Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-марты № 147
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө жободо:
- 2-пунктунда:
экинчи абзацы "региондук органдары" деген сөздөрдөн кийин "жана ведомстволук мекемелери" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Социалдык фонддун региондук органдары жана ведомстволук мекемелери Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык түзүлөт, кайра уюштурулат жана ишин токтотот, Ведомстволук мекемелеринин жана региондук органдарынын ишин Социалдык фонд белгиленген тартипте контролдойт.";
- 5-пунктунун үчүнчү абзацындагы "жана толук көлөмдө" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пунктунун жыйырманчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эл аралык кызматташууга, эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашырууга белгиленген тартипте катышууга;";
- 7-пунктунда:
бешинчи абзацы "пенсияларды" деген сөздөн кийин ", пенсиялык топтомо каражаттарын" деген сөздөр менен толукталсын;
жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- камсыздандырылган адамдардын пенсиялык активдерин анын арызы боюнча топтомо пенсиялык фонддорго жиберүүгө;
- пенсиялык топтомо каражаттарынан пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөөгө;";
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандыруучулардын даттанууларын кароого.";
- 8-пунктунда;
экинчи абзацында "топтомо бөлүккө түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү" деген сөздөр "Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондго түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү жана пенсиялык топтомо каражаттарын инвестициялоо боюнча операциялардан алынган инвестициялык киреше" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук эмес которгондугу үчүн туумдардан, айып акылардан жана пайыздардан;";
он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Социалдык фондго ыкчам башкаруу укугунда таандык болгон мүлктү ижарага берүүдөн алынган кирешелерден, толук көлөмдө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка түшүүлөрдөн.";
- 11-пунктунун биринчи абзацы "салыктык" деген сөздөн кийин ", салыктык эмес төлөмдөр" деген сөздөр менен толукталсын;
- 20-пунктунун бешинчи абзацындагы "мыйзамдардын" деген сөз "ченемдик укуктук актылардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |