Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 15-сентябры № 486
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү, жер казынасын пайдалануу укугун берүү системасынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесинин (КТАД) эл аралык стандарттарынын талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Жер казынасын пайдалануучулардын жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээлеринин бенефициарлары жөнүндө маалыматтардын формасы, 5-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда 5-тиркеме менен толукталсын;
3) аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 14-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ушул Жобого ылайык бенефициарлар жөнүндө маалымат.";
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 21-глава жана 211 - 2115-пункттар менен толукталсын;
- 21-пунктунда:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде өтүнмө ээси тарабынан ушул Жободо белгиленген тартипте бенефициарлар жөнүндө маалымат берилбесе;";
алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 21-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык бенефициарлар жөнүндө маалымат.";
5) аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык бенефициарлар жөнүндө маалымат.".
2. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алышкан жер казынасын пайдалануучулар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде бенефициарлар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Форма
Жер казынасын пайдалануучулардын жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээлеринин бенефициарлар жөнүндө МААЛЫМАТЫ
1-бөлүм. Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси жөнүндө маалымат:
1. Жер казынасын пайдалануучунун же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин толук аталышы (аты-жөнү.)
_____________________________________________________________________________________
2. Юридикалык дареги
_____________________________________________________________________________________
3. Биринчи мамлекеттик каттоо датасы, мамлекеттик каттоо органы жана номери
_____________________________________________________________________________________
4. ИСН (ИЖН) (Кыргыз Республикасында катталган жер казынасын пайдалануучулар/өтүнмө ээлери тарабынан толтурулат)
_____________________________________________________________________________________
5. Жетекчинин аты-жөнү, кызмат орду:
_____________________________________________________________________________________
6. Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктунда аныкталган белгилерге жооп берген бенефициарлары барбы?
£ Ооба* (белги коюу керек) __________________ М.О.
(колу)
£ Жок** (белги коюу керек) __________________ М.О.
(колу)
2-бөлүм. Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин бенефициарлар жөнүндө маалыматы
№ | Бенефициардын аты-жөнү (же бенефициар болуп саналган мамлекеттин толук аталышы) | Катышуу/ акциялардын үлүшү (түз жана кыйыр) (пайыз менен) | Жогорку башкаруу органындагы добуштардын үлүшү (түз жана кыйыр) (пайыз менен) | Башкаруу органдарынын мүчөлөрүн дайындоо/ чакыртып алуу боюнча ыйгарым укуктар (түз жана кыйыр) (ооба/жок) | Паспорттук маалыматтар (туулган датасы жана жылы, жарандыгы, номери, датасы жана ким экендигин ырастоочу документти берген орган) | Байланыш дареги, телефондун байланыш номери, электрондук почта дареги) |
1) |
|
|
|
|
|
|
_________________________________ М.О.
(колу)
3-бөлүм. Коомдук кызмат адамынын белгилери бар бенефициарлар жөнүндө маалымат
1. Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин бенефициарларынын арасында "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү жактардын биринин белгилерине ээ коомдук кызмат адамдары барбы:
1) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функциялар) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери); жана/же
2) улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери; жана/же
3) эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар)?
£ Ооба (белги коюу керек) ___________________ М.О.
(колу)
£ Жок (белги коюу керек) ___________________ М.О.
(колу)
2. Коомдук кызмат адамдары болгон учурда, төмөнкү маалыматты көрсөтүңүз:
1) Бенефициардын - коомдук кызмат адамынын аты-жөнү:
___________________________________________________________________________________
2) Бенефициардын - коомдук кызмат адамынын кызмат орду:
___________________________________________________________________________________
3) Кызмат ордун ээлеген датасы: ___/___/______
4) Кызмат ордунан кеткен датасы (эгер колдонулса): ___/___/______
________________________ М.О.
(колу)
4-бөлүм. Ачык компаниялар жөнүндө маалымат
1. Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси же болбосо алардын акционерлери же катышуучулары (жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин жогору турган түз же кыйыр акционерлерин же катышуучуларын кошкондо) Кыргыз Республикасында же чет мамлекетте иштеп жаткан жөнгө салынуучу фондулук биржада акциялары сатылуучу ачык компания (мындан ары - ачык компания) болуп саналабы?
£ Ооба (белги коюу керек) _________________ М.О.
(колу)
£ Жок (белги коюу керек) __________________ М.О.
