Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-апрели № 211
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация чектөө үчүн маалыматтар менен электрондук түрдө алмашууну караштырган өз ара аракеттенүү жөнүндө эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашууларды түзсүн:
- 2018-жылдын 1-июлуна чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен;
- 2020-жылдын 1-июлуна чейин - ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Тиркеме
Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды чектөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды чектөөнүн тартибин карайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен чектелген жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды берүү маселелери боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык макулдашууларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына колдонулат.
2-глава. Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация алуу укугу
3. Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияга (мындан ары - ай сайынкы компенсация) жарандардын айрым категориялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгы менен белгиленген өлчөмдөрдө укуктуу.
4. Ай сайынкы компенсация алуучулардын ар бир категориясы үчүн компенсация алуучунун жашаган жерине (шаар - айыл) карабастан ай сайынкы компенсациянын бирдиктүү өлчөмү өзгөрүлбөгөн өлчөмдө белгиленген.
5. Ай сайынкы компенсация карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу) мекемелерде жашаган ай сайынкы компенсацияга укуктуу адамдарга толук көлөмдө төлөнөт.
6. Бир нече негиз боюнча ай сайынкы компенсацияга укуктуу адамдарга ай сайынкы компенсация алуу үчүн бир гана негизди тандоо укугу берилет.
7. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардан сырткары, көрүүсү боюнча III топтогу жана "жалпы оорудан" көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар (көрүүсү, угуусу боюнча) ай сайынкы компенсацияга укуктуу эмес.
8. Эгерде ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн категориядагы жарандар социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө (мындан ары - аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү) 2013-жылдын 21-майына чейинки мезгилде эсепте турган болсо, анда алардын ай сайынкы компенсация алуу укугу төмөнкүлөр үчүн сакталат:
- көрүүсү боюнча III топтогу жана "жалпы оорудан" көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - майыптыктын мөөнөтү аяктаганга чейин;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар (көрүүсү жана угуусу боюнча) - 18 жашка толгонго чейин.
3-глава. Ай сайынкы компенсация чектөө үчүн керектүү документтер
9. Ай сайынкы компенсацияны алгач ирет чектөө үчүн арыз берүүчү жашаган жери боюнча аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча арыз менен кайрылат.
Арыз ээсинин статусуна карабастан арызга колдонуу мөөнөтү жарактуу болгон төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын же КМШ өлкөлөрүнүн биринин жаранынын паспорту;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын келген жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - калкты каттоо аймактык бөлүмдөрү) тарабынан берилген убактылуу каттоосу жөнүндө маалымкат (эгерде жаран катталган жери боюнча жашабаса);
- арыз берүүчү КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны болуп эсептелген учурда туруктуу жашап туруу укугу.
10. Арызга кошумча ушул Жобонун тиркемесине ылайык ай сайынкы компенсация алуучунун статусун ырастоочу негизги документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
Арыз берүүчү ай сайынкы компенсация чектөө үчүн анын же анын үй-бүлө мүчөсүнүн майыптык тобун ырастоо талап кылынган жарандардын категориясына таандык болгон учурда аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү арыз берүүчүнүн же анын үй-бүлө мүчөсүнүн майыптыгы, майыптык мөөнөтү жөнүндө ырастоочу документтерди Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы аркылуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалыматтар базасынын жардамы менен өз алдынча чогултат. Майыптык жөнүндө ырастоочу документ алуучунун өздүк делосуна тиркелет.
11. Документтердин көчүрмөлөрү милдеттүү түрдө алардын түп нускалары менен салыштырылат жана аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүндө виза коюлат, аларды идентификациялоо фактысын (түп нуска менен шайкештигин) ырастап, аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
12. Ай сайынкы компенсация чектөөгө берилген арыз аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүндө алуучунун статусун ырастоочу ай сайынкы компенсация алуу укугу жөнүндө колдонуу мөөнөтү жарактуу болгон документтердин пакети толугу менен тапшырылган учурда гана катталат.
13. Аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү берилген документтердин колдонуу мөөнөтүн туруктуу негизде текшеришет.
14. Аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин үч ай мурда аларды жаңылоо жөнүндө алуучуларды кабарлайт.
