Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 325
"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы проблемаларды чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш шарттарын жакшыртуу, туруктуу жашоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү, чек ара аймактарындагы калктын арасында ички миграцияны токтотуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 359 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" газетасынын 2023-жылдын 4-июлундагы № 53 (3502) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын ТИЗМЕГИ
№ | Айыл аймагынын аталышы | Калктуу конуштардын аталышы |
Баткен облусу | ||
Лейлек району(*) | ||
1 | Жаңы-Жер | Центральное айылы |
Жаштык участогу | ||
Арка айылы | ||
Достук айылы | ||
Ай-Көл участогу | ||
2 | Кулунду | Интернациональное айылы |
Коммунизм айылы | ||
Ленин атындагы айыл | ||
Максат айылы | ||
Кайрагач участогу | ||
Майты участогу | ||
Сада участогу | ||
Кулунду айылы | ||
Булак-Башы айылы | ||
3 | Раззаков шаары | Самат айылы |
Ак-Босого айылы | ||
4 | Бешкент | Эски-Оочу айылы |
5 | Сумбула | Дейнөө участогу |
Көк-Таш айылы | ||
6 | Кең-Талаа | Мурас айылы |
7 | Сүлүктү шары | Кольцо айылы |
8 | Ак-Суу | Суу-Башы айылы |
Ак-Суу айылы | ||
Жезкен айылы | ||
Жеңиш айылы | ||
Алга айылы | ||
Лейлек району боюнча жыйынтыгы: 20 айыл, 6 участок | ||
Баткен району(*) | ||
9 | Кыштут | Таян айылы |
Согмент айылы | ||
Чарбак айылы | ||
Газ айылы | ||
Сай айылы | ||
Кыштут айылы | ||
10 | Суу-Башы | Боз-Адыр айылы |
Кара-Токой айылы | ||
Бөжөй айылы | ||
Апкан айылы | ||
Айгүл-Таш айылы | ||
11 | Төрт-Гүл | Ак-Өтөк айылы |
Зар-Таш айылы | ||
Чоң-Гара айылы | ||
Чоң-Талаа айылы | ||
Ак-Турпак айылы | ||
12 | Кара-Бак | Достук айылы |
Дөбө айылы | ||
Кара-Бак айылы | ||
Чет-Кызыл айылы | ||
Бай Кара-Бак айылы | ||
Зардалы айылы | ||
Кызыл-Бел айылы | ||
13 | Самаркандек | Самаркандек айылы |
Миң-Өрүк айылы | ||
Паскы-Арык айылы | ||
Жаңы-Бак айылы | ||
14 | Ак-Сай | Ак-Сай айылы |
Таштумшук айылы | ||
Үч-Дөбө айылы | ||
Көк-Таш айылы | ||
Миң-Булак айылы | ||
Капчыгай айылы | ||
15 | Ак-Татыр | Ак-Татыр айылы |
Говсувар (Орто-Боз) айылы | ||
Мазеиттин жери участогу | ||
Рават айылы | ||
16 | Дара | Чек айылы |
Жаңы-Жер айылы | ||
Тунук-Суу айылы | ||
Кан айылы | ||
Сары-Талаа айылы | ||
Жаңырык айылы | ||
Табылга айылы | ||
Коргон-Таш айылы | ||
Кайыңды айылы | ||
17 | Кара-Булак | Бужум айылы |
Булак-Башы участогу | ||
Баткен району боюнча жыйынтыгы: 46 айыл, 2 участок | ||
Кадамжай району | ||
18 | Ак-Турпак | Өтүкчү айылы |
Калача айылы | ||
Кызыл-Коргон айылы | ||
Ак-Турпак айылы | ||
Чоң-Кара айылы | ||
19 | Алга | Чуңкур-Кыштак айылы |
Алга айылы | ||
Адыр айылы | ||
20 | Бирлик | Чечме айылы |
Сырт айылы | ||
Ынтымак айылы | ||
21 | Абсамат Масалиев | Какыр айылы |
Лесхоз айылы | ||
22 | Көтөрмө | Ак-Кыя айылы |
Кара-Шоро айылы | ||
23 | Кыргыз-Кыштак | Кыргыз-Кыштак айылы |
Кайтпас айылы | ||
24 | Исхак-Полотхан | Ынтымак айылы |
Көк-Тал айылы | ||
Чекелик айылы | ||
Жошук айылы | ||
Жаңы-Айыл айылы | ||
Ирилеш айылы | ||
Гүлдүрөмө айылы | ||
Жаңы-Жер участогу | ||
Ак-Өргө айылы | ||
Жеңиш айылы | ||
Кадамжай району боюнча жыйынтыгы: 26 айыл, 1 участок | ||
Баткен облусу боюнча бардыгы: 92 айыл, 9 участок | ||
Жалал-Абад облусу | ||
Ала-Бука району | ||
1 | Көк-Серек | Теңги айылы |
Кош-Болот айылы | ||
2 | Биринчи Май | Совет-Сай айылы |
3 | Көк-Таш | Булак-Башы айылы |
Көк-Таш айылы | ||
Күлпөк-Сай айылы | ||
Чоң-Сай айылы | ||
Ала-Бука району боюнча жыйынтыгы: 7 айыл | ||
Аксы району | ||
4 | Авлетим | Дерес-Сай айылы |
5 | Кош-Дөбө | Торук айылы |
Атана айылынын Бай-Кыштак участогу | ||
6 | Кербен шаары | Мамай айылы |
Жетиген айылы | ||
Ак-Дөбө айылы | ||
7 | Кашка-Суу | Чарбак айылы |
Аксы району боюнча жыйынтыгы: 6 айыл, 1 участок | ||
Чаткал району | ||
8 | Чаткал | Ак-Таш айылы |
Чаткал району боюнча жыйынтыгы: 1 айыл | ||
Жалал-Абад облусу бардыгы: 14 айыл, 1 участок | ||
Ош облусу | ||
Кара-Суу району | ||
1 | Ак-Таш | Барак айылы |
Кара-Суу району боюнча жыйынтыгы: 1 айыл | ||
Чоң-Алай району(*) | ||
2 | Чоң-Алай | Дароот-Коргон айылы |
Жар-Башы айылы | ||
Жаш-Тилек айылы | ||
Кулчу айылы | ||
Чак айылы | ||
Кызыл-Эшме айылы | ||
Кара-Шыбак айылы | ||
Кызыл-Туу айылы | ||
3 | Кашка-Суу | Кашка-Суу айылы |
Бурган-Суу айылы | ||
Ачык-Суу айылы | ||
Кара-Кабак айылы | ||
Кабык айылы | ||
Жайылма айылы | ||
Кичи-Жайылма айылы | ||
4 | Жекенди | Кара-Тейит айылы |
Карамык айылы | ||
Жекенди айылы | ||
Чулук айылы | ||
Шибээ айылы | ||
Чоң-Алай району боюнча жыйынтыгы: 20 айыл | ||
Ош облусу боюнча бардыгы: 21 айыл | ||
Ысык-Көл облусу | ||
Ак-Суу району | ||
1 | Эңилчек | Эңилчек айылы |
Ак-Суу району боюнча жыйынтыгы: 1 айыл | ||
Жети-Өгүз району | ||
2 | Ак-Шыйрак | Культцентр айылы |
3 |
| Ак-Шыйрак айылы |
Жети-Өгүз району боюнча жыйынтыгы: 2 айыл | ||
Түп району | ||
| Сан-Таш | Каркыра айылы |
Түп району боюнча жыйынтыгы: 1 айыл | ||
Ысык-Көл облусу боюнча бардыгы: 4 айыл | ||
Талас облусу | ||
Айтматов району | ||
1 | Маймак | Маймак айылы |
Айтматов району боюнча жыйынтыгы: 1 айыл | ||
Талас облусу боюнча бардыгы: 1 айыл | ||
Кыргыз Республикасы боюнча бардыгы: 132 айыл, 10 участок | ||
(*) Бул районго караштуу калктуу конуштар социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелеринде артыкчылыктуу болуп саналат.