Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 5-августу № 427
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 118 "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарга жеңилдиктерди берүүнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- үч жылда бир жолу дарыгердин рецепти боюнча Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттерден чыгарылган кез айнек оптикасы жана угуу протездик аппараттар менен акысыз камсыз кылуу.";
12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"көз айнек оптикасын жана угуу протездик аппараттарды сатып алуу боюнча финансы чыгымдарын жүзөгө ашыруу ыйгарым укуктуу органдын чыгымдар сметасынын чегинде жүргүзүлөт.".
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри И.Чудинов