Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июлундагы № 350 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата КОНЦЕПЦИЯСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын зергердик тармагынын учурдагы абалы
Кыргыз Республикасында азыркы учурда 255 алтын кени бар, алардын жалпы запасы 2 миң 149 тоннаны түзөт. Алтындын негизги бөлүгү бийик тоолуу Кумтөр кенинен казып алынат, ал алтынды казуу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде 3-орунда жана дүйнөдө 22-орунда турат. Акыркы жылдарда Кыргыз Республикасында алтынды казуу жылына 18-20 тонна деңгээлинде туруктуу сакталууда.
Кыргыз Республикасында зергердик тармактын ургаалдуу өнүгүшү жана көтөрүлүшү 1998-жылдан 2009-жылга чейин белгиленген.
Акыркы он жылда ата мекендик өндүрүштөгү зергердик буюмдарды чыгаруу басаңдаган шартта зергердик буюмдардын импортунун кыйла өскөнү байкалууда. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ата мекендик өндүрүштүн зергердик буюмдарын пробалоонун жана эн тамгалоонун көлөмдөрү, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн зергердик буюмдардын импортунун көлөмдөрү боюнча расмий маалыматы 1-таблицада келтирилген.
1-таблица. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти тарабынан жүргүзүлүүчү ата мекендик өндүрүштөгү зергердик буюмдарды пробалоо жана эн тамгалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрү, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн зергердик буюмдардын импортунун көлөмдөрү.
Жылдар | Алтын, жергиликтүү өндүрүштөгү, кг | Алтын, чет элдик өндүрүштөгү (импорт), кг | Күмүш, жергиликтүү өндүрүштөгү, кг | Күмүш, чет элдик өндүрүштөгү (импорт), кг |
2009 | 231 | 25 | 195 | 355 |
2010 | 34 | 38 | 131 | 1226 |
2011 | 62 | 48,5 | 99 | 5976 |
2012 | 90 | 185 | 75 | 8392 |
2013 | 87 | 2097 | 103 | 15607 |
2014 | 62 | 2857 | 87 | 12472 |
2015 | 79 | 1244 | 89 | 9760 |
2016 | 109 | 285 | 60 | 6243 |
2017 | 157 | 215,4 | 72,7 | 4125,4 |
2018 | 43 | 1366,4 | 38 | 4551,3 |
Жогоруда аталган таблицада көрсөтүлгөндөй, ата мекендик өндүрүштөгү күмүштөн жасалган зергердик буюмдарды чыгаруу 2009-жылга салыштырмалуу 2018-жылы 5,13 эсеге азайган, мында, күмүш зергердик буюмдардын импорту ушул эле жылдары 12,82 эсеге көбөйгөн. Ата мекендик өндүрүштөгү алтындан жасалган зергердик буюмдарды өндүрүүнүн көлөмү 2009-жылга салыштырмалуу 2018-жылы 5,37 эсе азайган, ошол эле мезгилде алтындан зергердик буюмдардын импорту 54,65 эсеге көбөйгөн.
Импорттун көбөйүшү экспорттун кескин азаюусуна жана рыноктон ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн зергердик буюмдарынын сүрүлүп чыгышына алып келди, бул келечекте жалпы зергердик өнөр жайдын жоголуу коркунучун жаратты.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын зергердик тармагында 956 ишкердик субъект иштеген, анын ичинде 331 юридикалык жактар жана 625 жеке жактар болгон.
Баалуу металлдардан жана асыл таштардан зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүшүн 38 ишкердик субъект ишке ашырат, алдын ала эсептөөлөр боюнча 2018-жылы Кыргыз Республикасында пробаланып, эн тамгаланган буюмдардын жалпы санынын 9,5% зергердик буюмдардын өндүрүшүнө туура келет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин зергердик буюмдарды өндүрүүнүн көлөмү жөнүндө маалыматтары 2-таблицада келтирилген.
2-таблица. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кыргыз Республикасынын аймагында зергердик буюмдарды өндүрүүнүн жалпы көлөмү жөнүндө маалымат.
| 2012-ж | 2013-ж. | 2014-ж. | 2015-ж. | 2016-ж. | 2017-ж. | 2018-ж. |
Зергердик буюмдарды өндүрүү (миң сом) | 78552,6 | 59012,4 | 52636,8 | 98219,3 | 29900,2 | 33907,5 | 24258,3 |
Кыргыз Республикасынын зергердик тармагында зергердик рыноктун катышуучуларынын коммерциялык эмес бирикмелери түзүлгөн. Чакан жана орто ишканалар негизинен кызмат көрсөтүү жана соода тармагында иштешет, ал эми өндүрүштө иштегени бир топ аз. Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүнүн мындай жолу өлкөнүн жаратылыш, эмгек, интеллектуалдык жана башка ресурстарын сарамжалсыз пайдаланууга алып барат.