15. Ай сайынкы компенсация алуучулар документтерди жаңылоо үчүн өз убагында тиешелүү мамлекеттик органдарга төмөнкү документтердин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кайрылууга тийиш:
- паспортунун;
- алуучунун келген жери боюнча убактылуу катталгандыгы тууралуу маалымкаттын;
- жашап туруу укугунун;
- 18 жашка чейинки курактагы Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюуга катышуучунун баласына берилген Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык каттоонун райондук деңгээлдеги регистринин маалымкатынын.
16. Ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин биринин колдонуу мөөнөтү аяктаганда чектелген ай сайынкы компенсация төлөө төмөнкү мөөнөткө токтотуп турулат:
- үч айга чейин - калкты каттоо аймактык бөлүмдөрүндө паспортту жаңылоо үчүн;
- эки айга чейин - 18 жашка чейинки курактагы балдарга берилүүчү Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңешинин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык каттоонун райондук деңгээлдеги регистринин маалымкатын жаңылоо үчүн;
- бир айга чейин - келген жери боюнча убактылуу катталгандыгы тууралуу маалымкаттын жана жашап туруу укугунун колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн.
17. Аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнөн аларды жаңыртуу жөнүндө маалыматтарды расмий түрдө сурашат.
Эгерде арыз берүүчүнүн күнөөсү боюнча (тиешелүү документтерди жаңылоо үчүн мамлекеттик органдарга өз убагында кайрылбоо) аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү документтерди жаңыртуу жөнүндө маалыматтарды белгиленген мөөнөттөн кечигүү менен алса, ай сайынкы компенсация төлөө алуучу жаңыртылган документти алган айдан кийинки айдын 1инен тартып жандандырылат.
Алуучунун күнөөсү боюнча мөөнөтүнөн өтүп кеткен айлар үчүн ай сайынкы компенсация төлөнбөйт.
Алуучу документтерди белгиленген мөөнөттөн ашык убакытта жаңырткандыгы жөнүндө маалымат аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө келип түшкөн жана алуучу жүйөлүү себептерди (ооруп калуу, аракетке жөндөмсүздүк, ишенимдүү адамдардын жоктугу) ырастоочу документтерди берген учурда ай сайынкы компенсация төлөө ал токтотулган күндөн тартып жандандырылат.
4-глава. Ай сайынкы компенсация чектөөнүн тартиби
18. Ай сайынкы компенсация арыз берүү принциби боюнча аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү тарабынан арыз берүүчү кайрылган жана ай сайынкы компенсация алуучу катары аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүндө катталган күндөн тартып кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап чектелет.
Эгерде ай сайынкы компенсация алуучу убактылуу жашаган жери боюнча кайрылса, анда ал калкты каттоо боюнча аймактык бөлүмдөрдө милдеттүү түрдө каттоодон (убактылуу каттоо) өтүүсү керек.
19. Иштөөгө же окууга республиканын чегинен сыртка узак убакытка кетип жаткан ай сайынкы компенсация алуучулар үчүн ай сайынкы компенсация алуу укуктары сакталат.
Ай сайынкы компенсация алуучу адам өзүнүн убактылуу жок болгон мезгилине ай сайынкы компенсация алуу үчүн башка адамды ыйгарым укуктап, ага мөөнөтү бир жылдан ашпаган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты берүүгө милдеттүү. Алуучу ишеним катты тариздебестен кеткен учурда ай сайынкы компенсация төлөнбөйт.
Республиканын чегинен сыртта жүргөн алуучу каза болгон учурда ай сайынкы компенсация алууга ыйгарым укук берилген адам ал жөнүндө аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүн алуучу каза болгон күндөн тартып үч айдын ичинде кабарлоого милдеттүү.
20. Эгерде ай сайынкы компенсация алуучу республиканын чегинен сыртка туруктуу жашоо үчүн кеткен учурда, аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмү алуучунун арызынын негизинде аны эсептен чыгарат. Республиканын чегинен сыртка өздүк ишти жөнөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талап келип түшкөн учурда, аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмү суроо-талап катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде алуучунун өздүк ишинин көчүрмөсүн жөнөтөт.
