ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы N 427 «Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарын социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы N 79 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому

Редакция05.08.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 5-августу № 427

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

"Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 118 "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарга жеңилдиктерди берүүнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- үч жылда бир жолу дарыгердин рецепти боюнча Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттерден чыгарылган кез айнек оптикасы жана угуу протездик аппараттар менен акысыз камсыз кылуу.";

12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"көз айнек оптикасын жана угуу протездик аппараттарды сатып алуу боюнча финансы чыгымдарын жүзөгө ашыруу ыйгарым укуктуу органдын чыгымдар сметасынын чегинде жүргүзүлөт.".

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

    Премьер-министри                                                                                                 И.Чудинов