Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-ноябры № 620
Балдарды асырап алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды асырап алуу жол-жоболорун жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу жободо:
- 4.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.3. Аймактык бөлүм ушул Жобонун 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде баланы туугандарынын (биологиялык үй-бүлөсүнө) үй-бүлөсүнө орноштурууну камсыздоо боюнча чараларды көрөт. Баланы туугандарынын (биологиялык үй-бүлөсүнө) үй-бүлөсүнө орноштурууга мүмкүн болбосо, аймактык бөлүм бала жөнүндө маалыматты Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына киргизет.
Аймактык бөлүм үч айдын ичинде баланы Кыргыз Республикасынын жарандары болгон талапкерлердин үй-бүлөсүнө орноштурууну камсыз кылат.
Эгерде баланы Кыргыз Республикасынын жарандары болгон талапкерлердин үй-бүлөсүнө орноштурууга мүмкүн болбосо, аталган мөөнөт аяктагандан кийин аймактык бөлүм ошол баланын анкетасын ыйгарым укуктуу органга жиберет.
Ата-энелери белгисиз, табылган (ташталган) бала, энеси (атасы) дарылоо-профилактикалык жана медициналык-социалдык уюмга таштап кеткен, энеси төрөт үйүнө (бөлүмүнө) калтырып кеткен бала жөнүндө маалыматтар мыйзамда белгиленген тартипте ата-энелеринин камкордугусуз калган бала деп таанылган учурда Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына киргизилет жана аймактык бөлүм тарабынан бул жөнүндө ички иштер органынын акты жана энесинин арызы таризделген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин гана ыйгарым укуктуу органга берилет.";
- 4.6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.6. Кыргыз Республикасынын жарандары болгон талапкерлер өздөрү жөнүндө маалыматтарды аймактык бөлүмгө беришет, ал эми ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды асырап алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар өздөрү жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү аркылуу ыйгарым укуктуу органга беришет.";
- 7.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7.2. Талапкерлердин Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында камтылган ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө купуя маалыматка жетүүсү мындай жарандар жөнүндө маалыматтар документтештирилген шартта ишке ашырылат жана төмөнкүлөр тарабынан камсыздалат:
- аймактык бөлүм тарабынан - балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына асырап алууга берүүдө;
ыйгарым укуктуу орган - балдарды чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүүдө.
Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө купуя маалыматка аталган талапкерлердин жетиши балдарды үй-бүлөгө тарбиялоого орноштуруунун мүмкүн болгон түрлөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.";
- 7.4 жана 7.5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7.4. Кыргыз Республикасынын жарандары болгон талапкерлер ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалымат алуу үчүн аймактык бөлүмгө кайрылууга укуктуу, ал эми чет өлкөлүк жарандар болгон талапкерлер ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү аркылуу ыйгарым укуктуу органга кайрылышат.
7.5. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкынан ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө купуя маалыматты алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жараны болгон талапкер аймактык бөлүмгө, ал эми чет өлкөлүк жаран болгон талапкер - ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү аркылуу купуя маалыматка жетүү тартибин сактап, аны тиешелүү маалымат менен тааныштыруу өтүнүчү менен жазуу жүзүндөгү арызын берет.";
- 7.6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аймактык бөлүм же ыйгарым укуктуу орган жазуу жүзүндөгү арызды алган күндөн тартып 14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде аны маңызы боюнча карап чыгууга жана талапкерге ал сураган купуя маалыматты берүүгө же жазуу жүзүндө жүйөлүү баш тартуу берүүгө милдеттүү.";
- 8-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкынын купуя болуп саналбаган маалыматтары
8.1. Ушул Жобонун 5.2-пунктунда белгиленген жекече маалыматтарды камтыбаган балдар жөнүндө маалымат купуя болуп саналбайт. Аталган маалыматты түзүүдө жана жайылтууда ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын, анын ата-энелеринин жана башка туугандарынын ким экендигин идентификациялоого жол берилбейт.
Балдарды өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого кабыл алууну каалаган талапкерлер жана жарандар кайрылган учурда аймактык бөлүм же ыйгарым укуктуу орган алардын өтүнүчү боюнча ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды үй-бүлөгө тарбиялоого орноштуруу шартын жана тартибин регламенттөөчү ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматты, ошондой эле ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого кабыл алуу жөнүндө маселелерди чечүүдө жардамы тийиши мүмкүн болгон маалымдама же консультациялык материалдарды берүүгө милдеттүү.
8.2. Жарандарга маалымдоо максатында ыйгарым укуктуу орган купуя болуп эсептелбеген төмөнкү маалыматты Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына жайгаштырат:
- жашын, жынысын, этностук тегин көрсөтүү менен Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында катталган балдардын жалпы санын;
- жынысын, улутун көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын жарандары болгон, катталган талапкерлердин жалпы санын.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 "Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жобону, ошондой эле Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кайрылуу жазуу жүзүндө, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук формада таризделиши мүмкүн, андан ары асырап алууга талапкер болуу укугуна корутунду алуу жол-жобосунан өтүү үчүн электрондук кезек системасына милдеттүү түрдө коюлат.";
- 8-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча баланы асырап алууга берүүгө макул экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызын же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызын берген;";
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Аймактык бөлүмдүн кызматкери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 токтому менен бекитилген "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарда белгиленген тартипте "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардан арыз ээси жөнүндө төмөнкү маалыматтарды сурайт:
- жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосу жөнүндө, берилген Бирдиктүү салык декларациясы жөнүндө, патенттин негизинде ишкердик жүргүзгөндүгү жөнүндө;
- турак жайга менчик укугу жөнүндө;
- жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө;
- малы бар экендиги жөнүндө;
- соттуулугу жок экендиги жөнүндө.";
- 13-пунктунда:
5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) кызмат ордун жана эмгек акысын көрсөтүү менен иштеген жеринен маалым кат;";
6 жана 7-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул пунктта саналган документтер толук болуп саналат жана алар берилген күндөн тартып бир жыл жарактуу болот.";
- 18-пунктунун биринчи абзацындагы "14 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр "7 жумуш күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |