Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-октябры № 461
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Масалиев, Т.И.Икрамов, Т.Т.Мамытов, К.Ж.Рыспаев, Ж.А.Мусабекова тарабынан демилгеленген "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 461 токтому менен жактырылган |
"Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Масалиев, Т.И.Икрамов, Т.Т.Мамытов, К.Ж.Рыспаев, Ж.А.Мусабекова тарабынан демилгеленген "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө" № 231 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун институттары менен бирдикте 1916-жылдагы Улуттук-боштондук көтөрүлүштүн кезектеги жылдыгына, Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 100 жылдыгына жана саясий репрессиялардын 80 жылдыгына байланышкан иш-чараларды 2017-жылдын 7, 8-ноябрында өткөрүү тапшырмасы берилген.
Аталган Жарлыкты аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1963-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө" № 231 Жарлыгы тууралуу" токтому кабыл алынган, бул токтом менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 74-IV "Кыргыз Республикасында Саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылган.
Ошентип, саясий репрессиялардын 80 жылдыгына байланышкан иш-чаралар 2017-жылы өткөрүлгөн.
2. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси менен ушул Мыйзамдын 1-беренесине туш келбөөчү кылмыштарды жасаган адамдардын өтөлүп бүтө элек жаза мөөнөттөрүн төмөнкүдөй кыскартуу каралган:
1) соттолуп, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөп жаткан соттолгондорго - жарымына;
2) атайын жасаган кылмышы үчүн 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - үчтөн бирине;
3) атайын жасаган кылмышы үчүн 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - бештен бирине;
4) атайын жасаган кылмышы үчүн 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга соттолуп, жаза мөөнөтүн тарбия абактарында өтөп жаткан жашы жете электерге - жарымына.
Мында, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-январындагы № 7, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамы менен 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, кылмыштын категориясына жараша кылмыш жазасынан жарым-жартылай бошотуу эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүн 1/2ге, 1/3ге, 1/4ге кыскартуу каралганын маалымат иретинде билдиребиз. Бул жерде кылмыш жазасынан жарым-жартылай бошотууда эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүн 5/1ге кыскартуу каралган эмес.
Ушуга байланыштуу сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштыруу сунушталат:
- 1, 2 жана 3-пункттардагы "жарымын", "үчтөн бирине" жана "бештен бирине" деген сөздөрдү иретине жараша "1/2", "1/3" жана "1/4" деген сандар менен алмаштыруу;
- 4-пункттагы "жарымын" деген сөздү "1/2" деген сандарга алмаштыруу.
3. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренеси менен бул Мыйзамдын 1-беренесинин аракети Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 249-беренесинде, 304-беренесинин 1-бөлүгүндө, 314-беренесинде каралган кылмыштарды жасаган адамдарга колдонулбайт деп белгилөө сунушталган.
Ал эми Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунда, чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды жазык жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан бошотуу каралган.
Мында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 3-бөлүгүндө, 249-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 304-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 314-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштар кылмыштардын классификациясы боюнча анча оор эмес кылмыштарга кирет.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин жогоруда көрсөтүлгөн беренелерин кайра карап чыгуу зарыл.
4. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 9-пунктунда бул Мыйзамдын аракети Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин беренелеринин тизмесинде каралган кылмыштарды жасаган адамдарга карата колдонулбайт деп айтылган.
Бирок долбоордун 5-беренесинин 9-пунктуна Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бир топ беренелери киргизилген эмес жана эгер мунапыс кабыл алынса уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, мурдагы кызмат адамдарына, материалдык зыяндын ордун толтурбаган адамдарга жана башкаларга жазанын мөөнөттөрү кыскартылат же жазаны өтөөдөн бошотулат.
Ошондуктан Мыйзамдын долбоорунун аракети жайылтылбоочу кылмыштардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкүдөй бир катар беренелери менен толуктоо зарыл, алар:
- 247-статья. Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү;
- 292-статья. "Мамлекеттик чыккынчылык";
- 295-статья. "Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу";
- 297-статья. "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо";
- 303-берене. "Коррупция", 1-бөлүгү;
- 304-берене. "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", 1-бөлүгү.
5. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренеси менен прокуратура органдарынын ыйгарым укуктары боюнча маселе козголгон. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин системасына кирбейт жана башка мамлекеттик бийлик болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорун Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашуу сунуш кылынат.
6. Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин 3-пунктунда ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мыйзамда белгиленген тартипте I жана II топтогу майыптар деп таанылган адамдар кирет деп кароо сунушталган.
"Мыйзамдар" түшүнүгү жалпыланган түшүнүк болуп жана кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берүүчү кенен түшүнүк болгондуктан, Мыйзамдын долбоорунда колдонулган ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу чөйрөлөрүн аныктоону сунуштайбыз.
7. Мыйзамдын долбоорунун 15-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, жазык жоопкерчилигинен, жазадан бошотуу жана жазанын мөөнөтүн кыскартуу жөнүндө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим кылмыштын кесепетинен келтирилген материалдык зыян толук төлөнгөндөн кийин гана чыгарылат.
Ал эми 2002-жылдын 14-июнунда кабыл алынган № 101 "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 8-беренелерине ылайык, мунапыс берүү - кылмыш жасоодо күнөөлүү болгон жекече аныкталбаган адамдар чөйрөсүн жазык жоопкерчилигинен жана жазалоодон толук же жарым-жартылай бошотуу, болбосо сот тарабынан белгиленген бул адамдарга карата жазаны жеңилирээк жазага алмаштыруу, болбосо жазалоонун кошумча түрүнөн бошотуу.
Мунапыс берүү соттун өкүмү менен күнөөлүү адамга жүктөлгөн кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү милдетинен бошотпойт.
Муну менен бирге эле, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мунапыс берүү жөнүндө мыйзам өзү келтирген зыяндын суммасынын бери болгондо 3/4үнүн ордун толтурбаган соттолуучуга же болбосо соттолгонго карата колдонулбайт.
Ушул айтылганды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинин көрсөтүлгөн бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
8. Мыйзамдын долбоорунун 16-беренеси менен Өкмөткө, министрликтерге жана административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга тапшырмалар каралган.
Мында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык, ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга жараша Өкмөт ал ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөөрүн айтмакчыбыз.
Ушуга байланыштуу, мыйзамдын долбоорундагы министрликтерге жана администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга тапшырмалар каралган жоболорду алып салууну сунуш кылабыз,
9. Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана карылар үчүн үйлөр" деген түшүнүктү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 273 токтому менен белгиленген түшүнүккө ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
10. Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесине ылайык бул мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алты айдын ичинде аткарылууга тийиш деп аныктоо сунушталган.
Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде бул мыйзамды аткаруу үчүн жооптуу органдар тарабынан ушул Мыйзамдын аракетине туура келген адамдарга карата мунапыс актысы колдонулбаса, мунапыс актысы каалаган башка мезгилде колдонулушу мүмкүн.
Мында, "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, мунапыс жөнүндөгү мыйзамга ылайык жазаны өтөөдөн (андан ары өтөөдөн) бошотулууга тийиш болгон адамдар мунапыс жөнүндө мыйзам расмий жарыялангандан кийин үч айдан кечиктирилбестен бошотулууга тийиш экендигин эскертип коюу зарыл.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун ушул беренесин кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
11. Мыйзамдын долбоорунун тиркелген негиздеме-маалымкатына ылайык бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Ошону менен бирге эле, Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бошотулган адамдардын эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жайгашуусуна көмөктөшүүсү, зарыл болгон учурларда - жашы жете электерди балдар үйлөрүнө, интернат мектептерге жиберүүсү, багууга ала турган туугандары жок адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана карылар үчүн социалдык стационардык мекемелерге жайгаштыруусу, кургак учуктун оор формасы менен ооругандарды атайын дарылоо мекемелерине жиберүүсү, башка мамлекеттердин жарандарын өлкөдөн депортациялоону уюштуруусу каралган.
Мында, Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүнө алып келээри ыктымалдуу. Ошого байланыштуу Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатты мамлекеттик органдардын Мыйзамдын соттолгондорго мунапыс актысы колдонулгандан кийин аларды кайрадан социалдаштыруу боюнча жоболорун аткаруу жагындагы финансылык-экономикалык керектөөлөрү жөнүндө маалымат менен толуктоону сунуш кылабыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.