Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 293
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбеков, О.Ч.Текебаев, Ч.А.Турсунбеков, К.К.Иманалиев, Б.И.Сулейманов, О.М.Артыкбаев, А.Ж.Акматов, Э.Т.Токтошев, К.М.Жумалиев, А.А.Арапбаев, И.И.Матраимов, А.Ж.Жамангулов, Т.Б.Исакунова, С.А.Айдаров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
| Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков | |
| ||||
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 293 токтому менен жактырылган
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбеков, Ө.Ч.Текебаев, Ч.А.Турсунбеков, К.К.Иманалиев. Б.И.Сулейманов, О.М.Артыкбаев, А.Ж.Акматов, Э.Т.Токтошев, К.М.Жумалиев, А.А.Арапбаев, И.И.Матраимов, А.Ж.Жамангулов, Т.Б.Исакунова, С.А.Айдаров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Аталган мыйзамдын долбоорунун негизги максаты тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү болуп саналат.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасында жогорку квалификациялуу адисти - ушул Мыйзамдын 10-беренесинде каралган белгилерге ээ болгон чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам деп белгилөө сунушталат.
Ошону менен бирге, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында жогорку квалификациялуу адис катары чет өлкөлүк адис гана таанылат.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун аталган ченемдеринин ортосунда карама-каршылык бар экендигин белгилейбиз, андыктан аларды четтетүү сунушун беребиз.
Ошол эле мезгилде "жогорку квалификациялуу адис" терминине толук аныктама берүүнү жана аны "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде чагылдырууну сунуштайбыз.
2. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык беренелердин аталышы кыска, так берилиши жана алардын негизги мазмунун чагылдырышы керектигин эске алуу менен мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүн толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
3. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин жоболорун эске алып, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүндөгү онунчу абзацта иш берүүчү жогорку квалификациялуу адис катары тарта турган чет өлкөлүк адистердин квалификациясынын деңгээлин жана компетенттүүлүгүн өз алдынча баалайт деп белгиленген.
Бирок биздин көз карашыбызда мындай ченем коррупциялык фактор болуп саналат, анткени бул иш берүүчүгө кандайдыр бир белгиленген талаптарсыз өзүнүн кароосуна ылайык чет өлкөлүк жаранды жогорку квалификациялуу адис катарында аныктоо укугун берет.
Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керек. Укуктук ченемдерди баяндоодо өтө эле жалпылаштырылган же өтө эле майдаланган түшүнүктөр колдонулбашы керек.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамдын ченемдерин эске алуу менен, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Ошону менен бирге, мыйзамдын долбоорунда тигил же бул маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталарын көрсөтүү керек.
5. Ошол эле мезгилде, мыйзамдын долбоорунун жоболорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, социалдык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу салык органынын, экономикалык жана региондук өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын жана компетенциясын аныктоо сунушталгандыгын белгилейбиз.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам деңгээлинде бекитүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келерин белгилей кетүү керек.
Алсак, жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 11-беренесине ылайык, ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт, ошондой эле аталган мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитет.
Жогоруда айтылгандын негизинде, мыйзамдын долбоорунан жогоруда аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын регламенттеген жоболорду алып салууну, зарыл болсо аларды ченемдик көрсөтмөлөргө трансформациялоону сунуштайбыз.
6. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилет.
Ушуга байланыштуу, бул мыйзамдын долбоорун кабыл алган учурда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген талаптарды, анын ичинде коомдук талкуу жүргүзүү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, башка кызыкдар мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашуу жол-жоболорун эске алуу менен кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ылайык келтирүү үчүн убакыт талап кылынарын белгилейбиз.
Жогоруда айтылганды эске алуу менен мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.".
7. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында көрсөтүлгөн маалыматка ылайык сунушталган мыйзамдын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт.
Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Өкмөт бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөрүн белгилейбиз.
Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу жак тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат.
Жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу жак тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылат.
Жогоруда айтылганды эске алуу менен, бул мыйзамдын долбоору ишкердик субъектилер чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салууга багытталгандыктан жөнгө салуучу таасирин талдоого тийиш экендигин белгилейбиз.
8. Мыйзамдын долбоорунун текстинде (1-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрү) "мыйзамдарга ылайык", "мыйзамдарда белгиленген тартипте" сыяктуу бланкеттик шилтемелер болуп саналган түшүнүк колдонулат.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер жасоого жол берилбейт, ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун жогоруда аталган жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган корутундусуна толуктоо иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы № 478 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору киргизилген.
Аталган мыйзамдын долбоорунан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.И.Жамалдинов, А.О.Узакбаев, ж.б. тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий корутундусун алуу үчүн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна түшкөн.
Мында жогоруда аталган мыйзамдардын долбоорлору бир өңчөй коомдук мамилелерди жөнгө салууга багытталганына көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык мыйзамдардын альтернативдүү варианттары болгон учурда жооптуу комитет аларды бир убакта карайт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бир мыйзамдын долбоорун кабыл алуу жана калгандарын четке кагуу же болбосо бардык мыйзам долбоорлорун бириктирүү же четке кагуу сунушталарын белгилей кетүү керек.
Жогоруда айтылганды, ошондой эле жогоруда аталган мыйзамдын долбоорлору бир өңчөй коомдук мамилелерди жөнгө салууга багытталгандыгын эске алуу менен, жогоруда аталган мыйзам долбоорлорун бир мыйзамдын долбооруна бириктирүүнү максатка ылайык деп эсептейбиз.
Жалпысынан, сунушталып жаткан мыйзам долбоору дыкаттык менен толуктап иштеп чыгууга, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамада белгиленген мыйзам чыгаруу техникасынын эрежелерине шайкеш келтирүүгө муктаж экендигин белгилейбиз.
Жогоруда айтылгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзамдын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт, ушуга байланыштуу корутундуда баяндалган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен, аны толуктап иштеп чыгуу зарыл экендигин белгилейт.