Жогоруда баяндалганды эске алып, азыркы учурда зергердик тармактын өнүгүшүн солгундаткан факторлор болуп төмөнкүлөр саналат:
- чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн буюмдарына салыштырмалуу ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын өздүк наркынын жогору болушунан, ченемдик укуктук актылардын өлкөнүн азыркы өнүгүү деңгээлине жооп бербеген талаптарынан, зергердик буюмдарды чыгаруучу алдыңкы өлкөлөрдүн, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен шайкеш келбеген мыйзамдардан улам ата мекендик зергердик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмсүздүгү;
- сырье түрүндөгү аффинаждалган алтындын баасынын жогору болушу (бүгүнкү күндө аффинаждалган алтынды "Кыргызалтын" ААК жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сата алышат), мында аффинаждалган алтын өлчөнгөн куймалар түрүндө сатылат, алардын наркына аларды жасоодогу чыгымдар киргизилген. Мындан тышкары, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому сунуштаган наркында алтындын баасына 2ден 7%га чейинки үстөк төмөнкүдөй кошулат:
2016-жылы - унциясы 1248,34 доллар;
2017-жылы - унциясы 1257,11 доллар;
2018-жылы - унциясы 1269,14 доллар;
2019-жылы - унциясы 1305,4 доллар;
- сырье түрүндөгү аффинаждалган алтындын дефицити;
- ата мекендик зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн импорттон жетишсиз корголушу, алардын көлөмү Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин расмий маалыматына ылайык 2018-жылдын жыйынтыгы менен күмүш боюнча импорт - 119,7 эсеге, алтын боюнча - 31,7 эсеге көп (1-таблица);
- өндүрүштүк сектордо керектөө суроо-талабынын азыркы деңгээлине жооп берүүчү инфратүзүмдүн жоктугу;
- ички жана тышкы рыноктордо ата мекендик соода маркаларын (бренддерди) илгерилетүүнүн жетишсиздиги;
- ЕАЭБга катышкан өлкөлөрдүн рынокторуна чыгууда кыргыздын улуттук эн тамгасын тааныбастык сыяктуу тоскоолдуктардын болушу.
Мындан сырткары, бүгүнкү күндө кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу үчүн райондук жана облустук борборлордо, ошондой эле чачынды кендер жайгашкан жана жекече чайкоо иштери өнүккөн жерлерде алтынды кабыл алуучу кассалар (АКК) уюштурулуп жатканын белгилей кетүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо кабыл алынган учурдан тартып азыркы учурга чейин кум түрүндөгү алтынды (алтын камтыган концентратты) сатып алуу үчүн 49 чарбакер субъект катталган жана уруксаттар берилген, анын ичинде:
- 2016-жылы - 20;
- 2017-жылы - 16;
- 2018-жылы - 13.
Практика көрсөткөндөй, алтынды кабыл алуучу кассалардан тышкары, кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат алууга зергердик буюмдарды чыгаруу боюнча өзүнүн ишинде колдонуу үчүн кум түрүндөгү алтынды керектүү кондицияга (тазалоо, лигатурлоо) чейин кайра иштетүүгө өндүрүштүк шарттары бар зергердик буюмдарды жасоочулар да кайрылышууда.
Баяндалганга байланыштуу, зергердик тармакты аларды жасоо үчүн сырье (булактардын бири катары) менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жогоруда аталган токтомго өзгөртүүлөр киргизилген, анда алтынды кабыл алуучу кассаларды кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты тиешелүү ишканаларда аффинаждоого жана даяр продукция түрүндө ички рынокко сатууга милдеттендирген ченем жокко чыгарылган.
Алтынды кабыл алуучу кассалар тарабынан берилген отчетторго ылайык 2017-жылы гана алтынды кабыл алуучу кассалар 1653,4 гр. кум түрүндөгү алтын сатып алынганы жөнүндө маалыматты беришкен. 2018-жылы алтынды кабыл алуучу кассалар тарабынан кум түрүндөгү алтынды сатып алуу жана сатуу жөнүндө баардык отчеттор нөлдүк көрсөткүчтөр менен берилген.
2. Концепциянын негизги максаттары
Мурдагы Концепцияда ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, рынокто баалуу металлдарды жана асыл таштарды көмүскө жүгүртүүнү легалдаштыруу, ата мекендик зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдү камсыздоо үчүн ички сырьелук базаны өнүктүрүү жана башкалар боюнча милдеттер коюлган.
Концепцияда коюлган милдеттер толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын зергердик өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдар мезгилине карата жаңы концепциясын кабыл алуу жана аны ишке ашыруу боюнча жаңыланган Иш-чаралар планын иштеп чыгуу чечими кабыл алынган.
Ушуга байланыштуу, бул Концепцияда 2022-жылдын аягына чейин ата мекендик ишканалардын алтынды жана күмүштү керектөөлөрүнүн жылдык көлөмүн 1 тоннага жеткирүү максаты коюлду, бул зергердик тармакта иштеген 2500 адамдык кошумча иш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
3. Зергердик тармакты өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдар мезгилине артыкчылыктуу милдеттери жана багыттары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчетунда 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги параметрлери, проблемаларды жана жетишкендиктерди көрсөтүү менен экономиканын ар түрдүү тармактарынын өнүгүү тенденцияларынын мүнөздөмөлөрү өзүнчө көрсөтүлгөн. Жагымдуу бизнес-климатты түзүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга ишинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын экономикасынын кайра иштетүү секторунун өнүгүүсүндө оң динамика байкалган.
