Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 855 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 4-апрели N 123
Капиталдык салымдарды каржылоого республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарды пайдаланууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы N 652 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө жободо
бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-пункт "катышуусу менен" деген сөздөн мурда ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункттагы "Тизмени бекитет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макулдашууга берет" деген сөздөр "Тизмени Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине макулдашууга берет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тизмени макулдашкандан кийин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен Тизмени макулдашкандан кийин бекитет жана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15-пунктта:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашылган Тизме" деген сөздөр "Бекитилген тизме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тизмесинен чыгарылып салынууга тийиш" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тизмесинен чыгарылып салынууга тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министри | И. Чудинов |