "МЭА" ААКы же башка булактар (кайтарымдуу каражаттар) |
43 | "Ош" эл аралык аэропортунун электр жабдууларын реконструкциялоо жана перронду жарыктандыруу | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) талаптарына ылайык аэропорттордун объекттерин электр менен үзгүлтүксүз жабдуу | Жаңы электр жабдуулары жана перрондо жарык мачтасы орнотулат | "МЭА" ААКы же башка булактар (кайтарымдуу каражаттар) |
44 | "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун тышкы электр жабдуусун реконструкциялоо | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | ИКАОнун талаптарына ылайык "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун электр менен жабдуу объекттерин реконструкциялоо | "Чок-Тал" 110/10кВ подстанциясы реконструкцияланат жана аэропорттун борбордук бөлүштүрүү пунктуна чейин 10кВ 2 кабелдик линия тартылат | "МЭА"ААКы же башка булактар (кайтарымдуу каражаттар) |
45 | "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда жарык сигналдык жабдууларын жана аба кемелерин кондуруунун инструменттик системасын орнотуу | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2018-жылдар | "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда түнкү убакытта кабыл алуу жана аба кемелеринин учуусун коопсуз жана регулярдуу кабыл алууну камсыз кылуу | "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда жарык сигнал берүү жабдуулары жана аба кемелеринин конуусунун инструменттик жабдуу орнотулат | "МЭА" ААКы же башка булактар (кайтарымдуу каражаттар) |
46 | "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун колдонуудагы аэровокзалдык комплексин кеңейтүү | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн жана аэровокзалдын өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу. Эл аралык стандарттарга ылайык авиажүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүү үчүн толук шарттарды түзүү | Аэровокзалдык комплекс кеңейтилет | "МЭА" ААКы же башка булактар (кайтарымдуу каражаттар) |
47 | "МЭА" ААКы аэропортторунда жүк терминалдарын, отун-куюу комплекстерин куруу | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | "МЭА" ААКы аэропортторунда транспорттук- логистикалык борборлорду түзүү үчүн авиакомпанияларга шарт түзүү | "МЭА" ААКы аэропортунда жүк терминалдарын, май куюу комплекстери курулат | "МЭА" ААКы же башка булактар (кайтарымдуу каражаттар) |
6.2-милдет. Региондук aэpoпорттордун инфраструктурасын өнүктүрүү | ||||||
48 | Региондук аэропортторду өнүктүрүү үчүн инвесторлорду издөө жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин киргизүү | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин киргизүү жолу менен региондук аэропорттордун инфраструктурасын жашкыртуу | Ички авиабилдирүүнү өнүктүрүү үчүн региондук аэропортторго шарттар түзүлөт | Талап кылынбайт |
49 | "МЭА" ААКы аэропортторунда учуу, конуу жана күтүү залдарын реконструкциялоо жана кеңейтүү | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | Авиажүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу | "МЭА" ААКы аэропортторунда учуу, конуу жана күтүү залдары реконструкцияланат жана кеңейтилет | "МЭА" ААКы же башка булактар (кайтарымдуу каражаттар) |
6.3-милдет. Логистикалык потенциалды өнүктүрүү жана "Манас" эл аралык аэропортунун базасында транспорттук-логистикалык борборду түзүү | ||||||
50 | Авиа КММнын баасын төмөндөтүү максатында жаңы авиамай ташуучуларды тартуу | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | КММны жаңы сатуучуларды тартуу | Авиа КММнын баасын төмөндөтүүнүн максатында атаандаштык үчүн шарттар түзүлөт | Кошумча финансылык каражаттар талап кылынбайт |
51 | "Манас" эл аралык аэропорту" ААКынын аэропортторунда авиациялык эмес иштерден алынган пайданы өнүктүрүү жана көбөйтүү | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | Авиациялык эмес иштерден түшкөн пайданы көбөйтүү | "МЭА" ААКынын авиациялык эмес иштери өнүктүрүлөт | "МЭА" ААКы же башка булактар (кайтарымдуу каражаттар) |
52 | "Манас" эл аралык аэропорту" ААКынын долбоорлорун ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду тартуу | "МЭА"ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | "МЭА" ААКынын долбоорлору мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашыруу | "МЭА" ААКынын аэропортторунун инфраструктурасы жакшыртылат жана анын пайдалуулугу жогорулатылат | Талап кылынбайт |