Алсак, 2018-жылы баалуу металлдарды өндүрүүнүн өсүшү 4,4%га, пайдалуу кендерди казып алуу 8,1%га өскөн, бул кайра иштетүү секторунун өнүгүүсү, атап айтканда баалуу металлдардан жасалуучу зергердик буюмдарды чыгаруу үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү түзөт.
Социалдык-экономикалык өнүктүрүү тенденцияларын изилдөөнүн негизинде Өкмөттүн алдында 2019-жылы жана кийинки жылдары экономиканын стратегиялык тармактарын жогорулатуу жана улуттук программаларды, өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу, экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоого, анын ичинен кошумча иш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган кыйла активдүү жана максаттуу багытталган мамлекеттик экономикалык саясатты ишке ашыруу үчүн чоң иштер турат.
Зергердик тармакты өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын тиешелүү түрдө аткарылышын контролдоодо көрсөтүлгөн зергердик секторду мамлекеттик колдоо ата мекендик зергерлерди адилеттүү рынок баасында сырье менен камсыз кылууга жана ички рынокто өндүрүлгөн ата мекендик баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын-продуктунун кошумча наркынын өсүшүнүн эсебинен Бюджетке түшүүлөр жөнүндө маалыматтар боюнча отчетто көрсөтүлгөн өсүштү пландаштырууга мүмкүндүк берет.
Концепциянын максаттарына жетүү жана зергердик тармакты өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн төмөнкү милдеттер аткарылууга жана артыкчылыктуу чаралар аныкталууга тийиш:
1. Ички сырьелук базаны өнүктүрүүгө, сырьелук ресурстарга жетүүгө көмөктөшүү:
- ата мекендик зергердик продукцияны өндүрүүчүлөргө аффинаждалган жана аффинаждалбаган ар кандай формадагы жана өлчөмдөгү баалуу металлдарды сатып алуу мүмкүндүгүн берүү: тийиштүү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- баалуу металлдардан зергердик буюмдарды жасоочу ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн Доре куймасын Лондон биржасынын баасы менен тоо-кен компанияларынан биринчи кезекте сатып алуу механизмин иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагына зергердик буюмдарды жасоо үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн сырье түрүндө алынып кирген алтынды, күмүштү, асыл таштарды, асыл эмес таштарды импорттоодо алып кирүү бажы алымынын нөлдүк ставкасын белгилөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана ЕЭКке киргизүү;
- баалуу металлдарды толлинг шартында кайрадан иштетүү боюнча операцияларды жүргүзүүчү алтын казуучу ишканалардын алтын сырьесу менен зергердик тармакты камсыздоо механизмин иштеп чыгуу.
2. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү:
- натыйжалуу иштөөсү үчүн зарыл болгон жабдууларды техникалык жактан өркүндөтүү;
- баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар менен соода жүргүзүүнүн колдонуудагы эрежелерин бизнес-ассоциациялардын пикирин эске алуу менен оптималдаштыруу;
- зергердик буюмдарды маркалоонун механизмин иштеп чыгуу;
- эркин бажы зонасы же эркин кампа бажы жол-жобосун пайдалануу менен зергердик буюмдарды өндүрүү боюнча адистештирилген өнөр жай зонасын түзүү боюнча концепциянын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү.
3. Баалуу металлдар жана асыл таштар рыногундагы экономиканын байкоого алынбаган секторунун деңгээлин азайтуу:
- тийиштүү мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо жана ага бөгөт коюу иштерин белгиленген тартипте уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен иштөөдө белгиленген эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган, атап айтканда айыптарды белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу.
4. Ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды ички жана тышкы рынокко чыгарууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү:
- адистештирилген көргөзмө-жармаңке иш-чараларын өткөрүүгө жана зергердик буюмдарды ички жана тышкы рынокторго чыгарууга, чет мамлекеттердеги көргөзмөлөргө катышуу үчүн кыргыз экспортчуларына визалык колдоону камсыздоого көмөк көрсөтүү;
- кыргыз зергердик буюмдарды экспорттоочулар үчүн трансчек аралык соода боюнча Интернет-платформаны ишке киргизүү, ошондой эле КЭРдин соода Интернет-аянтчаларында каттоодон өтүү;
- зергерлер күнүн белгилөө.
5. ЕАЭБ алкагында зергердик тармакты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү:
- бизнес-коомчулуктун пикирин эске алуу менен, андан ары эн тамгаларды өз ара таануу шарттарын кабыл алуу үчүн ЕАЭБдин бажы аймагында пробалык көзөмөл жүргүзүүнүн бирдей талаптарын иштеп чыгуу маселеси боюнча бирдиктүү улуттук позицияны иштеп чыгуу;
- бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлорун талкуулоо боюнча кеңешмелерди өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына отчет берүү.
6. Зергердик тармакта квалификациялуу кадрларды даярдоо:
- зергердик тармактагы адистештирилген окуу жайлардын материалдык-техникалык жана методикалык базасынын деңгээлин жогорулатуу ("Дизайнерлердин жана зергерлердин мектеби" мекемеси (каттоо номери - 138154-3301-М). Мекеме тууралуу абитуриенттерге, студенттерге жана башка окуу жайлардын окуучуларына маалымдоого көмөк көрсөтүү;
- зергердик тармактын чет элдик компаниялары менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларды (меморандумдарды) түзүү.
Бул багытта ар кандай деңгээлдеги окуу жайлардын потенциалын күчтөндүрүү талап кылынат. Зергердик тармактагы ишканаларды кадрдык камсыздоо чөйрөсүндөгү окуу жайларды жана ишканаларды координациялоо жана алардын өз ара аракеттенүү маселесине өзгөчө роль берилиши керек. Кесиптик-техникалык билим берүү системасында тийиштүү адистиктерге кыска мөөнөттүү программа боюнча окуучулардын санын көбөйтүү, иштеп жаткан кесиптик лицейлердин жана өндүрүштөрдүк базасында окутуучу-өндүрүштүк комплекстерди түзүү мүмкүндүгүн кароо керек. Тиешелүү багыттар боюнча чет өлкөлөргө окууга жиберилүүчү студенттердин санын көбөйтүү зарыл.
4. Концепцияны каржылоо
Концепцияны ишке ашыруунун финансылык ресурстарын баалоо ушул Концепциянын 1-тиркемесинде көрсөтүлдү.
Концепцияны ишке ашыруунун жалпы наркы (иш-чараларды жана маселелерди каржылоодогу керектөө) 2019-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде 14682,3 миң (он төрт миллион алты жүз сексен эки миң үч жүз) сомду түзөт.
Иш-чаралар планынын пункттары төмөнкү каражаттардын эсебинен каржыланат:
1) зергердик тармактын ассоциациялары, тактап айтканда "ЕАЭБдин зергерлер ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин ("Зергерлер союзу" ассоциациясынын) каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөр боюнча:
- "Зергердик буюмдардын кыргыз экспортчулары үчүн трансчегаралык соода боюнча интернет-платформаны ишке киргизүү, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын соода интернет-аянтчаларында каттоо" деген 8.2-пункту боюнча жалпы 1982,9 миң (бир миллион тогуз жүз сексен эки миң тогуз жүз) сом суммасында;
- "Зергердик тармактагы адистештирилген окуу жайлардын материалдык-техникалык жана методикалык базасынын деңгээлин жогорулатуу ("Дизайнерлер жана зергерлер мектеби" мекемеси)" (каттоо номери - 138154-3301-у-е) деген 12-пункту боюнча жалпы 1300,0 миң (бир миллион үч жүз миң) сом суммасында;
2) республикалык бюджеттен:
- "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаментинин лабораториялык базасын ЕАЭБдин стандарттарына ылайык өркүндөтүү" деген 2-пункту боюнча 11399,4 миң (он бир миллион үч жүз токсон тогуз миң төрт жүз) сом өлчөмүндө.
Иш-чаралар планынын башка пункттарын ишке ашыруу каржылоону талап кылбайт.
5. Концепцияны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар
Ушул Концепцияны натыйжалуу ишке ашыруу Кыргыз Республикасында казылган 1 тоннага чейинки алтынды кайра иштетүүгө жана бул тармакта иш орундарынын санын 2500 адамга чейин жеткирүүгө жөндөмдүү өндүрүш секторун өнүктүрүүгө алып келет. Коюлган максаттарды ишке ашыруу ошондой эле төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- ата мекендик зергердик өнөр жай үчүн кыргыз продукцияларын дүйнөлүк зергердик рынокторго чыгаруу мүмкүндүгүн камсыздаган атаандаштык чөйрөнү түзүүнү;
- өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана ата мекендик зергердик продукцияны сатуучу рынокторду кеңейтүүнү, жаңы иш орундарын түзүүнү;
- таза атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүүнү;
- улуттук зергердик искусствонун салттарын сактоо жана андан ары өнүктүрүүнү;
- ички рынокто да, эл аралык деңгээлде да жарнамалык компанияларды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу жолу менен баалуу металлдардан жасалган ата мекендик зергердик буюмдардын өтүшүнө түрткү берүүнү;
- баалуу металлдардан жасалган ата мекендик өндүрүштөгү буюмдарга кардарлардын ишенимин жогорулатуучу кепилдиктер системасын түзүү менен зергердик буюмдардын рыногунун көлөмүн кеңейтүү үчүн шарттарды камсыз кылууну;
- баалуу металлдардын экспортунун сырьелук багытталуусун азайтууну, зергердик жана башка буюмдарга өлкөдө өндүрүлүүчү баалуу металлдарды мүмкүн болушунча максималдуу пайдаланууну. Кыргыз Республикасы алтын казып алынуучу мамлекет болуп саналат, ошондуктан өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарында казып алынуучу алтынды кайра иштетүү жана алардан зергердик буюмдарды жасоо үчүн шарттарды түзүү негизги милдет болуп саналат, бул акыркы продуктунун кошумча наркынын жогорулашына өбөлгө болот;
- ишкердикти өнүктүрүү саясатынын маселелерин тейлөөчү мамлекеттик органдын базасында, коомдук бирикмелерди жана товар өндүрүүчүлөрдүн уюмдарын тартуу менен туруктуу иштей турган сүйлөшүү аянтчасын түзүү аркылуу мамлекеттин, бизнестин жана керектөөчүнүн кызыкчылыктарынын оптималдуу балансын түзүү. Бул ушул сектордун проблемаларын ыкчам тартипте талкуулоого жана чечимдерди кабыл алууга, анын ичинде тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу маселеси боюнча чечимди кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Концепциянын пландалып жаткан натыйжалары ушул Концепциянын 2-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасында көрсөтүлгөн.
