Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 январындагы № 3 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо мииистрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун уставы
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институту (мындан ары - Институт) калыбына келтирүүчү (реабилитациялык) медицина, курортология, физиотерапия менен спорттук медицина жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоонун үчүнчү деңгээлдеги мамлекеттик дарылоо - алдын алуучу жана илим-изилдөөчү уюму болуп эсептелет.
2. Институттун уюштуруу укуктук формасы - мекеме.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Өзүнүн иш-аракетинде институт Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы улуттук жана мамлекеттик программаларын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктары менен көрсөтмөлөрүн, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Институттун иш-аракети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте аккредитацияланат.
6. Институт финансы-чарбалык, укуктук өз алдынчалыкка ээ, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-насыялык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мөөрү, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган бурчмөөрү (штамп) бар юридикалык жак болуп эсептелет.
7. Институт мүлктү өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн ыкчам башкаруу укугунда пайдаланат, Институт аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Институт жарандык мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктар менен милдеттерге ээ.
9. Институт дарылоо-алдын алуу, илимий-изилдөө, билим берүү ишин жүргүзүүдө түздөн-түз Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги, башка мамлекеттик, жеке менчик түзүмдөр, илимий жана коммерциялык эмес уюмдар менен иштейт, ошондой эле башка өлкөлөрдүн илимий-практикалык мекемелери менен өз ара байланышта болот.
10. Институттун юридикалык дареги: 722165, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы, Больничный көчөсү, 23.
11. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институту";
- расмий тилде - "Кыргызский научно-исследовательский институт курортологии и восстановительного лечения при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики";
кыскартылган аталыштары:
- мамлекеттик тилде - ККжККДИИИ;
- расмий тилде - КНИИКиВЛ.
2. Институттун максаты жана милдеттери
12. Институттун максаты элге сапаттуу дарылоо-алдын алуу жардамын көрсөтүү, ошондой эле ушул Уставга ылайык Институттун багыты боюнча илимий-изилдөө жана билим берүү ишин жүргүзүү болуп саналат.
13. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- калыбына келтирүүчү медицина, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жаатында жана медицинанын чектеш тармактарында калкка адистештирилген жогорку квалификациялуу реабилитациялык, физиотерапиялык жардам көрсөтүү;
- калыбына келтирүүчү медицина, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жаатында жана медицинанын чектеш тармактарында далилдүү медицинанын принциптерин колдонуу менен саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программасы менен аныкталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- калыбына келтирүүчү медицина, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жаатында жана медицинанын чектеш тармактары боюнча негиздүү жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- инновациялык технологияларды түзүү жана илим сыйымдуу өндүрүштү колдоо;
- Институттун багыты боюнча медициналык илимди өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын аныктоо жана иштеп чыгуу, Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу максаттарына ылайык изилдөөлөрдү координациялоо жана божомолдоо;
- Кыргызстандын табигый дарылоочу байлыктарын туура пайдаланууга мониторинг жүргүзүү жана сергек жашоо мүнөзүн үгүттөө;
- калыбына келтирүүчү медицина, курортология, физиотерапия жана спорттук медицина боюнча кадрларды, анын ичинде чет өлкөлөрдө даярдоо жана кайра даярдоо;
- курорттук жана калыбына келтирүүчү медицинанын илимий кызматкерлеринин, дарыгерлеринин, медайымдарынын жана башка адистеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу-методикалык иштер, санаторий-курорттук мекемелерге уюштуруу-методикалык жардам көрсөтүү;
- калыбына келтирүүчү медицина жана курортология маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
- изилдөөчүлөр үчүн жумуш орундарын түзүү жана жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
3. Институттун функциялары
14. Институт өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- институттун ишинин багыты боюнча дарт аныктоону жүргүзөт жана калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу, жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтөт;
- калыбына келтирүүчү медицина, курортология, физиотерапия, спорттук медицина боюнча, ошондой эле медицинанын чектеш тармактарында саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программаларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
- калыбына келтирүүчү медицина, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жана медицинанын чектеш тармактары боюнча программалар менен изилдөөлөрдүн жыйынтыгын баалоочу эксперттик комиссиялардын иштерине катышат;
- Институттун багыты боюнча илимий-практикалык кадрларды даярдоого катышат;
- изилдөөлөрдүн багыттары жана практикалык иштер боюнча региондук маалымат банкын түзөт;
- калктын саламаттыгын сактоонун мамлекеттик программаларына ылайык келишимдик негизде тапшырыктарды аткарат;
- калыбына келтирүүчү медицина, курортология, физиотерапия, спорттук медицина боюнча, ошондой эле медицинанын чектеш тармактарында илимий изилдөөлөрдү координациялайт;
- Билим жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары менен билим берүүнү, илимди, практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча талдоо жүргүзүлгөн маалымкаттарды, сунуштамаларды даярдайт;
- калыбына келтирүүчү медицина, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жана медицинанын чектеш тармактары боюнча адистерди окутууну, анын ичинде дипломдон кийинки окутууну бюджеттик, ошондой эле акы телөнүүчү негизде адистиги боюнча иштөө укугуна тастыктама берүү менен жүргүзөт;
- биргелешип иш аткарган мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтөт, аларды илимий изилдөө иштерин аткарууга тартат;
- Институттун багыты боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын эл аралык илимий байланыштарын өнүктүрөт, кызматташууну жана маалымат алмашууну, адистерди өз ара жиберишүүнү жүргүзөт;
- Институттун багыты боюнча съезддерди, конгресстерди, симпозиумдарды, илимий сессияларды, жумушчу кеңешмелерди, семинарларды уюштурат жана өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иш-аракеттин башка түрлөрүн жүргүзөт.
