ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 17 «Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 436 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 28-январы № 17

Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү тууралуу

 

Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту берүүнүн тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун тартиби, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-февралындагы N 7 жарыяланды

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев