Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө
1-берене.
Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдары Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгарылсын.
2-берене.
Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдары Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүлүп берилсин.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагынын жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын чек аралары схемалык картага ылайык бекитилсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-октябрындагы № 533 токтому менен жактырылган |
"Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Администрациялык аймактык таандыгы боюнча Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдары (Теңдик аймактык башкармалыгы) Таш-Көмүр шаарына карайт, анын жалпы аянты 2025 гектарды түзөт жана андагы 551 кожолукта 3715 адам жашайт.
Теңдик айылында төмөнкүлөр бар:
1. 38 мугалим иштеген 1 орто мектеп.
2. 4 киши иштеген ФАП.
3. Бала бакча (убактылуу иштебейт).
4. 3 тегирмен, уч киши иштейт.
5. Май куюучу станция, 4 киши иштейт.
6. 7 дүкөн, он киши иштейт.
Айылдын аянты 306 га, 359 кожолук бар.
Кудук-Сай айылында төмөнкүлөр бар:
1. Башталгыч мектеп, 7 мугалим иштейт.
2. Дүкөн, 1 киши иштейт.
3. Тегирмен, 1 киши иштейт.
Айылдын аянты 196 га, 156 кожолук бар.
Кашкулак-Сай, Чүйүт-Сай, Кызыл-Алма айылдарында ишканалар жана социалдык объекттер жок.
Кашкулак-Сай айылынын аянты 69 га, 57 кожолук бар.
Чүйүт-Сай айылынын аянты 98 га, 75 кожолук бар.
Кызыл-Алма айылынын аянты 183 га, 112 кожолук бар.
Калктын негизги бөлүгү дыйканчылык менен алектенет, Сугат жерлер насостук станциялар менен сугарылып, аларды Ноокен райондук суу чарба башкармалыгы тейлейт. Ушуларга байланыштуу, тургундардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде Теңдик аймактык башкармалыгын Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү маселеси жаралган.
Теңдик аймактык башкармалыгы 1984-жылга чейин Ноокен районунун карамагында турган. Кийин жаңы курулуп жаткан жарым өткөргүч материалдар заводунун жумушчуларын жашылча, жер-жемиштер менен камсыздоо максатында Таш-Көмүр шаарына өткөрүлгөн. Бирок заводдун курулушу токтоп калган соң, 1992-жылы жашоочулардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде кайрадан Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берилген. Андан кийин 1999-жылы кайрадан Таш-Көмүр шаарына кошулуп калган. Ошого байланыштуу азыркы мезгилде сугат суунун жетишсиздигинен элдин дыйканчылык иштеринде бир топ кыйынчылыктар пайда болууда. 200 гектардан ашуун жер пайдаланылбай калууда, дагы бир топ жерлер өздөштүрүлбөгөн бойдон турат. Маселенин оң жагына чечилиши сугат суу жана жайыт маселесин чечет. Бул болсо аталган аймактын социалдык-экономикалык абалынын чыңдалышына, ошондой эле жумушсуздуктун жана миграциянын кыскарышына өбөлгө түзмөкчү.
Теңдик аймактык башкармалыгын Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү маселеси "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жободо каралган эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссиянын 2016-жылдын 16-майындагы № 11-13 чечими менен жактырылган.