4. Институттун укуктары жана милдеттери
15. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул Уставга ылайык иш жүргүзүүгө;
- саламаттык сактоо боюнча улуттук жана мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууга;
- өзүнүн илимий-изилдөө, дарылоо-алдын алуу, билим берүү жана инновациялык иштеринин багыттарын аныктоого;
- мамлекеттик жана жеке уюмдар менен медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө, иштерди аткарууга келишимдерди түзүүгө;
- белгиленген тартипте ассоциацияларга, союздарга, анын ичинде эл аралык, кирүүгө;
- илимий-изилдөөлөрдү каржылоочу сынактарга катышууга;
- Институттун багыты боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- медициналык-санитардык жардам сурап кайрылган жарандардан алардын ден-соолугунун абалы, медициналык ишти алып барган башка адамдар жүргүзгөн дарылоонун натыйжасы жөнүндө керектүү маалымат алууга;
- белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү, оору баянынан көчүрмө, маалымкат, эксперттик корутунду берүүгө;
- өзүнчө милдеттерди чечүү же Институттун тематикасы менен байланышкан иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илим-изилдөө топторун (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөр менен) түзүүгө;
- Институт үчүн каралган саламаттык сактоонун бириккен бюджетинин каражаттары боюнча чыгашалардын сметасын иштеп чыгууга жана аткарууга;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык саламаттык сактоо жаатындагы программаларды аткаруу үчүн зарыл болгон дары каражаттарды жана чыгымдалуучу материалдарды, медициналык жабдууларды сатып алууга;
- борборлоштурулган түрдө республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынган, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам түрүндө түшкөн дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды Институттун багыты боюнча оорулууларды дарылоо үчүн алууга;
- Институттун багыты боюнча илимий изилдөөлөрдү, дарт аныктоонун жана ооруларды дарылоонун заманбап деңгээлин колдоо, илимий кадрларды даярдоо, Институттун кызматкерлерин социалдык жактан коргоо жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында чарбалык иш-аракет жүргүзүүгө, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө жана алынган кирешени пайдаланууга;
- Саламаттык сактоо министрлигине Институттун филиалдарын, илим-изилдөө, консультациялык, дарылап-дарт аныктоочу бөлүмдөрдү түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- Институттун медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга.
16. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Институттун багыты боюнча зарыл болгон көлөмдө жеткиликтүү, өз убагында, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктиргис медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
- экстремалдуу шарттарда (эпидемиялар, өзгөчө кырдаалдар, аскердик абал, табигый кырсыктар, барууга кыйын жана кооптуу шарттарда иштөө) иштөөгө даяр болууга;
- санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
- саламаттык сактоонун чектеш кызматтары менен өз ара аракетти камсыз кылууга;
- жашоонун сергек мүнөзүн жана калкты санитардык-гигиеналык тарбиялоого үгүттөөгө;
- студенттерди практикалык окутуу, келишимдик негизде медициналык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик атайын окуу жайлары менен өз ара аракетти уюштурууга;
- мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча бюджеттик каражаттардын кыймылынын казыналык жол-жоболорунун регламентин сактоого жана отчет берүүгө;
- саламаттык сактоо уюмдары үчүн бекитилген тартипке ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин уюштурууну, координациялоону жана контролдоону жүргүзүүгө;
- саламаттык сактоо жана илимий тутумдарды башкаруунун жогору турган органдарынын чечимдерин аткарууга;
- бекитилген отчеттуулуктун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берип турууга.
5. Институттун жоопкерчилиги
17. Институт Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Институттун түзүмү
18. Институттун түзүмү Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча окумуштуулар кеңешинин чечими менен анын директору тарабынан бекитилет.
19. Институттун түзүмүнө окумуштуулар кеңеши, административдик башкарүу персоналы, илимий, клиникалык жана көмөкчү бөлүмдөр кирет.
20. Институттун "Медициналык-реабилитациялык борбор" филиалы бар, ал төмөнкү даректе жайгашкан: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 161.
21. Максаттуу программаларды жана тапшырмаларды аткаруу үчүн Институтта бөлүнгөн каражаттын чегинде кошумча түзүмдүк бөлүнүштөр (бөлүмчөлөр, лабораториялар, бөлүмдөр) же изилдөөчүлүк топтор, ошондой эле илим-изилдөөчүлүк бөлүнүштөр, анын ичинде чет өлкөлүк адистердин катышуусу менен түзүлүшү мүмкүн.
7. Институтту башкаруу
22. Институтту директор жетектейт.
23. Институттун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Институттун директорунун кызматына талапкерлерди сунуштоо анын илимий жана башка түзүмдүк бөлүнүштөрү тарабынан же өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жүргүзүлөт.
Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
Институттун Окумуштуулар кеңеши тарабынан Институттун директорун шайлоо боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) түзүлөт.
Уюштуруу комитетинин иши Институттун Окумуштуулар кеңеши бекиткен регламентке ылайык ишке ашырылат.
Шайлоо эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн тизмелик курамынын үчтөн экисинен кем эмесинин катышуусунда жашырын добуш менен жүргүзүлөт.
Директордун кызматына талапкер, эгерде ал үчүн Институттун эмгек жамаатынын тизмелик курамынын жарымынан көбү добуш берсе, ал шайланган деп эсептелет.
Эгерде талапкерлердин ичинен бирөө да эмгек жамаатынын курамынын жалпы тизмесинин көпчүлүк добушун ала албаса, анда добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Экинчи турдун бюллетенине биринчи турда эң көп сандагы добуш алган эки талапкер киргизилет. Добуш берүүнүн экинчи туру да ошол эле күнү Институттун чогулушунда жүргүзүлөт.
Эгерде талапкерлердин ичинен бирөө да талап кылынган көпчүлүк добушка ээ болбосо, анда отуз календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө жаңы шайлоо өткөрүлөт.
Шайланган директор саламаттык сактоо министринин сунушу жана билим берүү жана илим министринин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен кызматка бекитилет.
25. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
26. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси Институттун директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну Институттун директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Институттун директору:
- өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын жана нускамаларын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат;
- жеке башкаруу принцибинде Институтту башкарат, Институттун максаттарын, милдеттери менен функцияларын турмушка ашыруу, финансылык тартиптин сакталышы, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тууралыгы, Институттун оперативдүү башкаруусундагы мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын, Институттун кызматкерлеринин эмгектик укуктарынын сакталышы, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы, аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Институттун айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик таасир берүү чараларын көрөт;
- финансылык каражаттарды тескейт;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- Институттун милдеттерин, функцияларын жана милдеттенмелерин аткарууга жеке жоопкерчилик тартат.
28. Институттун Директорунун илимий иштер боюнча орун басары Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча, клиникалык иштер боюнча орун басары - Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык ишке ашырышат. Институттун жетекчисинин орун басарлары менен түзүлгөн эмгек келишиминин аяктоо мөөнөтү Институттун жетекчисинин ыйгарым укуктарынын аяктоо мөөнөтүнө туура келет.
29. Институттун кызмат адамдары мыйзамдарды жана ушул Уставды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Институттун Окумуштуулар кеңеши
30. Институттун Окумуштуулар кеңеши Институттун сунуш берүүчү коомдук-кесиптик органы болуп эсептелет. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү илимий кызматкерлердин, жогорку медициналык, фармацевттик жана биологиялык билими бар адистердин жана Институттун директорунун сунушу боюнча административдик башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда, жашыруун добуш берүү менен, 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Окумуштуулар кеңешинин курамына Институтта иштебеген көрүнүктүү илимпоздор жана адистер, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
31. Эгерде жыйынга анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, Окумуштуулар кеңеши чечим кабыл алууга укуктуу. Эгерде Окумуштуулар кеңешинин чечимине Окумуштуулар кеңешинин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
32. Окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп Институттун директору саналат.
9. Институттун каржылоо булактары жана материалдык жактан камсыздалышы
33. Институттун ишин каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- атайын каражаттар;
- эл аралык уюмдардын гранттары;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрү жана салымдары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
34. Институттун ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
10. Институттун ишин токтотуу жана кайра уюштуруу
35. Институттун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюлганда токтотулушу мүмкүн.
Институтту кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Жоюлгандан кийин Институттун документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.