Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2017-жылдын 26-апрели № 242

Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-июнундагы № 309, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 172,  2025-жылдын 30-сентябрындагы № 624 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу максатында, ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Сый акынын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:

- шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө жана ишке тартылган операторлорго 1-тиркемеге ылайык;

- округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө 2-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2016-жылдын декабры үчүн аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акыларды төлөөгө 58,6 млн. сом суммасында акча каражатын бөлсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 16-майында № 59 жарыяланды

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

 

 

 

 

1-тиркеме

Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө жана ишке тартылган операторлорго сый акынын өлчөмдөрү

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 624 токтомунун редакциясына ылайык)

№

Аталышы

Сый акылардын өлчɵмдөрү (сом менен)

Тɵлɵɵ

мɵɵнɵтү

1

Аймактык шайлоо комиссиясынын тɵрагасы

8 000

Ай сайын

2

Аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы

6 000

Ай сайын

3

Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчɵсү

4 000

Ай сайын

4

Участкалык шайлоо комиссиясынын тɵрагасы

6 000

Ай сайын

5

Участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы

5 000

Ай сайын

6

Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчɵсү

3 000

Ай сайын

7

Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчɵсү (автоматтык эсептɵɵчү урналардын оператору)

4 000

Ай сайын

8

Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчɵсү (шайлоолорду жана референдумдарды ɵткɵрүү мезгилинде жарандарды идентификациялоо боюнча жабдуунун оператору)

4 000

Ай сайын

9

Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү мезгилине жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу ишке тартылган операторлор (участкалык шайлоо комиссиялары үчүн)

4 000

Иштөө мезгилинде

 

 

 

2-тиркеме

Округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 624 токтомунун редакциясына ылайык)

 

№

Аталышы

Сый акылардын өлчɵмдөрү (сом менен)

Тɵлɵɵ мɵɵнɵтү

1

Округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы

10 000

Ай сайын

2

Округдук шайлоо комиссиясынын катчысы

7 000

Ай сайын

3

Округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү

5 000

Ай сайын