(колу)
2. Болгон учурда төмөнкү маалыматты көрсөтүңүз:
№ | Ачык компаниянын аталышы жана юридикалык дареги (жер казынасын пайдалануучунун, өтүнмө ээсинин катышуу үлүшүн/акцияларын түз же кыйыр ээлик кылуучу) | Катышуу/ акциялардын үлүшү (түз жана кыйыр) (пайыз менен) | Жогорку башкаруу органындагы добуштардын үлүшү (түз жана кыйыр) (пайыз менен) | Башкаруу органдарынын мүчөлөрүн дайындоо/ чакырып алуу боюнча ыйгарым укуктар (түз жана кыйыр) (ооба/жок) | Фондулук биржанын аталышы жана фондулук биржанын веб-сайтына шилтеме | Коомдук компаниянын фондулук биржадагы идентификациялык коду жана фондулук биржанын веб-сайтында ачык компаниянын веб-баракчасына шилтеме |
1) |
|
|
|
|
|
|
____________________________ М.О.
(колу)
5-бөлүм. Жер казынасын пайдалануучунун же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин ырастоосу жана колу
Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси жана төмөндө кол койгон ыйгарым укуктуу кызмат адамы ушул маалыматты берүүдө Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык анын(алардын) жеке маалыматтарын иштеп чыгууга бенефициардын(лардын) макулдугу алынганын ырастайт. Жеке маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, жазууну, системалаштырууну, топтоону, актуалдаштырууну, сактоону, жайылтууну (анын ичинен үчүнчү жактарга берүү), жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдерине алардын маалыматтарын киргизүүнү (анын ичинен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында), жеке маалыматтарды трансчекаралык өткөрүп берүүнү кошкондо, анын жеке маалыматтарына карата кандай болбосун иш-аракеттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган жеке маалыматтар менен кандай болбосун башка иш-аракеттерди ишке ашырууга бенефициардын(лардын) макулдугу берилген.
Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси жана төмөндө кол койгон ыйгарым укуктуу кызмат адамы ушул формада көрсөтүлгөн бенефициарлар жөнүндө маалымат толук, так жана анык экендигин ырастайт. Бенефициарлар жөнүндө маалымат бербегендиги жана анык эмес маалымат бергендиги үчүн жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси жана төмөндө кол койгон ыйгарым укуктуу кызмат адамы "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартышат.
______________________________ М.О.
(колу)
Аты-жөнү: __________________________
Кызмат орду: _____________________________
Дата: ___/___/______
Эскертүү:
1. Эгерде жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктунда аныкталган белгилерге жооп берген бенефициарлары болсо, ушул форманын 1-5-бөлүмдөрү толтурулат.
2. Эгерде жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктунда аныкталган белгилерге жооп берген бенефициарлары жок болсо, ушул форманын 1 жана 5-бөлүмдөрү толтурулат.
3. Эгерде жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси же болбосо алардын акционерлери же катышуучулары (жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин жогору турган түз же кыйыр акционерлерин же катышуучуларын кошкондо) Кыргыз Республикасында же чет мамлекетте иштеп жаткан жөнгө салынуучу фондулук биржада акциялары сатылуучу ачык компания болсо, ушул форманын 2-бөлүмүнүн ордуна 4-бөлүмү толтурулат.
4. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында жарыяланууга тийиш болгон бенефициарлар жөнүндө маалыматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобонун 2111 - 2112-пункттарында аныкталган.
5. Эгерде кандайдыр бир маалыматты ушул форманын тиешелүү бөлүмүнө толук жайгаштыруу мүмкүн болбосо, бенефициарлар жөнүндө мындай маалымат ошол эле форма боюнча өзүнчө (кошумча) баракта берилет.".
|
| 2-тиркеме |
"21. Бенефициарлар жөнүндө маалыматты берүү тартиби
211. Жер казынасын пайдаланууну жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен бекитилген бенефициарлар жөнүндө маалыматтардын формасын (мындан ары - форма) толтуруу аркылуу жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин бенефициарлары жөнүндө маалыматты (мындан ары - бенефициарлар жөнүндө маалымат) берет.
Ушул Жобонун 213-пунктунда каралган учурда, формага жогоруда аталган пунктта аныкталган документтер тиркелет.
212. Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси же болбосо анын акционери же катышуучусу (жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин жогору турган түз же кыйыр акционерлерин же катышуучуларын кошкондо) Кыргыз Республикасында же чет мамлекетте иштеп жаткан жөнгө салынуучу фондулук биржада акциялары сатылуучу ачык компания (мындан ары - ачык компания) болсо, бенефициарлар жөнүндө маалымат ачык компаниянын акционерлери жөнүндө маалыматты кошпогондо берилет.
213. Эгерде жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин бенефициары (же бенефициарларынын бири) Кыргыз Республикасы же чет мамлекет болсо, формага Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик же башка органдарынан алынган, жер казынасын пайдалануучунун же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин бенефициары (же бенефициарларынын бири) Кыргыз Республикасы же чет мамлекет экендигин ырастаган ырастоочу кат же башка документтер тиркелет, аларда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- бенефициар (же бенефициарлардын бири) болгон мамлекеттин толук аталышы;
- мамлекетке таандык болгон катышуу/акциялардын үлүшүнүн өлчөмү;
- мамлекеттин атынан бенефициар катары чыккан ыйгарым укуктуу органдын аталышы жана юридикалык дареги (мамлекеттик бийлик органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же башка орган).
Бенефициар мамлекет деп - Кыргыз Республикасы же чет мамлекет (анын ичинде Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин мамлекеттик бийлик орган дары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдары).
214. Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен бекитилген форманын 3-бөлүмүн толтуруу аркылуу "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган коомдук кызмат адамынын белгилерине ээ бенефициарлар жөнүндө маалыматты берет.
215. Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси ар бир бенефициардын жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга, жазууга, системалаштырууга, топтоого, сактоо, актуалдаштырууга, жайылтууга (анын ичинде үчүнчү жактарга берүүгө), жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдерине алардын маалыматтарын киргизүүгө (анын ичинен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында) макулдугун алууга милдеттүү, жалпыга жеткиликтүү жеке маалыматтар массивдерине (анын ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында), жеке маалыматтарды трансчекаралык өткөрүп берүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык бенефициардын жеке маалыматтары менен башка иш-аракеттерди ишке ашырууга жазуу жүзүндөгү макулдугун алууга милдеттүү.
Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси бенефициардын тийиштүү макулдугун албаган, макулдугу жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген же болбосо бенефициардын жеке маалыматтарына карата жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарда каралган башка талаптар аткарылбаган учурда жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат.
Жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси маалыматка кол коюу жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү жолу менен бенефициардын жеке маалыматтарына карата жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын талаптагыдай аткарылгандыгын ырастайт.
216. Бенефициарга карата бенефициарлар жөнүндө маалыматтардан, ошондой эле ушул Жобонун 21-3-пунктунда белгиленген документтерден тышкары башка документтерди суроого тыюу салынат.
217. Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин ээлик кылуу түзүмүндө "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктуна ылайык бенефициардын белгилерине жооп берген жеке жактар же болбосо мамлекеттер жок болгон учурда, форма тиешелүү талаага бенефициарлардын жоктугу жөнүндө белги менен толтурулат жана берилет.
218. Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин уставдык капиталындагы акцияларга же катышуу үлүштөрүнө кыйыр түрдө ээлик кылуу деп бенефициардын уставдык капиталдагы мындай акцияларга же катышуу үлүштөрүнө үчүнчү жактар аркылуу ээлик кылуусу түшүнүлөт.
Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин жогорку башкаруу органынын добуштарына кыйыр түрдө ээлик кылуу деп бенефициардын жогорку башкаруу органынын добуштарына үчүнчү жактар аркылуу ээлик кылуусу түшүнүлөт.
Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин башкаруу органынын мүчөлөрүн дайындоо жана/же чакыртып алуу укуктарын кыйыр түрдө ээлик кылуу деп бенефициардын башкаруу органынын мүчөлөрүн дайындоо жана/же чакыртып алуу укуктарына үчүнчү жактар аркылуу ээлик кылуусу түшүнүлөт.
219. Бенефициарлар жөнүндө маалыматтарга кол коюу жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси тарабынан берилген бенефициарлар жөнүндө маалыматтын толуктугун, тактыгын жана аныктыгын ырастайт. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан бенефициарлар жөнүндө маалыматтын берилбеши жана анык эмес маалыматтын берилиши "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер казынасын пайдалануу укугун токтотууга негиз болуп саналат.
Бенефициарлар жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүү деп бенефициар, анын ичинде анын жеке маалыматтары, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктуна ылайык аны бенефициар катары аныктоочу белгилери, коомдук кызмат адамынын белгилери (болсо) жөнүндө жана ушул Жобого ылайык берилүүчү бенефициар жөнүндө кандай болбосун башка жалган, чындыкка дал келбеген, актуалдуу эмес (эски), адаштыруучу жана/же толук эмес маалыматтарды берүү, ошондой эле жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси тарабынан ушул Жобонун 215-пунктунда каралгандай бенефициардын анын жеке маалыматтарын пайдаланууга жана берүүгө тиешелүү түрдөгү макулдугунун алынбашы, жеке маалыматтардын бенефициардын макулдугун бузуу менен алынышы, бенефициардын макулдугунун жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарга жана/же ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеши түшүнүлөт.
2110. Жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин бенефициарлар жөнүндө маалыматы жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында жарыяланат жана жаңы лицензия берилген жана/же жер казынасын пайдалануучу тарабынан бенефициарлар жөнүндө маалыматтар жана/же бенефициарлар жөнүндө өзгөртүлгөн маалыматтар берилген датадан тартып 10 жумуш күндүн ичинде жаңыланат.
2111. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында бенефициарлар жөнүндө төмөнкү маалыматтар жарыяланат:
- бенефициардын аты-жөнү, жарандыгы, туулган жылы, байланыш дареги;
- бенефициардын - коомдук кызмат адамынын (болсо) аты-жөнү, кызмат орду;
- эгерде жер казынасын пайдалануучунун бенефициары мамлекет болсо, мамлекеттин толук аталышы, мамлекеттин атынан бенефициар катары чыккан ыйгарым укуктуу органдын аталышы жана юридикалык дареги (мамлекеттик бийлик органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же башка орган);
- катышуу/акциялардын үлүшү (түз жана кыйыр) (пайыздарда);
- жогорку башкаруу органындагы добуштардын үлүшү (түз жана кыйыр) (пайыздарда);
- башкаруу органдарынын мүчөлөрүн дайындоо/чакыртып алуу боюнча ыйгарым укуктар (түз жана кыйыр) (бар же жок).
2112. Эгерде жер казынасын пайдалануучу жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээси же болбосо алардын акционери же катышуучусу (жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин жогору турган түз же кыйыр акционерлерин же катышуучуларын кошкондо) ачык компания болсо, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында төмөнкүдөй маалыматтар жарыяланат:
- ачык компаниянын аталышы, юридикалык дареги;
- катышуу/акциялардын үлүшү (түз жана кыйыр) (пайыздарда);
- жогорку башкаруу органындагы добуштардын үлүшү (түз жана кыйыр) (пайыздарда);
- башкаруу органдарынын мүчөлөрүн дайындоо/чакыртып алуу боюнча ыйгарым укуктар (түз жана кыйыр) (бар же жок);
- фондулук биржанын аталышы, ачык компаниянын идентификациялык коду жана башка реквизиттери;
- фондулук биржанын веб-сайтына шилтеме, ошондой эле ачык компаниянын фондулук биржанын веб-сайтындагы веб-баракчасына шилтеме;
- ушул Жобонун 2112-пунктунда каралган жер казынасын пайдалануучунун башка бенефициарлары жөнүндө маалымат.
2113. Бенефициар жөнүндө маалымат өзгөргөн учурда, жер казынасын пайдалануучу мындай өзгөрүүлөр болгон датадан тартып 60 календардык күндүн ичинде ушул Жободо белгиленген тартипте маалыматтын формасын толтуруу жолу менен бенефициар жөнүндө жаңыланган маалыматты жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү. Бенефициар жөнүндө жаңыланган маалыматты бербөө же анык эмес маалымат берүү "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер казынасын пайдалануу укугун токтотууга негиз болуп саналат.
2114. Бенефициарлар жөнүндө маалыматтар электрондук маалымат алып жүрүүчүдөгү фото көчүрмөлөрү менен бирге кагаз жүзүндө берилет. Маалыматтын ар бир барагы жер казынасын пайдалануучунун жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
2115. Бенефициарлар жөнүндө маалыматты үчүнчү жактардын алуусу жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.".