Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-декабры № 688
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
31-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ишенимди жоготууга байланыштуу - аскердик кызматты өтөөнүн тартибин аныктоочу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"башка негиздер боюнча - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ("Эркин Тоо" газетасы, 1998-жылдын 16-сентябрындагы № 133-140) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
91-пунктунда:
а) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзүн күнөөлүү эмес деп эсептеген аскер кызматчысы тийиштүү тартиптик жаза (сөгүш, катуу сөгүш, отличник төш белгисинен ажыратуу, кызматынан төмөндөтүү, кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү) берүү жөнүндө чечим билдирилген күндөн тартып 10 сутканын ичинде даттанууга укуктуу.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Аскер кызматчысына тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук (рапорт, кызматтык карточка) аскер кызматчысына ал чыккан күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде, буйруктун (рапорттун, кызматтык карточканын) арткы бетине кол койдуруу менен билдирилиши керек. Аскер кызматчысы аталган буйрук (рапорт, кызматтык карточкадагы жазуу менен - тийиштүү графадагы) менен таанышуудан баш тарткан учурда, тартиптик жаза берген командир (зардал) жана кадр иштери боюнча кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн таанышуудан баш тартуу тууралуу белги коюлат.
Ушул Уставдын 108-пунктунда каралган тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук ушул пункттун төртүнчү абзацына ылайык аны менен таанышкан күндөн тартып 10 сутканын ичинде сотто даттанылышы мүмкүн.
Аскер кызматчысы/бошотулган аскер кызматчысы жазуу жүзүндө кайрылган учурда ушул пункттун төртүнчү абзацында каралган актылардын көчүрмөлөрү аталган кайрылуу катталган күндөн тартып 3 күндүн ичинде берилет. Көчүрмөдө актынын номери жана күнү, тартиптик жазаны берүүнүн негизи, ошондой эле акты менен таанышуу күнү көрсөтүлүшү керек.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|