Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114, 2023-жылдын 23-июнундагы № 320, 2023-жылдын 22-декабрындагы № 696 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы (мындан ары - Кызмат) жер ресурстары жана жер укук мамилелери жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография, анын ичинде жер мыйзамдарын колдонууда жана сактоодо бир түрдүүлүктү камсыздоо, жер ресурстары боюнча толук кандуу геомаалыматтык системаны түзүү, топографиялык-геодезиялык, картографиялык жана жерге жайгаштыруу жумуштарын аткаруу боюнча функцияларды камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кызмат өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызматтын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы";
- расмий тилде: "Служба земельных ресурсов при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики";
Кызматтын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Жер кызматы";
- расмий тилде: "Земельная служба".
5. Кызмат мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ, республикалык бюджеттин, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
Кызматтын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле штамптары, мамлекеттик жана расмий тилдерде белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
6. Кызматтын органдарынын бирдиктүү системасын борбордук аппараты, Кызматтын филиалдары, "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси, "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана филиалдары менен түзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кызматтын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44.
2-глава. Кызматтын максаты
8. Кызматтын ишинин максаты жер ресурстарын башкаруу жана жер укук мамилелери, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, жерге жайгаштыруу, жер кадастры, топография, геодезия, картография боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүү, ошондой эле жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
3-глава. Кызматтын милдеттери
9. Кызматтын милдеттери:
- жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер кадастры, топография, геодезия жана картография боюнча бирдиктүү мамлекеттик системанын иштешин камсыздоо;
- кыймылсыз мүлккө катталган укуктарды мамлекеттик коргоону камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мейкиндиктик маалыматтарынын инфратүзүмүн түзүүгө жана өнүктүрүүгө катышуу;
- кыймылсыз мүлк жана ага болгон укуктар жөнүндө маалыматтар менен бардык кызыкдар жактарды белгиленген тартипте камсыздоо;
- ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан, уюмдар тарабынан топографиялык-геодезиялык жана картографиялык жумуштарды талаптагыдай аткарууга мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жүргүзүү.
- Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин базасында Кыймылсыз мүлк боюнча мамлекеттик геомаалыматтык системаны түзүү жана актуалдаштыруу;
- өз компетенциясынын чегинде Мамлекеттик жер кадастрын түзүү жана жүргүзүү;
- кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо системасын институттук өнүктүрүүнү камсыз кылуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Кызматтын функциялары
10. Кызмат төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялар:
- Министрликтин кароосуна жер ресурстарын башкаруу жана жер укук мамилелери, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик саясат; жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер кадастры, топография, геодезия жана картография боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүү; жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү; жоготуулардын ордун толтуруунун ченемдерин, мамлекеттик жерлерди пайдалануунун жана жерлерди бир категориядан экинчисине которуунун (трансформациялоонун) тартибин өркүндөтүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сунуштарды киргизүү;
- Министрликтин кароосуна жерге жайгаштыруу материалдары менен жер участокторун берүү, жерлерди бир категориядан экинчи категорияга же айыл чарба жерлерин бир түрдөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун киргизүү;
2) жөнгө салуу боюнча функциялар:
- топографиялык-геодезиялык, картографиялык, аэро жана космофототасма материалдарын борборлоштурулган эсепке алуу, сактоо жана берүү;
- республиканын, облустардын, шаарлардын жана райондордун, ошондой эле башка административдик-аймактык жана географиялык элементтердин мамлекеттик чек араларынын басып чыгарылган карталарындагы географиялык чиймелердин тууралыгын камсыздоо;
- республиканын аймагында геодезиялык пункттарды эсепке алуу жана аларды сактоону камсыздоо;
- географиялык аталыштардын каталогун жүргүзүү, аларды басып чыгарылган карталарга туура жазууну камсыз кылуу;
- жерге жайгаштыруу картографиялык материалдарды белгиленген эрежелерге ылайык системалаштыруу жана сактоо;
- административдик аймактардын же алардын бөлүктөрүнүн чегинде бардык категориядагы жерлерди инвентаризациялоо;
3) координациялоо боюнча функциялар:
- каттоочу органдар тарабынан тиешелүү чечимдерди жана билдирүүлөрдү алууда эсепке алууну, камактан чыгарууну жана тыюуларды жокко чыгарууну камсыздоо;
- кыймылсыз мүлк боюнча Бирдиктүү маалыматтык жана геомаалыматтык системаларды түзүүнү жана жүргүзүүнү камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын жер фондунун абалы жана аны пайдалануу жөнүндө жер отчетун түзүү менен жерди сандык жана сапаттык эсепке алуу боюнча жер кадастрын жүргүзүү;
- "Kyrg-06" Бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасын киргизүү жана өнүктүрүү;
- кадастрдык тасмага тартуунун жаңы технологияларын киргизүү жана өнүктүрүү;
- туруктуу жана убактылуу GPS/GNSS базалык станциялар тармагын өнүктүрүү;
- "KyrPos" туруктуу GPS/GNSS станцияларынын тармагын башкаруу борборунун ишин камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мейкиндиктик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүн түзүүгө жана өнүктүрүүгө катышуу, геопорталды жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн жерди бөлүүдө жана которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданы эсептөөнүн методикасын иштеп чыгуу;
- жерге жайгаштыруу боюнча долбоордук-изилдөө иштеринин комплексин камсыз кылуу;
- жер участокторун берүү, жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу материалдарын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте даярдоодо көмөк көрсөтүү;
- мейкиндиктик, каттоо жана кадастр маалыматтарынын базасын жүргүзүү;
- чектеш мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара линиясын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссиялардын ишине белгиленген тартипте катышуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, фундаменталдык жана атайын геодезиялык тармактарда пайдалануу үчүн координаттардын жана бийиктиктердин илимий негизделген системаларын белгилөө, жер кыртышынын кыймылына байкоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында зарыл болгон масштабдардын координаттарынын жана топографиялык тартуулардын бирдиктүү системасында геодезиялык, астрономиялык жана гравиметриялык жумуштарды камсыздоо;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын метрология жана стандартташтыруу мыйзамдарына ылайык геодезиялык өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, геодезиялык өлчөө каражаттарын сыноо жана текшерүү;
- ар түрдүү багыттагы карталарды түзүү жана чыгаруу;
- кыймылсыз мүлк объекттерине дарек ыйгаруу жана даректерди каттоого алуу;
- аймактын шаар куруу, экологиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жер ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун республикалык, региондук программаларын жана болжолдорун иштеп чыгууга катышуу;
- кыймылсыз мүлккө салык салуу максаттары үчүн кыймылсыз мүлктү мамлекеттик баалоону (кайра баалоону) жүзөгө ашырууга катышуу;
- кыймылсыз мүлктүн салык салынуучу базасы боюнча реестрди түзүүнү камсыз кылуу;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун эсебин жүргүзүү;
- жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) боюнча жерге жайгаштыруу материалдарын түзүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомунун редакциясына ылайык)
4) кызмат көрсөтүү боюнча функциялар:
- кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо;
- кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүү;
- кадастрдык жана жерге жайгаштыруу жумуштарын жүргүзүү, кыймылсыз мүлк объекттерин түзүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону ишке ашыруу жана жүргүзүү;
- укук ырастоочу документтердин негизинде жер участогуна укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө, берүү;
- жер участокторун накталай (жеринде) бөлүү, юридикалык жана жеке жактардын пайдаланган жерлеринин чек араларын белгилөө жана бекитүү;
- укук ээлеринин арыздарынын негизинде кыймылсыз мүлк бирдиктерин түзүү, бөлүштүрүү жана бириктирүү;
- кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык текшерүү жана техникалык паспорт берүү;
- кыймылсыз мүлктүн катталган бирдиктери жөнүндө маалыматтарды берүү;
- мамлекеттик жана атайын багыттагы геодезиялык, топографиялык жана картографиялык иштерди аткаруу;
- кыртыштык, агрохимиялык, геоботаникалык жана башка текшерүү иштерин жүргүзүү, кыртышты жана өсүмдүк үлгүлөрүн талдоо;
- жер ресурстарын пайдалануунун абалына кадастрдык, тематикалык карталарды жана атластарды түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
5) колдоо көрсөтүү функциялары:
- кыймылсыз мүлктүн рыноктук наркына таасирин тийгизүүчү факторлорду изилдөө жана талдоо;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык уюмдар жана институттар менен өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу;
- адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн окутууну уюштуруу.
- өз компетенциясынын чегинде маалыматтык ресурстарды, маалыматтык системалардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды иштеп чыгууга жана өнүктүрүүгө катышуу;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестрлерин түзүү жана тейлөө;
- кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча конкурстарды жана аукциондук тооруктарды өткөрүүгө белгиленген тартипте катышуу;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде кыймылсыз мүлк боюнча талаштарды чечүүгө катышуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Кызматтын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
11. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- башка юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- чарбалык келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана башка укуктарга ээ болууга, милдеттерди алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чытууга;
- келишимдердин негизинде Кызматтын кызматкерлерин консультациялоо, окутуу үчүн жана башка максаттарда адистерди тартууга;
- Кызматтын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде чет өлкөлүк иш сапарларга, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга жана көргөзмөлөргө, квалификацияны жогорулатуу курстарына жана кайра даярдоого катышуу үчүн жиберүүгө;
- Кызматтын компетенциясынын алкагында тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
- белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- жер ресурстарын башкаруу, жерге жайгаштыруу, жер кадастры, кадастрдык картографиялоо, жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жаатында Кызматтын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды Министрликке киргизүүгө;
- кыймылсыз мүлккө укуктардын пайда болушу/токтотулушу процессине катышуучу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон, жергиликтүү бийлик органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан кыймылсыз мүлк, жер ресурстары, инструменталдык жана аэрофототартуу жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды, пландоо-картографиялык материалдарды, метеорологиялык маалыматтарды, жер суу кадастрынын маалыматтарын жана башка документтерди каттоо жана кадастрдык иштерди жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- мамлекеттик монополияга каршы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Кызматтын мекемеси жана филиалдары аткарган жумуштардын бааларын аныктоого жана белгиленген тартипте Министрликтин бекитүүсүнө киргизүүгө.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашырууга;
- филиалдарды түзүүгө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кызмат төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өзүнүн милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
- тиешелүү органдарга отчетторду өз убагында берүүгө, салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;
- Кызматтын милдеттерин жана функцияларын натыйжалуу аткарууну камсыздоого;
- Кызматтын кызматкерлерине коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна, эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга.
Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
13. Кызматтын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Кызматта иштебей калгандан кийин ал сырды сактоого, кызматтык милдеттерди аткарууда жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү болгон маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
6-глава. Кызматтын ишин уюштуруу
14. Кызматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор (мындан ары - Кызматтын директору) жетектейт.
15. Кызматтын директору Кызматка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
16. Кызматтын штатында директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган.
17. Кызматтын директорунун орун басарлары Кызматтын директорунун сунуштамасы боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
171. Кызматтын директорунан жана директордун орун басарларынан башка Кызматтын кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болуп саналбайт.
Кызматтын кызматкерлери Кызматтын атайын эсебинде топтолгон акча каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Кызматтын директорунун, директордун орун басарларынын кызматтык маяналары министр тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 696 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Кызматтын директору:
- Кызматтын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын ишканалары, мекемелери жана уюмдары, Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк уюмдар менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана белгиленген тартипте Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго кол коёт;
- Кызматтын ишин уюштуруу боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана филиалдары жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кызматтын борбордук аппаратынын, ишканасынын, мекемелеринин жана филиалдары кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сыйлоо түрлөрүн жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын министрге бекитүүгө киргизет. Мында Кызматтын директорун дайындоо Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде Кызматтын ведомстволук мекемесинин, филиалдарынын түзүмүн, штаттык ырааттамасын, кирешелер жана чыгашалар сметасын бекитет;
- Кызматтын кирешелер жана чыгашалар сметасына, жамааттык келишимдин шарттарына ылайык Кызматтын борбордук аппаратынын, филиалдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын бекитет;
- Кызматтын атынан ишеним каттарды берет, Кызматтын мүлкүн жана каражаттарын тескейт, бүтүмдөрдү түзөт;
- Кызматтын ишканасына, мекемелерине жана филиалдарына тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдойт;
- эгерде чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби мыйзамдарда белгиленбесе, Кызматтын ишканасынын, мекемелеринин жана филиалдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Кызматтын директорунун орун басарынын сунуштамасы боюнча Кызматтын директору бекиткен кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык Кызматтын борбордук аппаратынын, мекемесинин жана филиалдарынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Кызматтын борбордук аппаратынын, ишканасынын, мекемелеринин жана филиалдарынын кызматкерлерин ротациялоо (жылдыруу) тартибин бекитет;
- кызматкерлерге ардактуу наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет;
- башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кызматтын атайын эсебинин каражаттарынын кирешелер жана чыгашалар сметасын бекитет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кызматтын директорунун орун басарлары өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышат.
20. Кызматта илимий-техникалык кеңеш түзүлөт. Илимий-техникалык кеңештин жеке курамы жана ал жөнүндө жобо Кызматтын директору тарабынан бекитилет.
7-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
21. Кызмат өзүнүн ишинин натыйжаларына белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
8-глава. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу
22. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
23. Кызматтын иши токтотулган учурда анын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.