Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 4-октябры, № 197
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген товарларга электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-007) 1-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөргө электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-008) 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген товарларга кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK ST1-009) 3-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөргө кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-010) 4-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибинде:
- 24-пунктунун биринчи абзацы "жаратылыш газын" деген сөздөрдөн кийин "берүүгө, электр энергетика рыногунда электр энергиясынын жоготууларынын баланстарын жана эсептерин берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын:
"241. Ушул Тартиптин 23 жана 24-пункттарында каралган мөөнөттөр 2020-жылдын 1-августунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилге эсеп-фактураларды тариздөөгө жайылтылбайт.
Мындай учурда салык төлөөчү 2020-жылдын 1-июлунан тартып 30-ноябрына чейинки мезгилде жүзөгө ашырылган жеткирүүлөргө эсеп-фактураны 2020-жылдын 31-декабрына чейин тариздөөгө укуктуу.";
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартибинде:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Товарларды, жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоодо (жеткирүүдө) нарктык көрсөткүчтөр (товардын, жумуштун/кызмат көрсөтүүнүн баасы, наркы, салыктардын суммасы, ошондой эле жалпы наркы) эсеп-фактурада улуттук валютада көрсөтүлөт:
Мында экинчи жыйынтыктоочу сапта нарктык көрсөткүчтөр (наркы жана жалпы наркы) түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык валютада көрсөтүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"71. Ушул Тартиптин 7-пунктунда каралган учурларда таризделген эсеп-фактурада сатып алуучунун талабы боюнча өзүнчө эсеп-фактуралар таризделген эсепке алуу документтери эсепке алынбайт.";
- 18-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде жеткирүүчү жеткирүүгө акы төлөө үчүн банктагы эсебин пайдаланбаса, анда уяча толтурулбайт.";
- 21-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 25-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде жеткирүүгө акы төлөө үчүн сатып алуучунун банктагы эсеби пайдаланылбаса, анда уяча толтурулбайт.";
- 27-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Оңдолуучу ЭЭФти тариздөө учурунда жеткирүүнүн оңдолгон датасы көрсөтүлөт.
Мисалы: салык төлөөчү ЭЭФте иш жүзүндө жеткирүүнүн датасын 20-август деп көрсөтүү менен жеткирген, ага 15-сентябрда оңдоо киргизет. Мындай учурда оңдолуучу ЭЭФтин 401-уячасында жеткирүүнүн оңдолгон датасы болуп 15-сентябрь көрсөтүлөт.";
- 28-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) салык салынбаган.";
- 29-пунктунун г-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 30-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 32-пунктунун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пунктунун 3-пунктчасында:
экинчи абзацындагы "салык салынуучу" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Товарларды толук же жарым-жартылай кайтарып берүүдө сандык жана нарктык көрсөткүчтөрдүн өлчөмү минус "-" белгиси менен көрсөтүлөт.
Оңдолуучу ЭЭФ жеткирүү учурунда таризделген баштапкы ЭЭФке карата гана таризделет. Оңдолуучу ЭЭФтин көрсөткүчтөрү оңдолбойт.";
- 34-пунктунда:
4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) "Товардын коду" графада - белгилердин саны ондон кем эмес болгон, ЭЭФ МСтеги товарлардын маалымдамасына ылайык товардык позициянын боштук коюлбаган коду;";
10-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Товарларды бир сатып алуучуга КНСтин түрдүү ставкаларын колдонуу менен жеткирүү учурунда, салык салынуучу субъект ЭЭФти КНСтин ар бир ставкасы боюнча өзүнчө тариздейт;";
11-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Товарларды бир сатып алуучуга сатуу салыгынын түрдүү ставкаларын колдонуу менен жеткирүү учурунда, салык салынуучу субъект ЭЭФти сатуу салыгынын ар бир ставкасы боюнча өзүнчө тариздейт;";
12-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 35-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35. КНСтен жана/же сатуу салыгынан бошотулган же алар салынбаган товарларды сатуу (жеткирүү) учурунда, "КНС" жана "Сатуу салыгы" графаларынын "Ставка" жана "Сумма" графачаларында "0" деген цифра көрсөтүлөт.";
- 38-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38. 450-уячада уюмдун жетекчисинин же жеке ишкердин, бухгалтердин же салык өкүлүнүн аты-жөнү көрсөтүлөт.";
- 39-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 47-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде жеткирүүчү бул жеткирүү боюнча акы төлөө үчүн банктагы эсебин пайдаланбаса, анда уяча толтурулбайт.";
- 48-пунктундагы "Эгерде 2017-уячада "жок" деген жазуу көрсөтүлсө" деген сөздөр "Эгерде 2017-уяча толтурулбаса" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 54-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде бул жеткирүү боюнча акы төлөө үчүн сатып алуучунун банктагы эсеби пайдаланылбаса, анда уяча толтурулбайт.";
- 56-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Оңдолуучу ЭЭФти тариздөө учурунда жеткирүүнүн оңдолгон датасы көрсөтүлөт.
Мисалы: салык төлөөчү ЭЭФте жеткирүүнүн датасын 20-август деп көрсөтүү менен жеткирген, ага 15-сентябрда оңдоо киргизет. Мындай учурда оңдолуучу ЭЭФ 401-уячада жеткирүүнүн оңдолгон датасы деп 15-сентябрь көрсөтүлөт.";
- 57-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) салык салынбоочу.";
- 60-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60. 405 жана 406-уячалар бүтүмдүн шарттары өзгөргөндө, башкача айтканда төмөнкүдөй учурларда жеткирүүнүн наркын оңдоо үчүн оңдолуучу ЭЭФти тариздөө учурунда толтурулат:
1) баа өзгөргөндө;
2) аткарылган жумуштардан жана/же көрсөтүлгөн кызматтардан баш тартылганда;
3) жумуш жана/же кызмат көрсөтүү үчүн акыны кайтарып берүүдө.";
- 61-пунктунун 3-пунктчасында:
экинчи абзацындагы "салык салынуучу" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Жумуштан жана/же кызмат көрсөтүүдөн баш тартылганда жана/же жумуш жана/же кызмат көрсөтүү үчүн акыны кайтарып берүүдө, сандык жана нарктык көрсөткүчтөрдүн өлчөмү минус "-" белгиси менен көрсөтүлөт.
Оңдолуучу ЭЭФ жеткирүү учурунда таризделген баштапкы ЭЭФке карата гана таризделет. Оңдолуучу ЭЭФтин көрсөткүчтөрү оңдолбойт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 61-1-пункт менен толукталсын:
"611. 407-уячада салык төлөөчүнүн эсептик бухгалтердик системасындагы номери же ЭЭФ менен иштөө ыңгайлуу болушу үчүн салык төлөөчүгө зарыл болгон башка маалыматтар көрсөтүлөт.";
- 62-пунктунда:
3-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын экономикалык ишинин мамлекеттик классификаторуна" деген сөздөр "ЭЭФ МСтеги жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн маалымдамасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 41, 42 жана 43-пунктчалар менен толукталсын:
"41) "Өлчөө бирдиги" графасында - жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн өлчөө бирдиги. Өлчөө бирдиги ЭЭФ МСтеги жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн маалымдамасына ылайык көрсөтүлөт;
42) "Бирдик үчүн баасы" графасында - жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн бирдиги үчүн баасы;
43) "Саны (көлөмү)" графасында - жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүнүн саны жана/же көлөмү;";
6-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жумуштарды жана/же кызматтарды бир сатып алуучуга КНСтин түрдүү ставкаларын колдонуу менен көрсөтүү учурунда, салык салынуучу субъект ЭЭФти КНСтин ар бир ставкасы боюнча өзүнчө тариздейт;";
7-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жумуштарды жана/же кызматтарды бир сатып алуучуга сатуу салыгынын түрдүү ставкаларын колдонуу менен көрсөтүү учурунда, салык салынуучу субъект ЭЭФти сатуу салыгынын ар бир ставкасы боюнча өзүнчө тариздейт;";
- 63-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63. КНСтен жана/же сатуу салыгынан бошотулган же алар салынбаган жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу (жеткирүү) учурунда, "КНС" жана "Сатуу салыгы" графаларынын "Ставка" жана "Сумма" графачаларында "0" деген цифра көрсөтүлөт.";
- 65-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"65. 450-уячада уюмдун жетекчисинин же жеке ишкердин, бухгалтердин же салык өкүлүнүн аты-жөнү көрсөтүлөт.";
- 66-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 70-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"70. Кагаз жүзүндөгү ЭЭФке уюмдун жетекчиси, же жеке ишкер, же бухгалтер, же ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана ал расмий жарыялангандан кийин 2 айдан эрте эмес, кийинки салык мезгилинин биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 8-октябрындагы N 103 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна 3-тиркеме |
BLANK STI-007
Товарларга электрондук документ түрүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна 4-тиркеме |
BLANK STl-008
Жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөргө электрондук документ түрүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
|
| 3-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна 5-тиркеме |
BLANK STI-009
Товарларга кагаз жүзүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
|
| 4-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна 6-тиркеме |
BLANK STI-010
Жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөргө кагаз жүзүндөгү ЭСЕП-ФАКТУРА
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".