Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 27-январы № 24
Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун формасын жана аны толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун формасы (FORM STI-161), 1-тиркемеге ылайык;
2) Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчетту (FORM STI-161) толтуруу жана берүү тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматтын (FORM STI-017) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибинде:
- 1-пунктундагы "Салык агенти" деген сөздөр "Салык агенти-чакан жана орто ишкердик субъекти, коммерциялык эмес уюм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматтын (FORM STI-058) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибинде:
- 1-пунктундагы "салык агенти" деген сөздөр "салык агенти-чакан жана орто ишкердик субъекти, коммерциялык эмес уюм" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 "Отчеттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда:
- сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- тогузунчу абзацындагы ", FORM STI-134" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчетторду (FORM STI-132, FORM STI-133, FORM STI-134) толтуруу жана тапшыруу тартибинде:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы ", FORM STI-134" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-бөлүмүнүн аталышындагы "жана салык агентинин (чакан жана орто ишкердик субъекттен, коммерциялык эмес уюмдан тышкары) (FORM STI-134)" деген сөздөр алып салынсын;
- 23-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 24-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. FORM STI-132 отчетунда:".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
- 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Чакан жана орто ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюм болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ай сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомостун түзүшөт жана беришет.".
5. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А.Э. Новиков |
| 1-тиркеме |
FORM STI-161
Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчет
|
| 2-тиркеме |
Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчетту (FORM STI-161) толтуруу жана берүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип чакан же орто ишкердик субъекти же коммерциялык эмес уюм болуп саналбаган салык агенти тарабынан киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жери боюнча салык органына берилүүгө багытталган Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчетту (FORM STI-161) (мындан ары - Отчет) толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.
2. Отчет төлөөчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен электрондук документ түрүндө берилет.
3. 001-уячада:
1) эгерде отчет отчеттук мезгил үчүн биринчи жолу берилип жатса, "X" түрүндөгү белги "баштапкы" уячасында көрсөтүлөт;
2) эгерде мурда ушул эле отчеттук мезгил үчүн отчет берилип, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген отчетто оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "такталган" уячасында көрсөтүлөт;
3) эгерде отчет төлөөчүнүн жоюлгандыгына байланыштуу берилип жатса, "X" түрүндөгү белги "жоюлуучу" уячасында көрсөтүлөт.
4. 901-уячада салык органы тарабынан отчет кабыл алынган дата көрсөтүлөт.
5. 902-уячада отчетту кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.
6. Отчеттун 102, 103, 104, 107, 901 жана 902-уячаларында чагылдырылган көрсөткүчтөр тиркеменин ушул уячаларында чагылдырылган маалыматтар менен бирдей болушу керек.
2. Киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү жөнүндө маалыматты толтуруу тартиби
7. 102-уячада төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
8. 103-уячада төлөөчүнүн толук аталышы же фамилиясы, аты, атасынын аты (мындан ары - аты-жөнү) көрсөтүлөт.
9. 104-уячада төлөөчүнүн салыктык жана/же эсептик катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
10. 107-уячада Ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификатору боюнча төлөөчүнүн коду көрсөтүлөт.
11. 112-уячада төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
12. 113-уячада төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт.
13. 114-уячада төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
14. 115-уячада төлөөчүнүн телефонунун номери көрсөтүлөт.
15. 116-уячада төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
16. 117-уячада камсыздандыруучунун региондук органы тарабынан ыйгарылган жана камсыздандырылуучуга билдирүүдө көрсөтүлгөн төлөөчүнүн каттоо-эсепке алуу номери көрсөтүлөт.
17. 118-уячада төмөнкү классификаторлорго ылайык бийик тоолуу/алыскы коэффициенти көрсөтүлөт:
- бийик тоолуу коэффициенти;
- алыскы райондор коэффициенти.
Эскертүү: көрсөткүч жок болгон учурда, бул уяча толтурулбайт, башкача айтканда тилкенин мааниси бош калат.
18. 119-уячада камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин түрү көрсөтүлөт.
19. 120-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген жана мурдагы календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн колдонулуучу орточо айлык эмгек акынын өлчөмү көрсөтүлөт.
20. 130-уячада Администрациялык-аймактык бирдиктерди белгилөө системасынын мамлекеттик классификаторуна (ААББС) ылайык төлөөчү иш жүзүндө жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктин коду көрсөтүлөт.
21. 131-уячада Экономикалык иштин мамлекеттик классификатору (ЭИМК) боюнча төлөөчүнүн экономикалык ишинин коду көрсөтүлөт.
22. 132-уячада уюштуруу-укуктук формасы (УУФ) көрсөтүлөт.
23. 133-уячада менчигинин формасы (МФ) көрсөтүлөт.
24. 134-уячада календардык иш күндөрүнүн саны көрсөтүлөт.
25. 201-уячада отчет берилип жаткан отчеттук мезгил башталган дата (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт.
26. 202-уячада отчет берилип жаткан отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн датасы (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт.
3. Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча маалыматты толтуруу тартиби
27. 203-уячада Отчеттун тиркемесинде көрсөтүлгөн кызматкерлердин жалпы саны көрсөтүлөт.
28. 204-уячада Отчеттун тиркемесинин 11-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт
29. 205-уячада Отчеттун тиркемесинин 13-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
30. 206-уячада Отчеттун тиркемесинин 14-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
31. 207-уячада Отчеттун тиркемесинин 15-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
32. 208-уячада Отчеттун тиркемесинин 16-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
33. 209-уячада Отчеттун тиркемесинин 17-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
34. 210-уячада Отчеттун тиркемесинин 18-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
35. 211-уячада отчеттук мезгил ичинде жеке жактарга төлөнгөн кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
36. 212-уячада минималдык эсептик кирешени колдонууда эсептелген киреше салыгынын суммасын кошкондо, отчеттук мезгил үчүн бюджетке которулууга тийиш болгон киреше салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
37. 213-уячада Отчеттун тиркемесинин 19-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
38. 214-уячада Отчеттун тиркемесинин 20-графасынын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
4. Кызматкерлер жөнүндө маалыматты толтуруу тартиби
39. 301-уячада иштеп жаткан, ошондой эле иште формалдуу түрдө иштеп жаткан катары орду сакталып турган тизмелик курамдагы кызматкерлердин саны көрсөтүлөт.
Бир ай үчүн кызматкерлердин орточо тизмелик саны айдын бардык календардык күндөрү, башкача айтканда майрам жана дем алыш күндөрүн кошкондо тизмелик курамдагы кызматкерлердин санын суммалоо жана алынган сумманы бир айдагы календардык күндөргө бөлүү жолу менен эсептелет.
40. 302-уячада негизги иши (кызмат орду), ошондой эле ушул эле уюмда айкалыштырып иштеген иши боюнча мөөнөтүнөн ашык жана майрам (жумуш эмес) жана дем алыш күндөрүн (график боюнча), кызматтык командировкаларда иштеген сааттарын эске алуу менен кызматкерлердин иш жүзүндө иштеген сааттары көрсөтүлөт.
Эскертүү: адам-саатты эсептөө тартиби
Мисалы: "АС = А1 + А2 + ... + АN,
мында АС - иштелген адам-сааттардын саны;
АN - кызматкер иштеген сааттардын саны.
Иштелген адам-сааттарына төмөнкүлөр кирбейт:
- кызматкерлердин иш берүүчүнүн демилгеси боюнча ар жылдык, кошумча, окуу өргүүлөрүндө, өргүүлөрдө болгон убактысы;
- иштен ажыратуу менен кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу убактысы;
- ооруган убактысы;
- нөөмөт ичиндеги иштебей турган убактысы;
- баланы тамактандыруу үчүн энелердин иштеги тыныгуу сааттары;
- мыйзамдарга ылайык жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы белгиленген кызматкерлердин айрым категорияларынын жумуш узактыгы кыскартылган сааттар;
- иш таштоолорго катышуу убактысы;
- кызматкердин эмгек акысы сакталгандыгына же сакталбагандыгына карабастан, ал иште болбогон башка учурлар.".
41. 303-уячада башка ишканалардан айкалыштырып иштөө боюнча ишке кабыл алынган кызматкерлердин саны көрсөтүлөт.
42. 304-уячада аларды толук иш менен камсыз кылуу шартында уюмда талап кылынган кызматкерлердин саны көрсөтүлөт.
43. 305-уячада өндүрүштүн кеңейишинин, кайра уюштурулушунун, нөөмөттүк иштин көбөйүшүнүн жана башкалардын натыйжасында отчеттук мезгилде жаңы түзүлгөн иш орундарына кабыл алынган же кабыл алынышы мүмкүн болгон кызматкерлердин саны көрсөтүлөт.