6. Концепциянын ыңгайлуу өбөлгөлөрү жана тобокелдиктери
Көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, улуттук зергердик өндүрүштүн өнүгүүсү көбүнчө инвестициялык иш жүргүзүү, ички рынокту коргоо, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган мамлекеттик саясат менен шартталат.
Концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу бир катар ыңгайлуу шарттардын болушуна көз каранды, аларга ЕАЭБдин шарттарына тез арада ыңгайлашуу кирет, анткени ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен товарларды өз ара соодалашууда ички рыноктун иштөөсүнүн алкагында алып келүү жана алып чыгуу бажы алымдары, тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары, атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар колдонулбайт.
Баалуу металлдардын жана асыл таштардын ЕАЭБдин аймагында эркин жүгүртүлүшү үчүн шарттарды түзүү максатында Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан ЕАЭБдин бажы аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуунун долбоору иштелип чыккан.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында Европа бирлигинин Жалпы артыкчылыктар схемасынын (ЖАС+) статусунун болушу Европа бирлигинин өлкөлөрүнө товарларды экспорттоодо тарифтик жөнгө салуудагы артыкчылардын эсебинен сатуу рыногун кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Концепцияны ишке ашыруунун ийгилиги тармактагы бирикмелердин, сектордогу алдыңкы ишканалардын активдүү катышуусуна жана сектордун абалына таасир этүүчү мамлекеттик органдардын күч-аракеттерин натыйжалуу координациялоого да байланыштуу болот.
Жакынкы келечекте Концепциянын иш-чараларын аткарууну кыйындатуучу же болтурбоочу, же анын натыйжалуулугун төмөндөтүүчү тобокелдик факторлору бар. ЕАЭБдин алкагында тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жаңы ченемдерди кабыл алуу сыяктуу процесстер Иш-чаралар планында каралган иштердин аткарылышы үчүн опурталдарды жаратышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Концепцияда каралган маселелерге карама-каршылыктарды жаратуучу жаңы ченемдик укуктук актылар кабыл алынса да (жер казынасын пайдалануу, салык салуу, бажылык мыйзамдар, тартип бузуулар үчүн жоопко тартуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишин жөнгө салуу чөйрөлөрүндө) Иш-чаралар планында көрсөтүлгөн иш-чараларды аткаруу үчүн тобокелдиктер жаралышы мүмкүн.
Сектордун инвестициялык кызыктуулугунун азайышы, анын кесепетинен ушул тармактагы ишкерлердин санынын азайышы Концепцияны андан ары ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугунун жоголушуна алып келет.
Мындан сырткары, азыркы учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө байкалуучу зергердик буюмдарга болгон керектөө суроо-талаптарынын деңгээлинин төмөндөшү, калктын керектөөлөрүнүн өзгөрүшү жана зергердик буюмдардын маданий жактан баалуулугунун жоголушу, Концепцияда камтылган максаттарды аткарууда олуттуу тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн.
|
| Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясына 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясынын БЮДЖЕТИ
№ | Милдеттер | Чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ченөө бирдиги | Каржылоого болгон муктаждык | Мүмкүндүктөр | Финансылык ажырым | |||||||||
республикалык бюджет | МИП менен гранттар | башкалар | бардыгы | республикалык бюджет | МИП менен гранттар | башкалар | бардыгы | республикалык бюджет | МИП менен гранттар | башкалар | бардыгы | ||||||
1. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук жана техникалык базаны өркүндөтүү | |||||||||||||||||
1 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаментинин лабораториялык базасын ЕАЭБ стандарттарына ылайык өркүндөтүү | Натыйжалуу иштөө үчүн керектүү жабдууларды техникалык жактан жакшыртуу | ЭФМ | Бардыгы | миң сом | 11399,4 |
|
| 11399,4 | 11399,4 |
|
| 11399,4 | 0 |
|
| 0 |
миң долл. | 167,6 |
|
| 167,6 | 167,6 |
|
| 167,6 | 0 |
|
| 0 | |||||
Декабрь, 2019-ж. | миң сом | 11399,4 |
|
| 11399,4 | 11399,4 |
|
| 11399,4 | 0 |
|
| 0 | ||||
миң долл. | 167,6 |
|
| 167,6 | 167,6 |
|
| 167,6 | 0 |
|
| 0 | |||||
2. Ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды ички жана тышкы рынокко чыгарууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү | |||||||||||||||||
2 | Кыргыз Республикасынын зергердик буюмдарынын брендин тышкы рынокторго илгерилетүү | Зергердик буюмдардын кыргыз экспортчулары үчүн трансчегаралык соода боюнча интернет-платформаны ишке киргизүү, ошондой эле КЭРдин интернет-соода аянтчаларында каттоо | ИМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | Бардыгы | миң сом |
|
| 1982,90 | 1982,90 |
|
| 1982,90 | 1982,90 |
|
| 0 | 0 |
миң долл. |
|
| 29,16 | 29,16 |
|
| 29,16 | 29,16 |
|
| 0 | 0 | |||||
Декабрь, 2019-ж. | миң сом |
|
| 886,40 | 886,40 |
|
| 886,40 | 886,40 |
|
| 0 | 0 | ||||
миң долл. |
|
| 13,035 | 13,035 |
|
| 13,035 | 13,035 |
|
| 0 | 0 | |||||
Декабрь, 2020-ж. | миң сом |
|
| 548,25 | 548,25 |
|
| 548,25 | 548,25 |
|
| 0 | 0 | ||||
миң долл. |
|
| 8,06 | 8,06 |
|
| 8,06 | 8,06 |
|
| 0 | 0 | |||||
Декабрь, 2021-ж. | миң сом |
|
| 548,25 | 548,25 |
|
| 548,25 | 548,25 |
|
| 0 | 0 | ||||
миң долл. |
|
| 8,06 | 8,06 |
|
| 8,06 | 8,06 |
|
| 0 | 0 | |||||
3. Зергердик тармакта квалификациялуу кадрларды даярдоо | |||||||||||||||||
3 | Зергердик тармакта адистерди даярдоо | Зергердик тармакта адистештирилген окуу жайларынын материалдык-техникалык жана методикалык базасынын деңгээлин жогорулатуу | БИМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | Бардыгы | миң сом |
|
| 1300,0 | 1300,0 |
|
| 1300,0 | 1300,0 |
|
| 0 | 0 |
миң долл. |
|
| 19,12 | 19,12 |
|
| 19,12 | 19,12 |
|
| 0 | 0 | |||||
Декабрь, 2021-ж. | миң сом |
|
| 650,0 | 650,0 |
|
| 650,0 | 650,0 |
|
| 0 | 0 | ||||
миң долл. |
|
| 9,56 | 9,56 |
|
| 9,56 | 9,56 |
|
| 0 | 0 | |||||
Декабрь, 2022-ж. | миң сом |
|
| 650,0 | 650,0 |
|
| 650,0 | 650,0 |
|
| 0 | 0 | ||||
миң долл. |
|
| 9,56 | 9,56 |
|
| 9,56 | 9,56 |
|
| 0 | 0 | |||||
| Бөлүмдөр боюнча бардыгы |
|
| Бардыгы | миң сом |
|
| 3282,9 | 14682,3 | 11399,4 |
| 3282,9 | 14682,3 | 0 |
| 0 | 0 |
миң долл. |
|
| 48,28 | 215,88 | 167,6 |
| 48,28 | 215,88 | 0 |
| 0 | 0 | |||||
2019-ж. | миң сом |
|
| 886,40 | 12285,8 | 11399,4 |
| 886,40 | 12285,8 | 0 |
| 0 | 0 | ||||
миң долл. | 167,6 |
| 13,035 | 180,635 | 167,6 |
| 13,035 | 180,635 | 0 |
| 0 | 0 | |||||
2020-ж. | миң сом |
|
| 548,25 | 548,25 |
|
| 548,25 | 548,25 |
|
| 0 | 0 | ||||
миң долл. |
|
| 8,06 | 8,06 |
|
| 8,06 | 8,06 |
|
| 0 | 0 | |||||
2021-ж. | миң сом |
|
| 1198,25 | 1198,25 |
|
| 1198,25 | 1198,25 |
|
| 0 | 0 | ||||
миң долл. |
|
| 17,62 | 17,62 |
|
| 17,62 | 17,62 |
|
| 0 | 0 | |||||
2022-ж. | миң долл. |
|
| 650,0 | 650,0 |
|
| 650,0 | 650,0 |
|
| 0 | 0 | ||||
|
| 9,56 | 9,56 |
|
| 9,56 | 9,56 |
|
| 0 | 0 | ||||||
Доллардын болжолдуу курсу - 68 сом./долл.
