Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 109
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Акциздик маркаларды тийиштүү түрдө колдонууну жана акциз салыгынын мамлекеттик бюджетке түшүшүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө депозиттик төлөмдү колдонуунун жана башкаруунун убактылуу тартиби.";
- 3-пунктунда:
экинчи жана үчүнчү абзацтардагы "60" деген цифралар "70" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө акциздик маркаларды тиешелүү түрдө колдонууну камсыз кылуу үчүн импорттоочулар тарабынан салынуучу депозиттик төлөм алкоголдук продукциянын бир литри үчүн 5 (беш) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө бекитилсин. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү жылдын биринчи күнүнө карата колдонулган эсептик көрсөткүч негиз катары алынат.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө депозиттик төлөмдү колдонуунун жана башкаруунун убактылуу тартиби менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттогон салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына депозиттик төлөмдү салгандыгы жөнүндө квитанциянын түп нускасын жана көчүрмөсүн да, ошондой эле акциздик маркаларды максаттуу колдонуу жөнүндө милдеттенмени берет.".
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө депозиттик төлөмдү колдонуунун жана башкаруунун тартиби, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө акциздик маркаларды тиешелүү түрдө колдонууну камсыз кылуу үчүн импорттоочулар тарабынан салынуучу депозиттик төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле тургандыгы жөнүндө ченемди караштырган ченемдик укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана ал расмий жарыяланган айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө депозиттик төлөмдү колдонуунун жана башкаруунун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу тартип (мындан ары - Тартип) акциздик маркаларды тийиштүү түрдө колдонууну жана акциз салыгынын мамлекеттик бюджетке түшүшүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты жана депозиттик төлөмдү колдонууну жана башкарууну регламенттейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
1) депозиттик төлөм - Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды тиешелүү түрдө колдонууну камсыз кылуу үчүн салык төлөөчү тарабынан салынуучу алдын ала төлөм;
2) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден акциздик маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келген салык төлөөчү;
3) ыйгарым укуктуу салык органы - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы;
4) салык органдары - ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функционалдык бөлүмдөрү;
5) жеке карточка - ар бир импорттоочуга өз алдынча таризделүүчү, депозиттик төлөмдөрдүн түшүүсүн, бюджеттик эсепке которулушун жана кайтарылышын эсепке алуу системасынын негизги документи.
3. Ушул Тартипте пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр ушул Тартипте аныкталган мааниде колдонулат. Ушул Тартипте түшүндүрүүсү жок болгон учурда, терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же ЕАЭБ мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
4. Депозиттик төлөм төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) акциздик жыйым маркаларын алардын арналышына ылайык колдонууну;
2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында алкоголдук продукцияга чаптоо үчүн акциздик жыйым маркаларынын импортер тарабынан ташылып кетишин;
3) акциздик жыйым маркалары менен маркаланган алкоголдук продукцияны импорттоону;
4) импорттолгон алкоголдук продукция боюнча кыйыр салыктарды төлөөнү;
5) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик жыйым маркаларын тийиштүү түрдө пайдалануу жөнүндө импорттоочулардын отчетун берүүнү;
6) бузулган жана (же) колдонулбаган акциздик жыйым маркаларын импорттоочу тарабынан кайтарууну.
2. Депозиттик төлөмдү колдонуу
5. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келген салык төлөөчү акциздик маркаларды алууда берилүүчү документтерге кошумча ыйгарым укуктуу салык органына төмөнкүдөй документтерди берет:
1) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды максаттуу колдонуу жөнүндө милдеттенмени (мындан ары - милдеттенме);
2) милдеттенмени аткарууну камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акчалардын салынганын ырастоочу төлөм документин.
6. Милдеттенме ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген өлчөмдө акча каражаттарын салуу жолу менен камсыздалат.
7. Акчаларды депозиттик эсепке салуу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.
8. Ушул Тартипте көрсөтүлгөн документтер толук берилбесе, акциздик маркалар берилбейт.
9. Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү салык органдарында сакталат.
3. Депозиттик төлөмдү башкаруу
10. Маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоочу акциздик маркаларды алууга жана/же акциздик маркаларды чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго жөнөтүүгө чечим кабыл алынган айдан тартып 6 (алты) айдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу салык органына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды тиешелүү түрдө колдонуу жөнүндө отчетту (мындан ары - Отчет) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада, төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен берүүгө милдеттүү:
1) белгиленген тартипте салыктык катталган жери боюнча салык органы тарабынан ырасталган товарлардын ташылып келгени жана кыйыр салыктардын төлөнгөнү жөнүндө арыздын көчүрмөсүн;
2) импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктардын иш жүзүндө төлөнгөнүн ырастоочу банктын көчүрмөсүн жана (же) импорттолгон товарларга кыйыр салыктарды төлөө боюнча салыктык милдеттенменин аткарылганын ырастоочу, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган башка төлөм документин;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукциянын өтүүсүн ырастоочу товарды коштоочу документтердин көчүрмөлөрүн;
4) товарларды жүктөп жөнөтүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактураларынын көчүрмөлөрүн, эгерде аларды берүү (көчүрмөлөр) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында каралса;
5) алкоголдук продукцияны жеткирүүчүнү маркалануучу алкоголдук продукциянын өндүрүүчүсү же дүңүнөн сатуучусу катары каттоо жөнүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын документинин көчүрмөсүн;
6) алкоголдук продукциянын түрүн, аталышын, көлөмүн, ошондой эле акциздик маркалардын серияларын, номерлеринин диапазонун жана санын көрсөтүү менен импорттолуучу алкоголдук продукцияга чапталган акциздик маркалар жөнүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттин маркалануучу алкоголдук продукцияны өндүрүүчүсүнөн жетекчинин колу жана мөөрү коюлган маалымкаты.
