Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20 августу № 428
"Кыргыз Республикасынын билим берүү жана социалдык коргоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, Б.Э.Торобаев, А.Ш.Жээнбеков, Г.С.Молдобекова, Н.В.Никитенко, Жунус уулу Алтынбек, А.Т.Алтынбеков, Д.Г.Торокулов, А.М.Нурбаев, А.М.Эргешов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын билим берүү жана социалдык коргоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 428 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын билим берүү жана социалдык коргоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, Б.Э.Торобаев, А.Ш.Жээнбеков, Г.С.Молдобекова, Н.В.Никитенко, Жунус уулу Алтынбек, А.Т.Алтынбеков, Д.Г.Торокулов, А.М.Нурбаев, А.М.Эргешов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын билим берүү жана социалдык коргоо жаагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрү менен Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 10-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн "мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында" жана "алардын акысыз билим алуусун" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде, айкын убакыт ыргагында дистанциялык билим берүү (онлайн-окутуу) технологияларын колдонуу менен," деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесине ылайык ар ким билим алууга укуктуу жана ар ким мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алууга укуктуу экендигин белгилейбиз, мында "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында жалпы жана кесиптик билим берүү программалары ишке ашырылат.
Жалпы билим берүү программаларына мектепке чейинки, мектептик жана кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү программалар, кесиптик программаларга баштапкы, орго, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү программалар кирет.
Мында "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык билим берүү уюму жогоруда аталган программаларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте дистанциялык билим берүү технологияларын жарым-жартылай же толук көлөмдө колдоно алат.
Башкача айтканда, дистанциялык билим берүү технологияларын колдонуу билим берүү программасынын өзүнчө бир түрү болбостон, билим берүү программасын ишке ашыруу формасы болуп саналат.
Дистанциялык билим берүү технологиялары айкын убакыт режиминде да, ошондой эле окуучунун каалоосу боюнча ал үчүн ыңгайлуу убакыт режиминде колдонулушу мүмкүн.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгү менен жогоруда аталган Кодекстин 26-беренесинин онунчу абзацын "уюмдарынын" деген сөздөрдөн кийин "анын ичинде, айкын убакыт ыргагында дистанциялык билим берүү (онлайн-окутуу) технологияларын колдонуу менен билим берүү кызматтарын көрсөткөн уюмдардын" деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык билим берүү уюмдарынын түрлөрү жана типтери аныкталган, аларга: мектепке чейинки билим берүү уюмдары, жалпы билим берүү уюмдары (жалпы билим берүүчү мектеп, окуу-тарбиялык комплекс, автордук окуу-тарбиялык комплекс, мектеп-гимназия, мектеп-лицей, мектеп-комплекс, атайын мектеп (жатак мектеп), жалпы билим берүүчү санатордук мектеп, көмөкчү мектеп, кечки мектеп (кечки жана нөөмөттүк), жалпы билим берүүчү сырттан окуу мектеби, эксперименттик аянтчасы менен мектеп, толук эмес мектеп), мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, атайын билим берүү уюмдары, балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүү уюмдары, башталгыч (кесиптик лицей, кесиптик орго окуу жайы ж.б.), орго (орто окуу жайы, колледж, техникум ж.б.), жогорку (институт, академия, университет, консерватория ж.б.) жана жождон кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары кирет.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 26-беренесине жогоруда аталган өзгөртүүлөрдү киргизүү айкын убакыт режиминде дистанциялык билим берүү (онлайн-окутуу) технологияларын колдонуу менен билим берүү кызматтарын көрсөткөн уюмду турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн уюм катары аныктайт, бул колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине каршы келет.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесин кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренеси менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
1) 1-берененин он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"дистанциялык билим берүү технологиялары/онлайн-окутуу - негизинен, маалыматтык жана телекоммуникациялык технология каражаттарын колдонуп, окуп жаткандар менен педагогикалык кызматкердин кыйыр же толук эмес кыйыр түрдө өз ара иш жүргүзүүсү аркылуу, анын ичинде, айкын убакыт ыргагында (онлайн) жүзөгө ашырылуучу билим берүү технологиялары;";
2) 4-берене төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- айкын убакыт ыргагында дистанциялык билим берүү (онлайн-окутуу) технологияларын колдонуу менен билим алуу мүмкүндүгү.";
3) 14-берененин төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жарым-жартылай же толук көлөмдө, анын ичинде, айкын убакыт ыргагында (онлайн-окутуу) билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн дистанциялык билим берүү технологиясын колдоно алат.";
4) 16-берененин тогузунчу абзацы "окутуунун күндүзгү формасы боюнча" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде, айкын убакыт ыргагында дистанциялык билим берүү (онлайн-окутуу) технологияларын колдонуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
Мында дистанциялык окутуу - бул билим алуу формасы экенин белгилейбиз, анда окуучу менен педагог маалыматтык технологиялардын жардамы аркылуу аралыктан өз ара аракеттенишет. Дистанциялык окутуу учурунда окуучу иштелип чыккан программа боюнча өз алдынча окуйт, жазылган вебинарларды карайт, тапшырмаларды аткарат, педагогдон онлайн-чатта консультация алат жана өзүнүн иштерин текшерүүгө мезгил-мезгили менен текшерүүгө жиберип турат.
Онлайн-окутуу - бул интернетке кошулган компьютердин же башка гаджеттин жардамы менен "ушул жерде жана азыр" режиминде билим жана көндүмдөрдү алуу. Окутуунун бул форматы дистанциялык окутуунун логикалык уландысы болуп саналат, ал эми "онлайн" деген сөз билим алуу жана педагог менен окуучунун байланышуу ыкмасын гана көрсөтөт.
Башкача айтканда, онлайн-окутуу дистанциялык билим берүү технологиясынын форматына кирет, буга байланыштуу билим берүү программасын ишке ашыруу ыкмасын өзүнчө бөлүү зарылдыгы жок.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси менен "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин "дистанциялык билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн-окутуу аркылуу баштапкы жалпы билим берүү, негизги жалпы билим берүү, орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан мугалимдер айкын убакыт ыргагында дистанциялык билим берүү (онлайн-окутуу) технологияларын колдонуу менен жалпы билим берүүчү программаларды ишке ашыруу процессинде окуу-методикалык программаларды жана кошумча жүктөмдү иштеп чыккандыгы үчүн кошумча акы алышат. Кошумча акыларды төлөп берүүнүн тартиби жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет." деген он үчүнчү абзац менен толуктоо сунушталууда.
Дистанциялык билим берүү технологияларын колдонуу менен айкын убакыт режиминде билим берүү программасын ишке ашыруу билим берүүнүн формаларынын бири болуп саналарын белгилейбиз.
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык окутууну жогорку кесиптик деңгээлде жүргүзүүгө, окуучулардын окуу программасын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинен кемитпей өздөштүрүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык окуучулардын билим берүү программаларын өздөштүрүүлөрүнө багытталган педагогикалык ишти ишке ашыруу процессинде педагог Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген окуу китептерин жана окуу-методикалык программаларды колдонот.
Педагог окуу-методикалык программаны иштеп чыгып, тиешелүү орган тарабынан жактырылган учурда жана иштелип чыккан окуу-методикалык программаны билим берүүдө колдонууга сунуштар болгон учурда анын эмгегине акы төлөө (сыйлоо) маселеси "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине туш болот.
Ошондой эле киргизилүүчү сунуш республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды бөлүүнү талап кылат, бирок Мыйзамдын долбооруна тиешелүү финансылык-экономикалык эсептер тиркелген эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин кабыл алынышы мүмкүн.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булактары аныкталганга чейин кабыл алынбайт.
Кошумча мамлекеттик кепилдиктерди жана жеңилдиктерди белгилөө олуттуу бюджеттик акча каражаттарын бөлүүнү талап кыларын белгилейбиз, бул COVID-19 коронавирустук пандемиядан келип чыккан оор кырдаалды, экономиканын бардык тармактарында активдүүлүктүн төмөндөшүп, салыктык түшүүлөрдүн төмөндөшүн эске алуу менен өлкөнүн бюджетине олуттуу оорчулук алып келет.
Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 токтому менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамага ылайык жалпы билим берүү уюмдарында бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматкерлердин жалпы эмгек акы фондунун 10 пайызы өлчөмүндө дем берүүчү эмгек акы фонду түзүлөт.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин дем берүүчү эмгек акы фондунун эсебинен төлөмдөр иштин натыйжасы жана сапаты үчүн дифференциацияланган өлчөмдө төлөнөт.
Дем берүүчү эмгек акы фондунун каражаттарынан төлөмдөрдүн конкреттүү өлчөмүн белгилөө жөнүндө чечим жогоруда аталган Нускамада аныкталган тартипте мектептин педагогикалык жамааты тарабынан кабыл алынат, мында бир кызматкерге төлөмдөрдүн чектүү көлөмү чектелбейт. Билим берүү уюмдарынын дем берүүчү эмгек акы фондунун каражаттарынан төлөмдөр квартал үчүн иштин жыйынтыгы боюнча жылына төрт жолу төлөнөт.
Баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренеси менен "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33, 34, 36, 39-беренелерине ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн билим берүү процессинде дистанциялык билим берүү технологияларын, анын ичинде айкын убакыт ыргагында колдонуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, дистанциялык билим берүү технологияларын колдонуу менен айкын убакыт режиминде билим берүү программаларын ишке ашыруу билим берүүнүн формаларынын бири болуп саналат, ал "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинде көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 7-бөлүгү менен "ата-энесинин бирөөсүнө же аны алмаштырган адамга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана шарттарда материалдык жактан камсыз кылуу жана жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда берилет." деп белгилөө сунушталууда.
Мында аталган сунуш боюнча тиешелүү финансылык-экономикалык эсептер жок жана бул ченемди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине каршы келет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 556 токтому менен аныкталганын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
5. Жалпысынан Мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 22-25-беренелерине, ал эми анын түзүмү жана мазмуну - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына шайкеш келбейт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.