Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 24 июну № 329
Кыргыз Республикасынын жогору турган органдарынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын аткаруучулук тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнү туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чечүүдө кабыл алынуучу мыйзамдарды, башка нормативдик укуктук актыларды жана чечимдерди өз убагында жама сапаттуу аткаруу боюнча аткаруу бийлик органдарынын уюштуруучулук иштери маанилүү роль ойной тургандыгын белгилейт.
Бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор тарабынан мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдеринде аткаруучулук тартипти сактоо, чечимдерди оперативдүү кабыл алууну камсыздоо, алардын аткарылышы үчүн кадрлардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча кыйла иштер жүргүзүлүүдө.
Экономикалык, саясий жана социалдык чөйрөлөрдө милдеттерди практикалык жактан ишке ашыруу максатында быйылкы жылдын 5 айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 502 токтом жана буйрук кабыл алды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 32 процентке көп.
Жалпысынан документ жүгүртүү 19722 бирдикти түздү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата 106 процентти түзөт, ага кошумча кирүүчү документтердин саны 14483тү түздү, бул 2470 бирдикке көп.
2008-жылдын беш айында министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына социалдык жана экономикалык өнүктүрүү, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин органдарынын чарбалык ишмердигинин маселелерине тиешелүү 4312 документ, анын ичинде Кыргыз Республикасынын 95 мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 84 жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 11 буйругу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 24 токтому, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 17 протоколдук тапшырмасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 253 токтому, 88 буйругу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13 протоколдук чечими, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министринин 162 протоколдук чечими жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өкмөт Аппаратынын жетекчилигинин 3565 тапшырмасы жиберилген.
Аткаруучулук тартип маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 196 буйругу кабыл алынып, анда нормативдик укуктук актыларды, жогору турган органдардын чечимдерин жана тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун иштери жеткиликсиз деп табылып, алардын бир катарынын аткаруучулук тартибинин деңгээли төмөн экендиги белгиленген.
Бул буйрукту ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлик органдары тарабынан аткаруучулук тартип маселелери каралган жана андан ары аны күчөтүү боюнча чаралар белгиленген, ошондой эле буйрук берүүчү документтерди жана тапшырмаларды аткаруудагы жол берилген тартип бузуулар үчүн 73 кызматкерге ар кандай тартип жазалары көрүлгөн.
Ошону менен бирге талдоо көрсөткөндөй бир катар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын иштеринде нормативдик укуктук актыларды жана Кыргыз Республикасынын Президенти менен Өкмөттүн тапшырмаларын аткаруу мөөнөттөрүн бузуу улантылууда, бул документтер менен иштөөгө комплекстүү мамиленин жоктугу, аткаруучулук тартипти сактоо механизмин түзүү жана аткарылышын контролдоонун натыйжалуу системасын уюштурууну камсыздоо боюнча таасирдүү чараларды көрбөө тууралуу ырастап турат.
Ушул жылдын беш айында Кыргыз Республикасынын 95 мыйзамынан 79у аткарылган, анын ичинде белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарылганы - 14 (15%), тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин 84 жарлыгынан - 66 жана 20 (24%), Кыргыз Республикасынын Президентинин 11 буйругунан - 11 жана 3 (27%), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 41 токтому жана протоколдук тапшырмаларынан - 16 жана 13 (32%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 253 токтомунан - 123 жана 53 (21%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 88 буйругунан - 59 жана 26 (29%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13 протоколдук чечиминен - 8 жана 2 (15%), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин 162 протоколдук чечимдеринен - 128 жана 49 (30%). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин 3565 тапшырмасынан 2404ү контролго алынган, 812 (23%) белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарылган.
Белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарылган документтердин көпчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (47%), Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги (47%), Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги (34%), Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги (29%), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (29%), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (28%) жол беришкен.
Мындан тышкары көрсөтүлгөн мезгилде министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын 1 мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2 жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 10 токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12 токтому жана 6 буйругу аткарылбай калган.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган жана экономикалык ишмердик жүргүзгөн юридикалык жактарга жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу токтом долбоору ушул кезге чейин киргизилген эмес, ага үч айлык мөөнөттө проценттик ставкалардын айырмасы боюнча адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер тарабынан компенсацияларды берүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу жана өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 558 токтомунун саламаттык сактоо уюмдарынын жоопкерчилигин камсыздандыруу эрежелерин; студенттерди практикалык жактан окутуу маселелери боюнча саламаттык сактоо органдарынын жогорку жана орто кесиптик атайын окуу жайлары менен өз ара аракетинин жана саламаттык сактоо уюмдарынын жоопкерчилигинин өлчөмүн аныктоо тартибин иштеп чыгуу жана эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берүү бөлүгүн аткарган эмес. Бул токтомду аткаруу мөөнөттөрүн бузуу эки жыл төрт айды түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология жагындагы коопсуздук боюнча чараларды аныктоо жөнүндө", 2007-жылдын 20-августундагы № 350 "2007-жылдын биринчи жарымы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2007-жылдын экинчи жарымына милдеттер жөнүндө" токтомдорун аткаруу мөөнөтүн бир нече ирет узарткан, ал бүгүнкү күндө да аткарыла элек.
Кыргыз Республикасынын: Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги төмөнкүлөрдү аткарган эмес:
- "2007-жылдын биринчи жарымы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2007-жылдын экинчи жарымына милдеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-августундагы № 350 токтомунун чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуунун орто мөөнөттүү стратегиясын (мөөнөтү - 2007-жылдын IV кварталы) жана 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү концепциясын (мөөнөтү - 2008-жылдын 1-январына чейин) иштеп чыгуу бөлүгүн;
- "2007-жылдын 9 айы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-ноябрындагы № 549 токтомунун 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын азык-түлүк рыногун өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана 2008-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү бөлүгүн.
Ошондой эле министрлик тарабынан "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын шаар курулушу жана архитектурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген мөөнөттөрдөн кечигүү менен киргизилген. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган мыйзам долбоорлорун жактыруу жөнүндө токтомду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине аларды 2008-жылдын 1-июнуна чейин кабыл алуу шарты менен ушул жылдын 19-майында гана киргизген. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетекчилиги, комитеттердин төрагалары жана мүчөлөрү тарабынан олуттуу нааразылыктар айтылган.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги тарабынан "Энергия үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Электр энергиясы үчүн бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялардын үмүтсүз дебитордук карыздарын жана электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын бюджетине карыздарын жана эсептелген проценттер, финансылык, айыптык санкциялар боюнча карыздарды бир жолку эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору белгилеген мөөнөттөн 98 күнгө кечигүү менен киргизилген. "Электр энергиясынын рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кечигүү менен киргизилген (114 күнгө убагы өтүп кеткен).
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген мөөнөттө көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизе алган эмес, бул 2008-жылдын биринчи жарымы үчүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын үзгүлтүккө учуроосуна алып келди.
Мындан тышкары ушул эле министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-июлундагы № 197-б буйругунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Электр энергетика тармагындагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоо бөлүгү ушул убакка чейин аткарыла элек.
"Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасы" Максаттуу билим берүү, илимий-техникалык программаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 650 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине КРСУ менен бирдикте Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик системасында адистердин иштеп берүүсү жөнүндө жобону 2007-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берүү тапшырылган. Бир нече жолку эскертүүлөргө карабастан көрсөтүлгөн Жобо бериле элек.
Айрым министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2006-жылдын 27-январындагы № 45/36/6 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун кызматкерлеринин эмгек акыларын коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу төлөө жөнүндө" токтомун аткарбай жатышат. Ушул жылдын 10-июнуна карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик коммерциялык банктар менен келишим түзүшкөн эмес.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик коммерциялык банктар менен түзүлгөн келишимдерге карабастан эмгек акыны накталай акча менен берүүнү улантышууда.
Ушул жылдын беш айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты министрликтерге жана ведомстволорго жогору турган органдардын чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруу мөөнөтү жакындап келатканы жөнүндө 222 эскертүү жиберген, алардын ичинен 72си апрель-майда жиберилген, мунун ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине - 9, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине - 8ден, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине - 7 эскертүү жиберилген ж.у.с.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктен башкаларда аткаруучулук тартип маселеси министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коллегияларында талкууга алынган эмес. Көпчүлүк министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары бул маселени аппараттык кеңешмелерде талкуулоо же тартиптик жаза берүү жөнүндө буйруктарды чыгаруу менен чектелишкен.
Нормативдик укуктук актылардын киргизилип жаткан долбоорлорунун сапаты начар экенин белгилеп коюу зарыл, натыйжада министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери виза койгон документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында караганда юридикалык жана маанилик жагынан ар кандай карама-каршылыктар жана чалалыктар бар экени аныкталат.
Нормативдик укуктук актылардын долбоорлору менен кошо берилген негиздемелер көп учурда үстүрт болот жана талдоо, экономикалык эсептөөлөрү, кабыл алуудан жана ишке ашыруудан болуучу натыйжалары жөнүндө божомолдору жок. Көп учурда долбоорлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин талаптарын сактабастан, мамлекеттик тилге котормосу начар абалда жиберилет.
Жогоруда айтылган себептердин натыйжасында киргизилген 28 нормативдик укуктук акты бекитүү жол-жоболорунан өткөн жок, 225и же жалпы санынын 26 проценти толуктап иштеп чыгууга кайра жиберилди, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине - 19, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине - 18, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине - 17, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке - 17, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине - 14, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине - 10, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине - 10, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине - 10 долбоор кайра жиберилген ж.б.
Аткаруучу тартиптин начарлыгы жана жөнгө салуучу документтерди жана тапшырмаларды даярдоодогу жана аткаруудагы кемчиликтер министрликтердин жана ведомстволордун иштеринин уюштуруу-талдоо иштерин жүргүзүүдө орчундуу кемчиликтер бар экенин далилдейт.
Мисалы, аткаруучу бийликтин айрым органдарынын иштеринде түшкөн документтердин өз убагында жана тез өтүшүн контролдоо механизми жок, анын натыйжасында каттоо учурунан тартып каттоого, кароого, резолюция коюуга жана иш жүзүндө аткарууга чейин негизсиз кечеңдөө болуп, убакыт коройт.
Жөнгө салуучу документтерди жана тапшырмаларды аткарууда ыкчамдык жоктугунун жана аткаруу сапаты начарлыгынын дагы бир себеби туруктуу жана адистиги жогорку аппаратты түзүү боюнча иштеги кемчиликтер, кызматкерлерди окутууну жана квалификациясын уюштуруудагы кемчиликтер, кадрлардын кетишинин көптүгү болууда.
Мисалы, 2007-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин борбордук аппараттарында ар түрдүү себептер боюнча кызматкерлердин жалпы санынын тиешелүү түрдө 24 жана 30 проценти бошонуп кеткен. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде 2008-жылдын 5 айында 38 кызматкер бошонгон, кадрлардын келиш-кетиши 20 процентти түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин документтик камсыздоо жана аткарылышын контролдоо кызматтарында ээлеген кызмат ордунда стажы 3 айдан 6 айга чейинки кызматкерлер иштешет.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинде жалпы бөлүмүн керектүү техникалык каражаттар жана жабдуулар менен камсыздоо боюнча тийиштүү чара көрүлгөн эмес. 18 министрликте жана ведомстводо документтердин аткарылышын автоматташтырылган контролдоо системасы жолго коюлган эмес, натыйжада бул иш кол менен жасалып, көп убакыт талап кылынат.
Министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, администрациялык ведомстволордо жана аткаруу бийлигинин башка органдарында аткаруучулук тартипти андан ары жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөрдө иш канааттанарлык эместиги белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана тапшырмаларын аткаруу, Мыйзам долбоорлоо ишинин планында каралган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өкмөттүн Аппарат жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруу боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигине нормативдик укуктук актыларды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмаларын өз убагында аткаруу боюнча иштин өтө жетишсиздиги көрсөтүлсүн.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери төмөнкүлөргө милдеттендирилсин:
- көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча токтоосуз чара көрүү, нормативдик укуктук актылардын жана тапшырмалардын аткарылышына контролду уюштуруунун натыйжалуу системасын иштеп чыгуу жана киргизүү;
- квартал сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана протоколдук тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруунун жүрүшүн коллегиялардын чогулуштарында кароо;
- документтердин аткарылышын контролдоо кызматтарын бир айдын ичинде керектүү техникалык каражаттар жана жабдуулар менен, ошондой эле документтердин аткарылышын контролдоонун автоматташтырылган системасы (АСКИД) үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо;
- нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо жана киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Регламентинин талаптары катуу сакталышын камсыздоо;
- бул токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2008-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча маалымдап туруу.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн министрликтердин жетекчилерине тартиптик чара көрүү жөнүндө сунуштарды киргизсин;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдерин жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын жана тапшырмаларын аткарышын текшерүү боюнча ишти улантсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине-министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |