Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтому менен бекитилген |
Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөгө кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөгө кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөгө (мындан ары - "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсү) кайрылуунун жана аны чектөөнүн тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жобонун аракети "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн алуу үчүн кайрылган жарандарга, ошондой эле "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсү чектелген жарандарга жайылтылат.
2-глава. "Балага сүйүнчү" жөлөкпулун чектөө үчүн кайрылуунун тартиби
3. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө жөнүндө арыз "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүнө укугу бар адамдын иш жүзүндө жашаган жери боюнча социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аймактык органга (мындан ары - аймактык орган) берилет.
Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө жөнүндө арыз социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
4. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө үчүн жаңы төрөлгөн баланын ата-энесинин бири (багып алгандар, камкорчу) кайрыла алат. Мында, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсү чектеле турган баланын ата-энеси (багып алгандар, камкорчу) чогуу жашабаса, анда бала менен чогуу жашаган ата-энесинин (багып алгандар, камкорчу) бири иш жүзүндө жашаган жери боюнча арыз берет.
Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсү чектеле турган адамдын иш жүзүндө жашаган жери арыз ээсинин айтканы боюнча жазылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ата-энелери (багып алгандар, камкорчу) ооруп же жөндүү себеп менен иш жүзүндө жашап жаткан жеринен тышкары убактылуу чыккан учурда жарандык мыйзамдарга ылайык таризделген ишеним катты берген ишенимдүү адамы "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө жөнүндө арыз бериши мүмкүн.
6. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөөгө кайрылган учурда арыз жазган адам менен аңгемелешүү жүргүзүлүп, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби, ошондой эле "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө үчүн берилүүгө тийиш болгон документтер жөнүндө түшүндүрүлөт. Бул учурда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасынын (мындан ары - СЖКМС) тиешелүү эсепке алуу журналында арыз ээси арыз катталат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
7. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө үчүн кайрылуу күнү болуп "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө жөнүндө арыз ушул Жобонун 8-тиркемесинде аталган бардык документтер менен бирге кабыл алынган күн эсептелет.
8. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө үчүн кайрылууга укугу бар адамдарда, ошондой эле "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектелип жаткан адамдарда идентификациялык жеке номери болушу керек жана арызга төмөнкү документтерди тиркөөгө тийиш:
- арыз жазган адамдын паспортунун көчүрмөсү;
- баланын (балдардын) туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Арызга кошумча төмөнкү документтер тиркелиши керек, эгерде:
- "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсү үчүн кайрылман же анын үй-бүлө мүчөлөрү кайрылса - кайрылмандын күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- камкорчу тарабынан арыз берилсе - балага камкорчуну дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- асырап алган адам тарабынан арыз берилсе - асырап алгандыгы жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- арыз ишенимдүү адам тарабынан берилсе - жарандык мыйзамдарга ылайык таризделген ишеним кат;
- арыз жазган адамдын маалыматтары баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөгү маалыматтары менен дал келбесе - никеге туруу/ажырашуу тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөсү;
- "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн алуучунун банктык эсебине которууда - банктын реквизиттери;
- эгерде жөлөкпул берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген чет өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жаткан жарандары "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсү үчүн кайрылса - жашап туруу укугунун көчүрмөсү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Эгерде арызга ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн баардык керектүү документтер тиркелбесе, документтер талаптагыдай эмес таризделсе (коюлган кол жана/же мөөрү жок, оңдоолор болсо, документти окуганга мүмкүн болбосо), анда арыз берүүчүгө кайсыл документтер ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык кошумча берилиши керек экендиги маалымдалат.
10. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө үчүн ушул Жобонун 8-пунктунда каралган бардык документтер болгон учурда ыйгарым укуктуу аймактык органдын адиси СЖКМСда электрондук арызды толтурат, ал кайрылуу ээсине берүү жана кол коюу үчүн кагазга чыгарылат, арыздын тиешелүү графасына арызды алгандыгы жөнүндө өзүнүн колун коёт жана "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөөгө арызды алгандыгы жөнүндө арызды алган датасын көрсөтүп, кол коюп ырастоо менен айрыма тилкат - билдирүүнү кайрылуу ээсине берет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө тартиби
11. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө жөнүндө кайрылуу ээсинен документтерди кабыл алгандан кийин аймактык органдын адиси ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн арыз жана документтер көктөлгөн делону түзөт. Ар бир арызга бир дело түзүлөт.
12. Арыз кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде дело социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча СЖКМСнын маалымат базасынын эсепке алуу журналында катталат жана документтер менен бирге кайрылуу ээси жөнүндө маалымат социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте СЖКМСнын маалымат базасына (электрондук дело) киргизилет.
13. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө жөнүндө чечим "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө же чектөө жөнүндө арыз берүү фактысы кайрылуу ээсинде болбогондугу тууралуу СЖКМСдан түшкөн суроо-талапка маалымат алынгандан кийин гана кабыл алынат.
14. Эгерде СЖКМСга суроо-талап жиберүү аркылуу кайрылуу ээсине "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсү мурда эле чектелгени же буга чейин "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө жөнүндө арыз менен башка жашаган жери боюнча кайрылганы аныкталса жана бул факты жөнүндө маалымдабаса, анда ушул кайрылган жеринен жөлөкпул чектөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
15. Кайрылуу ээси "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөөдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде:
- берилген документтер жасалма экендиги аныкталса;
- эркиндигинен ажыратылган жайларындагы аялдын төрөлгөн баласына "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүнөн тышкары, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсү чектеле турган бала толук мамлекеттин камсыздалуусунда турса.
16. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө же чектөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим арыз келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
17. Кабыл алынган чечим жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен кайрылуу ээсине жазуу жүзүндө билдирүү же электрондук почта же уюлдук байланыш менен кабарлоо аркылуу маалымдалат.
"Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө же чектөөдөн баш тартуу жөнүндө арыз ээсине кабарлоо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
18. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө же чектөөдөн баш тартуу жөнүндө бардык билдирүүлөр СЖКМСда түзүлөт жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча "Мамлекеттик жөлөкпулду чектөө же баш тартуу жөнүндө билдирүүлөрдү каттоо журналына" жазылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
19. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөө СЖКМС аркылуу автоматтык режимде жүргүзүлөт жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча мамлекеттик жөлөкпул чектөө жөнүндө протокол менен таризделет. Мамлекеттик жөлөкпул чектөө жөнүндө протокол СЖКМСтен кагазга чыгарылат жана ага кол коюлгандан, жооптуу адамдар бекиткенден жана төлөөгө документтер даярдалгандан кийин алуучунун өздүк делосуна көктөлөт.
20. Бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда жашаган адамдарга "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүнүн өлчөмү райондук коэффициенттерди эсепке албастан эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
21. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсү 2018-жылы жана андан кийинки жылдарда жаңы төрөлгөн ар бир балага (анын ичинде эки же андан көп эгиздер төрөлгөндө), асырап алган балага, камкордукка алынган балага, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жайларындагы аялдан төрөлгөн балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсү үчүн кайрылуу бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдан кеч эмес берилген учурда чектелет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
22. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсү төмөнкү балдарга чектелбейт:
- төрөлгөн жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге тарбиялоого берилген балдарга;
- төлөөнүн ушул түрүнө кайрылган күнгө чейин чарчап калган балдарга.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Эркиндигинен ажыратылган жайлардагы аялдын "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсүн чектөөгө өз алдынча кайрылууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, жөлөкпул мыйзамдарда белгиленген тартипте таризделген түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан берилген ишеним катты көрсөткөн ишенимдүү адамдын кайрылуусунун негизинде чектелиши мүмкүн.
24. "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөөсү эки жана андан көп балага чектелиши керек болгон учурда, аны чектөө бардык жаңы төрөлгөн балдарга чектелген бир жолку төлөөнүн жалпы суммасы көрсөтүлгөн бир протокол менен таризделет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөгө кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(каттоо номери)
|
| ____________________________________________ райондун (шаардын) аталышы социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги ____________________________________________ аты-жөнү |
Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөнү чектөө жөнүндө АРЫЗ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөгө кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөгө кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)