Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-майы № 204
Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
4-главасынын 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"2019-жылдын 1-апрелинен тартып мамлекеттик кесиптик лицейлерде бюджеттин каражаттарынын эсебинен окуучулардын санына жана бир окуучуга каржылоонун ченемине жараша эсептелген эмгек акы төлөө фондунун чегинде дем берүүчү эмгек акы төлөө фонду түзүлсүн.";
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик кесиптик лицейлерде дем берүүчү эмгек акы фондунан төлөөлөрдүн конкреттүү өлчөмүн белгилөө жөнүндө чечимди педагогикалык жамаат ушул Нускаманын 5-тиркемесинде аныкталган тартипте кабыл алат.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 5-тиркеме менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
| "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамага 5-тиркеме |
Ченемдик каржылоонун шарттарында мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акы төлөөнү эсептөө ТАРТИБИ
1. Мамлекеттик кесиптик лицейлерде (мындан ары - лицей) бюджеттик каражаттардын эсебинен 2019-жылдын 1-апрелинен тартып окуучулардын санына жана бир окуучуга каржылоонун ченемине жараша эсептелген эмгек акы төлөө фондунун чегинде дем берүүчү эмгек акы төлөө фонду түзүлөт.
1-глава. Кесиптик лицейлердин кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акы төлөөнүн тартиби
2. Лицейлердин кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акы фондунун эсебинен төлөөлөр кепилденген эмгек акы болуп эсептелбейт, аткарылган ишинин натыйжасы боюнча белгиленет жана ишинин сапатына жараша болот.
3. Сметада каралган, бекитилген эмгек акы төлөө фондунан дем берүүчү эмгек акы фондун аныктоо үчүн төмөнкү суммалар алып салынат:
- отчеттук мезгил үчүн эсептелген эмгек акы;
- эмгек акы төлөө фондунун эсебинен убактылуу эмгекке жарамсыздык барагы боюнча төлөөлөр.
4. Дем берүүчү эмгек акы фонду жатаканасы жана стационардык ашканасы бар лицейлер үчүн төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 60 пайыз - окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын эмгегине дем берүүгө;
- 40 пайыз - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгегине дем берүүгө.
5. Дем берүүчү эмгек акы фонду жатаканасы жана стационардык ашканасы жок же алардын ичинен бирөөсү бар кесиптик лицейлер үчүн төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 65 пайыз - окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын эмгегине дем берүүгө;
- 35 пайыз - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгегине дем берүүгө.
6. Лицейлер кызматкерлерге дем берүүчү эмгек акы фондунун чегинде, бирок 10 пайыздан ашык эмес материалдык колдоо фондун түзүшү мүмкүн.
7. Материалдык колдоо фонду кызматкерлерди сыйлоого жана материалдык колдоого төмөнкүдөй пайдаланылат:
- кесиптик жана башка майрамдарга карата;
- кесиптик чеберчилик конкурстарындагы ийгиликтери үчүн;
- тематикалык иш-чараларды жана конкурстарды даярдагандыгы жана өткөргөндүгү үчүн;
- бюджеттен тышкары ресурстарды тарткандыгы жана лицейдин материалдык-техникалык базасын жакшырткандыгы үчүн.
8. Лицейдин кызматкерлерин материалдык колдоо фонду жөнүндө жобо профсоюз комитети менен макулдашуу боюнча уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет.
2-глава. Дем берүүчү эмгек акы фондун эсептөө
9. Дем берүүчү эмгек акынын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
- окутуучуларга жана өндүрүштүк окутуу устаттарына - бир баллдын наркын баа берүү барагы боюнча кызматкердин топтогон баллынын жеке санына көбөйтүү жолу менен төмөнкү формула боюнча аныкталат:
СЗПөу = С1 балл х Бжеке кызматкердин,
мында:
СЗПөу - окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын дем берүүчү эмгек акысы;
С1 балл - бир баллдын наркы;
Бжеке кызматкердин - баа берүү барагы боюнча кызматкердин баллы.
Бир баллдын наркы окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын дем берүүчү эмгек акы фондун лицей боюнча баллдын жалпы санына бөлүү аркылуу төмөнкүдөй формула менен аныкталат:
мында:
С1 балл - баллдын наркы;
ДЭА фонду - окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын дем берүүчү эмгек акы фонду;
∑БАЛЛ - лицей боюнча баллдын суммасы;
- административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга - дем берүүчү эмгек акы фондунун чегинде дем берүүчү эмгек акынын бирдиктүү коэффициентин кызматкердин эсептелген эмгек акысына көбөйтүү аркылуу төмөнкү формула боюнча:
ДЭАачп, ттп, ктп = ЭЭАачп, ттп, ктп х ДЭАКачп, ттп, ктп,
мында:
ДЭАачп, ттп, ктп - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын дем берүүчү эмгек акысы;
ЭЭАачп,ттп, ктп - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эсептелген эмгек акысы;
ДЭАКачп, ттп, ктп - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга дем берүүчү эмгек акынын коэффициенти.
Дем берүүчү эмгек акынын коэффициенти административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын дем берүүчү эмгек акы фондун эсептелген эмгек акы фондуна бөлүү аркылуу төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
ДЭАКачп, ттп, ктп - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын дем берүүчү эмгек акысынын коэффициенти;
ДЭА фондуачп, ттп, ктп - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга дем берүүчү эмгек акы фонду;
ЭЭА фондуачп, ттп, ктп - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эсептелген эмгек акы фонду.
10. Адегенде ар бир кызматкерге методикалык комиссия тарабынан билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген форма боюнча баа берүү барагы толтурулат.
11. Методикалык комиссия белгилүү сабактардын (кесиби) же окшош сабактардын (кесиптер тобу) үч жана андан ашык окутуучулары же өндүрүштүк окутуу устаттары болгондо гана түзүлөт.
12. Даярдоо багыты боюнча методикалык комиссиялардын курамына төмөнкүлөр кирет:
- гуманитардык цикль - орус, кыргыз жана чет тилдер, адабият, коомдук саясий сабактар, экология, этика окутуучулары;
- табигый-илимий цикль - табигый-математикалык сабактардын окутуучулары;
- кесиптик-техникалык цикль - бир же бир нече окшош (чектеш) кесиптер боюнча өндүрүштүк окутуу устаттары.
13. Методикалык комиссиялардын курамы кыйла тажрыйбалуу жана квалификациялуу окутуучулардын же өндүрүштүк окутуу устаттарынын ичинен шайланат жана ал учурдагы окуу жылына директордун буйругу менен бекитилет.
14. Балл негизги, ошондой эле айкалыштырып иштеген кызматы боюнча да ыйгарылат. Окутуучулар же өндүрүштүк окутуу устаттары башка сабакты өткөндүгү үчүн баалоо жыйынтыгы тиешелүү методикалык комиссиясынын баалоо барагына киргизилет.
15. Айкалыштырып иштеген кызматы боюнча кызматкердин баллынын жыйынды суммасы үчүн 0,5 коэффициенти колдонулат.
16. Баа берүү барагы отчеттук мезгилдин ичинде окутуучулардын же өндүрүштүк окутуу устаттарынын ар биринин ишинин натыйжаларын чагылдырат.
17. Баллдын жалпы саны окутуучуларга жана өндүрүштүк окутуу устаттарына белгиленет жана баллдын жыйындысын билдирет, алардын ар бири кесиптик лицейдин окуу процессинде сабактан тышкары иш жүктөмүнүн баскычын, окуунун натыйжалуулугун жана окуучулардын билиминин сапатын, аткаруучулук тартибин чагылдырат.
18. Методикалык комиссия тарабынан толтурулган жана күбөлөндүрүлгөн баалоо баракчасы лицейдин эксперттик кеңешине отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен контролдоо жана текшерүү үчүн берилет.
19. Эксперттик кеңеш жана анын төрагасы лицейдин жамаатынын жалпы чогулушунда шайланат жана учурдагы окуу жылына директордун буйругу менен бекитилет. Эксперттик кеңештин курамына окуу, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, профсоюз комитетинин өкүлү, бухгалтер, методикалык комиссиянын өкүлдөрү кирет.
20. Эксперттик кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматкерлердин баллын эсептөөнүн негиздүүлүгүн текшерүүгө;
- баалоо барагын толтуруу боюнча методикалык комиссияга эмгек тартиби же эмгек милдеттери бузулган учурда айрым кызматкерлердин баллын алып салуу же азайтуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- кесиптик лицейдин кызматкерлерин сыйлоо же материалдык жактан колдоо жөнүндө чечим кабыл алууга катышууга.
3-глава. Окутуучулардын же өндүрүштүк окутуу устаттарынын баллын эсептөө жана дем берүүчү эмгек акысын эсептөө
21. Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын баллы алардын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын баалоо индикаторлорунун негизинде аныкталат.
22. Бир кызматкердин баллынын өлчөмү 10 баллдан ашпашы керек.
23. Окутуучулардын баллын эсептөө үчүн ишинин натыйжалуулугун жана сапатын баалоонун сунушталган индикаторлору:
- тарбиялык жана класстан тышкары ишинин сапаты (тарбиялык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү (аңгемелешүү, лекциялар, тегерек столдор, конкурстар); сабакты көп калтырган окуучулар менен жеке иштер;
- конференцияларды, семинарларды, педагогикалык окууларды жана ачык сабактарды даярдоо жана өткөрүү;
- маалыматтык технологияларды иштеп чыгуу жана пайдалануу;
- методикалык иштер;
- документацияны сапаттуу жүргүзүү;
- кесиптик лицейди өнүктүрүүдө кошкон салымы;
- топтогу окуучулардын жалпы санынан 30 пайыздан ашык "4" жана "5" деген баа алган окуучулардын жеке билиминин натыйжаларын жогорулатуу (контролдук иштеринин материалдары боюнча);
- окуучулардын сабакка катышуусу;
- конкурстарга жана класстан тышкаркы иш-чараларга катышуусу;
- тартиптик жазалардын жоктугу.
24. Өндүрүштүк окутуу устаттарынын баллын эсептөө үчүн ишинин натыйжалуулугун жана сапатын баалоонун сунушталган индикаторлору:
- тарбиялык иштердин сапаты (класстык сааттарды өткөрүү, ата-энелер жана окуучулар менен аңгемелешүүлөр, ата-энелер чогулуштарын өткөрүү, тарбиялык иштер боюнча отчеттор);
- окуучулардын заманбап техниканын жана өндүрүш технологияларынын алдыңкы методдоруна ээ болуулары;
- маалыматтык технологияларды иштеп чыгуу жана пайдалануу;
- өндүрүштүк окууну сапаттуу жүргүзүү;
- документацияны сапаттуу жүргүзүү;
- окуу-методикалык документацияларды иштеп чыгуу;
- окуучуларды квалификациялык иштерди аткарууга жана экзамендерди тапшырууга даярдоо (экзаменге суроолорду даярдоо; консультациялардын графиги, практикалык иштер үчүн тапшырмаларды иштеп чыгуу);
- өткөн окуу кварталындагы катышуу менен салыштырганда окуучулардын өндүрүштүк окууга жана практикага катышууларын көбөйтүү (катышуу табели; өндүрүштүк практикага катышуу графиги, катышуу акты);
- конкурстарды уюштуруу жана/же окуучулар даярдаган буюмдардын көргөзмөлөрүнө катышуу;
- тартиптик жазалардын жоктугу.
25. Лицей окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устатынын иштеринин натыйжалуулугун жана сапатын баалоо индикаторлорун өзгөртүүгө укуктуу. Сунушталган өзгөртүүлөр лицейдин жамаатынын жалпы чогулушунда алдын-ала талкууланат жана жамаат тарабынан жактырылгандан кийин Лицейдин кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жободо чагылдырат.
26. Педагогикалык иш жүргүзүү боюнча сааты бар административдик-башкаруу кызматкерлерине да методикалык комиссияны даярдоо багыты боюнча балл коюлат.
27. Окутуучуларга жана өндүрүштүк окутуу устаттарына отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирилбестен баллдын жыйынды өлчөмдөрү жөнүндө маалымат жеткирилет.
28. Кесиптик лицейдин эксперттик кеңеши баалоо барагынын туура толтурулгандыгын текшерип, кайчы пикирлерди алып салгандан кийин аларды бекитет, окутуучуларга жана өндүрүштүн окутуу устаттарына дем берүүчү эмгек акыны эсептөө үчүн бухгалтерияга берет.
4-глава. Административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга дем берүүчү эмгек акыны эсептөө
29. Административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персонал үчүн дем берүүчү эмгек акыны эсептөөнү лицей өзү аныктайт. Бул учурда төмөнкүлөргө жол берилет:
1) дем берүүчү эмгек акы фонду боюнча түзүлгөн бирдиктүү дем берүүчү эмгек акы коэффициентин штаттык расписание боюнча административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын ар бир кызматкеринин эсептелген эмгек акысына пайдаланууга;
2) административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга дем берүүчү эмгек акы фондунун үлүшүн бөлүштүрүүгө жана тиешелүү түрдө дем берүүчү эмгек акынын коэффициентин пайдаланууга;
3) дем берүүчү эмгек акынын бирдиктүү коэффициенти боюнча директорго, айрым административдик-башкаруу кызматкерлерине, калган кызматкерлерге белгиленген кошумча төлөөлөр менен аралаш форманы колдонууга.
30. Лицей административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга дем берүүчү эмгек акыны эсептөөнүн кайсыл вариантын колдонуу боюнча өз алдынча чечим кабыл алат жана аларды Лицейдин кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жободо көрсөтөт.
31. Жетекчинин орточо эмгек акысынын өлчөмү лицейдин кызматкерлеринин орточо эмгек акысынын үч эсе өлчөмүнөн ашпашы керек.".