11. Отчеттун бир нускасы ыйгарым укуктуу салык органында калат, экинчи нускасы импорттоочуга же анын өкүлүнө берилет (жиберилет).
12. Ыйгарым укуктуу салык органы импорттоочу тарабынан депозиттик эсепке салынган акча каражаттары боюнча милдеттенменин аткарылышын контролдойт жана эсепке алат. Импорттоочу тарабынан салынган акча каражаттарын эсепке алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы милдеттенмени аткаруу суммалары боюнча жеке карточкаларды (мындан ары - жеке карточка) жүргүзөт.
13. Жеке карточка төмөнкүлөр үчүн арналган:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган акча каражаттарын эсепке алуу;
2) ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебинен импорттоочулардын аткарылбаган милдеттенмелери боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешесине депозиттик төлөмдүн суммаларын өз убагында чегерүү;
3) ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган акча каражаттарын салык төлөөчүнүн аткарылган милдеттенмелери боюнча банктык эсептерине же башка милдеттенмесинин эсебине кайтаруу (чегерүү).
14. Депозиттик төлөмдөр боюнча жеке карточка алынган милдеттенменин негизинде ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик алдынча ачылат.
15. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан төлөм документтеринин реестри жүргүзүлөт, мында салык төлөөчү депозиттик эсепке салган депозиттик төлөмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт.
16. Жеке карточканы ачууга ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салык төлөөчү тарабынан акча каражаттарынын салынышы негиз болот.
17. Депозиттик төлөмдөр боюнча жеке карточка ар бир календардык жылга ачылат. Каражаттардын калдыгы кийинки жылга которулат. Салык төлөөчү үчүн депозиттик төлөмдөр боюнча жеке карточканы ачууда милдеттүү түрдө төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:
- салык төлөөчүнүн толук аталышы;
- салык төлөөчүнүн ИНН;
- юридикалык дареги.
18. Депозиттик төлөм ыйгарым укуктуу салык органына депозиттик төлөмдү кайтаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берилгенден кийин 30 (отуз) календарлык күндөн кечиктирбей импорттоочуга төмөнкү шартта кайтарылууга тийиш:
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды тийиштүү түрдө колдонуу жөнүндө тиешелүү отчет берилгенде;
- кыйыр салыктар боюнча салык карыздары жок болгондо.
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө депозиттик төлөмдү колдонуунун жана башкаруунун убактылуу тартибинин 1-тиркемеси |
Форма
|
| ______________________________________ (салык органы) ______________________________________ (салык органынын жетекчисинин аты-жөнү) Каттоо № ____ ____-жылдын __ _____________ (салык органы толтурат) |
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды максаттуу колдонуу жөнүндө МИЛДЕТТЕНМЕ
__________________________________________________________________________ (импорттоочунун аталышы, ИНН, юридикалык дареги, банк реквизиттери) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө депозиттик төлөмдү колдонуунун жана башкаруунун убактылуу тартибине ылайык акциздик маркаларды алардын багыты боюнча пайдаланууга, милдеттенмени камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын которууга, алкоголдук продукцияга чаптоо үчүн акциздик маркаларды Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып кетүүгө, акциздик маркалар менен маркаланган алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына белгиленген тартипте ташып келүүгө жана аны багытталган жерине чейин жеткирүүгө, бузулган жана (же) колдонулбаган акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу салык органына кайтарып берүүгө, импорттолгон алкоголдук продукция боюнча кыйыр салыктарды төлөөгө, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды тийиштүү пайдалануу жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу салык органына белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттенет.
Жогоруда аталган иш-аракеттер аткарылбаган учурда, ушул Милдеттенменин алкагында депозиттин суммасы болуп саналган акча каражаттары ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мамлекеттик бюджеттин кирешесине которулат.
____-жылдын "__" ____________
Жетекчи |
| ___________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
Башкы бухгалтер |
| ___________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
М.О.
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө депозиттик төлөмдү колдонуунун жана башкаруунун убактылуу тартибинин 2-тиркемеси |
Форма
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды тийиштүү түрдө колдонуу жөнүндө ОТЧЕТ
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
(маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүчү (импорттоочу) импорттоочунун аталышы, ИИН жана жайгашкан жери)
№ | Акциздик маркаларды алууга/чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго акциздик маркаларды жөнөтүүгө чечимдин номери | Акциздик маркаларды алууга/чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго акциздик маркаларды жөнөтүүгө чечимдин датасы | Алкоголдук продукциянын түрү | Акциздик маркалар колдонулган алкоголдук продукциянын аталышы | Алкоголдук продукциянын сыйымдуулугу | Берилген акциздик маркалар | Алкоголдук продукцияны маркалоо үчүн колдонулган акциздик маркалар | Ыйгарым укуктуу салык органына кайтарылган бузулган жана (же) колдонулбаган акциздик маркалар | ||||
акциздик маркалардын номерлеринин тиби жана диапазону | саны (даана) | салык органы тарабынан ырасталган товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды | номерлердин сериясы жана диапазону | саны (даана) | номерлердин сериясы жана диапазону | саны (даана) | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
| төлөө жөнүндө арыз |
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
| № | дата |
|
|
|
|
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
| х | х | х |
| х |
| ||||||
Бардыгы ______ даана акциздик маркалар берилген,
анын ичинде:
маркалоо үчүн _____ даана колдонулган;
_____ даана кайтарылган;
_____ даана калдык.
Отчетко тиркеме _____ баракта.
Жетекчи | __________________________________ (аты-жөнү) | __________________ (колу) |
Башкы бухгалтер (болсо) | __________________________________ (аты-жөнү) | __________________ (колу) |
М.О.