Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 6 - ноябрындагы № 723 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-майы № 265
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-майындагы № 239 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгууну андан ары өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 811-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-майындагы № 239 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасында:
- 4-пунктта:
1-пунктчада "стратегиясы" деген сөз "Улуттук стратегиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пунктчада "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-10-пунктчаларында "болжолдонгон эки мезгил" деген сөздөр "пландык мезгил" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун иштеп чыгуунун тартибинде:
- 3-4-пункттарда, 8-пункттун 3-пунктчасында түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта "Өкмөтүнүн облустардагы" жана "Өкмөтү" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Президентинин облустардагы" жана "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пункттун 11-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун иштеп чыгуунун тартиби төмөнкүдөй иретте ишке ашырылат.
Тармактык министрликтер, мамлекеттик комитет, мамлекеттик башкаруунун республикалык деңгээлиндеги административдик ведомстволор жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары мамлекеттик башкаруунун жергиликтүү деңгээлинде экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрсөткүчтөрдүн болжолунун үч сценарийин жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунун (мындан ары - Болжол) бөлүмдөрү үчүн орто мөөнөткө карата сунуштарды ушул Тартипте көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн структурасына, ошондой эле ушул Тартиптин 2-25-тиркемелерине ылайык Болжолдун көрсөткүчтөрүнүн формасына жана тизмесине ылайык болжолдонуучу жылдан мурунку жылдын 10-январынан 25-январына чейин беришет.
Болжолдонуучу жылдан мурунку жылдын 26-январынан 5-февралына чейин экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тармактык министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор республикалык деңгээлде беришкен, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары - мамлекеттик башкаруунун жергиликтүү деңгээлинде беришкен болжолдуу көрсөткүчтөрдүн жана сунуштардын негизинде ушул Тартиптин 2-25-тиркемелериндеги көрсөткүчтөрдүн формаларына жана тизмесине ылайык, облустардын болжолдору менен кошо, орто мөөнөттөгү мезгил үчүн Болжолдун долбоорун түзөт.
Болжолдонуучу жылдан мурунку жылдын 6-февралынан 12-февралына чейин экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 151-т тескемеси менен түзүлгөн финансылык программалоо боюнча техникалык топ) менен биргеликте кийин үч макроэкономикалык сценарийден бир сценарийди тандоо үчүн алардын негизинде Болжолдун максаттык параметрлерин түзүү менен сценарийлик макроэкономикалык шарттарды иштеп чыгышат.
Болжолдонуучу жылдан мурунку жылдын 13-февралынан 20-февралына чейин экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган орто мөөнөттүү мезгилге карата макроэкономикалык сценарийлерди жалпылайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйналышынын кароосуна киргизет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйналышында Орто мөөнөттүү мезгилге карата фискалдык саясаттын негизги багыттарын жана кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун түзүү үчүн орто мөөнөттүү мезгилге тиешелүү макроэкономикалык параметрлери менен үч макроэкономикалык сценарийдин ичинен бир сценарий каралат жана тандалат.
Болжолдонуучу жылдан мурунку жылдын 21-февралынан 28-февралына чейин экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тармактык министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте, тандалып алынган макроэкономикалык сценарийдин макулдашылган максаттуу параметрлерин эске алуу менен болжолдонуучу орто мөөнөттүү мезгилге карата сектордук/тармактык болжолдордун жана мамлекеттик башкаруунун жергиликтүү деңгээлиндеги социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдонуучу орто мөөнөттүү мезгилине карата болжолдорунун долбоорлорун иштеп чыгат.
Мамлекеттик башкаруунун жергиликтүү деңгээлиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдорун Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар беришкен социалдык-экономикалык өнүгүү болжолдорунун негизинде иштеп чыгышат. Мында тармактарды өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрү жана ушул Тартиптин 2-25-тиркемелеринде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн тизмесине ылайык форматтар боюнча тийиштүү тармактык министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор менен макулдашылат.
Болжолдонуучу жылдан мурунку жылдын 1-мартынан 5-мартына чейинки мезгилде экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш тарабынан жактырылган тандалган сценарийдин макроэкономикалык максаттарын эске алуу менен иштелип чыккан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн сектордук/тармактык болжолдорунун жана мамлекеттик башкаруунун жергиликтүү деңгээлиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдорунун негизинде болжолдонуучу орто мөөнөттүү мезгилге карата Болжолдун долбоорун жана Кыргыз Республикасын республикалык деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү максаттарынын баяндалышын жазат.
Болжолдонуучу жылдан мурунку жылдын 6-мартынан 15-мартына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө" токтомунун долбоору тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосунан өтөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө жиберилет.
Болжол болжолдонуучу жылдан мурунку жылдын 31-мартынан кечиктирбестен бекитилет жана орто мөөнөттүү мезгилге карата бюджеттин кирешелерин эсептөө үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Бекитилген Болжол экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Болжолдонуучу жылдан мурунку жылдын 1-июлунан 15-сентябрына чейин экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун түзүүгө Болжолдун көрсөткүчтөрүн негиздөө маселелери боюнча катышат.
Болжолдонуучу жылдан мурунку жылдын 15-сентябрынан 1-октябрына чейин экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Болжолдун көрсөткүчтөрүн негиздөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин деңгээлинде кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге карата бюджеттик параметрлерди кароого жана бекитүүгө катышат.
Болжолдонуучу жылдан мурунку жылдын 1-октябрынан 1-декабрына чейин экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Болжолдун көрсөткүчтөрүн негиздөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин деңгээлинде кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге карата бюджеттик параметрлерди кароого жана бекитүүгө катышат.";
- 15-пунктта "Өкмөтүнүн облустардагы" деген сөздөр "Президентинин облустардагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 19-пунктта "ар кварталдык негизде" деген сөздөр "ар айлык негизде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин 2-тиркемесинде "Аталышы" графасы "ИДП алтынды эсепке албастан, млн. сом", "Реалдуу өсүш темпи, мурдагы жылга карата % менен", "Дефлятор, мурдагы жылга карата % менен" деген саптар менен толукталсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин 3-тиркемесинде "Аталышы" графасы "Алтынды эсепке албастан өнөр жайы", "Реалдуу өсүш темпи, мурдагы жылга карата % менен", "Дефлятор, мурдагы жылга карата % менен" деген саптар менен толукталсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин 4, 6, 7, 20, 21-тиркемелеринде "Аталышы" графасы "Алтынды эсепке албастан өнөр жайы, млн. сом", "Реалдуу өсүш темпи, мурдагы жылга карата % менен", "Дефлятор, мурдагы жылга карата % менен" деген саптар менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (20___-ж. __ __________ № ___ токтомуна) |
Социалдык-экономикалык болжолдорду иштеп чыгууну мамлекеттик башкаруунун СХЕМАСЫ (болжолдоо процессин башкаруунун модели)