КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-августу № 390
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү тартиби, 2-тиркемеге ылайык;
- Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү оңдоп-түзөө программасы, 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү оңдоп-түзөө программасына карата методикалык сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |