Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 809 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 4-августу № 106
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Аткаруу бийлигинин органдарынын системасындагы өзгөртүп түзүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 6-августундагы № 85 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |
|
| Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин өкүлү, Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын жооптуу катчысы.".
|
|