Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-сентябры № 478
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
1-берене.
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи - он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис - жогорку билимге, иш тажрыйбасына, иштин конкреттүү жаатында көндүмдөргө жана жетишкендиктерге ээ болгон чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам, эгерде аны Кыргыз Республикасында эмгектенүүгө тартуу шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган критерийлерге шайкеш келсе;
Чет өлкөлүк адис - иш берүүчү тарабынан тартылган жана тиешелүү билимге, эмгектенүү үчүн зарыл квалификацияга ээ болгон чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
Чет өлкөлүк квалификациясы жок кызматкер - иш берүүчү тарабынан квалификация талап кылынбаган жумуштарды аткаруу үчүн тартылган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
Чет өлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык кызматы органы тарабынан берилген патенттин негизинде уюм түзбөстөн туруп жеке ишкердик кылган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.";
2) 6-статьясынын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 6-статьясынын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Иштегенге уруксат берилгендиги үчүн мамлекеттик алым алынат.";
4) 7-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар төмөнкүдөй шарттарда эмгектенишет:
- жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистер эмгек миграциясына берилүүчү квотадан тышкары иш берүүчүнүн арызы боюнча 3 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алышат;
- чет өлкөлүк адистер эмгек миграциясына берилүүчү квотанын чегинде иш берүүчүнүн арызы боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алышат, бул учурда, алардын саны бир чарба жүргүзүүчү субъектидеги кызматкерлердин жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш;
- квалификациясы жок чет өлкөлүк кызматкерлер эмгек миграциясына берилүүчү квотанын чегинде иш берүүчүнүн арызы боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алышат, бул учурда, алардын саны бир чарба жүргүзүүчү субъектидеги кызматкерлердин жалпы санынын 10 пайызынан ашпоого тийиш;
- чет өлкөлүк жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын салык кызматы органы тарабынан берилүүчү патенттин негизинде эмгек миграциясына берилүүчү квотанын чегинде жазган арызы боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алышат.";
5) 11-статьясынын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандарын республиканын чегинен тышкары ишке орноштуруу менен байланышкан иш жүргүзүү укугуна уруксат бергендиги үчүн жиберүүчүдөн мамлекеттик алым алынат.".
2-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
30-статьясындагы "жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 722-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статьясынын 4-пункту "жашап турууга укук берүү же аны узартуу үчүн;" деген сөздөрдөн кийин "чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга иштегенге уруксат берүү үчүн; Кыргыз Республикасынын жарандарын республиканын чегинен тышкары ишке орноштурууга байланышкан иш жүргүзүү укугуна уруксат бергендиги үчүн;" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти