Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 33-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы маалымат
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мамкартография) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мындан ары - Кызмат) карамагында турат, мамлекеттик картографиялык, топографиялык-геодезиялык иштерди жана алардын өндүрүшүн жетектөөнү, ошондой эле Кыргыз Республикасында геодезиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамкартография Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамкартография өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Ушул Жобо Мамкартографиянын уюштуруучу документи болуп саналат.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мамкартографиянын уюштуруучусу болуп эсептелет.
6. Мамкартографиянын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение по геодезии и картографии "Госкартография" при Службе земельных ресурсов при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".
Мамкартографиянын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Мамкартография";
- расмий тилде: "Госкартография".
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Мамкартография мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, оперативдүү башкаруу укугунда мамлекеттик мүлккө ээ, банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар, өз алдынча балансы, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибуттары болот.
8. Мамкартографиянын юридикалык дареги; 720739, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 107.
2. Мамкартографиянын максаты
9. Мамкартографиянын максаты мамлекеттик багыттагы геодезиялык жана картографиялык жумуштарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана юридикалык жактардын заказдары боюнча атайын (тармактык) багыттагы геодезиялык жана картографиялык жумуштарды аткарууну камсыздоо, координаттардын, бийиктиктердин системаларын, графиметриялык өлчөөлөрдү, ошондой эле мамлекеттик топографиялык карталардын жана пландардын масштабдуу катарын белгилөө болуп саналат.
3. Мамкартографиянын милдеттери
10. Мамкартографиянын милдеттери:
- мамлекеттик жана атайын багыттагы геодезиялык жана картографиялык жумуштарды аткарууну камсыздоо;
- топографиялык-геодезиялык жана картографиялык жумуштарды өнүктүрүү боюнча бирдиктүү техникалык саясатты жүргүзүү, илимдин жана техниканын жаңы жетишкендиктерин, картографиялык жана топографиялык-геодезиялык жумуштарды аткарууда алдыңкы тажрыйбаны киргизүү.
4. Мамкартографиянын функциялары
11. Мамкартографиянын функциялары:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- Кыргыз Республикасында топографиялык-геодезиялык жана картографиялык жумуштарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, фундаменталдык жана атайын геодезиялык тармактарда пайдалануу үчүн координаттардын жана бийиктиктердин илимий негизделген системаларын белгилөө, жер кыртышынын кыймылына байкоо салуу;
- картографиялык, топографиялык-геодезиялык жана аэрофототасма материалдарын пайдалануу тартибин белгилөө, аларды эсепке алууну, көбөйтүүнү жана сактоону контролдоо;
2) контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде метрология жана стандартташтыруу мыйзамдарына ылайык геодезиялык өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, геодезиялык өлчөө каражаттарын сыноо жана текшерүү;
3) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- координаттар системасында геодезиялык, астрономиялык жана графиметриялык жумуштарды жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында зарыл болгон масштабдагы топографиялык тасмага тартууну камсыздоо;
- ар түрдүү багыттагы карталарды түзүү жана чыгаруу;
- геодезиялык жана картографиялык иштерге мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жүргүзүү;
- топографиялык-геодезиялык, картографиялык, аэро жана космофототасма материалдарын борборлоштурулган эсепке алуу, сактоо жана берүү;
4) колдоо функциялары:
- мамлекеттик картография-геодезиялык фондду жүргүзүү;
- Жердин формасын, өлчөмүн жана гравитациялык талаасын изилдөө жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, Жердин жасалма спутниктерине, Айга жана башка асман телолоруна чет мамлекеттердин картографиялык-геодезиялык кызматтары менен бирдикте геодезиялык жана картографиялык максаттарда байкоо жүргүзүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерге катышуу;
- Мамлекеттик жер кадастрын, айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын комплекстүү изилдөө жана инвентаризациялоо үчүн зарыл болгон масштабдагы топографиялык тасмаларды жаңылоону камсыздоо;
- облустардын, шаарлардын жана райондордун чектериндеги өзгөрүүлөрдү, ошондой эле жерлердин жана географиялык объектилердин аталыштарынын өзгөрүшүн көрсөтүү менен нөөмөттүк маалымдама картасын жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларынын, облустарынын, шаарларынын жана райондорунун, ошондой эле башка административдик-аймактык жана географиялык элементтеринин басып чыгарылган карталарындагы географиялык чиймелерди туура колдонууну белгиленген тартипте камсыздоо;
- монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Мамкартография тарабынан аткарылган картографиялык жана топографиялык-геодезиялык жумуштарды аткарууга техникалык долбоорлордун жана сметалардын бааларын жана сметалык ченемдерин иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында геодезиялык пункттарды эсепке алуу жана алардын сакталышын белгиленген тартипте камсыздоо;
- географиялык аталыштардын каталогун жүргүзүү, аларды басып чыгарылган карталарга туура жазууну белгиленген тартипте камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын улуттук мейкиндиктик маалыматтар инфратүзүмүн түзүүгө жана өнүктүрүүгө катышуу;
- геомейкиндиктик геопорталын түзүү жана жүргүзүү;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде географиялык маалымат системаларын түзүү жана жүргүзүү;
- геодезия жана картография жаатында квалификациялуу кадрларды даярдоого көмөктөшүү.
5. Мамкартографиянын укуктары
12. Мамкартография төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардан мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондго автордук укуктарын коргоо менен алар түзгөн геодезиялык жана картографиялык материалдардын көчүрмөлөрүнүн жана маалыматтарынын бир нускасын акысыз өткөрүп берүүнү талап кылууга;
- Мамкартографиянын кызматкерлерин, Кыргыз Республикасында топографиялык-геодезиялык жана картографиялык жумуштарды өнүктүрүүгө жардам берген адамдарды сыйлоого, ошондой эле аларды белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүгө;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- картография, геодезия, гравиметрия, топография жана фотограмметрия маселелери боюнча чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдары менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгууга;
- геодезия жана картография жаатында ишти өнүктүрүү максатында Кызмат менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте эл аралык кызматташууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мамкартографиянын ишин уюштуруу
13. Мамкартографияны Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
Мамкартографиянын директорунун Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директордун орун басары болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Мамкартографиянын кызматкерлери Кызматтын директору бекиткен кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Мамкартографиянын директору:
- жеке башчылыктын негизинде Мамкартографиянын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Мамкартографияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Мамкартографиянын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Мамкартографиянын атынан чыгат, белгиленген тартипте Мамкартографиянын каражаттарын жана мүлкүн тескейт;
- Мамкартографиянын түзүмүн жана штаттык санын Кызматтын директорунун бекитүүсүнө киргизет;
- Мамкартографиянын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын жана иштөө режимин бекитет;
- кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
- Мамкартографиянын милдеттерине жана функцияларына ылайык башка маселелерди чечет.
Директордун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Мамкартографиянын директору жок учурда анын милдеттерин тиешелүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.
17. Мамкартографияда илимий-техникалык жана технологиялык маселелерди кароо үчүн илимий-техникалык кеңеш (багыттар боюнча секциялар менен) түзүлөт.
Илимий-техникалык кеңештин курамы жана ал жөнүндө жобо Кызматтын директору тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Мамкартографиянын эсеби жана отчеттуулугу
18. Мамкартография Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө жана расмий статистика жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте эсеп жүргүзөт жана отчет берет.
8. Мамкартографияны кайра уюштуруу, жоюу
19. Мамкартография Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра уюштурулат жана жоюлат.
20. Мамкартографиянын документтери "Геодезия жана картография жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.