Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-октябры № 559
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча маселелерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- 4-главасынын 51-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Каттоо, маалымкат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында" деген III бөлүмүнүн 13-главасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- "Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза тармагында" деген IV бөлүмүнүн 7-главасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы N 92 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
"
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту |
| ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Издөө, тандап алуу жана маалыматтык абонент боюнча керектөөчүлөргө стандартташтыруу документтеринин көчүрмөсүн кагаз түрүндө же электрондук түрдө берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 6-главасынын 11-пункту |
|
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды ишке ашырган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (мындан ары - КР ЭМ). Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын функциясын ишке ашырган КР ЭМдин ведомстволук бөлүмү - КР ЭМдин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (мындан ары - СМБ). Метрология жаатындагы иштерди жүргүзүү жана стандартташтыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын техникалык регламенттеринин жана стандарттарынын улуттук маалыматтык фонду (мындан ары - Фонд) |
|
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жана жеке адамдар |
|
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 "Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө" токтому |
|
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Маалыматтык материалдар жана техникалык жөнгө салуу тармагындагы документтердин көчүрмөлөрү кагаз жана электрондук түрдө. Зарыл болгон учурда оозеки рекомендациялар берилиши мүмкүн. Стандартташтыруу боюнча документтердин статусу жөнүндө маалымат |
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө күтүүнүн төмөнкү шарттары каралган, эркектердин жана аялдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой өрткө каршы коопсуздуктун талаптарына жооп берген имараттарда; - бардык керектөөчүлөр санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканага, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кире алышат, алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жана кармагычтар менен да жабдылган; - имараттарда күтүү жайлары, жылытуу, телефон байланышы жана Интернет тармагы бар; - келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык кезектүүлүк принциби боюнча; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА), кош бойлуу аялдар кезексиз тейленишет же кызматкерлер аларга өздөрү түшүшөт, эгерде өтүнмөлөрдү жана башка документтерди кабыл алуу үчүн имаратка өз алдынча көтөрүлүүгө мүмкүн болбосо; - медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн (угуу жана көрүү жана таяныч-кыймылдоо системасы боюнча ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалымат тактачаларда, расмий сайттарда өз убагында жайгаштырылат жана жаңыртылып турат. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн, кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси, өтүнмөлөрдүн үлгүлөрү жана толтуруу тартиби жөнүндө маалыматтар (үлгүлөр) жайгаштырылат |
|
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Өтүнмөлөрдү өзүнө тапшырууга жана электрондук почта менен кабыл алууга чектүү убакыт - 30 мүнөт; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 10 иш күнү; жыйынтыгын берүүгө чектүү убакыт - 20 мүнөт |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө маалымдоо |
| ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалыматты төмөнкү даректерден алууга болот: СМБнын коомдук кабылдамасынан: 720040, Бишкек ш., Панфилов көч., 197 дареги боюнча; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума күндөрү саат 9-00дөн 18-00гө чейин, түшкү тыныгуу 12-30дан 13-30га чейин; - оозеки формада (телефон же адис менен жеке байланышып); - СМБнын расмий сайтынан (www.nism.gov.kg); - электрондук формада (nism@nism.gov.kg, fund@nism.gov.kg электрондук почтасы боюнча); - СМБга жеке кайрылууда; - маалымат тактачаларынан, брошюралардан, буклеттерден; - кызмат көрсөтүүгө өтүнмөнүн формасы www.nism.gov.kg сайтында жайгаштырылган. Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты берүү ар бир кайрылган адамга акысыз негизде кепилденет. Байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты СМБнын маалымат тактачаларында, ошондой эле СМБнын расмий сайтында (www.nism.gov.kg) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
|
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат таратуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт: - радио, ТV, маалымат сайттары; - газеталар; - СМБнын расмий сайты (www.nism.gov.kg); - тактачалар, буклеттер жана брошюралар; - СМБнын коомдук кабылдамасы; - оозеки формада (телефон же адис менен жеке байланышканда). Даректери, телефон номерлери, иш тартиби кызмат көрсөтүү стандарттары менен бирге СМБнын тактачаларына, СМБнын расмий сайтына жайгаштырылат. СМБнын иш графиги: дүйшөмбү-жума 9-00дан 18-00гө чейин. Түшкү тыныгуу 12-30дан 13-30га чейин |
|
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Стандартташтыруу тармагы жана метрология жаатында иштерди жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүнүн эшиктерине маалымат тактачалар илинип турат. Калк менен иштеп жаткан бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) бар. Кызматкерлер келүүчүлөр менен пикир алмашууда этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоолору керек: сылык, адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү, маселени терең талдоого умтулган, маектешүүчүнү угуп жана анын позициясын түшүнө алган, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди тең салмактап жана далил келтире алуусу керек. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (кызматтык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этиканы, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар менен маектешүү, ошондой эле аларга кызмат көрсөтүү түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
|
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызмат жана кызмат көрсөтүүнү алгандар туурасында маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет |
|
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Зарыл болгон документтер: - белгиленген үлгүдөгү өтүнмө (өтүнмөнүн үлгүсү стандартташтыруу тармагы жана метрология жаатында иштерди жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат тактачасында жайгаштырылган); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө төлөнгөндүгүн ырастоочу документ (төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция). Зарыл болгон иш-аракеттер: - Фонддун кызматкерине кайрылып, кызыктыруучу документтерди кагаз түрүндө же электрондук форматта карап чыгуу; - белгиленген үлгүдө өтүнмө толтуруу; - төлөөгө эсеп-фактураны алуу; - төлөмдү банк системасы аркылуу жүргүзүү ("РСК Банк" ААКы) жана төлөгөндүгү тууралуу Фонддун кызматкерлерине билдирүү; - кагаз түрүндө же электрондук форматта документтерди алуу |
|
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча КР ЭМ тарабынан бекитилген, СМБ тарабынан аткарылуучу иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин колдонуудагы прейскурантына ылайык белгиленет. Техникалык жөнгө салуу жаатындагы документтердин наркы жөнүндө маалымат менен СМБнын маалымат тактачаларынан жана www.nism.gov.kg расмий сайтынан таанышууга болот. Кызмат көрсөтүү наркы жөнүндө маалыматтар керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча жеке кайрылууда, телефон боюнча кайрылууда, жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча жана fund@nism.gov.kg электрондук почтасына түшкөн суроо-талап боюнча берилет |
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандартында берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү жана шарттарына ылайык өз убагында жүргүзүлгөндүгү жана актуалдуулугу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүнө жараша өз убагында берилиши (бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнө жана өткөрүү мөөнөтүнө жараша); - жеткиликтүүлүк, талапкерден кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта аталган керектүү гана иш кагаздарды талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын бул стандартта бекитилген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун жеткиликтүүлүгү жана болушу (кагазга чыгарылган жана электрондук түрдө); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана иш билгилиги, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - жынысы, расасы, тили, этностук тиешелүүлүгү, дин тутуусу, саясий жана башка көз караштары, билими, түпкү теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүлөр) керектөөчү күткөндөй болушу; - өтүнмө берүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жерде даттануулар жана сунуштар китебинин болушу |
|
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү өтүнмө ээси жеке кайрылганда, стандартташтыруу боюнча документтердин көчүрмөлөрүн электрондук форматта же кагаз жүзүндө берүү менен көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү өтүнмө берүү жана Интернет системасында fund@nism.gov.kg электрондук почтасы аркылуу өтүнмө ээсине стандартташтыруу боюнча документтердин көчүрмөлөрүн берүү этабында жарым-жартылай электрондук форматта берилет. Кызмат электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү бөлүгүндө (иште) көрсөтүлөт |
|
| |||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби |
| ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл документтерди кабыл алууда баш тартуу үчүн негиздердин тизмеги: - стандартташтыруу тармагында жана метрология жаатында иш жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдын Стандарттар жана техникалык регламенттердин улуттук маалыматтык фондунда стандартташтыруу боюнча ченемдик документтердин жоктугу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө төлөөдөн өтүнмө ээсинин баш тартышы |
|
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү тийиштүү эмес түрдө көрсөтүлсө керектөөчү кызмат көрсөткөн органдын (СМБ) жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда тейленүүчү белгиленген тартипте жогору турган органга (КР ЭМ) кайрылууга укугу бар. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана өтүнмө ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды карап чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге өтүнмө ээси канааттанбаса, чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
|
18 | Стандартты кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө каралып турушу керек |
|