44. 306-уячада көлөмдөрдүн азайышына байланыштуу жоюлууга, өндүрүштү токтотууга тийиш болгон ишкананын жабылышынын натыйжасында отчеттук мезгилде жоюлган иш орундарынын саны көрсөтүлөт.
45. 307-уячада ишке кабыл алуу жөнүндө буйрук менен отчеттук мезгилде ошол уюмга кабыл алынган кызматкерлердин саны көрсөтүлөт.
46. 308-уячада штаттын кыскарышына байланыштуу иштен бошотулган кызматкерлердин саны көрсөтүлөт.
47. 309-уячада кызматкердин өзүнүн демилгеси боюнча, ошондой эле төмөнкү учурларда уюмдан иштен кеткен кызматкерлердин саны көрсөтүлөт:
1) конкурс боюнча ээленүүчү кызмат орундарына шайлоо;
2) башка жерге көчүү; жубайы башка жерге, чет өлкөгө которулуу;
3) ошол жерде иштөөнү улантууга же жашоого тоскоол болуучу ооруга же майыптыкка;
4) билим берүү мекемесине, аспирантурага же клиникалык ординатурага өтүү;
5) пенсия курагына жеткендигине байланыштуу өз каалоосу боюнча же курагы боюнча пенсия алгандарды иштен бошотуу;
6) оорулуу үй-бүлө мүчөлөрүн же 1-топтогу майыптарды багуу зарылдыгы;
7) тараптардын макулдашуусу;
8) кош бойлуу аялдарды, 14 жашка чейинки балдары бар аялдарды, жалгыз бой энелерди өз каалоосу боюнча иштен бошотуу;
9) алардын 14 жашка чейинки баласы же 16 жашка чейинки майып баласы болсо.
48. 310-уячада кетүүсү же которулуусу буйрук менен таризделген негиздерге (кызматкердин демилгеси, администрациянын демилгеси; тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишимин бузуу; аскер кызматына чакыруу же өтүү; кызматкерди анын макулдугу менен башка уюмга которуу же шайлануучу кызматка өтүү ж.б.) көз каранды эмес башка себептер боюнча, ошондой эле каза болгондугуна байланыштуу иштен кеткен кызматкерлердин саны көрсөтүлөт.
49. 311-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) бааланган жумуштар, тарифтик ставкалар, кызматтык маяналар боюнча төлөмдөр;
2) иштөө режимине жана эмгек шартына байланыштуу компенсациялык мүнөздөгү төлөмдөр;
3) тарифтик ставкаларга жана кызматтык маяналарга үстөк жана кошумча акылар;
4) туруктуу же мезгил-мезгилдүү мүнөзгө ээ сый акылар жана сыйлыктар;
5) эмгек акы төлөөнүн башка түрлөрү (эмгек акыдан камсыздандыруу төгүмдөрүн которуу боюнча иштерди аткаргандыгы үчүн бухгалтериялардын кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө; башка ишканалардан кабыл алынган айкалыштырып иштөөчүлөргө жана ишкананын штатында турбаган кызматкерлерге бир жолку жумуштарды аткаруу үчүн эмгек акы төлөө).
50. 312-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ар жылдык жана кошумча өргүүлөрдү төлөө;
2) окуу өргүүлөрүн төлөө; кызматкердин күнөөсүнөн эмес иштебей калуу үчүн төлөө;
3) администрациянын демилгеси боюнча эмгек акысын жарым-жартылай сактоо менен өргүүдө жүргөн кызматкерлерге төлөнгөн суммалар;
4) аткарган ишине ылайык келбегендигинен улам администрациянын демилгеси боюнча, аскердик кызматка чакырууга жана тараптардын эркине байланышпаган башка жагдайларга байланыштуу эмгек келишими токтотулган учурдагы иштен бошонуу жөлөкпулу;
5) оорусу боюнча ишке чыкпаган күндөрүн ишкананын каражатынын эсебинен төлөө ж.б.
51. 313-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) төлөм булагына карабастан бир жолку берилүүчү сый акылар;
2) бир жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча сыйлыктар;
3) бардык же көпчүлүк кызматкерлерге берилген материалдык жардам;
4) ар жылдык өргүү берүүдөгү кошумча төлөмдөр; пайдаланылбаган өргүү үчүн акчалай компенсация;
5) кызматкерлерге сыйлоо катары бекер берилген акциялардын же аларды сатып алууга жеңилдиктердин наркы.
52. 314-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) экономиканын айрым тармактарынын кызматкерлерине акысыз берилген азыктардын, тамак-аштын, турак жайдын жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы (колдонуудагы мыйзамдарга ылайык);
2) тамактануунун наркын төлөө (толук же жарым-жартылай);
3) кызматкерлердин турак жай, батир акысын же жатаканадагы ордун төлөө боюнча чыгымдарынын ордун толтурууга каражаттар;
4) кызматкерлерге акысыз берилген отундун наркы;
5) кызматкерлердин темир жол, авиация, автомобиль транспорту, шаардык электр транспорту менен жүрүүсү боюнча жеңилдиктердин наркы, жалпы пайдалануудагы транспорт, атайын маршруттар, ведомстволук транспорт менен иштеген жерге баруу наркын төлөө;
6) акысыз берилген формалык кийимдин, жеке туруктуу пайдалануусунда калган атайын кийим-кеченин наркы же аларды төмөндөтүлгөн баалар боюнча сатууга байланыштуу жеңилдиктердин суммасы.
5. Эмгек акыга кирбеген төлөмдөр боюнча маалыматты толтуруу тартиби
53. 401-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) кызматкерлердин менчигине берилген турак жайдын наркы;
2) кызматкерлерге турак жай курууга, турак жай сатып алууга берилген зайымдык акча каражаттарын төлөө тартибинде ишкана тарабынан кызматкерлер үчүн төлөнгөн суммалар;
3) кызматкерлерге турак жай курууга же турак жай сатып алууга ж.б.у.с. берилген кайтарымсыз субсидиялар.
54. 402-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү (төгүмдөрү);
2) милдеттүү мамлекеттик жеке камсыздандыруудан тышкары, жеке, мүлктүк жана башка камсыздандыруу келишимдери боюнча ишкана тарабынан өз кызматкерлеринин пайдасына төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрү (төгүмдөрү);
3) ишкананын (юридикалык жактын) жоюлушунун, кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышынын, анын ичинде ишкананын кайра уюштурулушунун натыйжасында эмгек келишими токтотулган учурдагы иштен бошотуу жөлөкпулу;
4) ишкананын жоюлушуна же кайра уюштурулушуна, кызматкерлердин санын же штатын кыскартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө байланыштуу ишке орношуу мезгилинде иштен бошотулган кызматкерлерге төлөнгөн суммалар;
5) эмгек ардагерлерине пенсияга чыкканда бир жолу берилүүчү жөлөкпул (төлөмдөр, сыйлыктар);
6) иштеп жаткан пенсионерлердин пенсияларына ишкананын каражаттарынын эсебинен төлөнгөн үстөк акылар;
7) кызматкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу келишимдери боюнча ишкана тарабынан төлөнүүчү төгүмдөр;
8) эмгектик милдеттерин аткарууга байланыштуу майып болуудан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башка бузулуусунан кызматкерлерге, ошондой эле каза болгон адамдардын багуусундагыларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга ишкананын каражаттарынын эсебинен төлөнгөн суммалар;
9) кызматкерлерге сот тарабынан аныкталган моралдык зыянды компенсациялоо;
10) айрым кызматкерлерге үй-бүлөлүк абалына, сөөк коюуга ж.б.у.с. берилген материалдык жардам;
11) иштебеген пенсионерлерге төлөмдөр.
55. 403-уячада ишкана (иш берүүчү) жалданган кызматкерлердин пайдасына жасаган кошуп эсептөөлөр көрсөтүлөт. Бул көрсөткүчкө кызматкерлердин социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрү кирбейт.
56. 404-уячада иштен бошотулган учурда бошонуу жөлөкпулунун, белгилүү бир окуялар болгон учурда материалдык жардамдын, иштебеген пенсионерлерге, сөөк коюуга ж.б. төлөмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт.
57. 405-уячада өндүрүштүк жаракатка байланыштуу жөлөкпулдардын, кызматкерлерге моралдык зыянды компенсациялоо суммалары көрсөтүлөт.
58. 406-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) кызматкерлердин окуу жайларда акы төлөнүүчү окуусуна чыгымдар;
2) тизмелик курамда турган жана ишкана тарабынан окуу жайларга окууга жиберилген кызматкерлердин ишкананын каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү стипендиялары;
3) билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлерине китептерди, окуу китептерин жана башка басма продукцияларын сатып алууга компенсациялар;
4) окуу процессин уюштурууга чыгымдар (окуу материалдары, жайды ижарага алуу, ишкананын балансында турган окуу имараттарын жана жайларын күтүүгө, учурдагы оңдоого ж.б.у.с. чыгымдар).
59. 407-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) саламаттык сактоо органдары менен өз кызматкерлерине медициналык жардам көрсөтүүгө түзүлгөн келишимдер боюнча бейтапканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча чыгымдар;
2) ишкананын каражаттарынын эсебинен балдарды мектепке чейинки мекемелерде кароо үчүн акы төлөө;
3) ден соолук топторунда, спорттук секцияларда машыгуулар үчүн абонементтердин акы төлөөсү;
4) ишканага таандык болгон турак жайды, окуу жана мектепке чейинки мекемелерди, медпункттарды, профилакторийлерди, ашканаларды, эс алуу үйлөрүн, китепканаларды, спорттук курулмаларды ж.б. күтүүгө чыгымдар;
5) маданий-массалык, дене-тарбия жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар;
6) дарылоо-алдын алуу мекемелери үчүн медикаменттерди сатып алууга чыгымдар;
7) ийримдерди, курстарды, студияларды, клубдарды ж.б. уюштурууга чыгымдар.
60. 408-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) берилген атайын кийимдин, бут кийимдин жана башка жеке коргонуу каражаттарынын, самын жана башка жуучу каражаттардын, сүт жана дарылоо-алдын алуу тамак-аштарынын наркы;
2) кызматтык командировкалар учурундагы командировкалык чыгымдар (суткалык чыгымды кошкондо);
3) кызматкерлерди башка жерлерге ишке которуудагы чыгымдар, өкүлчүлүк чыгымдары;
4) чет өлкөлүк кызматтык паспортторду тариздөө жана визаларды алуу боюнча чыгымдар;
5) ишканалардын кызматкерлерине берилген ссудаларды төлөөгө чыгымдар; кызматкерге жеке автомобилин кызматтык максатта пайдалангандыгы үчүн материалдык чыгымдарды компенсациялоо.
61. 409-уячада 408-уячада көрсөтүлгөн башка чыгымдардын жалпы суммасынан суткалык чыгымдардын суммасы көрсөтүлөт.
62. 410-уячада кызматкерлердин ишкананын менчигине катышуусунан түшкөн акциялар жана башка кирешелер боюнча кирешелердин (дивиденддер, пайыздар, үлүштүк пайлар боюнча төлөмдөр ж.б.) суммасы көрсөтүлөт.
6. Отчеттун тиркемесин толтуруу тартиби
63. 1-графада катар номери көрсөтүлөт.
64. 2-графада кызматкердин идентификациялык салык номери (ИСН) көрсөтүлөт.
65. 3-графада кызматкердин аты-жөнү көрсөтүлөт.
66. 4-графада төмөнкү таблица боюнча кызматкердин категориясы көрсөтүлөт:
№ | Код | Кызматкерлердин категориясынын аталышы |
Эмгек келишимдери боюнча кызматкерлердин категориялары | ||
1 | 001 | Негизги кызматкер |
2 | 001-64/69 | 64/69-ж.ч.т. негизги кызматкер |
3 | 003 | Пенсионер |
4 | 010 | Чет өлкөлүк жаран |
5 | 020 | Эмгек мигранттары |
6 | 100 | 1-2-топтогу майып |
7 | 101 | УАС катышуучусу/майыбы |
8 | 102 | УАС катышуучуларына теңдештирилген адамдар |
9 | 106 | КТП |
10 | 106-64/69 | КТП (64/69-ж.т.) |
11 | 107 | КТП пенсионери |
Айкалыштырып иштөө боюнча кызматкерлердин категориялары | ||
12 | 200 | 1-2-топтогу майып |
13 | 201 | Негизги жумушчу |
14 | 201-64/69 | 64/69-ж.ч.т. негизги кызматкер |
15 | 202 | УАС катышуучуларына теңдештирилген адамдар |
16 | 203 | Пенсионер |
17 | 204 | Ижарага берүүчү |
18 | 205 | Гонорарлар, сыйлыктар |
19 | 206 | КТП |
20 | 206-64/69 | КТП (64/69-ж.т.) |
21 | 207 | КТП пенсионери |
22 | 210 | Чет өлкөлүк жаран |
23 | 220 | Эмгек мигранттары |
Эмгек мамилелери жок кызматкерлердин категориялары | ||
24 | 103 | Жеке ишкер |
25 | 104 | Ижарага берүүчү |
26 | 105 | Гонорарлар, сыйлыктар |
27 | 108 | Салык агенттери үчүн сатып алуу/сатуу боюнча бүтүмдөр |
28 | 109 | Башкалар |
67. 5-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык кызматкердин жарандык өлкөсүнүн цифралык коду көрсөтүлөт.
68. 6-графада кызматкердин резиденттигинин коду төмөнкү таблица боюнча көрсөтүлөт:
№ | Коду | Аталышы |
1 | 01 | Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жеке жак |
2 | 02 | Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаты же кайрылман статусу бар жеке жак-резидент |
3 | 03 | Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган резидент эмес жеке жак |
9. 7-графада кызматкердин иши башталган дата КК.АА.ЖЖЖЖ. форматында көрсөтүлөт.
Эскертүү: Кызматкер ишке 15.01.2020 кабыл алынган учурда, иш башталган дата 15.01.2020 деп көрсөтүлөт.
70. 8-графада кызматкердин иши аяктаган дата КК.АА.ЖЖЖЖ. форматында көрсөтүлөт.
Эскертүү: Кызматкер иштен 25.01.2020 бошотулган учурда, иши аяктаган дата 25.01.2020 деп көрсөтүлөт.
71. 9-графада кызматкерлердин иш жүзүндө иштеген күндөрүнүн саны көрсөтүлөт.
Кызматкер акы төлөнбөөчү өргүүдө болгондо, ошол отчеттук мезгилде эмгек акы жана башка кирешелер эсептелген иш жүзүндө иштеген күндөрү болгондо, толук мезгил - календардык ай көрсөтүлөт.
Кызматкер акы төлөнүүчү өргүүдө болгондо, толук мезгил - календардык ай көрсөтүлөт.
Кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу жок болгондо мезгили - толук календардык ай көрсөтүлөт.
72. 10-графада төмөнкү таблицага ылайык кирешенин коду көрсөтүлөт:
Кирешенин коду | Төлөнгөн кирешелердин аталышы |
001 | Жалдоо боюнча иштен киреше |
002 | Жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча сыйлык |
003 | Дивиденддер |
004 | Роялти, анын ичинде интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануудан жана (же) пайдалануу укугун берүүдөн алынган кирешелер боюнча |
005 | Баалуу кагаздар менен операциялардан кирешелер (баалуу кагаздарды ээликтен ажыратуу) |
006 | Юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштү ээликтен ажыратуудан кирешелер |
007 | Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан кирешелер |
008 | Башка кирешелер |
73. 11-графада киреше салыгын эсептөө үчүн кызматкерге эсептелген кирешенин суммасы көрсөтүлөт.
74. 12-графада камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелүүчү иш жүзүндөгү киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү: отчеттук айда эмгек акы төлөө фондунун нөлдүк мааниси төмөнкү кызматкерлер үчүн жол берилет:
- акы төлөнүүчү өргүүдө жүргөн;
- отчеттук айда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жок болгон.
75. 13-графада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 167-беренесинде каралган отчеттук мезгил үчүн киреше салыгы салынууга тийиш эмес жеке жактардын кирешелери көрсөтүлөт.
76. 14-графада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 170-беренесине ылайык жеке жактардын кирешесинен алынган стандарттык чыгарып салуулардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
77. 15-графада киреше салыгы салынууга тийиш болгон кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
78. 16-графада салык агенти тарабынан жеке жактардын кирешелеринен кармалган киреше салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
79. 17-графада пайданын эсебинен которулууга тийиш болгон киреше салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
80. 18-графада кармалган киреше салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт, ал тиешелүү түрдө 16 жана 17-графалардагы суммага барабар болот.
81. 19-графада пенсиялык фондго, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна (ПФ, ММКФ, ЭДЧФ) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелген суммасы көрсөтүлөт.
82. 20-графада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду (КР МПТФ) боюнча эсептелген төгүмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт.