Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 460
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу, Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жободо:
2-пунктта:
- төртүнчү абзацтагы "вице-премьер-министри" деген сөз "биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Социалдык өнүгүү министрлигинин" деген сөздөр "Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алып салынсын;
алтынчы абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Товар өндүрүүчүлөрүнүн улуттук ассоциациясынын" деген сөздөр "Кыргызстан өндүрүшчүлөрдүн жана ишкерлердин бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
сегизинчи абзацтагы "борбордук башкармасынын" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрүнөн (макулдашуу боюнча);
- Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык коргоо коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнөн (макулдашуу боюнча).";
5-пункттун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлөөчү вице-премьер-министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пункттун биринчи абзацындагы "бир кварталда бир жолудан" деген сөздөр "жылына төрт жолудан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кеңештин чечиминин протоколу Кеңештин бардык мүчөлөрүнө чечим кабыл алынгандан кийин 15 күндөн кечиктирилбей жиберилет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |