КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-февралы № 76
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35, 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомдорунун токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренесин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинен каражаттарын пайдалануу жөнүндө жободо:
- 3-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |