Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди |
(КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-мартындагы №134, 2003-жылдын 4-июлундагы № 408 2005-жылдын 12-январындагы № 16, 2006-жылдын 23-августундагы № 605 2008-жылдын 5-августундагы № 427, 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чеккен граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чегишкен адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө турак-жай тиричилик, медициналык тейлөө, социалдык камсыздандыруу жагынан башка да жеңилдик берилет, ошондой эле Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чеккен адамдардын ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жана баккан адамдарынан ажыраган үй-бүлөлөргө компенсация төлөтүлүп алынат /гарантияланат/.
1. Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чеккен адамдардын категорияларына мыйзамда көрсөтүлгөндөр кирет. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жапа чегип жатышкан адамдарга Чернобыль катастрофасынын кесепетинен улам күчөгөн дарттан майып экени аныктала элек граждандар, жарым-жартылай эмгекке жарамдуулугунан ажыраган, ошондой эле ошол катастрофанын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкандар кирет.
2. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен радиацияга дуушар болгон адамдардан күчөгөн дартынын жана майып болуп калышынын себеби катары төмөндөгүлөр түшүнүлөт: ошол радиацияга чалдыккандардын ден соолугунда зыяндуу таасирдин башталышы менен аталган катастрофанын кесепети пайда кылган радиациялык факторлордун ортосундагы байланыш, же бул факторлордун башка бир зыяндуу факторлор менен айкалышы.
3. Граждандын саламатчылыгынын начарлашы, ооруга чалдыгышы, эмгектенүүгө жарым-жартылай же толук жарабай калышы Чернобыль катастрофасынын кесепети пайда кылган терс факторлордон улам болушу мүмкүн болсо, анда мунун себеби аныкталды деп таанылат.
Мында граждандын Чернобыль окуясына чейин залалдуу нурга канча өлчөмдө чалдыкканы же ал тууралуу медициналык далилдердин бар-жогу көңүлгө алынбайт.
4. Ведомстволор аралык эксперттин жана аскердик врачтык комиссиянын корутундусу эмгекке жарамдуулукту жоготуунун, майыптуулуктун даражасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте граждандардын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн белгилөөнү чечүү үчүн негиз болуп саналат.
5. Мыйзамдын 6-статьясынын 17-пунктуна жана 7-статьясынын 7-пунктуна ылайык берилүүчү процентсиз ссуданын өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 150 эсе суммасында белгиленет.
Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен пайда болгон оорулардан жапа тарткан адамдарга жана майыптарга көмөкчү жана фермердик чарба түзүү үчүн процентсиз ссуда 25 минималдуу айлык акынын өлчөмүндө берилет.
(КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-мартындагы №134, 2006-жылдын 23-августундагы № 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү өлчөмдөрдө жана тартипте компенсацияларды төлөө.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
7. (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 605 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча протездик-ортопедиялык буюмдар менен, жана жети жылда бир жолу өздүк жүрүү каражаты - майыптык кресло-коляска менен акысыз камсыздоо.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
8.1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8-2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8-3. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Компенсацияларды төлөө республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү өлчөмдөрдө жана тартипте каржыланат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Көмөкчү же фермердик чарба уюштуруу үчүн эсептик көрсөткүчтүн суммасынын 25 эсе өлчөмүндөгү процентсиз ссуда алуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
11. (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 605 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Предоставление социальных гарантий и компенсаций производится территориальными органами социального развития по месту жительства.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. (КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-июлундагы № 408 токтомуна ылайык күчүн жоготту)