21. Алуучу республиканын ичинде жашаган жерин алмаштырган учурда, жаңы жашаган жерин көрсөтүү менен аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө аны эсептен чыгаруу жөнүндө арыз берет. Аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмү алуучунун арызынын негизинде аны эсептен чыгарат жана ай сайынкы компенсация алуу укугун ырастоочу документтерди алуучунун жаңы жашаган жери боюнча аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө өткөрүп берет. Алуучунун жаңы жашаган жери боюнча аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмү мурдагы жашаган жери боюнча аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн алынган маалыматтардын негизинде ай сайынкы компенсация төлөп берүүнү жандандырат.
Алуучуну аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн эсептен чыгаруу учурунда алуучу жаңы жашаган жеринин дарегин билбесе, анда жаңы жашаган жери боюнча ай сайынкы компенсация төлөө жаңы жашаган жери боюнча аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө кайрылган учурда анын арызынын жана паспортунун негизинде кайрадан жандандырылат.
Мурунку жашаган жери боюнча эсептен чыгуу датасы менен жаңы жашаган жери боюнча эсепке туруу датасынын ортосундагы мөөнөт үч айдан ашпашы керек. Бул учурда жаңы жашаган жери боюнча ай сайынкы компенсация төлөө мурунку жашаган жери боюнча ай сайынкы компенсация акыркы жолу төлөнгөндөн кийинки айдан баштап жандандырылат.
Жогоруда аталган үч айлык мөөнөт жүйөөлүү себептерсиз ашып кеткен учурда ай сайынкы компенсация төлөө жаңы жашаган жери боюнча аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө эсепке коюлган айдан тартып жандандырылат.
Алуучу аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүйөөлүү себептер (ооруп калуу, аракетке жөндөмсүздүк, ишенимдүү адамдардын жоктугу) боюнча үч айдан кийин кайрылса, анда ай сайынкы компенсация төлөө ал токтотуп турулган датадан тартып жандандырылат.
22. Аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү аркылуу ай сайынкы компенсация алуучулардын каза болгон учурларын текшерүү үчүн алардын өздүк иштерин ай сайын карап турат.
Алуучу каза болгон учурда ай сайынкы компенсация төлөө каза болгон датадан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап токтотулат. Алынбай калган ай сайынкы компенсация каза болгон күндөн тартып алты айдын ичинде үй-бүлөнүн эрезеге жеткен мүчөсү аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө кайрылган учурда ага төлөнүп берилет.
5-глава. Каржылоо булагы
23. Республикалык бюджет ай сайынкы компенсация, ошондой эле аны төлөө жана жеткирүү менен байланышкан бардык чыгымдарды каржылоо булагы болуп саналат.
6-глава. Ай сайынкы компенсациянын туура чектелиши жана төлөнүшү үчүн жоопкерчилик
24. Мамлекеттик органдардын жетекчилери ай сайынкы компенсация чектөөнүн, каржылоонун жана төлөөнүн тартибин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоого милдеттүү.
Ай сайынкы компенсация алуучунун статусун ырастоочу тиешелүү документтерди негизсиз жана туура эмес бергендиги үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери административдик жоопкерчилик тартышат.
25. Акчалай компенсацияларды өз убагында, туура төлөнүшүн жана каржыланышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 токтому менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо каралган.
26. Аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн күнөөсү боюнча өз убагында чектелбеген жана/же төлөнбөгөн ай сайынкы компенсация - өткөн мезгил үчүн кандайдыр бир мөөнөттөрсүз республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен чектелет.
Бул учурда ай сайынкы компенсация чектөө жана төлөө мөөнөттөрүн бузууга жол берген адамдарга административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарга ылайык административдик жаза чаралары колдонулат.
27. Ай сайынкы компенсациянын ашыкча төлөнүп берилген суммасы Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын эсебинен республикалык бюджеттин пайдасына өндүрүлөт.
Мында, ашыкча төлөм:
- ай сайынкы компенсация туура эмес чектеген аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адисинин күнөөсү боюнча берилсе - ашыкча төлөнгөн сумманын ордун ошол адис толтурат;
- ай сайынкы компенсация чектөө үчүн негиз катары алынган туура эмес маалыматтарды камтыган документтерди тапшырган мамлекеттик органдын адисинин күнөөсү боюнча берилсе - ашыкча төлөнгөн сумманын ордун ошол адис толтурат.
28. Аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адистеринин, мамлекеттик органдын адисинин күнөөсү боюнча ашыкча төлөнгөн сумма ошол адистердин эмгек акысынын 20 пайызынан ашпаган өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке өндүрүлөт.
|
| Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды чектөөнүн тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Алуучулардын категориясы | Ай сайынкы компенсацияны чектөө үчүн кошумча документтер |
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары | - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун аскердик билети; - аскер комиссариаты берген белгиленген үлгүдөгү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун күбөлүгү. Аскердик билети болбогон учурда, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аскердик комиссариаттан арыз ээсинин Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгынын аныктыгы жөнүндө маалымкатты расмий түрдө сурайт |
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары | - Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын аскердик билети; - аскер комиссариаты берген белгиленген үлгүдөгү Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын күбөлүгү. Аскердик билети болбогон учурда, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аскердик комиссариаттан арыз ээсинин Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгынын аныктыгы жөнүндө маалымкатты расмий түрдө сурайт |
Советтер Союзунун Баатырлары, Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Даңк орденинин бардык үч даражасы менен сыйланган адамдар | - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун аскердик билети; - аскер комиссариаты берген белгиленген үлгүдөгү Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын күбөлүгү; - сыйлангандыгы жөнүндө күбөлүгү жана согуштагы эрдиги үчүн сыйлыктарына жана согуштагы эрдиги үчүн бардык үч даражадагы Даңк орденине ордендик китепчелери |
Концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары | - экинчи дүйнөлүк согуштун убагында фашисттер жана алардын союздаштары Германиянын жана ага союздаш өлкөлөрдүн аймактарында, ошондой эле мурдагы СССРдин жана Европа өлкөлөрүнүн басып алынган аймактарында түзүшкөн концлагерлерде, геттолордо, мажбурлап кармаган башка жерлерде болгон фактысын ырастаган согуш мезгилиндеги документтердин, же концлагерлердин жашы жете элек (мурдагы СССРдин басып алынган аймактарында нацисттик куугунтуктоо колдонулган учурга карата 18 жашка чейинки курактагы) туткундары үчүн архивдик жана башка мекемелерден керектүү маалыматтарды камтыган маалымкаттар же башка документтер |
"За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар | "За оборону Ленинграда" медалына жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгисине күбөлүктөр |
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы бар адамдар | Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында шаарларды жана аймактарды коргоодогу өтөгөн эмгегин жана үлгү болгонун сыйлоо үчүн уюштурулган ордендик китепчелер же сыйлыктарынын күбөлүктөрү: Андай сыйлыктарга Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында шаарларды жана аймактарды коргоодогу өтөгөн эмгегин жана үлгү болгонун сыйлоо үчүн уюштурулган төмөнкү медалдар кирет: - "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг."; - "За победу над Германией в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг."; - "За победу над Японией"; - "За отвагу"; - Ушаков медалы; - "За боевые заслуги"; - Нахимов медалы; - "За трудовую доблесть"; - "За трудовое отличие"; - "За оборону Москвы"; - "За оборону Одессы"; - "За оборону Севастополя"; - "За оборону Сталинграда"; - "За оборону Киева"; - "За оборону Кавказа"; - "За оборону Советского Заполярья". Согуштан кийинки мезгилде (1945-1949-жылдарда) сыйлоо жөнүндө документтери жоголуп кетсе, эмгек китепчесиндеги жазуулары, күбөлүктүн номерин жана сыйлык ыйгарылган күндү көрсөтүү менен же архивдик мекемелердин маалымкаты талап кылынат. "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг." медалы менен сыйланган адамдар облустук, шаардык жана райондук мамлекеттик администрациялардын 1988-1995-жылдардагы чечимдери боюнча медалдардын күбөлүгүнүн же аталган чечимдердин көчүрмөсүн көрсөтүшөт |
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирбеген адамдар | |
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган жарандар | - эмгек армиясында болгонун ырастаган документ; - эмгек армиясындагы адамды кийин реабилитациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы берген же саясий, диний көз караштары, социалдык, улуттук жана башка белгилер боюнча репрессиялардын кесепетинен жабыркагандыгын таануу жөнүндө маалымкаты |
Саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилер боюнча репрессиянын кесепетинен жабыркап, реабилитацияланган жарандар | - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын реабилитациялоо жөнүндө же саясий, диний көз караштары, социалдык, улуттук жана башка белгилер боюнча репрессиялардын кесепетинен жабыркагандыгын таануу жөнүндө маалымкаты; - арыз ээсинин пенсиялык күбөлүгү |
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү | - нике тууралуу күбөлүк (жубайына ай сайын компенсация чектөөдө) же аскер кызматчысынын туулгандыгы тууралуу күбөлүк (аскер кызматчысынын ата-энесинин бирине ай сайын компенсация чектөөдө); - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун же майыбынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк; - аскер кызматчысынын Улуу Ата Мекендик согушта же кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондугу жөнүндө маалымкат; Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жесилдеринде жубайы статусун ырастоочу документи жоголгон учурда социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аскердик комиссариаттан каза болгон Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун чыныгы жесири (жесили) болгондугун ырастоочу маалымкатты расмий түрдө сурайт. Маалымкатта аскер комиссариаты тарабынан тийиштүү түрдө катталган бурчтук штампы, ошондой эле аскер комиссарынын кол тамгасы жана гербдүү мөөрү менен бекитилген болушу керек |
Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | - туулгандыгы тууралуу күбөлүк; - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк; - белгиленген үлгүдөгү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун күбөлүгү; - аскер кызматчысынын Улуу Ата Мекендик согушта же кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондугу жөнүндө маалымкат; Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун же майыбынын биринчи жолу кайрылган жесилдеринде жубайы статусун ырастоочу документи жоголгон учурда социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аскердик комиссариаттан Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучусунун чыныгы жесири (жесили) болгондугун ырастоочу маалымкатты расмий түрдө сурайт. Маалымкат аскер комиссариаты тарабынан тийиштүү түрдө катталган бурчтук штампы, ошондой эле аскер комиссарынын кол тамгасы жана гербдүү мөөрү менен бекитилген болушу керек |
Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | |
"За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган каза болгон адамдардын майып деп табылган, кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | - нике жөнүндө күбөлүк; - "За оборону Ленинграда" медалы же "Жителю блокадного Ленинграда" медалдарынын күбөлүгү; - "За оборону Ленинграда" медалы же "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдардын өлгөнү жөнүндө күбөлүк |
Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштарда жаракат алган майып аскер кызматчылар | - башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышкандыгы тууралуу белгиси бар аскердик билети. Ушуну менен бирге советтик армиянын жана аскер-деңиз флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин, СССРдин Ички иштер министрлигинин жетекчи жана катардагы курамынын адамдарына согуш аракеттерине катышкан аскер адистерин, аскер кеңешчилерин кошуу менен аскер билетине милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган аскердик бөлүктүн командири же аскер комиссары жазган жазуу болушу керек: аскердик аракеттерге катышуу, аскер кызматын өтөгөн мезгил, аскердик бөлүктүн (а/б) (же талаа почтасынын) №, аскер кызматын өтөгөн жери. - аскер комиссариаты тарабынан берилген тийиштүү үлгүдөгү жеңилдиктерге укуктары жөнүндө согуштун катышуучусунун же майыбынын күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышкандыгы жөнүндө маалымкат (социалдык өнүктүрүү башкармалыгы расмий түрдө аскердик комиссариаттан сурайт) |
Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары | |
СССРди коргоодо же башка мезгилде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткаруудан алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болуп калган мурдагы аскер кызматчылары | Аскердик бөлүктүн командири же аскер комиссары койгон аскердик кызматты өтөгөн мезгили, аскердик бөлүктүн (же талаа почтасынын) №, кызматты өтөгөн жери жөнүндө белгиси менен аскер кызматчысынын аскердик билети |
Аскердик кызматтын милдетин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү | - нике жөнүндө күбөлүк (жубайына акчалай компенсация чектөөдө), же аскер кызматчысынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү (ата-энесинин бирине акчалай компенсация чектөөдө); - аскер кызматчысынын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк; - аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда аскер кызматчысынын курман болгондугу жөнүндө маалымкат |
Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар | - Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан даталарды көрсөтүү менен аскердик билети же ишкананын маалымкаты; - Республикалык эксперттик ведомстволор аралык кеңештин оору ЧАЭС апаатына байланыштуу экендиги тууралуу корутундусу (социалдык өнүктүрүү башкармалыгы расмий түрдө сурайт) |
1986-1987-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар | - Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан даталарды көрсөтүү менен аскердик билеттин же ишкананын маалымкаты; - Республикалык эксперттик ведомстволор аралык кеңештин корутундусу (социалдык өнүктүрүү башкармалыгы расмий түрдө сурайт) |
1988-1989-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар | |
Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюуга 1986-1987-жылдардагы катышуучулардын арасынан каза болгондордун жана майып болуп каза болгондордун үй-бүлөлөрү | - Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен курман болгондугу жөнүндө маалымкат же нур оорусуна байланыштуу өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк же Чернобыль апаатындагы ликвидатор-майыбынын өлгөндүгү; - курман болгондун же каза болгондун ата-энесинин бирөөсүнө компенсация чектөөдө туулгандыгы жөнүндө күбөлүк; - 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюуга курман болгон же өлгөн катышуучунун же майыптын аялына компенсация чектөөдө нике жөнүндө күбөлүк |
Чернобыль апаатынын кесепетинен радиацияга дуушарланган ата-энелерде генетикалык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен улам тукум кубалаган оорусу жана аномалиясы бар биринчи жана кийинки эки муундагы балдар | - Чернобыль АЭСтеги аварияны жоюуга катышуу даталарын көрсөтүү менен ошол аварияны жоюунун катышуучусунун (чоң атасы, чоң атасынын атасы) аскердик билети же ишкананын маалымкаты; - Чернобыль АЭСтеги аварияны жоюунун түздөн-түз катышуучусуна (чоң атасына, чоң атасынын атасына) берилген Республикалык эксперттик ведомстволор аралык кеңештин корутундусу; - радиациялык нурлануудан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн төрөлгөн биринчи жана кийинки эки муундагы баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; - компенсация таризделген ата-энесинин паспорту; - Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистрдин маалымкаты - Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан ата-энелердин радиоактивдүү нурланышынын мүмкүн болгон генетикалык кесепеттери менен шартталган тукум кууган оорулар болгондо радиациядан жабыркаган адамдардын биринчи жана кийинки эки муунундагы балдары (18 жашка чейин) үчүн (Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистринин аймактык бөлүмдөрүнөн аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү расмий түрдө сурайт); - медициналык-дозиметриялык регистринен 18 жашка чейинки балдар үчүн маалымкат (жыл сайын социалдык өнүктүрүү башкармалыктары расмий түрдө сурайт) |
Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алган жараттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошонгондон кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү | - нике тууралуу күбөлүк же ички иштер кызматкеринин туулгандыгы жөнүндө күбөлүк; - ички иштер кызматкеринин өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк; - кызматтык милдеттерин жана кызматтык парзды аткарууга байланыштуу күйөөсү (аялы), уулу (кызы) курман болгондугу жөнүндө маалымкат же кызмат өтөп жүргөн мезгилде жарадар, майып болгондун, дартка чалдыккандын натыйжасында каза болушунун себептерин көрсөтүү менен кызматтан кеткенден кийин каза болгондугу тууралуу күбөлүк |
"Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздоо департаментинин расмий суроо-талабы боюнча ай сайын "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" наамын ыйгаруу жөнүндө буйругунун көчүрмөсүн жөнөтөт. Алынган маалыматтар социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына ай сайын жөнөтүлөт |
Көрүү боюнча (биринчи жана экинчи тобундагы) жана угуу боюнча бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (тубаса дүлөй, дүлөй-дудук) адамдар | Социалдык өнүктүрүү башкармалыктары Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын маалымат базасы аркылуу Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы менен арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн майыптыгы жөнүндө, майыптыгынын мөөнөтүн ырастоочу документтерди өз алдынча чогултат |
Кыскартуулардын тизмеси:
УАС | - | 1941-1945-ж.ж. Улуу Ата Мекендик согуш |
СӨБ | - | Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы |
СА | - | Советтик Армия |
АДФ | - | Аскер-Деңиз Флоту |
МККАК | - | Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары |
ИИМ |
| Ички иштер министрлиги |
СССР |
| Советтер Союзунун Социалисттик Республикалары |
АЭС |
| Атомдук электр станциясы". |