Алтындын болжолдуу курсу - унциясы 1250 $
Колдонулган кыскартуулардын тизмеси:
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
МИП | - | мамлекеттик инвестициялар программасы |
ИМ | - | Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭФМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги |
КЭР | - | Кытай Эл Республикасы |
|
| Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясына 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Ченөө бирдиги | Базалык жыл | Ортолук индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | |||||
1 жыл | 2 жыл | 3 жыл | 4 жыл | |||||||||
1. Ички сырьёлук базаны өнүктүрүүгө, сырьёлук ресурстарга жетүүгө көмөктөшүү | ||||||||||||
1 | Зергердик буюмдарды жасоо үчүн баалуу металлдар (алтын, күмүш) түрүндөгү сырьё менен камсыздоо | 1.1. Жергиликтүү зергердик продукцияны өндүрүүчүлөргө аффинаждалган жана аффинаждалбаган ар кандай формадагы жана өлчөмдөрдөгү баалуу металлдарды сатып алуу мүмкүндүгү жана тийиштүү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана кабыл алуу | кг | 2021 | 100 | 150 | 200 | 250 | 250 | ЭФМ, ЭӨЖМ, УБ (макулдашуу боюнча), "Кыргызалтын" ААК (макулдашуу боюнча), Бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
|
| 1.2. Жергиликтүү зергердик продукцияны өндүрүүчүлөр тарабынан Лондон биржасынын баасы менен Доре куймасын тоо-кен компанияларынан биринчи кезекте сатып алуу | кг | 2021 |
|
| 200 | 250 | 250 | ЭФМ, УБ (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
|
| 1.3. Зергердик буюмдарды өндүрүү үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн сырьё түрүндө алтынды, күмүштү, асыл таштарды жана асыл эмес таштарды бажы алымдарынын нөлдүк ставкасы менен алып кирүү мүмкүндүгү | кг | 2021 |
| 150 | 200 | 250 | 250 | ЭФМ, ЭӨЖМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
|
| 1.4. Баалуу металлдарды толлинг шартында кайрадан иштетүү боюнча операцияларды жүргүзгөн жер казынасын пайдалануучулардын эсебинен зергердик тармакты сырьё менен камсыздоо | кг | 2022 |
|
| 200 | 250 | 250 | ЭФМ, ЭӨЖМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
2. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү техникалык жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | ||||||||||||
2 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин лабораториялык базасын ЕАЭБдин стандарттарына ылайык өркүндөтүү | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин лабораториялык базасы үчүн ЕАЭБдин стандарттарына ылайык келген жабдуулар | даана | 2019 | 69 |
|
|
| 69 жаңы жабдууну орнотуу жана аккредитациялоо менен пробалык экспертизалоо бөлүмүн модернизациялоо | ЭФМ | ||
3 | Баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдү жана ички рыноктогу сатуучуларды текшерүүнү жөнөкөйлөтүү | Зергердик буюмдарды сатуунун жаңыртылган эрежелери | ЧУА | 2021 | Зергердик буюмдарды сатуунун колдонуудагы эрежелерин талдоо жана Эрежелерге жаңыртууларды кароо | Зергердик буюмдарды сатуунун жагымдуу укуктук шарттары | ЭФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | |||||
4 | Баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды эсепке алууну автоматташтыруу жана маркалоо | Зергердик буюмдарды маркалоонун механизмин иштеп чыгуу | Долбоор | 2022 | РФнын зергердик буюмдарын маркалоо системасына мониторинг жүргүзүү | РФнын зергердик буюмдарын милдеттүү түрдө маркалоо системасын колдонууну баалоо | Зергердик буюмдарды ата мекендик маркалоонун механизмин иштеп чыгуу. Тестирлөө | Зергердик буюмдарды маркалоо жана байкоо жүргүзүү системасын киргизүү боюнча ЧУА бекитилди | ЭФМ, СӨМ, ЭӨЖМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | |||
5 | Зергердик буюмдарды өндүрүү үчүн преференциялык режим менен адистештирилген зонаны түзүү | Эркин бажы зонасынын же эркин кампанын бажы жол-жобосун колдонуу менен зергердик буюмдарды өндүрүү боюнча адистештирилген өнөр жай зонасын түзүү боюнча концепциянын долбоору | Долбоор | 2022 |
|
| Адистештирилген өнөр жай зонасын жана адистештирилген зонага кирүү укугуна ээ болуунун критерийлерин түзүү боюнча концепциянын долбоорун иштеп чыгуу | Адистештирилген зонаны түзүү жана ага кирүү тартиби жөнүндө ЧУАны бекитүү | ЭФМ, ИМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | |||
3. Баалуу металлдар жана асыл таштар рыногундагы экономиканын байкоого алынбаган секторунун деңгээлин кыскартуу | ||||||||||||
6 | Баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо жана ага бөгөт коюу | Баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо жана ага бөгөт коюу | Юридикалык жана жеке жактар | 2019 | 25 | 25 | 25 | 25 | 100 Баалуу металлдар жана асыл таштар рыногундагы экономиканын байкоого алынбаган секторунун деңгээлинин кыскарышы | ЭФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
