Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 14-сентябры № 484
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди белгилөө эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чарба жана башка иштердин түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 26 жана 31-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди белгилөө эрежеси, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чарба жана башка иштердин түрлөрүнүн тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы N 81 (3153) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чарба жана башка иштердин түрлөрүнүн тизмеси
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролду жүргүзүүчү органдардын иши.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында (мындан ары - өткөрүү пункттары) жүргүзүлүүчү чарба жана башка иштердин түрлөрү:
1) өткөрүү пункттарында мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча жергиликтүү аткаруу органдарынын жүргүзгөн иши;
2) тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын виза пункттарынын иши;
3) имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле алардын инженердик түйүндөрүн куруу, реконструкциялоо, техникалык жабдуу, анын ичинде курулуш участогун даярдоо, инженердик жабдууларды монтаждоо жана жасалгалоо иштерин жүргүзүү;
4) имараттарды жана курулмаларды, байланыш каражаттарын, машиналарды жана механизмдерди, техникалык контролдоо каражаттарын, инженердик курулмаларды (түйүндөрдү) жана коммуникацияларды, ошондой эле жабдууларды (автотранспорт каражаттары үчүн дезинфекциялоо-жууп тазалоочу блокторду, фумигация камераларын кошуп алганда), анын ичинде жүргүнчүлөр алып келе жаткан же транспорт каражаттарынан табылган конфискаттарды ылганып алынган буюмдарды, майда жаныбарлардын тарптарын, тамак-аш жана тиричилик калдыктарын өрттөп жок кылуу үчүн мештерди эксплуатациялоо, техникалык тейлөө, капиталдык жана утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүү;
5) имараттарды, курулмаларды, инженердик түйүндөрдү жана жабдууларды пландык жана алдын ала оңдоо;
6) жылытуу казандарынын жана электр түйүндөрүнүн иштөө жөндөмдүүлүгүн камсыздоо;
7) автомобиль жолдорунун участокторун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү;
8) аймакты жана кызматтык жайларды тазалоо, кар күрөө, өндүрүш жана керектөө калдыктарын тазалоо;
9) акы төлөөнү кошуп алганда байланыш жана телерадиоберүү кызматтарын көрсөтүү боюнча иштер;
10) банк кызматтарын, бажы жана башка төлөм кызматтарын көрсөтүү боюнча иштер;
11) медициналык-санитардык жардам көрсөтүү;
12) эне менен баланын бөлмөсүндөгү тейлөө кызматтарын көрсөтүү боюнча иштер;
13) өткөрүү пункттарында лерсоналдарга коомдук тамактанууну уюштуруу боюнча иштер;
14) алымсыз соода-сатык дүкөндөрүндө товарлар менен чекене соода жүргүзүү;
15) бажы контролунда турган товарларды ташуу, жүктөө, кайра жүктөө, сактоо, ушундай товарларды ташыган транспорт каражаттарынын токтотмо жайларын уюштуруу жана тейлөө;
16) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын ташуучу жеке жана юридикалык жактарды бажы өкүлдөрү менен тейлөө;
17) убактылуу сактоочу кампаларда товарларды сактоо боюнча иштер;
18) транспортту жана жүргүнчүлөрдүн бут кийимдерин дезинфекциялоочу килемчелерди ветеринардык-санитардык тазалоо үчүн дезинфекциялоо-жууп тазалоочу блокту эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө менен байланышкан иштер;
19) дезинфекция, дезинсекция, дератизация жүргүзүү менен байланышкан иштер;
20) геодезиялык өлчөөлөрдү жүргүзүү боюнча иштер;
21) транспорттук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштер (чек арадан жөө басып өтүү тартиби белгиленген өткөрүү пункттарынан тышкары).
22) статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча статистика органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу иш.
3. Автомобиль өткөрүү пункттарында төмөнкү иштердин түрлөрү кошумча жүргүзүлөт:
1) автомобиль (автобус), анын ичинде эл аралык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу транспортунун иши;
2) автотранспорт каражаттарын авариялык эвакуациялоо боюнча иштер.
4. Темир жол өткөрүү пункттарында төмөнкү иштердин түрлөрү кошумча жүргүзүлөт:
1) темир жол транспорт объектилерин куруу, реконструкциялоо, күтүү;
2) темир жол транспортунун иши, анын ичинде:
- поезддерди кабыл алуу, жөнөтүү, жөнгө салуу иштерин аткарууну кошуп алганда темир жол станцияларында аткарылуучу иштер;
- темир жол станцияларын жана темир жолдорду эксплуатациялоо боюнча иштер;
- жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү же оор жүктөрдү ташуу;
- темир жол транспорту аркылуу ташууда көмөкчү иштерди (кызматтарды) аткаруу;
- жүктөрдү кайтаруу боюнча иштер;
3) темир жолдун кыймылдуу курамын авариялык оңдоо жана техникалык тейлөө иштери.
5. Аба өткөрүү пункттарында төмөнкү иштердин түрлөрү кошумча жүргүзүлөт:
1) аба кыймылын бирдиктүү уюштуруу системасынын объекттерин, ошондой эле аэродромдордун учуу-конуу тилкелерин, транспорт-инженердик курулмаларды жана аэропорт объекттерин куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү;
2) аэропорт иши;
3) авиациялык коопсуздукту, учуу коопсуздугун камсыздоо жана аба кыймылын башкаруу боюнча иштер;
4) аэропорттордо жана аэропорт аймагында авариялык-куткаруу иштери менен байланышкан иштер.