Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 6 - ноябрындагы № 723 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-майындагы № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
2018-жылдын 17-майы № 239
Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун иштеп чыгууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасы (мындан ары – Система), 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун иштеп чыгуунун тартиби (мындан ары – Тартип), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) жана мамлекеттик бийликтин башка органдары социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиешелүү болжолдорун иштеп чыгууда ушул токтом менен бекитилген Системаны жана Тартипти жетекчиликке алышсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-майындагы № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Илимий-билим берүүчү уюмдарга жана мекемелерге, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш 30 пайыздан ашкан чарбакер субъекттерге социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиешелүү болжолдорун иштеп чыгууда ушул токтом менен бекитилген Системаны жана Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомуна тиркеменин 24-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 282 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-майындагы № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-майындагы № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасы - өлкөнүн узак мөөнөттөгү (10 жыл жана андан көп), орто мөөнөттөгү (3 жылдан 5 жылга чейин) жана кыска мөөнөттөгү (1 жылга чейин) өнүгүүсүн камсыз кылуучу мамлекеттик болжолдоо принциптеринен, документтерден, процесстеринен жана катышуучуларынан турган өз ара байланыштагы элементтердин жыйындысы.
2. Мамлекеттик болжолдоо мамлекеттик бийлик органдарынын жана өлкөнү өнүктүрүү процессинин башка катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин жогорулатууга, жарандардын жашоосунун сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган ишин камтыйт.
2. Мамлекеттик болжолдоо системасынын принциптери
3. Мамлекеттик болжолдоо системасы төмөнкүдөй принциптер менен түптөлөт:
1) биримдик жана бүтүндүк - мамлекеттик болжолдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, Мамлекеттик болжолдоо системасынын уюштуруу жана иштөө принциптеринин, мамлекеттик болжолдоо процессин ишке ашыруу тартибинин биримдиги;
2) ички тең салмактуулук - Мамлекеттик болжолдоо системасынын бардык документтеринин макроэкономикалык максаттар, милдеттер жана жыйынтыктардын көрсөткүчтөрү боюнча өз ара шайкештиги;
3) жыйынтыктуулук жана натыйжалуулук - макроэкономикалык максаттарды, милдеттерди жана жыйынтыктардын көрсөткүчтөрүн тандоо объективдүү, рационалдуу болуп, учурдагы кырдаалды терең талдоо жана ресурстарды азыраак сарптоо менен күтүлгөн натыйжаларга жетүү зарылдыгына негизделиши керек;
4) маселелерди чечүү жолдорун/ыкмаларын тандоонун өз алдынчалыгы - мамлекеттик болжолдоо процессинин катышуучуларынын өздөрүнүн компетенциясынын чегинде максаттарга жетүүнүн жана маселелерди чечүүнүн жолдорун жана ыкмаларын тандоодогу өз алдынчалыгы;
5) мамлекеттик болжолдоо процессинин катышуучуларынын жоопкерчилиги - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген компетенциянын чегинде өлкөнү өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрү боюнча маселелерди чечүүдөгү натыйжанын начарлыгы жана майнапсыздыгы үчүн жоопкерчиликти камсыздоо;
6) ачык-айкындык - Мамлекеттик болжолдоо системасынын экономикалык коопсуздук маселелерине тиешелүү маалыматтарды камтыган жоболордон башка документтер милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш;
7) тууралык жана реалдуулук - Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтеринде белгиленген макроэкономикалык максаттарга жетүүнүн негизделген сценарийи, анын ичинде мамлекеттик болжолдоо процессинде пайдаланылуучу жыйынтыктардын көрсөткүчтөрүнүн негиздүүлүгү;
8) үзгүлтүксүздүк, удаалаштык жана ырааттуулук - Мамлекеттик болжолдоо системасынын иштешинин үзгүлтүксүз механизмин камсыздоочу, максаттарга жетүүнүн жана маселелерди чечүүнүн ийгилигинин үч негизи;
9) ресурс менен камсыздык - коюлган максаттарга жетүү жана маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик болжолдорунун негизги багыттары боюнча каржылоонун, адамдык, башка материалдык жана материалдык эмес ресурстардын көлөмүн жана булактарын аныктоо.
3. Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтери
4. Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтерине төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 5 жана андан көп жылга карата Улуттук стратегиясы;
2) Кыргыз Республикасынын 3 жана андан көп жылга карата мамлекеттик программасы;
3) Аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 3 жана андан көп жылга карата стратегиялары жана программалары;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Келерки жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү;
5) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 3 жана андан көп жылга карата болжолу;
6) Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын орто мөөнөттүк мезгилге карата негизги багыттары;
7) сектордук/тармактык программалар
8) уставдык капиталына мамлекет катышкан мамлекеттик ишканаларды жана улуттук компанияларды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык документтери;
9) Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга карата республикалык бюджети жана пландык мезгил;
10) кезектеги бюджеттик жылга карата жергиликтүү бюджет жана пландык мезгил.
4. Мамлекеттик болжолдоо системасынын процесси жана процесстин катышуучулары
5. Мамлекеттик болжолдоо системасынын процессине документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү, баалоо, оңдоо, ишке ашырылышын контролдоо кирет.
Иштеп чыгуу - колдонулуп жаткан Макроэкономикалык болжолдоонун тартибинин жана инструменттеринин алкагында болжолдоо процессин башкаруунун моделдерин/схемаларын пайдалануу менен өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун түзүү.
Мониторинг - Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтерин иштеп чыгуунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды чогултуу, системага келтирүү, талдоо жана жалпылоо.
Баалоо - Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтерин ишке ашыруунун натыйжалуулугуна жана жыйынтыгына жетүү даражасын аныктоо инструменти.
Контролдоо - Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтеринин толук жана өз учурунда аткарылышын талдоо, анын ичинде тартип бузууларды ачуу, жок кылуу жана жол бербөө максатында пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен талдоо.
6. Мамлекеттик болжолдоо системасынын процесстеринин катышуучулары мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекет катышкан юридикалык жактар, коомдук, илимий жана жеке уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча), жеке адамдар болушат.