7 | Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү | Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин баалуу металлдар жана алардан жасалган буюмдар менен иштөөдө белгиленген эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды бузуу үчүн жоопкерчилик каралган айып белгилөө бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ЧУА | ЧУА | 2021 | Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү бузуулардын кыскарышы |
| ЭФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | |||||
4. Ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды ички жана тышкы рынокко чыгарууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү | ||||||||||||
8 | Кыргыз Республикасынын зергердик буюмдарынын брендин тышкы рынокторго илгерилетүү | 8.1. Адистештирилген көргөзмө-жармаңке иш-чараларына катышуу жана чет мамлекеттердин көргөзмөлөрүнө катышуу үчүн ата мекендик экспорттоочуларга визалык колдоону камсыздоо | Көргөзмөнүн катышуучуларынын тобуна вербалдык нота | 2019 | 2ге чейин | 2ге чейин | 2ге чейин | 2ге чейин | Кызыкдар катышуучулардын тобу үчүн вербалдык нота (8ге чейин) | СӨП, ИМ, ТИМ, ММСЖСМ, ЭФМ, Бишкек ш. мэриясы, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
8.2. Зергердик буюмдардын кыргыз экспорттоочулары үчүн чек аралар аралык сатуу боюнча интернет-платформасын ишке киргизүү, ошондой эле КЭРдин соода интернет-аянтчаларында каттоо | Интернет-сайт | 2020 |
| Кыргыз Республикасынын интернет платформасын КЭРдин соода интернет-аянтчаларына адаптациялоо. КРнын интернет-платформасын КЭРде илгерилетүү | Ата мекендик зергердик продукциянын экспортун КЭРдин рыногуна илгерилетүүнүн жаңы механизми | ИМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||||||
9 | Зергердик тармактын өкүлдөрүнө дем берүү | Зергерлер күнүн белгилөө | ЧУА | 2021 | Баалуу металлдардан зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө дем берүү | Зергерлер күнүн белгилөө жөнүндө ЧУА кабыл алуу | ЭФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | |||||
5. ЕАЭБ алкагында зергердик тармакты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү | ||||||||||||
10 | ЕАЭБ бажы аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууга кол коюу | Кийин эн тамгаларды өз ара таануу шарттарын кабыл алуу үчүн ЕАЭБдин бажы аймагында пробалык көзөмөл жүргүзүүгө унификацияланган талаптарды иштеп чыгуу маселеси боюнча бирдиктүү улуттук позицияны иштеп чыгуу | Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуу | 2020 |
| ЕАЭБ бажы аймагында пробалык көзөмөл жүргүзүүгө унификацияланган талаптарды иштеп чыгуу жана макулдашуу - биринчи жарым жылдык; ЕАЭБ бажы аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууга кол коюу - экинчи жарым жылдык |
|
| ЕАЭБ бажы аймагында кыргыз улуттук эн тамганын таанылышы | ЭФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
11 | Зергердик тармактагы ЕЭКтин чечимдеринин, ЧУА долбоорлорун зергердик тармактын бизнес-ассоциациялары менен милдеттүү түрдө макулдашуу | ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлорун талкуулоо боюнча бизнес-коомчулук менен кеңешмелерди өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына отчет берүү | Кеңешмелер | 2019 | 4 | 4 | 4 | 4 | Бизнес-коомчулук менен туруктуу байланышты жана жооп кайтаруу үчүн өз убагында сигналдарды алууну камсыздоочу жолго коюлган кайра байланыш системасы | ЭФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
6. Зергердик тармакта квалификациялуу кадрларды даярдоо | ||||||||||||
12 | Зергердик тармакта адистерди даярдоо | Зергердик тармакта адистештирилген окуу жайларынын материалдык-техникалык жана методикалык базасынын деңгээлин жогорулатуу | Адистердин саны | 2021 |
|
| 35 | 50 | Зергердик тармактагы квалификациялуу адистердин санынын көбөйүшү, адистердин билим деңгээлинин өсүшү | БИМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
13 | Студенттердин, ошондой эле зергердик буюмдарды өндүрүүчү-адистердин зергердик тармакта алдыңкы технологиялары бар чет элдик компанияларда системалуу негизде стажировкадан өтүү практикасын киргизүү | Чет элдик компаниялар менен тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууларды (меморандумдарды) түзүү | Макулдашуу (меморандум) | 2019 |
| 5 | 5 | 10 | Студенттердин, ошондой эле зергердик буюмдарды өндүрүүчү-адистердин зергердик тармакта алдыңкы технологиялары бар чет элдик компанияларда системалуу негизде стажировкадан өтүүсү | БИМ, ЭФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
Колдонулган кыскартуулардын тизмеси:
ЭФМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
ЭӨЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
ААК | - | ачык акционердик коом |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ИМ | - | Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЕЭК | - | Евразия экономикалык комиссиясы |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар |
КЭР | - | Кытай Эл Республикасы |
РФ | - | Россия Федерациясы |