53 | "Манас" жана "Ош" аэропортторунда аларды база кылууда транзиттик каттамдарды ишке ашыруу үчүн ири жүргүнчү жана жүк авиакомпанияларын тартуу | "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) | 2016-2020-жылдар | "МЭА" ААКынын аэропортторунда учууларды аткаруу үчүн ири жүргүнчү жана жүк авиакомпанияларын тартуу | Учуулардын географиясы кеңейтилет | Талап кылынбайт |
7-артыкчылык. Кыргыз Республикасында өтө жеңил жана жеңил авиацияны өнүктүрүү | ||||||
7.1-милдет. Кыргыз Республикасында өтө жеңил жана жеңил авиацияны өнүктүрүү | ||||||
54 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | ТКМ, ЖАА | 2016-2017-жылдар | Авиация туризмин, спорттук авиацияны жана авиациялык клубдарды өнүктүрүү | ЧУА кабыл алынат | Талап кылынбайт |
55 | Өтө жеңил жана жеңил авиацияны эксплуатациялоочулардын "Ультролайт" республикалык ассоциациясынын базасында өтө жеңил жана жеңил аба кемелерин техникалык тейлөө боюнча жана сертификациялык борборду түзүү | Өтө жеңил жана жеңил авиацияны эксплуатациялоочулардын "Ультролайт" республикалык ассоциациясы | 2016-2018-жылдар | Техникалык тейлөө жана сертификациялоо боюнча борборду түзүү | Өтө жеңил жана жеңил аба кемелерин техникалык тейлөө жана сертификация боюнча борбору түзүлөт | Талап кылынбайт |
8-артыкчылык. Учуулардын географиясын кеңейтүү | ||||||
8.1-милдет. Кыргыз Республикасынын аэропортторунда жүргүнчү агымынын санын көбөйтүү жана туризмди өнүктүрүү | ||||||
56 | Жаңы эл аралык жана ички каттамдарды, анын ичинде "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда да ачуу | ТКМ, ЖАА, "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) "КАН" МИ | 2016-2020-жылдар | Кыргыз Республикасынын аэропортторунда аба транспорту менен жүргүнчүлөр агымынын жана жүк ташуулардын санын көбөйтүү | Ар түрдүү багыттар боюнча жаңы каттамдар ачылат | Талап кылынбайт |
57 | Жаңы аба каттамдарын ачып жаткан бардык эксплуатациялоочулар үчүн аэропорттук жана аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөдө тиешелүү арзандатууларды берүү жолу менен зарыл шарттарды түзүү | ТКМ, "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) "КАН" МИ, ЖАА | 2016-2020-жылдар | Каттамдык тармакты көбөйтүү жана учуулардын географиясын кеңейтүү | Аба каттамдарынын саны көбөйөт | Талап кылынбайт |
58 | Аба кемелерин (анын ичинде вертолетторду) сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларына мамлекет тарабынан жеңилдетилген жана узак мөөнөттүү пайызсыз кредиттерди (ссуда, жеңилдетилген зайымдык финансы каражаттарын) берүү | ТКМ, ФМ, ЭМ | 2016-2020-жылдар | Жаңы жана заманбап аба кемелеринин санын көбөйтүү, аба транспортунун кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүү | Аба кемелеринин паркы жаңыланат | ТКМ, ФМ, ЭМ |
59 | Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларын өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу жана зарыл болгон шарттарды түзүү | ТКМ, ЭМ | 2016-2020-жылдар | Ата мекендик авиакомпаниялардын туруктуулугун жогорулатуу | Ар түрдүү багыттар боюнча жаңы каттамдар ачылып жана ташуулар көлөмү көбөйөт | ТКМ, ЭМ |
60 | Кыргыз Республикасына аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган туристтерди тартуу | ММТМ | 2016-2020-жылдар | КРда туризмди өнүктүрүү үчүн өбөлгө түзүү | Аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган туристтердин саны көбөйөт | Талап кылынбайт |
61 | Кыргыз Республикасына келүүгө уруксат берүүчү документтерди алууда тиешелүү жол-жоболорду жеңилдетүү жолу менен туристтер үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү | ТИМ, ММТМ | 2016-2020-жылдар | Кыргыз Республикасына келүүгө уруксат берүүчү документтерди алуунун тиешелүү жол-жоболорун жеңилдетүү жолу менен туристтер үчүн шарттарды түзүү | Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүлөт | Талап кылынбайт |
Эскертүү:
Авиаколледж | - | И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи; |
ЖАА | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги; |
УКТ | - | учуу-конуу тилкеси; |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы; |
"КАН" МИ | - | "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы; |
ЖУКТ | - | жасалма учуу-конуу тилкеси; |
ИКАО | - | Жарандык авиациянын эл аралык уюму; |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акты; |
"МЭА" ААКы | - | "Манас" эл аралык аэропорту ачык акционердик коому; |
РАЭСЛА | - | "Ультролайт" республикалык өтө жеңил жана жеңил авиация ассоциациясы; |
Маммүлкфонд | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд. |