Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-апрели № 209
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматты андан ары өнүктүрүү, министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кырсыктарга, кыйроолорго, өрт кырсыгына, табигый кырсыктарга, табигый жана техногендик мүнөздөгү башка өзгөчө кырдаалдарга өз убагында чара көрүүсүн уюштуруу боюнча туруктуу иштөөчү нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматтардын ишин өркүндөтүү, калк менен болгон байланышты камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын тизмесин бекитүү жана 2011-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин бөлүктөрүнүн базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы "2011-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин бөлүктөрүнүн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги":
- 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматы аркылуу оперативдүү кызматтарды чакырууну камсыздоо системасын Кыргыз Республикасынын бардык аймагына андан ары этап-этабы менен киргизүүнү улантсын;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызмат жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча "Өрт коопсуздугу боюнча агенттиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча "директор" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "жетекчилик" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону камсыздоонун зарылдыгы жөнүндө кайрылуулар;";
- 18, 19 жана 21-пунттардагы "Өрт коопсуздугу боюнча агенттиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын экстрендик кызматтарды чакыруу системасына кирген, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдүү кызматтарынын тизмесинде:
- 1-1-позиция төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1-1 | 101 | Өрттөн куткаруу кызматы | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистүү кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистүү кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жободо:
- 4-пункттагы "юридикалык жак болуп эсептелет" деген сөздөр "юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында калкты маалымдоонун жана кабарлоонун жалпы мамлекеттик комплекстүү системасынын ишин координациялоо;".
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |